Пример HTML-страницы

Ош шаарындагы борбордук көчөлөрдүн жамгыр жаагандан кийинки абалы. Сүрөт

Акыркы жанылыктар

TurmushОш шаарынын борбордук бөлүгүндөгү Гастелло, Волгоградская көчөлөрү жашоочуларга ыңгайсыздык жаратып келет. Жол маселеси 8 жылдан бери чечиле элек.

Тургундардын айтымында, Гастелло көчөсүндө көп кабаттуу үйлөр жайгашкан. Бул үйлөргө жетүү үчүн мышык ыйлай турган абалдагы жолдордон өтүүгө туура келет.

Жашоочулардын бири Төлөгөн Келдибаев Черемушка кичи районуна караган бардык көчөлөрдүн абалы абдан начар экендигин айтат. 2001-жылдан бери көчөлөргө такыр көңүл бурулган эмес.

«Мурун Черемушка кичи районуна караган көчөлөр 1980-жылдардан 2000-жылдарга чейин Ош шаарындагы эң жакшы борбордук көчө болуп саналган. Жыйырма жылдан бери эң аркадагы, каралбай калган көчөгө айланды. Буга чейин көптөгөн арыздар менен кайрылып, жолдорду оңдоп берүүнү суранганбыз. Жада калса ар бир жашоочунун кол тамгасы менен топтоп, шаардык мэрияга бир нече жолу бардык. Мен билгенден он жылдын жүзү болду. Эч кандай жыйынтык чыккан жок. Жыл сайын кайрылабыз, жооп жок. Быйыл жол маселесин козгогон жокпуз. Анткени баары бир жыйынтык болбойт. Айта берип чарчадык.

Бир эле мисал, автоунаабыз менен көчөлөрдүн ичине кирсек, бир күндө эле тоодон түшкөндөй болобуз. Автоунааны жуугандан деле пайда жок болуп калат. Жол меселесин, жөө жүргүнчүлөр үчүн тротуар маселесин чечип берип коюшса жакшы болот эле», — деди Келдибаев.

Ал эми Ош шаардык жолдор башкармалыгынын башчысы Арзыбек Жунусовдун маалыматы боюнча, быйыл Черемушка кичи районуна караштуу көчөлөргө асфальт төшөлбөйт.

«Черемушка кичи районуна караштуу көчөлөр үчүн быйылкы иш планга акча каражаты бөлүнгөн эмес. Анткени бюджетте акча каражаты жетишсиз», — деди Жунусов.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE