Пример HTML-страницы

Ошто унаа алып, ордуна ичине болт салынган «Айфондордун» коробкаларын берип койгон адамдар кармалды (сүрөт)

Акыркы жанылыктар

TurmushОш шаардык ички иштер башкармалыгынын кылмыш иликтөө кызматы кылмыш чөйрөсүндө «Коен» деген каймана атка ээ болгон Кара-Суу районунун 1995-жылы туулган тургуну Н.М.ны кармашты.

Маалым болгондой, ал 2023-жылы эле бир нече жолу кармалган. 2015-жылдан бери 4 жолу соттолгон. Ош шаардык ички иштер башкармалыгына Ош шаарынын тургуну арыз менен кайрылган. Ал арызында 2023-жылдын 18-октябрында 1995-жылы туулган Н.М. анын «Лексус ЕС» үлгүсүндөгү унаасы 27 миң долларга баалап алып, акчаны 31-октябрда берүүнү убадалап, бирок акчаны бербестен, ар кандай шылтоолорду айтып жүргөнүн билдирген. Тергөө ишинин жүрүшүндө бул боюнча шектүү катары кармалган Н.М. унаааны 28-октябрда эле 25 миң долларга сатып жиберип, акчаны өз кызыкчылыгына иштетип жибергендиги аныкталган. Натыйжада Н.М. Кылмыш-жаза кодексинини 209-беренесинин 3-бөлүмүндө (алдамчылык) көрсөтүлгөн кылмыш ишин жасаган.

Экинчи арыз Ош шаарынын Кара-Суу районунун 1994-жылы туулган тургунунан келген. Ал арызында Ош шаарында ага караштуу, 2018-2021-жылдары чыккан «КИА Соренто» үлгүсүндөгү 2 унаасын алармандар октябрь айында 45 миң АКШ долларга баалап алышып, акча бергенге чейин ишеничтүү болуу үчүн 60 даана «Айфон 14» жана «Айфон 15» үлгүсүндөгү телефондорун таштап кеткенин билдирген. Белгиленген мөөнөт аралыгында алармандар акчаны кайтарып бербегендиктен унаа ээси бир телефондун кутусун ачкан. Кутунун ичинде 3 даана кебезге оролгон болт болгон. Бул кылмыш ишке шектүү катары Ош шаарынын 2002-жылы туулган тургуну К.С. аттуу аял кармалган. Ошондой эле бул кылмыш ишине Н.М.дин жана дагы бир нече адамдардын дагы тиешеси бар экени аныкталган. Учурда мындай жасалма телефондор дагы кайсы аймактарга таратылгандыгы боюнча ыкчам иштер жүргүзүлүп жатат.

Маалымат иретинде: шектүү Н.М. 2023-жылдын эсебинен эле башка кылмыштарга шектүү катары бир нече ирет кармалып, сот тарабынан үй камагына чыккан.

Сүрөттөрдө шектүү Н.М. жана К.С. далил буюмдары катары алынган ичинде темир болттор салынган «Айфон» үлгүсүндөгү телефондордун кутулары.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE