7- БӨЛҮМ
Иниң чоңоюп атабы? Ал кошо келген жокпу?-деди ортодогу дымыган тынчтыкты бузуп атасы.
— Азыр ал менден да чоң жигит болгон. Келген жок,-деди да, анан кичине үнсүз олтуруп – өз атасы менен катышып алган,-деди. Сапарбек тамак ичкенин токтотуп дымый түшүп кайра:
— Кандайча?! Өз атасы ким экен?-деди эч нерсеге түшүнбөгөндөй.
— Апамдын кийинки күйөөсү Кайдылдачы. Ошол киши менен катышып алган. Сапардын башы кеңгирей түштү:
— Кандайча кийинки күйөөсү?
— Сиз менен ажырашкандан кийин Кайдылдага тийиптир го. Анан Мирбек төрөлүптүр. А баласы түшүндүрүүгө аракеттенди.
— Сен эмнени айтып турасың? Мирбек апаң мени менен жашап турганда төрөлгөн. Ал экиден өткөндө, сен төрттөн өткөндө ажырашпадык беле? Эсиңде жокпу?
— Менин көп эсимде жок. Апам ушинтип айткан. Сапарбектин бүт муундары калчылдап чыкты.
— Ошентип атасы менен катышып алган де… Тигини кара… Жүрөгү тилинип-тилинип кетти. Эч арам санабай өз баласындай жакшы көрчү эле. Бооруна басып эркелеткендери көз алдына элестей түштү. Азыр деле бөтөнгө кыйбай турду.
— Ооба…
— Анан сен эмне өз атаң менен катышпай жүрдүң?
— Апам жиберчү эмес. Сизди көп ичет дечү. Мен ишенип жүрө берипмин. Бул жолу деле апама айтпай өзүм келдим. Болбосо жибермек эмес,-деди уулу күнөөлүүчө башын жерге салып.
Инисин Кайдылда атасы жогорку окуу жайына коммерциялык юристтин окуусуна өткөрүп, акчасын өзү төлөп турат экен. Өзү болсо коммерциялык окуу жайына өтүүгө каражаты жок бюджетке жыл сайын тапшырып өтө албай калат экен. Архитектор болсом деп эңсейт экен. Азыр базарда энеси менен соода кылып иштеп жүрүптүр. Сапарбектин көзүнөн жаш кылгырып кетти. Ичинен “тигил өз уулун окутуп алып менин уулум кароосуз калган экен да. Энеңди… ######, кылганын карачы! Менин уулум өмүр бою билими жок темселеп жүрүп өтөт экен да. Мен сага көрсөтөм кимдин уулу кандай экенин!”- деди эрдин кесе тиштеп. Атасынын көзүнөн жаш агып атканын көргөн уулу сүйлөй албай калды.
— Ата, кайрат кылыңыз,-деди акырын. Атасы башын көтөрүп экөө тиктеше түштү. Анан орундарынан атып туруп кучакташып калышты. Экөө тең шолоктоп ыйлап киришти. Кой дээр киши жок ээн үйдө экөө көпкө кучакташкан бойдон ыйлай беришти. Экөө тең буулугуп-буулугуп ыйлашты. Ый жүрөктөрүн жууп жатты. Көптөгөн жылдар чогулган сагынычты жууп жатты. Экөө таң аткыча укташкан жок. Атасы энеси экөөнүн кантип ажырашканын жашырбай бүт айтып берди.
Эртеси жумушка барган жок. Уулун узатты. Бир жылкысын сатып, ага кошуп чогулткан акчаларын берди. Керек болсо бүт сатмак, уулу болбоду. “Бул жагы деле жетет, ата. Үнөмдөп уруналы”,-деди чоң кишиче. Уулу жайында архитектордун окуусуна өтө турган болду. “Окууга кеткен чыгымды бүт өзүм көтөрөм”,-деди атасы. “Эгер жакшы окуп, тартиптүү жүрсөң чет элдик машине алып берем”,-деди. Уулу тим эле жерге батпай кубанып, кайра-кайра атасын кучактап өпкүлөп атып коштошту. “Бат-бат каттап турам”,-деп убада берип кетти.
Ушул кечте Атыргүл Сапардын өңү өзгөрүп бир башкача жайнап, аны улам-улам жал-жал карап койгонун байкады. Ал түгүл халатынын этегинен булайып ачылып калган балтырынан мурда мындайды көрбөгөнсүп сугу түшө көз ала албай атканын байкап, үмүт арта калп эле кымырынымыш болгону менен улам байкамаксанга салып чоңураак, ич кийими көрүнгүчө ачып коёт.
***
Атыргүлдүн жылт эте түшкөн үмүтү кайрадан өчүп чыдамы түгөнө баштаганда дагы бир жолугушуу болду.
Сапарбек баягы баласы келип кеткенден кийин “Атыргүл” деп атынан айтып кайрылып узак болбосо да акылдашып оюн сурай койчу. Бирок, мындай сүйлөшүү көп узабай күтүүсүз үзүлүп Сапарбек терең ойго чөмүлүп үнсүз отуруп калар эле. Жүрөгүндө жүргөн суроону Атыргүл да акыры сурады:
— Бир нерсе сурасам капа болбойсузбу? -деди аяр кезектеги кыска аңгемелешүүдөн кийин.
— Сурай бер. Эмнеге капа болот элем…
Сапарбек үнсүз, жоопсуз мелтейип отуруп калды.
— Жооп бергиңиз келбесе тим эле коюңуз… — Атыргүл ыңгайсыздана унчукту.
— Жоо-о… жок. Жашыра турган эч нерсе жок. Туура байкагансың. Менин оорум бар. Ал оорудан өлүп гана кутулам. Ансыз кутулууга мүмкүн эмес,-деди ойлонуп олтурган калыбын жазбай.
Атыргүлдүн ындыны өчө түштү. Жүрөгү “тыз” деп жашоого болгон, жаңы турмушка болгон үмүтүнүн акыркы жиби үзүлгөндөй болду. Ичинен “туура эле ойлогон экенмин. Рак болсо керек. Кайран киши. Канча өмүрү калды экен?”-деп ойлоду да оор үшкүрүнүп койду. Мына ушул аңгемелешүүдөн кийин баягы кылыктанмайын токтотуп жөн гана үй кызматчылык милдетин аткармайга өттү. Кызматы жактыбы ким билсин, Сапарбек маянасын дагы көтөрүп 1500 сом кылып койду. Адам деген ушу тура, баягы ит көрбөгөн кордук көрүп шаардан качканда “ушул турмушту желкемдин чуңкуру көрсүн”,-деп карганган эле, бара-бара баары унутулуп, ал түгүл баягы күндөр түшүнө кирип, өзгөчө эркек эңсегени күчөдү. Айылда ылайыктуусу чыкчудай эмес. Анын үстүнө таежесинен коркот. Сапарбеги болсо оорулуу. Оорулуу болсо оорулуу болсун, жок дегенде эркектик күчү ордунда болгондо эмне деп артынан кожоюнун жек көрө карап коёт. Баарын таштап кайра шаарына баргысы келет. Бул жакка келердеги туш болгон абалын эстесе жүрөгү оозуна тыгылып, бели зыркырап кетет. Ошол зөөкүрлөр дагы кармап алып мазактачудай буту тушалат. Ушинтип жарым жылга чукул убакыт өтүп кетти. Ал арада Сапарбектин баласы үч жолу келип-кетти. Келген сайын атасы уучтап-уучтап акча карматат.
Баласы кантсе да турмушта кагылып калган көрүнөт, жүргөн-турганы тыкан, сүйлөгөнү орундуу. Атасынын болсо баласы үчүн жанын аяр түрү жок. Келип-кеткен сайын тим эле кубанычы койнуна батпай жашара түшкөндөй болот.
Экөө демейдегидей кечки тамак ичип отурушкан. Ортодо сөз деле көп уланбай өздөрү менен өздөрү болгон көңүлсүз кечтердин бири эле. Аңгыча дарбаза кагылып калды.
— Мен эле карап келейин,-деп Атыргүл тура жөнөдү. Сапарбек мейлиң дегенсип үндөгөн жок. Бейтааныш аялды көргөндө эле Атыргүл аялдык сезими менен Сапарбектин аялы экенин сезди. Салкын учурашты да үн дебей кийирди. Кайрылбай эле кете берсемби деди да, кайра экөө кантип учурашып, эмне деп сүйлөшөөр экен деген кызыкчылык менен өзү баштап үйгө кирди. Аялды көргөндө Сапарбектин өңү чүпүрөктөй купкуу болуп кетти. Көздөрү жеп жиберчүдөй болуп жана түштү. Атыргүл кожоюнунун мынчалык өзгөргөнүн көргөн эмес.
Экөө үнсүз тиктешип туруп калышты. Аял бир аз жалтаңдап, бирок, кантсе да даярданып келсе керек, үнүн жасай:
— Кандайсың, Сапаш… өт дейсиңби же босогодон кууйсуңбу?-деди.
— Мынча келипсиң өт,-деди Сапарбек киркирей. Үнү да бир башкача чыкты. Аял төр жакка өтүп коомай отурду да көз кыйыгы менен жасалгалуу үй ичин карай улутунуп алды. Атыргүл үнсүз тамак куюп аялдын астына жылдырды. Аял болсо же ичерин же ичпесин билбей оңтойсуздана ооз тийди. Беркилер тамактарын ичип бүтүп жыйналып жаткандыктан Атыргүл:
— Жаңы чай коёюнчу,-деп ордунан туруп оозгу бөлмөгө чыкты.
— Келипсиң,-деди Сапарбек дагы деле үнү бузула киркиреп. Зоя болсо кичине үнсүз олтуруп калды. Атыргүл кайра кирип Сапарбекке карап:
— Сапарбек аке, мен бара берейин…-деди.
— Жок, бул конокко тамак берип узатып коюп анан кет,-деди Сапарбек өкүм. Биринчи жолу кожоюн катары өкүм сүйлөдү. Ал түгүл Атыргүлдүн жүрөгү болк дей да түштү. Дың дебей кымырына отуруп калды. Жанатан кысынымыш болуп отурган Зоянын өңү бозоро түштү. Сөздү эмнеден баштаарын билбей:
— Кымбатбегиң сени оозунан түшүрбөй мактайт… Анан турмушуңду көрөйүн деп эле…
— Көрдүңбү?..
Дагы бир аз үнсүз отурушту. Акыры Зоя кайратын жыйды окшойт:
— Сапаш, жаштык мастык экен. Ортодо бала бар. Кептин ачыгы, кечире алсаң мени кечир. Ушуну сүйлөшөйүн деп келгем. – Сөзүн бүтпөй көзүн жаштай кетти.
Атыргүл биринчи жолу Зояны аябай тигиле карады.
Жашы кырктан ашса да сымбаты али кете элек аял экен. Учурунда тамшанткан сулуу болгону көрүнүп турат. Болгону ичкиликти көбүрөөк ичет көрүнөт, көздөрүнүн асты шишимик тартып, акжуумал өңү карара баштаган.
— Сенде күнөө жок,-деди Сапар үнү жанагыдай эле киркирей. Мен өзүмдү өзүм кечиришим керек. Ал эми өзүмдү өзүм кечириштин бир гана жолун тапкам, ошол жолго даярданып жүрөм. Сенин болсо колу-жолуң бош. Бала чоңойду. Туура, чоңойттуң. Сага рахмат. Ал эмгегиңди балаң актайт чыгар. Мен да энеңдин эмгегин унутпа деп жатам. Баламды баккан эмгегиң үчүн акча да берип жиберип жатам. Кымбатбек алпарып берип жүргөндүр. Сени менен башка сүйлөшөөр сөзүм жок,-деди үнүн мурдагыдан да киркирете.
— Сапарбек, мен шаардан келгиче кеч болуп кетти… Мынча келдим конуп кеткенге уруксат берерсиң?
— Жок, бул үйгө сага калууга болбойт. Түнү жүрөгүң түшүп өлүп калсаң бир үйдөн эки өлүк чыкпасын. Атыргүлдүн таежесинин үйүнө барып жат,-деди чечкиндүү.
Зоянын да, Атыргүлдүн да өңдөрү кубара түшүштү.
— Мейли анда…-деп Зоя туруп кеткиче шашып калды.
Атыргүл да үнсүз ордунан турду. Идиш-аякты жыйнасамбы деди эле Сапарбек:
— Тигини таежеңдикине жеткизип келип коюп жыйначы,-деди дагы буйрук берген түрдө. Атыргүл кайра келсе жанагы отурган калыбында мелтейип отуруптур. Өзүнчө үшкүрө:
— Аттиң ай, тынч өлүүгө да мүмкүндүк беришпейт го, ыя,-деди. Атыргүл үнсүз идиш-аяктарды шыпылдата жыйнап кирди.
— Тигини жеткирип койдуңбу?-деди бир учурда акырын.
— Ооба, таежемдер жаңы эле тамакка отуруп атышкан экен. Киргизип коюп эле кайра бул жакка жөнөдүм…
— Ээ, Атыр, баягы сен сураган менин оорумдун жарасы так ушул жаналгыч,-деди күтүүсүздөн үнүн каргылданта. Атыргүл караса кожоюну ыйлап жатыптыр. Дел боло түштү.
— Сизге… сизге эмне болду?.. Эмне дешти да билбей калды.
— Э-э, эмнесин сурайсың, Атыр?.. Буга дүнүйө керек. Көрдүң го кирип келери менен үйдөгү дүнүйөдөн көзү өтүп алактап жүрөт. Турмушумду көргүсү келген имиш… А-а, аттиң жашоо, ай. Менин тапкан акчам керек. Көп табат имишмин. Буга адамдын кереги жок. Менин керегим жок. Менин ким экенимди деле билбейт. Мен буга акча, дүнүйө таап берип туруучу жандими болушум керек. Балам мактаганда көргүсү келген имиш… Менин тозоктогу өмүрүм… Кыйноо менен өткөзгөн күндөрүмдүн кереги жок буга. Түшүнүп жатасыңбы, Атыр…
Эми кадимкидей боздоп жиберди. Тим эле жаш балача үңүлдөп кирди. Атыргүл селейгенден селейди. Дел болгондон дел болду. Эмне дешти да билбеди. Оозуна сөз кирбеди.
— Көрдү… Кечирет имишмин… Караанын көрүүгө зар болуп боздоп жүргөнүмдө кайрылдыбы? .. Боздоп жазган каттарыма бир жооп бердиби?.. Бутуна жыгылсам карадыбы?.. Сазга чөгүп баратсам кой чөкпө деп таяк ыргытып койдубу?.. Ортодо бала бар имиш… өзүн өзү ушунча кор кылган мени ким кечирет… Тозоктун отуна тирүүлөй күйүп, өлүү болуп көрдө жок, тирүү болуп жерде жок өткөзгөн он төрт жылдык өмүрүмдү ким кечирет… Мына бул курган дене менен бул башты, ушунча шорго батырган бул жерди ким кечирет?..- өз жүрөгүнүн тушун өзү муштагылап- муштагылап койду. Мына ушуну ким сууруп чыгып мыжып-мыжып канын сыгып бул шордуу баш менен бул дененин өчүн ким алып берет?!. Атыргүл үн дебеди… Эмне угуп жатат түшүнгөн да жок.
— Атыр, сенден суранайын, бүгүн кетпечи? Ушул үйгө жатчы,-деди бир учурда жалооруй. Беркинин даана жүрөгү түштү. Жанагы сөзүн эстеди. Бүгүн түнү дардайып өлүп калса… “Жок, кетем, таежем урушат” дегиси келди. Эмнегедир айта албады. Жаш баладай болкулдап ыйлаган кожоюнун көрүп аяп кетти.
— Ыйлабаңызчы, Сапарбек аке,-деди. Өзүнүн да бир чети корккондон, бир чети аягандан ыйлагысы келе баштаган.
— Макул ыйлабайм… бирок… болбой эле… Сапарбек дагы буркурап жиберди. Атыргүл жакын отуруп аяр башын жөлөдү. Тигил аялдын көкүрөгүнө башын коё соолуктап кирди. Анан күтүүсүз эле шак тура калып имере кучактай көтөрүп, жаткан бөлмөсүнө жөнөдү. Атыргүл бакырып жиберейин деп үнү чыкпады. Корккондон денеси титиреп каршылык да кыла албады. Жапайы жырткычтын колуна түшкөндөй эле бүрүшүп калды. Каршылык да кылган жок.
…Эртең менен ойгонсо күн шашке болоюн деп калыптыр. Жанында Сапарбек керилип уктап жатат. Тим эле күлкүсү келип, жан дүйнөсүндө өзүнчө жыргал. Сапарбекти карап рак оору деп ойлогонун эстей күлүп жиберди. Ыктап кулактарынын түбүнөн жыттады. Тигил ойгонуп кетти да жаңы көргөнсүп селт этип кетип кайра оодарыла өзүнө имерип аймалап кирди. Тим эле эч нерсе көрбөгөнөй албуут экен. Болдусун да укпады. Күчтүү да неме экен. Тим эле бөдөнөдөй тырпыратып басып калды.
***
Жашы жетимиштерди таяп калган кары адам эшиктен кирип келип оозгу бөлмөдөгү диван-креслого чалкалай олтуруп өзүнчө:
— Булар мага өлүүгө да мүмкүндүк бербейт го. Атыргүл кайда кеткен я-а. Дайым астымдан тосо чыкчу эле,-деп издене, өзүнчө күңкүлдөй терин аарчынып атканда аркы бөлмөдөн аксаргылынан келген балпайган байбиче чыга келди да:
— И-и абышка, келип калдыңбы? Кыйналбай барып келдиңби? Балдар жакшы турушуптурбу? Небереңдин сүннөт тоюн качан өткөрөлү деп сүйлөштүңөр? Кыздарыңа кайрылып кабар ала алдыңбы?-деп суроо артынан суроо жаадырып кирди.
— Я-а, байбиче, сурооңду бирден берсең боло. Кайсынысына биринчи жооп берерди да билбей калдым,-деп борсулдай күлдү абышкасы. Аңгыча эшиктен секелек кыз чуркап келип:
— Ураа, чоң атам келиптир,-деп кыйкырган бойдон ай-буйга келтирбей эле абышканын астынан секирип чыкты. Кемпиринин суроолоруна жооп берүүнү да, жолдо чарчаганын да, баарын унутуп, абышка небересинин алкымынан курулдата жыттап ырахатка бата небересине жалынып-жалбара кетти.
(Аягы)