Ошол кунго билет алып, алыскы олкого иштегени жономой болдум. Эмнегедир, колумда билет турса да, мына кечинде уча турган болуп жатсам да, эч кандай толкундоо жок болду, эч жакка кетпечудой, кетпей калчудай элэ болуп аттым. Ушинтип сезилип жатканын эжеме айттым. Кызык, эмнеге андай болду экен деп тангалып койдук.
Андан мурунку куну, таятамдын каза болду. Апам озунун энесинен ымыркайында элэ айрылып, ошол эжэси чонойтуптур. Аябай кейиди. Туну менен ойлонуп чыгыптыр.
Атам,апам,бир эжем, болом болуп ошол куну батага, алыска жолго чыкмай болушту. Атайын мени менен коштошуп коюп баралы дешип, Бишкеке келишти. Мен кычап, так ошол куну базардан майда — чуйдо алам деп тушко чейин журдум. Алчуларды алып, эжемдикине келсем, апамдар мени кутуп отурушуптур. Оздору да жолго чыгабыз деп шашып атышыптыр. «Созсуз элэ коштошуш керекпи, коштошпой элэ кете беришпейби» деп жаман кордум. Алтургай, бул ойумду айтып да алдым окшойт. Ошентип, мен келерим менен, шашыла мени менен коштошуп, алар жолго чыгышты.
Апам менин жаныма келип, колдорумду эки колу менен кокурок тушуна кармап туруп айтты: «Кагылайыным, жакшы бар, жакшы жур, жакшы иштеп кел, бай жаша, бактылуу бол!». Ушул создорду айтып, бетибизден ооп, экообуз коштоштук. » Бай жаша, бактылуу бол» деп мурда айтчу эмэс элэ. Дароо конул бурдум бул создорго.
Бирок , озумда шашып жаткам, алар да шашып жатышкан.» Мени согушкаижонотуп аткансыбай, кете беришпейт беле» деп коп жактырган жокмун. Ошол кунго чейин озумчо элэ кыжаалаттанып, апама, жакындарыма анча сылык мамиле кылбай, ал тургай оройураак алып жургом озумду. Бирок оюмда, ниетимде бар болчу, Дубайга жетерим менен апамдан, жакындарымдан озумдун ушундай кылыктарым учун кечирим сурап, аларды аябай жакшы корорумду, буюрса бизде бары жакшы болорун айтам деп ойлоп жургом.
Жамандыкты ойлобойт турбайлыбы. Дагы корушобуш да, кайда кетмек элэм деп ойлоптурмун. Эн окунгонум- апамды кыса кучактап, жылуу создорумду айтып калбаптырмын. .
Самолетко отуруп, астымды карасам журнал бар экен. Барактап корсом, бир жеринде » сапарга чыгарда айтылчу дуба» деген бар экен. Дубанын мааниси мындай элэ. » Аллахым, ушул сапарымды байсалдуу кыл. Мен кайтып келгиче уйбуломду , жакындарымды озуно тапшырдым. Ар кандай кырсыктан, жамандыктан корго!» . Жанымда отурган кыздарга алаксып, алардан тартынып, чала — була окуп бата кылдым.
Барчу жериме жетип, жуунуп — таранып, чай ичип, эми жаталы деп калганда, мени тосуп алган кудачам уройу учуп: — » Иий кокуй, Кудай! Эмне дейт Улан, ме окучу?» — деп телефонуна келген Смсти коргозду. Ал Смсте жазылган менин омурумдогу эн суук кабар экен. Баш жагын элэ окуп кайра бердим.
Кееде, эч физикалык закон менен, же логика менен тушундуро албаган, адам ишенбей турган корунуштор тушко кирет эмеспи. Дал ошол туштор сыяктуу элэ сезилди, туш коруп жатамбы деп ойлоп жаттым. Уламдан улам туш эмес экенин туйган сайын, денемди калтырак баса баштады. Кондиционердин абасына чыйрыгып, ушуп, титирей баштадым. Тиштерим шакылдап жатты.
Дароо элэ телефон аркылуу эртен мененки самолетко билет заказ кылып, аны алууга аэропортко жонодук. Кудачам даярданганча эшике чыктым. Эми озумду кармай албай калдым. Онгуроп ыйладым. Кудачам келип кайрат айтып, сооротту. Машинанын арткы орундугуна отуруп алып, козумдон жаш куюлуп, кечее элэ коргон апамдын ар бир кыймылын, элэстетип, унчукпай ыйлап бараттым.
Иллюминатордон сыртка коз чаптырып келе жаттым. Астыбызда коюланган булуттар жука буоуттар менен алмашып, жер бетин бирде жаап, бирде ачылып, жер усту картадай болуп корунуп, учуп бараттык.
Бизге эбегейсиз чон сезилген жер шары бул ааламдын масштабында кичинекей элэ сезилди. Бийик деген тоолорубуз дер менен жер болуп, тептегиз элэ корунуп турат. Дарыялар эгер корунсо, чубалган ичке жип сыяктуу элэ элэс калтырат. Бирок, адамзаттын коломуно салыштыра келсек, жер устундогу адамды бактерияларга окшоп, козго илинбеген элэ бир тируу жандык деп ойлоого болот.
Ушундай кен ааламда, уч- кыйырсыз жер бетинде апам учун орун жокпу, жер усту ушунча тардык кылдыбы деп ойлодум. Апамдын жаны денесинен бошоп, ошол корунбогон аралыктан асманга учуп келе жатабы деп ойлодум. Же апамдын руху денесин айланчыктап, бизди- балдарын кутуп жатабы деп ойлодум. Крз жашым толсо агып, тугонсо токтоп, мин туркун ойлор келип, апама шашып келе жаттым.
Уйго жетуучу жол ото узак болду. Алматыдан таксиге олтурдум. Тугонбогон узун жол узаргандан узарды. Мага кошулуп асман дагы ыйлап жатты. Токтобой тогулгон жамгырды коз жашка окшоштурдум. Башка тушкон караан кун дал ушундай болот турбайбы деп ойлодум. Кара булут, ак булуттар, мага чоочун тоолор, талаалар, туноргон табигат, томсоргон жер бети ого бетер кайгымды кучотуп, тээ китептерде чагылдырылган, кыялымда элэстеткен, суроттолгон кайгылуу алаамат кунду оз башымдан откоруп жатканымды тушундум.
Жамгыр майдалап жаап жатты. Карангы кирип калган. Биздин уйдун тушунда бозуй тигилип туруптур. Журогум зырп этти. Эки уй бери жактан туштум, чемоданым колумдан тушуп, калтырай уйго жакындап бараттым. Дарбаза ачык, бозуйдун айланасында, ары жакта эшиктин алдында элдер журушот. Апамдын караанын козум менен издедим. Кишилердин арасында жок. Кайдан болмок!? Токтоно албай:- Апам канаа?»- деп кыйкырдым. Кулак жарган окурук, чуру- чуу унумду басып коштолуп кетти. Копко токтободу. Козум жашка толуп, кулагым тунжурап, козумду ачкан сайын жакындарымдын, туугандарымдын коздору шишип, таанылбай калган жуздору корунуп жатты…
Ааламым антарылды. Дуйном астын — усту болду. Жашоом тарс жарылгандай башаламандык орун алды. Кыялдарым, максаттарым , пландарым, баарынын бир тыйындай да баасы жоктой сезилди. Жарык дуйнодо жашоонун манызы бир заматта жоголду. Ар бир кылган ишимди, кадамымды, умтулуумду апам учун кылчу экем. Апам бактылуу болсо, башынан откоргон кыйынчылыктарын унутуп, бул жашоонун жакшылыктарын корсо, конулу ток омур сурсо, кооз- кооз жерлерди коруп, конулдуу эс алып, жашоонун ырахатын татса деген гана жалгыз тилегим болгонун тушундум. Эми апам жок менин кантип жашаганым баары бир эмеспи деп ойлодум. Жашаймбы жашабаймбы эч кандай айырмасы жок деген да ой келди.
Бирок жашап жаттым. Кундор отуп жатты. Уйдон, короодон, бардык жерден апамдын элесин коруп жаттым, апамды элестетип, апамдын элесин издеп журдум. Озумду кармай албай калганда, жалгыз бир жерге барып алып ыйлап журдум. Апам колдонгон буюмдар, тиккен тошоктору, идиш- аяктар, бары апамды элэстетип жатты. Азыр кирип келип калабы деп эшикти умуттуу карап кутуп журдум…
Алтыным апа! Асылым, Берекем менин! Жалгызым! Бул создорду козунуз барда айтпаган мен акылсыз экенмин…
Жараткан Алла Таалам сизге мееримин тогуп, жанынызга тынччылык берсин. Жанаттан орун берсе экен. Жаткан жериниз жайлуу болсун, алтыным апам. Мен сизди сагындым апакебайым, сагынычтан коздорум карайып калды апаке.
Эх аттин апакем эске келип козумдон жаштарым агып ыйлап аран жазып буттум. Менда апамды сагындым. Жаткан жериниз жайлуу болсун апаке.