=======================
Бул окуя Туркияда 1978- жылы болгон. Мен врач онколог болуп иштечүмүн. Бир күнү биздин бөлүмгө оорулу Серап аттуу кыз келип түштү. Анын өпкөсү рак оорусу менен жабырланган экен. Анын рак оорусун даарылоо үчүн башка медицина өнүкөн мамлекеттке жөнөттүү кажет болчу. Бирок анын каражатты жоктугуна байланыштуу Туркиянын өзүндө даарылануудан башка айласы жок болчу. Мен бардык күчүм менен аны даарылоого бел байладым. Акыркы күндөрү даарылоодон жакшы жыйынтык болуп жатты. Бир күнү Серап четтелде даарыланууга каражат тапкандыгын жана ага четтелге барып даарылануусуна ыраазычылыгымды берүүмдү сурады. Мен бир шарт менен ыраазы болом «Эгер сен самолет менен гана барсаң сага уруксат бере алам»- дедим. Ал мага макул деп жылмайды. Убакыт өтүп кийин мага анын жакындары чалды, анын даарылануу үчүн самолетго билет кымбат болгондугуна байланыштуу, автобус менен баражатканда автобус аварияга учурап Серап каттуу жабырланып кайра жарым жолдон кайтып келиптир. Анын оорусу күчөп рак оорусу бронхи жана өпкөнүн баарын каптап сөөкө чейин жетиптир. Оорунун күчөгөнүнө байланыштуу ал мурдагыдай басып дем ала албай калгандыктан биз ага дем алууга жардам берүүчү кислород маскасын тагууга аргасыз болдук. Ал мурункудай сүйлөй албай шыбырап зорго сүйлөп калды.
Ал мага кайрылып доктор: «Мен сизге аябай капамын»-деди.
Мен: «Эмнеге?»- деп таң кала сурадым.
Ал:»Сиз докторсуз жана менин өмүрүм чектелүү экенин жакшы билет элеңиз, ошондуктан адам өлгөн соң сурак бар экенин, акыретте Аллах бизди сурак кылаарын жана менин акыретке даярдануум керек экенин эмнеге айткан жоксуз?»- деди.
Анын айкан сөзү жүрөгүмө тийип, сөөгүмө өттү.
Мен: «Серап билесиңби? Ооруну айыктырыш оңой, ооруканага акча төлөсөң врачтар сени айыктырып коёт, ал эми жан дүйнөнүн оорусу даарылануусу өтө кыйын ал үчүн өзүң кам көрүң керек»- дедим
Серап: «Доктор менин жан дүйнөмдү даарылоого жардам бериңизчи, сиз диндеги нерселерди жакшы карманган инсансызго»-деп суранды.
Бул кайгылуу окуядан жүрөгүм эзилип: «Албетте Серап, албетте»-деп сөз бердим.
Мен Серапка диндеги диндеги илимдерди жеткирүүгө аракет кылдым, анын да жан дүйнөсү Аллахтын ырайымына суусап турган экен , ал айтылган нерселерди жүрөгү менен кабыл алып илимди суу ичкен сыяктуу алып жатты. Илим алууда ал кыска убакта аябай чоң жыйынтыкты багындырды.
Анын өлүмүнө бир жума калганда ал мага тан калыштуу суроолорду берип жатты. Ал менден: » Доктор айтыңызчы мен өлүм алдында эмне кылышым керек?»
Мен: «Келме келтир,«Ля илаха иллялах» келмесин көп кайтала»-десем,
Серап мени карап көзүнө жаш толуп:»Макул»-деп жылмайды.
Андан кийин менин жумушума байланыштуу башка шаарга барып келүүгө туура келди. Сапардан кайтып келип,Сераптын абалын билүү үчүн анын үйүнө келдим. Келсем анын жакындары:»Ал түнү менен уктай албай ооруса да «Морфин» аттуу уколун алуудан баш тартып жатат»-деди.
Мен Сераптан эмнеге мындай кылганын сураганымда, ал мага: «Мен ал уколду алганымда эч бир ооруну сезбей уйкуга кетем. Мен уктап жатканда башыма өлүм келсе сиз үйрөткөн келмени айта албай калбайын деп андан баш тартым. Мен ооруга чыдайм, бирок ыймансыз кетүүгө чыдабайм»- деп жооп берди.
Анын жообун угуп ыйманыма ыйман кошулуп тан калдым.
Андан соң ал мага мындай суроо узатты :
«Доктор айтыңызчы, кандай деп ойлойсуз мага өлүм периштеси кандай абалда келет?»
Өлүм периштеси бул дүйнөдө Аллахтын буйруктарын аткаргандар үчүн эң сулуу суктанарлык абалда келип жанды алат, ал эми Аллахтын буйруктарын аткарбай дүйнөлүк иштерге берилген адамдарга эң коркунучтуу абалда келип анын жанын кыйынап алат. Мен ойлойм сага өлүм периштеси эң сулуу суктанарлык абалда келет деп, себеби Аллах өзүнүн сүйүктүү пенделерин күнөөдөн арылтуу үчүн ага оору берет, ошол оору мурунку жасаган күнөөлөрүн жууп кетет. Демек сен Аллахтын сүйүктүү пендесисиң»-деп аны тынчтандырдым. Бул анын акыркы мага берген суроосу болчу.
Андан кийинки күнү мага Сераптын жакындары чалып анын оорусу күчөп кеткендигин айтып чакырышты. Мен шашылып барсам, мен барганга чейин Серап бул дүйнөдөн көз жумуптур. Анын жакындарынын айтымында мен келгенге чейин жарым саат алдын тан калыштуу окуя болгондугун айтышты. Серап өлүм алдында кислород маскасын чечип, ордунан туруп, даарат алып эки рекет намаз окуп ордуна келип жатып бизге кайрылып, менин докторума айтып коюңуздарчы : «Өлүм периштеси ал айтканданда көбүрөөк суктанарлык сулуу экен»- деп келмесин айтып жан берди.
Пайғамбарыбыз саллаллаһу ъалайхи ва саллам: «Өлүм периштесинен сен күнөөлү адамдардын жанын кандай абалда аласың деп сураган да, ал өзүнүн өтө коркунучтуу сүрүн көрсөтүп ушундай абалда дегенде, пайғамбарыбыз саллаллаһу ъалайхи ва саллам өлүм периштесинин аябай коркунучтуу абалын көрүп өзүн жоготуп эстен кеткен экен.
Куранда же Хадистерде жүрөгү тазалар намазын окубай эле койсун деген буйрук жок. Чындыгында Аллахтын буйруктарын аткаруу менен жүрөктөр тазаланат.
Иа Аллаһ ар бир пендеңе өлүм периштесин суктанарлык сулуу абалда жөнөттүүңдү суранабыз… Аамин