Пример HTML-страницы

ОГОЙ АТАНЫН ЗОРДУГУ!

https://kyrgyzcha.site/?p=59487&preview=true Кызыктуу окуялар.

ОГОЙ АТАНЫН ЗОРДУГУ!

Мен алыскы райондордун биринде

апам,

өгөй атам жана алардын балдары – бир

туугандарым менен турам. Жашым 18де,

мектепти аяктаганыма бир жыл болду.

Бирок жогорку окуу жайына тапшырбай,

айылда эле калып калдым. Себеби…

***

Кичинемде таенем Бурул эжемди

көргөзүп: “Үмүтайымдын эки апасы бар.

Баккан апасы менмин, төрөгөн апасы

Бурул”, — деп кулагыма куя берчү. Баламын

да, “эки апасы бар” дегенге жетине албай,

шаардан келген сайын мага миң түркүн

нерселерди алып келгени, анан абдан

сулуу болгону үчүн абдан жакшы көргөн

Бурул эжемдин апам болуп калганына

кубанчумун. Аны “апа” дегенге бат эле

көндүм. Шаарда иштеп, бизге маал-маалы

менен келип жүргөн апам кийин айылда

болуп калды. Апам айылга келгенден

кийин бир кошунабыз коңшу айылда

абдан жакшы иниси бар экенин айтып

таенемден кызынын колун сурады.

Таенем ал тууралуу мурда эле билген

окшойт, ошол эле жерден каршы

эместигин билдирди. Апам унчуккан жок.

Ага “ойлон” дешти.

Бул маалда мен 7-класстын окуучусу

болчумун. Бир күнү апам: “Турмушка

чыксам, сен макулсуңбу?” — деди. Ансыз да

аталууларга суктанып жүргөн мен

таенемдердин сүйлөшкөнүн укканда эле

аталуу болууну кыялданып, тим эле

делбиреп алган элем. Дароо макул

экенимди билдирдим. Апама ушул

жообум эле керек болуп турган окшойт,

ошондон көп өтпөй эле биз апамдын

жаңы үй-бүлөсүнө барууга камынып

калдык. Экинчи чейрек аяктап мен

каникулга чыгарым менен беш-алты киши

келип бизди алып кетишти.

***

Жаңы айыл, жаңы мектеп, жаңы үй болуп

мага баары кызык сезилип атты. Ал эми

жаңы атам абдан жакты. Бою узун,

далылуу, көзү-кашы кара, кабактуу киши

экен. Анан да тамашакөй, ар нерседен кеп

салып турууну жактырган, кыймылдуу

жан. Мени мектепке өзү алып барды.

Апамдын болсо көзүн карап, айтканын

аткарып турат. Мен атамды ушул үчүн да

жакшы көрчүмүн. Бир жылдан кийин

сиңдилүү болдум. Буга чейин мени

атымдан атабай “Үмүтай” деп чакырып,

убактысы боло калганда күндөлүгүмдү

карап, мектептеги жаңылыктарды сурап

турчу атам кыздуу болгондон кийин мага

анча көңүл бурбай калды.

Билбейм, балким, чын эле атам өз

канынан жаралган кыздуу болгондон

кийин мени мурдагыдай жактырбай

калды же менин сиңдимден аны кызгана

берген балалык кыялым биздин

ортобузду алыстатып салды. Айтор, биз

таптакыр мурдагыдай болбой калдык. Ал

мага жөн салды гана сүйлөп, мурдагыдай

эркелетпейт, сураганымды аткарат, бирок

суз. Мен анын жумшагандарын кылып

коём, бирок чын көңүлүмдөн эмес. Апам

болсо ага эмне дейт, билбейм, мага бул

теманын тегерегинде бир ооз ачып, ал-

бул деп айтпайт.

Алар удаа дагы эки балалуу болушту.

Тилекке каршы, апам кош бойлуу кезде

катуу сасык тумоолоп калганы үчүн кичүү

иним оорукчан болуп төрөлүп калды.

Баланын оорудан улам тынчыбаган абдан

ыйлаактыгы биздин үйгө

келишпестиктерди көп жаратчу болду.

Апам таң атканча кирпик ирмебей аны

алдейлеп чыгат. Атам болсо баланын

жаагы басылбаганы үчүн кыжынып, апама

жакшы-жаман сөздөрдү айтат.

***

Инимдин ден соолугу жакшы болбой тез-

тез эле райондун ооруканасына каттап

калдык. Апам жокто эки бир тууганымдын

милдети менде. Аларды жуунтуп, кирин

жууп, тамагын берип, үйдөгү апам

аткарган иштин баары менин мойнума

түшүп жаным тынбайт. Сабактарымды

аткарууга жетишпей, сабактан калганым

да көбөйдү. Ыраазы болгонум апам жокто

уй саасам музоону тартып, тамак жасасам

от жагып атам мага жакшы каралашат.

Кечинде мен болгон жумушту бүтүрүп

жаздыкка баш коймоюнча уктабай карап

турат.

Ал күнү адаттагыдай кеч жаткам. Абдан

чарчаган экенмин, кичүү сиңдимди таптап

жатып, кийимчен эле уктап калыптырмын.

Бир маалда бетимден бирөө сылап

жатканын туюп чочуп кеттим. Атам

башымда олтурат, оң колу менен

билегимди, сол колу менен чачымдан

сылап жатыптыр. Эч нерседен капарым

жок:

– Уктап калган турбаймбы, сиз да уктай

элексизби? — дедим.

– Ооба, эмне кийимчен жатасың? Тур,

чечинип жатып эс ал, — деп жуурканымды

ачып кийип жатчу көйнөгүмдү сунду. Мен

уйкусурап чечине баштап кайра уялып

кеттим. Ал мунумду байкай койду да,

чачымдан сылап, бетимден өөп чыгып

кетти. Мен эч нерсени элес алган жокмун,

баары унутулуп калды.

Ошентип, бул жылы апам иним менен

ооруканадан бошобой, мен үйдүн түйшүгү

менен жүрүп 10-классты кандай

аяктаганымды билбей калдым. Жыл

жыйынтыгында сабакты эң көп калтырган

окуучулардын катарында атым аталды. Ал

эми үйдөгү жашоо өзгөргөн жок.

Күнүмдүк түйшүк, баланын ыйы, атам-

энемдин беймаза кептери менен

ачылбаган кабактары… Мындай жашоону

аял гана көтөрөт экен, азыр ойлосом.

Эркек болсо керт башынын кызыкчылыгы

менен алек болуп, оюндагысы

орундалбай калса ачуулуу болуп калат

тура. Ошондо эле эркектердин оюнда

көбүнчө эмне болорун билип, алардын

жумшак мамилесинин аркасында эмне

максат турарын сезсем кана. Балалык,

билбестик кылган экенмин.

***

Бул окуя болгон маалда апам инимди

алып борборго кеткен. Бул жолку

дарылатуу үмүттүү болгон үчүн акчаны

аябай камдап, канча убакыт дарылаш

керек болсо, ошончо убакыт шаарда боло

турган болушту. Бизге баш-көз болууга

атам айылда калды. Таң азандан уй

сааганга турчумун. Атам артымдан чыгып

уйду бадага өзү жеткирип келчү. Ал күнү

телефонумдун коңгуроосу иштебей

калганбы же атам өчүрүп койгонбу,

билбейм, уктап калыптырмын. Чочуп

ойгонуп артыма бурула берип чочуп

кеттим. Жанымда атам жатат. Колу

жуурканымдын ичинде. Ылдыйкы ич

кийимим чала шыпырылып калыптыр.

Кантип туйган жокмун? Алапайымды

таппай шашып калдым. Ушундай да

болобу? Жанталашып шейшепти

карадым. Таза. Жүрөгүм ылдыйлаганы

менен абдан түпөйүл болуп калдым.

Жылып чыгып уйду саап, бадага карай

баштап айдап койдум да, сыртта жүрө

бердим. Корктумбу же уялдымбы,

эмнегедир үйгө кире албай койдум. Бир

маалда атам чыкты, эч нерсе

болбогондой:

– Уктап калган турбайбызбы, уйду эмне

кылдың? Бададан кечиктик го?

– Билбейм, — “бадага жеткизе калыңыз”

дейин дегеним менен ашык кеп айта

албай ушинтип койдум.

– Мейли, бир күн барбай калса эч нерсе

болбойт, — ал эмнегедир жаныма басып

келип абдан чукул ыктап туруп калды.

– Эмне менин жаныма жаттыңыз? Эмне

өзүңүздүн үйгө уктаган жоксуз? – деп

келип “мени эмне кылдыңыз?” дей албай

ыйлап жибердим.

– Ыйлаба, Үмүт, эмне ыйлайсың? Эч нерсе

болгон жок го. Эч нерсе болбойт андан, —

ал мени соороткон болуп бетимден өптү.

Биринчи жолу анын өпкөнүн өөн көрүп,

андан ичиркендим.

Ал күнү кечке ар нерседен санаам тынбай

тынчым кетти. Апам акыбалыбызды

адаттан тыш такып сурап узакка

сүйлөштү. Ашык кеп айтсам эле ыйлап

ийчүдөй буулугам. Бирок ансыз да

оорулуу бала менен кыйналып жүрсө

беймаза кылбайын деп ыйлаган жокмун.

Кечинде чарчап, кирпигиме алым келбей

турсам да уктап калуудан корктум. Жөн

тынчсызданбаптырмын. Биз жаткан

бөлмөнүн эшигин акырын ачып атам

кирип келди. Жуурканымдын этегин баса

отуруп жүзүмө үңүлдү да, сөөмөйүн

оозуна такап: “Чүүш”, — деди. Демимди

ичиме катып болгон күчүм менен аны

өзүмдөн түртүп жыйрылдым. Ал мага

өчөшкөндөй жуурканымдын ичине кирип

келип мени ныгыра басып ооз ачууга

үлгүртпөй алаканы менен оозумду бекем

жаап, туш келди өпкүлөп, уйпалап

жиберди. Анан:

– Үнүңдү чыгарба. Сенин менден башка

артыңдан сурап алар эч кимиң жок. Жан

адамга айтчу болсоң, жаман болосуң.

Апаңа да. Айтпасаң, эч нерседен кем

кылбайм. Макулбу? — деди да, арам оюн

ишке ашырды.

Ошол түндүн эртеси мени менен бирге

балдарды уктатышып, анан мени апам

экөө жаткан бөлмөгө чакырды. Каршы

болуудан корктум. Ашык кеп айтсам

сабап салчудай сүрдүү эле. Бирок бөлмөгө

кирерим менен:

– Эмнеге мындай кылдыңыз? Болбойт да

минткен? Мен эми эмне кылам? — деп

ыйладым.

– Эч нерсе болбойт. Сен эмне, менин

өзүмдүн кызым белең? Мен деле мындай

кылайын деп ойлогон эмесмин. Апаң

экөөбүздүн жашообузду көрүп

атпайсыңбы. Анын үстүнө мен сенин жаш

келбетиңе, дене мүчөңө ашык болуп

калдым, — деп жаш денемди уйпалады.

Ошол түндөн баштап ал мени күн сайын

жанына алып жатып жүрдү. Каршы

болгонум, ыйлаганым, жалынганым ага

бир тыйынча болгон жок. Эртең апам

келет деген күнү баягы сөздөрүн дагы

кайталап катуу эскертти.

Апам абдан арыктап, жүдөп калыптыр.

Иним болсо, ырас, жакшы болуптур. Атам

аларды эч нерсе болбогон адамдай тосуп

алып, жалынып-жалбарып сагынганын

айтып кадимкисиндей. Апам бат эле

баарын билип койсо керек дегем. Бирок

атам ага билдирген жок. Буга чейин ага

кандай күйөө болуп келсе, дал ошондой

эле. Апамды жакшы карайт, сураганын

аткарып, кайда барам десе макул. Ага

ушул керек, апам кетери менен алыс

жакка тургай, айылдын четине эки саатка

кетсе да ошол убакытты мен үчүн

пайдалана калат.

***

11-классты аяктоо мага бир азап болду.

Сабактан себепсиз кала бергеним,

окуумдун начарлаганын бир мугалимдер,

бир апам тескей берип беймаза

кылышты. Алар мендеги азапты кайдан

билишсин. Мен болсо эптеп мектепти

аяктап ушул үйдөн кетип калууну тилеп

жүрдүм. Бирок ал тилегимди да таш

капты. Жогорку окуу жайга тапшыруу

тууралуу маселе козголгондо атам менин

окууга тапшырышыма каршы болуп ар

түрдүү шылтоо айтып чыкты. Канча

аракет кылганым менен макул болчу түрү

жок, апам болсо анын тилинен чыга

албайт. Бир жолкусунда кетем деп катуу

чыр салдым. Анда атам мени өзүнчө

чакырып алып:

– Сени жанымдан карыш да чыгарбайм.

Кетсең баарын ачыкка чыгарып, апаң

менен балдарды калтырып, сени менен

чыгып кетем. Антип шерменде болбоюн,

апам жалгыз куурабасын десең калып кал,

— деди. Макул болууга аргасыз болдум.

Андан бери бир жыл өттү. Бизде баягы

эле жашоо. Жанагынтип мени алып

калгандан бери бойго бүтүрбөйт деп бир

дары алып келип ичирет. Каалаган

маалында апамды ар шылтоо менен ар

жакка жиберип ийип моокумун кандырат.

Апамдын ушунун бирин туюп-

билбегенине капа болом. Канча жолу

айтып салайын дейм, бирок анын

жүрөгүнүн оорушун каалабайм. Айтууга

оозум да барбайт. Милицияга же

башкаларга айтуудан андан бетер

корком. Бир эле жан билсе мени өлтүрүп

салчудай сезем. Өлтүрүп ийбесе да

өлүмдөн катуу уят болобуз да…

 

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE