Пример HTML-страницы

Оштогу депутаттар муниципалдык жерлерди сатууга мораторий киргизүүгө макулдук берди

Акыркы жанылыктар

TurmushОш шаардык кеңешинин депутаттары муниципалдык менчиктеги жер тилкелерин сатууга мораторий киргизүүгө макулдук беришти. Мындай чечим бүгүн, 11-октябрда Ош шаардык кеңешинин кезексиз сессиясында кабыл алынганын Turmush басылмасынын кабарчысы билдирди.

Чечимди 27 депутат колдоп, 9 депутат каршы болду. Жыйынга шаардык кеңештеги 45 депутаттын ичинен 38 депутат катышты.

Ош шаардык мэриясы муниципалдык жерлерди сатууга мораторийди 3 жылга киргизүүнү көздөйт.

Жыйында депутат Бакай Жолдошбаев шаарда ижарага берилген канча жер бар экенине кызыкты.

Ош шаардык муниципалдык менчик башкармалыгынын башчысынын орун басары Дастан Мурзалиев канча сотых жер ижарага берилгени боюнча так маалыматы жок экенин, ал эми 600дөн ашык объект ижарага берилгендигин билдирди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE