Өлүмгө даярдык 6 бөлүм.

https://kyrgyzcha.site/?p=36430&preview=true Кызыктуу окуялар.

ӨЛҮМГӨ ДАЯРДЫК

6- БӨЛҮМ

 

Парторг Кайдылда тим эле аялындай урунуп ал түгүл тигил республикага чейин алпарып далай чоңдорго салып берчү экен. Ал түгүл “жалаң ушул Зояны чоңдорго салып берип жүрүп чоңоюп кетип атам”-деп мактанган имиш. Аялы кетсе да жаман ойлогусу келбеди. Чогуу жашаган өмүрүндө “Сен Зоя” деп койбоптур. Эмнесинен жазды. Бир жолу чала-була муштап койгонун бетине кармап “керек болсо сени соттотуп ием”,-деп коркутуп сот аркылуу ажырашып үйүн саттырып, бүт акчасын өзү алып Сапарбекти талаага таштап кете берди. Ошондо өмүрүндө биринчи жолу оозуна арак алды. Түз эле бөтөлкөнүн оозунан жутту. Мас болгондо ботодой боздоп ыйлады Зоялап, “кечирчи, кайра келчи!”-деп бир жалынса, кайра “тирүүлөй өрттөйм!”- деп бууракандады. Бара-бара көз ачпай ичкенге өттү.

 

Ошентип Сапарбек эжекесинин үйүнө келип калган. Колунан келип турганда бул үйдү да эжекесине өзү салып берген. Эжеси раматылыгы болгур төрөбөгөн аял эле. Эки эрге чыгып төрөбөдүң деп ажырашкандан кийин башка эрге да чыкпады. Бала ордуна иниси Сапарбекти бала кылып өзү өлөөр-өлгүчө кирпигине чаң жугузбай бакты. Айыккыс оорунун азабын тартканы аз келгенсип, жалгыз инисинин тагдырына жүрөгү тилинип жүрүп эрте көз жуумп кете берди.

 

Баракталган өмүрдүн арты ушундай. Астында бир гана максаты – эртерээк өлүмтүгүн даярдап бүтүш. Башка эч нерсе менен иши жок. “Адамча жашай алганым жок, адамча өлөйүнчү” деген гана өзүнө-өзү өчөшкөн өжөрлүк.

 

***

 

Айласы кетип, чыдамы түгөнгөндө баягы эле кошуна эжесине кирип сураганга аргасыз болду.

 

– Эже, бир суроо сурайынчы.

 

– Сурай гой, билсем айтайын… Эжеси жайдары тосуп алды.

 

– Доллар деген эмне акча, эже?

 

– А-а, аның жанагы Американын акчасы тура. Биздин акчадан күчтүү болот экен. 1 доллары 25-30 сомго барабар.

 

– Анан аны бизде урунса болобу?

 

– Болот. Болмок түгүл эң сонун болот. Азыр баягы заман жок. Кайсы мамлекеттин акчасы болсо да алмаштыруучу жайдан алмаштырып алып уруна бересиң.

 

– Жөн эле алмаштыра береби?

 

– Ооба, жөн эле алмаштырат. Суроо-сопкут жок. Эмне, долларың бар беле? Күлүп койду.

 

– Жок, эже, кайдагы доллар? Бирөөлөр иштеп бер, акыңды доллар менен төлөйүн дейт. Ошого сурап жатам.

 

– А-а, түшүндүм, жанагы чет элдин машинесин минген жигитпи? Ал төлөсө төлөйт. Тигил биздин капчыгайды сатып алып эс алуу үйлөрүн салдырып жаткан имиш. Аябай бай жигит дешет. Кайындары чоң кызматта иштеген неме дешет го.

 

Сапар үн деген жок. Кичине олтуруп турду да, чыгып кетти. “Баары бир долларын түшүнчүдөй эмесмин. Анын үстүнө алмаштырыш да керек дейт. Андан көрө сом менен төлө дейин”,-деп чечти.

 

***

 

Иш кызуу башталды. Айылдан жумушчуларды эртең менен автобус менен алып кетет да кайра кечинде жеткиздирип коёт. Түшкү тамагын өздөрү иштеген жерден дайындаттырып берет. Сапарбектин түйшүгү үйүнө үч килейген жылкы сатып алганда күчөдү. Бул малды күтүштүн да түгөнгүс азабы болорун билбептир да. Жем-чөбүн даярдап учуру менен бермей, сугармай, астын тазаламай. Жетише албай жаны төрт чарчы болчу болду. Анан калса баары килеңдеген семиз жылкылар. Уйку деген кыскарды, күнүнө төрт-беш саат уктабаса калганы жылкы бакмайдын ташпиши менен. Күндүз кечке жумушта жүргөндө бирөө үйүнө көз салып турбаса семиз жылкыларды колдон талашкан уурулар күндүз эле алып кетчүдөй. Арга жок килейген “азиат” деген ит сатып алып короосуна жылкылар менен кошо бакмайга өттү. Баары бир каралашкан кишинин колу керек экени билинип турду.

 

Жылкыларды сатып келгендин эртеси күнү эле көптөн бери ойлогон оюнун өтөөсүнө чыксамбы деген. Иштеп аткан ишинин аягына чыга элек. Жарымына араң келди. Кожоюн кичипейил жакшы жигит экен. Асты-үстүнө түшүп байкелеп турат. Кээде өзүнүн чет элдик машинеси менен үйүнө чейин жеткизип келип кайра кетет. Ушундай жигитти кыйбады. Эгер өзү жок болсо баштаган ишин башкалар аягына чыгара алмак эмес. Болбосо, эсептеп көрсө даярдыгы деле бүтүп калгансыйт. Кепиндик матасын алып койду. Жыртышына да кенен жеткидей мата алды. Ал түгүл кургак азык-түлүк, ун, күрүч, суу май, мейиз, жүзүм, таттуунун түрлөрүнөн бери дайындады. Өзүнө үч сыйра жаңы кийим даярдады. Союшуна килейген үч жылкы. Кете берсе болмок. Карабайсыңбы артында жарымы бүтүп, жарымы бүтпөгөн жумушу калып турганын. Тигил жигит:

 

– Айланайын байке, колуңуз кол эмес эле алтын тура. Чет элдиктер келсе ооздору ачылат го,-дейт бүтүргөн иштерин көрүп тамшанып. Өзү да эми өлөрүмдө эл айта жүргүдөй иш калтырайын деп берилип иштечү болду.

 

Дагы да болсо кошуна эжеси кыйын абалына жардам берди.

 

– Я-а, Сапаш, кечке жумуштасың, кечинде келип үй-жайың менен алексиң. Байкасам түн ортосу оогуча кыбырап жүрөсүң. Таң атпай турасың. Андан көрө менин жээним бир айдан бери менин үйүмдө бош отурат, үйүңө каралашканга кызматчы кылып албайсыңбы? -деди.

 

Сапарбек түшүнө бербей аңкайып калды да кайра суроо узатты:

 

– Кандай кызматчы, эже?

 

– О-о, ботом, азыр өзүңдөй акчаны көп тапкандар үй кызматчы алып калган. Анын эмнеси бар. Эртеден кечке сен жумушта жүргөндө малыңды карайт. Үй-жайыңды карайт. Огородуңду карайт. Кириңди жууп, тамагыңды жасап коёт. Сен болсо ай сайын акысын, айлыгын берип турасың. Жаның төрт чарчы болуп бөлүнбөй жыргап каласың.

 

– Я-а, ушинтсе болобу?

 

– Болбогондо эмне. Тапканың жетсе болот.

 

Чын эле кийинки кезде жетише албай кыйнала баштаган. Какчыйып арыктап да кеткен. Ичтен ойлонуп калды. Сунуш жакшы. А айлыгын берип турганга күчү жетер бекен.

 

– А-а, айлыгы канча болор экен, эже? Мен төлөп турганга жараар бекенмин?

 

– О-о, кокуй Сапаш, азыр айылда жумуш жок. Бош олтургандар көп. Айлыкка 500 сом берем десең “ляпай” дегендер четтен чыгат. Сапарбек ишене бербеди.

 

– Чын элеби, эже? 500 сомго сиздин жээниңиз макул болобу?

 

– Болот. Мен сүйлөшөм. Алгач 500 сом айына деп көрөлү. Жагып баратса кичине көбөйтүп коёрсуң.

 

Экөө макулдашышты. Кошуна эжесинин үйүндө бир келин кирип-чыгып жүргөнүн көргөн, бирок, ким экенине, кайдан келгенине кызыкдар болгон эмес.

 

Эртеси таң ата кошуна эжеси жээнин жетелеп келип калыптыр. Аты Атыргүл экен. Таанышкан соң бир сыйра чарбасын көрсөтүп чыкты. Кичине тартынып кээ бир иштерди кыйгап өтөйүн деди эле баягы эле эжеси жардамдашып, үй ичин иреттеп, кечки тамагын жасап, чогулган кирин жууп, огородун карап тургандан бери кошту. Атыргүл “макул, макул” дегенден башка сөз деле айтпады.

 

Сапар аны бир эле жолу карап койду да башка дит багып карабады. Аксаргылынан келген сулуу сымак келин экен. Жашы отуздун ичинде болсо керек. Дарбазанын, үйдүн кошумча ачкычтарын берди. Атыргүл үйдү тоноп келген жагына кете бербесине эжеси кепилдикке өттү. Атыргүл тың келин экен. Ишти тыкан, ар нерсени орду менен жасачу болду. Алгач ишенкиребей жумуштан келгенден кийин бир сыйра текшерсе, бара-бара күмөн санамайы кала баштады. Өзү да тыңып өңүнө кирип оңолуп алды. Иштен келсе тамагы жасалуу, кийсе кийими жуулуу. Огороду да, деги эле үйдүн ичи-тышы иретке келип, жашоосу көркүнө чыга түштү. Жумушта жүргөндө көбүнчө кеч чыгып калганда мал эмне болду экен санааркачу. Эми андан да ою тынч. Болгону “баштаган ишин эртерээк бүтүрүү керек да, көп чойбой кетиш керек”,-дейт басса-турса.

 

***

 

Атыргүл Сапарбекке такыр түшүнө албады. Алгач үйүн иретке келтирип ишин жөндөп койгондо рахмат айтып кубанат го деген. Бул адам ак да, көк да дебеди. Болгону күндө келген сайын бир сыйра өзү текшерип чыгат да, унчукпай келип тамагын ичет, анан жатууга кам урат. “Мен кете берейин”,-десе: “бара бериңиз”,-деп коёт кайдыгер. Ал түгүл жүзүнө да тигилип карабайт. Ушунча болуп көздөрү көздөрүнө урунуп көрө элек. Жаңы алган телевизору иштебей турат. Бир жолу коюп олтурса “койбой эле коюңузчу. Бузулуп калбасын”,- деген. Ошондон кийин ага жолобой калган. Алгач таң калып жүрдү. Бара-бара “бул бир иштеген ишинен башканы билбеген макулук турбайбы”,- деп ойлой баштады. Кээде “мени бир жан бага албаганынан жалданган байкуш катары көрүп теңине албай жатат го”,-деп арданчу да болду. Бир жолу:

 

– Үч кысыр, семиз жылкыдан көрө боозун алсаңыз тууп бербейт беле,-десе:

 

– Буларды туудуруп эмне кылам? Өлсөм өлүмтүгүмө жетсин деп эле багып жүрбөймүнбү. Эл этти кенен жесин, дагы экини алып койсомбу деп атам,-дегенде даана оозу ачылды. Ичинен “айыккыс оорусу бар го, кейпи рак болуш керек. Эртең-бүгүн өлөм деп даярданып жүргөн неме го”,-деп боору да ооручу болду. Эч ким менен ымала кылбаганы да ошондон болсо керек деп ойлой баштады. Анан аялдык кызыкчылыгы артып эмне оорусу бар болду экен, дагы канча өмүрү калды экен, билгиси келет. Кантип сураштын ылайыгын таппайт. Таежесинен сураса “Оорусу болсо болгондур. Көп жыл баш көтөрбөй арак ичкен неменин ден соолугу соо дейсиңби?”- деп койду. Сапарбектин бардыгы иреттүү, эмнеси болсо да орду-ордунда жарашыктуу жасалган үйүндө кечке жалгыз жүрүп түрдүү ойлорго түшөт. Өз өмүрүн тизмектеп эстеп санаага чөгөт. Ушул үйгө келип иштей баштаганга чейинки өмүрүнүн көбү кээде түш сыяктуудай сезилет.

 

Челнокко барып иши түзүк боло баштаган, анан күндөрдүн биринде күтүүсүз күйүп кетти. Өзү менен өзү болуп иштеп жүргөндө күйчү эмес. Бир чала тааныш шыпылдаган келин чоң иш сунуш кылып калды. Каражатын да өзү берди. Россияга барганда товарын рекеттерге тарттырып жиберди. Бүт жыйган-тергенин берсе да карызынан кутула албады. Ошондо баягы келин “эч нерсе эмес, акыга эркектерге иштеп кутул”,-деди эч кебелбей. “Эмне деп жатасыз, эже? Мени ким деп турасыз? Мен андайлардан эмесмин?”-деди эле үч рэкет баланы жиберген экен, алар келип өлөөрчө сабап, каалашынча зордуктап, “бир айда кутулбасаң өлтүрөбүз”, -деп кетишти. Россияда болушаар кишиси жок. “Бекер зордуктала бергиче акыга иштейин”,-деп аргасыз макул болду. Өзүн нечен өлтүрөйүн деди, жан таттуу экен өлтүрө албады. Ал түгүл тим эле берилип иштей баштады. Карызынан кутулганы менен ошол сүткорунда кала берди. Кийин билип жүрөт баягыда сүткору карызды атайын берип, товарын да өзү тарттырып алганын. Көрсө, аны эле эмес далайларды сыздатыптыр. Баары биригип тигинин айыбын ачып анча-мынча окутуп коёлу деп токтоно алышпай өлтүрүп алышты да, баары туш тарапка качышты. Бишкекке келип көнгөн ишин улантты. Ушул жакка келерде коңшу Казакстандан келген рэкеттердин колуна түшүп калып төртөө-бешөө таң атканча зордуктап эзгени аз келгенсип, эртең менен жан жерине шише сайып туруп жолго ыргытып кетишиптир. Көрсө, ичиндегисинин бирөө Атыргүлгө окшогон немеден оору жугузуп алган экен. “Мен эмес болчумун” дегенине карабай “Сен эле болчусуң. Танып атасың”,-дешип өч алып атышпайбы. Ооруканага жатканда билди, түрлүү жыныстык ооруларга чалдыгыптыр. Толук дарыланып чыккыча кийинки жыйган-тергени бүт кетти. Акыры барар жери калбай ушул таежесиникине келген. Таежеси жалынып-жалбарып тосуп алып тыңыгыча бакты. Анан ушул жумушту таап берип жатпайбы.

 

Шаардан, кымгуут жашоодон көңүлү үч көчкөн журттай калып тынч жашоону издей баштаганда ушул жумуш табылып олтурбайбы. Бир ай иштегенден кийин Сапарбекке жакты көрүнөт айлыгын 1000 сом деп көтөрүп койду. Ичкен-жегени ушул үйдөн. Жан кейиткидей деле жумуш жок. Айлыгын толугу менен чогултса болчудай. Болгону көңүлүндө кусалык. Өзүнчө буулугат. Баягы ооруканада жатканда “айылга барып эптеп эле жанымды баккыдай жумуш таап алып тынч жүрсөм кандай жакшы болот эле”,-деген тилегине жеткенине кубанганы менен көөдөндө күйгүлтүк. Өзүнчө “Эгер Сапарбек алам десе тийип албаймбы. Көп болсо менден он беш жашка улуу экен. Эмнеси бар. Тапканы жакшы”,-деп ойлогон оюн тигинтип табышмактуу оору бузуп турат. “Кудай билет, ушул импотент болсо керек”,-деп да ойлой баштады. Себеби, эркек өңдөнүп ушул кезге чейин бир да жолу астыртан болсо да көз агытып карай элек. Түрлүү кылыктарынын бирине маани бере элек. Деги эле аял катары да карап койбойт. Эмнеси болсо да мунун импотент же соо экенин чындап текшерейинчи деп тымызын катуу чабуулга өттү. Өзүнө жашыруун эрмек табылганга өзү да алаксып калды.

 

***

 

Күтүүсүз окуя болуп кетти. Күндөрдүн биринде шыңга бойлуу зыңкыйган жигит кирип келди. Көрсө, Сапарбектин баласы экен. Атасына жолукканы келиптир. Жакшылап тамак жасап, аябай коноктоду. Тың бала көрүнөт. Короо-жайды бүт көрүп чыкты. Үй ичин да сынай карап олтурду. Астыртан “Сиз кимиси болосуз?”-деген суроосуна “үй кызматчысы болом”,-деген жоопту уккандан кийин атасы тууралуу тартынбай такып сураганга өттү. Биринчи эле суроосу “Аябай ичет дешти эле, ичкен деле кишидей эмес го?”-деди. “Мурда иччү экен. Эки жылча болуптур, оозуна да албайт экен го”,-дегенди укканда көңүлү жайланды көрүнөт айылдагы турмуш жөнүндө сурап келип “Атам менен апам эмнеге ажырашканын билбейсизби? ”-деди. “Жок, билбейт экенмин. Мен өзүм бул жерлик эмесмин, келгениме үч айдай эле болду”,-деп койду берки. Болбосо баарын уккан. Жөн гана айткысы келген жок. Кечинде Сапарбек келгенде даана кызык болду. Экөө бирин-бири бакырып басып жыгылып кучакташып көрүшөт го деп ойлогон. Андай болбоду. Сапарбек келди да баланы таңданып тиктеп “Сен кимсиң?” дегенсип туруп калды. Берки түшүнө койду окшойт:

 

– Мен Кымбатбекмин, -деп астын тосо басты. Атасы балам деп бакырып жиберет го деп күткөн. Жөн-жай гана:

 

– А-а, сенсиңби? Ушунча чоңоюп кеттиңби? Чоң жигит болгон турбайсыңбы, -деди да жөн салды кол алышып учурашып койду. Баласынын кадимкидей шаабайы сууй түшкөнүн, өзү “Ата” деп кучактоого батынбаганын Атыргүл байкап турду. Экөөнө тамак куюп берди да, сөздөрүнө тоскоол болбоюн деп кетип калды.

 

Уландысы бар…

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️