Оюндан от чыкты 2 бөлүм

Оюндан от чыкты.

2-бөлүм.

Балким бул кудай тараптан берилген сыноодур.Бул сыноону Данек туура кабыл алды.Бир күнү отуруп эле ушул Одноклассник сайты жөнүндө окуп калып жөн эле катталды.Дос туугандарын таап алыстагы көөптөн бери көрүшпөгөн туугандары менен сүйлөшүп аз болсода алаксып жүрдү.Кайнене кайнаталары ошол экинчи төрөгөн кызын деле анча жакшы көрүшпөйт.Данектин апасы багат.Башында эмне келбейт,сурабайт деп капа болуп жүрсө азыр болсо көнүп деле калгандай….

Ушундай кыйын жагдаайда таштабай көңүлүн улап жүргөн күйөөсүнө ыраазы.Ичинен чындап жакшы көрүп жүрдү.Скайптан звонтетип сааттап сүйлөшүп Дамирге деген сагынычы бир топ тарап калчу.

Төшөкө кадалган инсандар бала кыял болуп калат тура..

Бөлмөсүнөн чыкпайт.Дааратканага өз алдынча чыгатда колу менен таянып жатып коляскадан унитазга эптеп олтурат.Ошогода шүгүр айтат кудайга.Жашоодо эч нерсе жакшылык деле көрбөгөн Данек башка адамдардан өзүнө көңүл бөлүүсүн каалайт болчу.Ичинен аябай эзилип сыгылат.Жүрөгү кармап жатып калганда ушунча жашоого нараазы болуп кетет.Элдерге аралашып кадимки жашоону эңсечи.Данектин апасы Салтанат аябай токтоо акылдуу аял.Ар дайым кызына кайрат айтып, тамак ашын берип,жуунтуп жанында.Мынтип бул оору өзүн эле эмес апасында үйгө байлаганы үчүн аябай нараазы.Түнү менен ыйлап чыгат,ооруйт.Онтоосу эч кимди ойготпосун деп жаздыгына башын тыгат.Жылына үч жолу даарыланат ага деле болбойт.Данек даары менен жашап калгандай.Балдары келип эркелеседа аары түртөт.Оюнда мага көнсө жашоодон эрте өтүп кетсем эстеп кыйналбасын дегени..

Күндө уктаганы жатканда соо адамдар аман-эсен турсам аман болсом десе бул кыз кудайдан, көзүмдү жумуп эртең менен ачпай калсам дейт.Бул көңүлүн кееде эле Дамир менен сүйлөшкөндө унуткандай.Одноклассниктеги жашыруун кодун унутуп коюп кире албай калды.Кайра жаңы почта ачтыда күйөөсүнө тамашалап тийишип көрөм деп бир сулуунун сүрөтүн коюп анын почтасына конок болду…Өзү жазаар деп күттү.

Өзү ойлогондой эле жазды.

 

Салам пери…

 

Саламатсызбы..Биз таанышпызбы?

 

Жок пери сенин айдай жүзүңдү көрүп жактырып калдым.Жакындан таанышсакпы…

 

Кызык…

 

Эмнем кызык?магада кызык.

 

Сиздин жашыңыз улуу эле экен үй-бүлөөңүзда бар болсо керек?

 

Мурун болгон эстегим келбейт.Азыр бойдокмун…

 

Балдарыңыз барбы?

 

Тилеке каршы жок….

 

Мынтип тирүү басып жүргөн мотурайган эки баласын жокко чыгарганына жаны кашайып кетти…Ыйлап жиберди…

 

Мындан кийинки билдирүүсүндө Тамаша бул мен Данек деп жазып жаткан болчу.Жибере электе эле Жок деген жооп келгенде кайра өз билдирүүсүн өчүрүп салды.Ыйлап төрт беш күн сайтка кирбей койду…

Ортодо оорупда калды.Бул байкуш кыз жүрөгүнүн оорусунун артынан толуп кетти.Мурунку сулуулугу жүзүндө сакталсада дене мүчөсү чоң аялдардыкындай болуп кетти.

Укпамыш болуп койойун деп кайра күйөөсүнүн өзү жөнүндө оюн уккусу келип кайра интернетке кирди…

Жыйырмадай билдирүү келген.

Көөбү Дамирден.

Салам.Салам…Сулуу жазсаңчы..бул сөздөр кайталана бериптир.Эң артында Данек Дамирге деп атайын жазган ыр саптарын сага арнадым деп жазып коюптур..

 

Сен менин көздөрүмдүн ичиндесиң,

Көздөрдүн билесиң го эскирбесин.

Ичине көздөрүңдүн сактап алчы

Бирөөлөр көлөкөсүн түшүрбөсүн.

 

Сен менин көөдөнүмдө жүрөгүмсүң,

Түбөлүк өмүрлөшүм сүйөөрүмсүң.

Сен мени көөдөнүңө катып алчы,

Суктанып кээ бирөөлөр жүрүшпөсүн.

 

Сен менин тилимдесиң үнүмдөсүң,

Билесиң дилим сенден бөлүнбөсүн.

Сен мени үнүңө кош , тилиңе тут ,

Үнүм өчүп жүрөгүм тилинбесин.

 

Сен мына менин гана башымдасың,

Билесиң эч кимге анын багынбасын.

Сен мени башың менен бирге корго,

Бирөөлөр зулумдугун ашырбасын.

 

Сен менин жүрөгүмдүн төрүндөсүң,

Билесиң жүрөк жатка эч көнбөсүн.

Жашырчы жүрөгүңдүн бир четине,

Токтосо жүрөгүм да бир токтосун .;-

 

—-деген Данектин өзүнө таандык бул ыр саптарын Дамир сага жаздым деп жиберип жатты.Мунусуна канча ичи өрттөнсөда өзүн басып сүйлөшө берди…Бир аздан кийин чыгып эле караса Айбек аттуу баладан «Салам»;-деп билдирүү келиптир.Дамирге өчөштүбү же өзүн алаксыткысы келдиби Салам деп жооп кайтарып койду…..

Дамир сайтка кирип өзүнүн көзү түшкөн кыздан жооп келгенин көрүп сүйүнүп кетти..

 

.Ичиңде муң жаткандай..Сырдашсакчы..!!

 

Сырымды эч кимге айтпайм.

 

Ушунча жүрөктү эзетко э анда?

 

Мен өзүм жөнүндө кийин убагы келсе айтып берем.Азыр сиз жөнүндө сүйлөшкүм келип жатат..

Эмне үчүн аялыңыз менен ажырашкансыз?

 

Аа албы аялым деле эмес болчу..Жаш кезинде экөөбүз төшөктөш болуп калганбыз.Анан үйлөнөсүң деп коркуткан үйлөнгөнбүз.Көрсө анын жүрөгү ооруйт экен..Төрөй албай койду…

 

Аа ий байкуш ий..Анан таштап кеттиңизби?

 

Жок жүрөгүнөн приступ алып баса албай калган.Баарына мен күнөөлүдөй мени жеп салды.Анан мен чыдабай кеттим.Азыр алыста иштейм…

 

Эгер сиз ооруганда аялыңыз карамак…..

 

Жок мен башканы айтсамда аны айта албайм.Менменсип жүрчү.Байдын кызы ошонусуна маашырканат,мени басынтат…

 

Ден-соолук болбосо Байлык бир тыйында э…

 

Ошону айтсаң кудайды карабайт ошого буттан алдыгоооо….

 

Мм бирок аялыңызды жек көрөсүзбү?

 

Жок аяйм.Мен аны таштаган жокмун.Акча салып турам.Менин уятым ага чыдабайт…

 

Жок дегенде ошону кылат экенсиз азамат…

 

Соопчулукту кылыш керекда колдон келип турганда…

Аялым үчүн эмес бирок..

 

Анан..?

 

Атасы байкуш менден жалдыраган..Айыкканча таштаба деп.Машина айдатам дейт…

 

Сизди мындай деп ойлобогом…

 

Жок аягына чейин уксаң..Мен баш тарттым..Адамгерчиликта керекда..Чоң кишинин суранычын кага албадым..Акчалай жардам берсемда аны менен сүйлөшмөк эмесмин ушундай көңүлүм калган..

 

Эмне кылды эле.?

 

Мынтип жатып кала электе мени тоготпой басып кеткен.Үч жыл артынан жүрдүм.Ал болсо ар ким менен жүрчү.Мен аны жакшы көрчүмүн.Мынтип жыгылаардын алдындада бирөө менен кармап алгам.Ансызда ажырашайын дегенде ооруп калды……

 

Түшүнүктүүү..Эртең сүйлөшөбүз.Амандык тилейм деп чыгып кетти…

Бөлмөсүндөгү болгон нерселерди оодарып кыйкырып ызасына чыдабай ыйлап жатты…

Эмне анча мени кара аттуу кылат.Мени аяп сүйлөшөм дейби акмак?Кет деп кууганда кетпей коюп эми айтканын караа…

Эшигин жаап алып мынтип жатканда Данектин атасы келип калып эшикти талкалап кирип кызын токтотту…

 

Эмне кызым айтчы эмне болду?

 

Ата сен эмне Дамирге мени таштаба деп жалдырайсың я?

Анзыз деле жашооом өтөткө..Ошондо таштаганда мага жеңил болмок

Кайра мынтип көнүп сүйүп калганда билгеним мени тирүүлөй сойгондой болуп жатпайбы…..үүүүүү үүү

 

 

Не антесин кызым.Мен сени алаксысын дедим.Бул ооруңа кошулуп күйөөңдүн таштаганыда кошумча болбосун дедим.

Энеңди десе акмак неге айтты а сага.?

 

Сөздөн сөз чыгып айтып алды…

 

Аныңды болду унут акмакты..Эркек эмес экен…

 

Эмне бердиң мынтип мени менен сүйлөшүп коюуусу үчүн.?

 

Ошол сенин квартираңды…

 

Мейли буйрусун эми мага аны эстетпегиле…..

 

Чынында Дамирдин мындай калп айтуусу өзүн актап ак көрсөткүсү жана таштабай жүргөн азамат көрсөткүсү келген элее.

 

Уландысы бар.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️