Өз атамдан боюмда болуп калды.

https://kyrgyzcha.site/?p=54697&preview=true Кызыктуу окуялар.

Өз атамдан боюмда болуп калды. Сезим деген (аты өзгөрүлдүү) эженин башынан өткөргөн окуясы.

 

Адам баласы жашоодон көп жаңылат. Билип жаңылган эч нерсе эмес, билбей туруп жаңылган баарынан жаман экен…

Мени апам жалгыз тарбиялаган. Жаш кезинде бир жигит менен сүйлөшүп жүрүп боюна бүтүрүп алыптыр. Ал жигити апамдын кош бойлуу экенин билген соң таштап кетиптир. Ошол бойдон эркек аттуудан көңүлү үч көчкөн журттай калган апам турмушка чыгууну ойлобоптур. Жалгыз мени караан тутуп, багып өстүрдү.

Мен бойго жетип, суйкайган сулуу кыз болдум. Мектепти «жакшы» деген бааларга аяктап, жогорку окуу жайына өттүм. Быйыл диплом алабыз деген жылы өзүмчө эле жашоомдо чоң өзгөрүү болчудай болуп жан дүйнөм алып-учат. Мурда окуу деп жүрүп жигит менен сүйлөшүү деле оюма келбептир. Кыздар менен көңүл ачып, көчөгө чыкмай мен үчүн адатка айланып бара жаткан. Бүгүн да адаттагыдай курбумдукуна бармакмын. Тротуарда басып баратсам жаныма чет элдик маркадагы кычыраган машина келип токтоду. Мен таңгала карап калдым. Ичинде жашы кырктарга чамалап калган эркек киши отурат.

-Чоң кыз, кайда баратасыз, жеткирип коёюн,-деп жылмайды. Эмнегедир ал кишини көптөн бери таанып жүргөн жакын адамдай кабыл алдым. Бараар жеримди айтып, машинесине түшүп алдым. Анын жагымдуу сүйлөгөнү, эски тааныштардай ачык, сылык тамашалаганы мага жагып турду. Ал байкенин аты Каныбек экен. Кыймыл-аракетинен улам мен да ага жагып калганымды түшүндүм. Ак баракка телефон номеримди калтырып, сылык-сыпаа коштошуп, машинеден түшүп кеттим. Курбу кызымдын үйүнө барып, баягы жаңы таанышымдын кылык-жоругун төкпөй-чачпай айтып бердим. Ошол күндөн кийин ал мага телефон чалып, жолугушууга чакырды. Мен анын сунушун кубануу менен кабыл алдым. Экөөбүз убакытты көңүлдүү өткөрдүк.

Ошентип, Каныбек байке менен күн алыс жолугуша баштадым. Көп өтпөй ал мени адаттагысындай эле жолугушууга чакырып мындай деди:

-Сезим, мен сага бир нерсе айтсам капа болбойсуңбу?

-Эмне айтайын дедиңиз эле? Капа болчу сөз айтсаңыз капа болом да… -деп тамашалуу жооп кайтардым.

-Мен сени чындап сүйүп калдым. Мага турмушка чыкканга каршы эмессиңби?

-…

Мен анын суроосун жоопсуз калтырдым. Ошол бойдон экөөбүз тең бул темага кайрылган эмеспиз. Эч нерсе болбогондой эле жолугушуп жүрө бердик. Мен аны жакын адамымдай санап, ишенип калгандыктан, ал жөнүндө тескери ойлочу эмесмин. Бул дүйнөдө андай адам жоктой сезилчү мага. Бир күнү ал мени үйүнө конокко чакырды. Бардым. Укмуш даярданыптыр, тим эле дасторкону жайнайт. Заңгыраган үйдө өзү жалгыз жашайт экен. Эмне себептен экенин батынып сурай албадым. Көңүлүндөгү эски жарасын козгоп алуудан чочуладым. Дегеле буга чейин да анын өткөн жашоосун билууго кызыккан эмесмин. Айткысы келсе өзү айтып берээр деп ойлочумун.

Жагымдуу жагдайда тамактанып отурдук. Бир маалда сурап калды:

-Бир аз вино ичсек кандай болот? Мен буга каршы боло албадым. Бир аз ичип койсок эмне болмок эле, окууну деги аяктайын деп калдык,-деп ойлодум ичимден. Макулдугумду билдирип, башымды ийкедим.

Муздаткычтан вино алып чыкты. Бокалдарга куюлду. Келечек жөнүндө балдай таттуу каалоолор айтылып жатты. Стакандар кагышып, винолор ичилди.

Каныбек байке туруп барып музыка койду. Жагымдуу, жай музыка бөлмөнү жаңыртты. Каныбек байке мени бийге тартты. Экөөбүз бири-бирибизге кыналыша бийлеп жаттык. Мурда такыр мындай абалда болгон эмесмин. Винонун таасириби, же Каныбек байкени чындап жактырып калгангабы, жагымдуу сезимдерге дуушар болуп, денем көшүлүп баратты. Бүткөн боюм ысып чыкты. Каныбек байкенин көкүрөгүнө башымды жөлөдүм. Ал менин мойнумдан жыттагылап, эринимден өптү. Экөөбүз бекем кучакташып, өбүшүп жаттык. Ошол минуталарда мен баарын-баарын, жада калса өзүмдү дагы унутуп таштадым. Көзүм сүзүлүп, башка дүйнөгө кирип кеткендей болдум. Сыйкырдуу сезимдерге арбалып бараттым. Экөөбүз эзилишкен бойдон диванга отурдук. Мен дале анын кучагындамын. Каныбек байке менин көйнөгүмдүн топчуларын чечти.

Мен аны назик кучактап, мойнумду тостум. Көкүрөгүмө колун салды. Сезимим ого бетер алоолоду. Денем титиреп чыкты. Кийимдерим чечилди… Ошол күнү мен сүйүүмө багынып бердим. өзүмдү Каныбек байкеге арнап койдум. Ал түндү чогуу өткөрдүк. Мен аны менен бирге өткөргөн түнүмө өкүнгөн жокмун. Тескерисинче жан дүйнөмдү жагымдуу сезим ээлеп алды. Ар бир мүнөтүмдү ага арнап, аны менен өткөргүм келет. Анын алдына ак жаздык болуп төшөлгүм келет. Бактымды таптым деп ойлоп жүрчүмүн ошол күндөрдө.

Убакыт билинбей өтө бериптир. Экзамен тапшырып жүргөнбүз. Бир күнү экзаменден башым айланып кулап калыптырмын. Группалаштарым «экзамен тапшырып толкундангандыкы» деп ойлошуптур. Мен деле ошентип ойлогом. Бирок… Дарыгер менин кош бойлуу экенимди кабарлады. Алгач укканда чочуп кеттим. Бул жөнүндө такыр ойлобоптурмун… Эми Каныбек байкеге турмушка чыгышым керек турбайбы деген ой кетти мага.

Бул жаңылык Каныбек байкени кубанычка бөлөдү. Ал жаш балача кудуңдан сүйүнүп жатты.

-Мен балалуу болбой калам го деп коркком… Мага да кудай бак берет экен, ээ?-де жашып да кетти. Мен анын жашыганынын сырын түшүнбөптүрмүн. Көрсө, анын да сыры бар турбайбы…

Мен болсо бул кабарды апам кандай кабыл алаар экен деп чочулап жаттым. Апама кабарлаганы айылга кеттим. Биринчи апамды кубандырайын деп сөздү алыстан баштадым:

-Апа, мен турмушка чыккан атам.

-Ии, болсун, «Кыздын бараар жери күйөө» дегендей, турмушка чыгаар убактың да келип калды. Эрге тийбегенде жерге тиймек белең?

-Менин андан боюмда бар…

-Эмне дейт? Канча айлык болуп калды?

-Үч айлык…

-Жигитиңдин аты ким?

-Каныбек…

-Каныбек дейсиңби?.. Менин жигитимдин аты да Каныбек болчу.

-Кайсы жигитиңиз?

-Сенин атаңдын.

Апам экөөбүз тең тунжурап ойго баттык. Ал өз жаштыгын эстеп жатса керек. Атам кандай киши болду экен? Эмне себептен апамды таштап кетти экен? –деп ойлоп жаттым мен өзүмчө. Оюмду апам бөлүп кетти.

-Ал кандай жигит экен?

-Жакшы эле киши. Сүрөтүн көрсөтөйүнбү?

-Кана, көрсөтчү?

Мен чуркап барып Каныбектин сүрөтүн апкелдим. Апам сүрөттү карап алып эле турган ордунда катып калды. өңү бузула түштү. Мен эмне болуп кеткенин түшүнбөй калдым. Жашы улуу деп кайгырып жатат го деп ойлодум ичимден. Апам жүрөгүн мыкчып, үшкүрүнүп жерге отура кетти.

-Апа, апа дейм… Эмне болду?

-Олда кызым ай… Бул Каныбек деген сенин атаң да…

Апамдын көзүнөн жаш тегеренди. Мен да эмне дээримди билбей катып калыптырмын. Ошол бойдон үйдөн чыга элекмин. Бул шойкомдуу кабарды жан кишиге айткан жокпуз. Жепирейген эски үйүбүз да биздин кайгыбызга ортоктош болгонсуп томсорот.

 

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️