Өгөй энем да каза болду, атамдын жапжалгыз калган караанына кейип боздоп бараттым

https://kyrgyzcha.site/?p=63681&preview=true Кызыктуу окуялар.

Өгөй энем да каза болду, атамдын жапжалгыз калган караанына кейип боздоп бараттым

 

Өзүм кырк экиге чыгып эне болсом да, үйүмдү атамды сагынып келип кетем. Короодон кирсем атам таягы менен жер чийип отуруптур. Жаш балача сүйүнүп бизди көздөй сылтып жөнөсө көзүмө жаш тегеренет. Үйгө кирип чай койгону жүрөт. Отуруңуз деп өзүм тейлеп, чай ичип отурдук.

Алып келгендеримди берсем көп деле көңүл бөлгөн жок, азыр атама биз керек элек. Улам бир небересин эркелетип отурат. Эмне берерин билбей, «алма бар алып чык» деп сүйүнөт.Биз үч кызбыз эркек бала жок, мен турмушка чыгып кеткени атам жалгыз. Апам төшөктө  көпкө жатып каза болгон. Ал кезде мен болгону төрт жашта экенмин, көп эсимде калбаптыр. Үйдү бир сыйра жыйнап чыгайын деп тамак асып койдум. Биздин бөлмөгө кирип бала кезим ойума түштү, ушу чоң күзгүнүн алдына мени отургузуп алып атам чачымды өрө албай убараланчу. Бүткөндө бири өйдө бири ылдый болуп калчу, мен болсо шыпшынып жактырбай сүйлөнөм. Атам байкуш күнөөлүү болуп оңдомуш болот. Ошентип жүрүп атам да өргөндү үйрөндү. Жалгыз иштеп бизди бакты, окутту, күйөөгө узатты, кем кылбай бир туугандары менен кудаларын да тосуп алды. Атама аял алып берели дегенде мен боздоп жатып калгам, атам да болбой койгон, көрсө биздин көңүлүбузгө караган тура кургур.

Кийин түшүнүп кемпир алып бергенбиз, чогуу отуруп чай ичкен киши болуп, ээрчишип айылчылап жакшы болуп калган. Бирок көп жашаган жок так апамдыкындай оору менен ооруп каза болуп калды. Атам дагы жалгыз калды, экинчи жолу жакын кишиден айрылган катуу сокку болду окшойт, үйлөнбөйм деп койду. Азыр ошол кезди эстеп бир чети сагынып ыйлап алдым. Апам каза болгон кезде атам деле жапжаш киши тура, үч кызды багыш, үй-тиричилиги аябай эле оор болуптур. Кир жуугучка баарын аралаштырып жууган экен. Мектепке кийген ак көйнөктөрүбүз баары боелуп калыптыр. Кийинчереек улуу эжем жардам берип жүрүп көп нерсени үйрөндү. Атам жумуштан келгиче бизди карап тамак бышырып, аны да турмуш жакшы эле ийледи. Кийин турмушка чыкканда кайненеси, апасынын тарбиясын көрбөсө да аябай жакшы тарбия бериптирсиз, сизге рахмат — деп ыраазычылыгын билдирди. Мен биринчи класс элем, жаңы-жылга аз калган.

Дос кызым Айгүл үйүнө чакырып жаңы алып берген көйнөгүн көрсөтүп мактанды. Мен үйгө келип мага да алып бергиле деп жаңжал чыгардым, акча ага жетпейт экенин анда кайдан билейин. Менин былтыркы көйнөгүмдү кий деди эжем, жок деп болбойм. Атам да келип жатып калды ооруп келиптир, айта албай калдым. Кечинде эжем бир жылтырак кездемени алып чыкты, ушундан тигип койсо кандай болот? — дейт. Оронуп көрсөм сонун экен. Куурчака тиккендей эле башым бата тургандай кылып мойнун ойуп, эки жагын тигип койду. Белине узуун кылып кесип алган кездемени гүл кылып байлап берди. Башыма жылтыракты зымга ороп таажы жасап берди. Туфлийимдин таманы түшүп калган, экинчи эжемдин туфлиси кичине чоң экен, башына кебез тыгып кийгизип койду. Ошондогу сүйүнүчүмдү азыр да сезем, аябай сүйүнүп эң мыкты мен кийингендей болгом. Азыр ошондогу сүрөтүмдү көрүп, боорум эзилди. Этеги өйдө-ылдый, жакасы бир жагына кыйшайган. Бирок эң бактылуу балалык кез. Ошондогу эжем апа ордуна апа болуп бизди сүйрөп келген бир боорум аман болуңуз, деп тилеп турам. Ошол кезде эжем алтынчы класс экен.

Пример HTML-страницы

Ич кийим, байпактарыбыз таптакыр калбай калгыча жүрө берчүбүз, көрсө эркек киши анын баарын көзөмөлдөй албайт тура. Бир күнү унубуз түгөнүп калды, атам эртең акча алсам алып келем деген, ал күнү албай калыптыр, наны жок тамак жеп жатып алдык. Эртеси кошунадан бир нан, бир чыны май алып тургула кечинде алып келем берип койобуз, курсагынарды тойгузуп тургула деди. Эртеси эжем сурагандан уялып мени жиберди. Чыныны алып короого чыксам чоң итибиз бар, чуркап келди тамак бергени жатат деди окшойт араң чыктым дарбазадан. Кошунаныкына барсам сонун жыттанат, май токоч жасап жатыптыр. Көзүмдү боорсоктон албай, эмнеге келгенимди айттым. Алар да түшүндү окшойт май токоч, нан, боорсок, кечөө тойго барганбыз атан менен чогуу жегиле деп, чоң жилик салып берди. Суйунуп короого кирсем баягы итибиз чуркап келатат, чыныдагы майды өйдө көтөмрсө, мага асылып секире берди.

Баштыгым айрылып кетип этим жерге түштү, ит шап илип уясына жөнөдү. Мен бакырып атканыма да карабайт, чуркап барып майды тепкичке койо салып, иттин уясына кирип барып башына бир уруп, жиликти жулуп алдым. Эжелерим менин кыйкырыгымды угуп эшикти шарт ачса, чыныдагы май жайнап калды. Баягы этти сууга жууп койуп койду, май жок тамак жасалган жок. Бир май токочту үчөөбүз бөлүп жеп атамы күтүп отурдук, мындайда убакыт өтпөйт. Мен уктап калыптырмын, атам келди дегенде, ойгонуп кеттим. Атам байкуш бир кап унду велосипедине артып алыптыр, бир жагына бир сумка азык-түлүк. Мойнунан ылдый тер аккан, биз үчөөбүз колубуздан келбесе да атама боорубуз ооруп жардам берели дейбиз. Эжем көтөрүшөйн десе, белиңди оорутуп аласың деп өзү  көтөрүп кирди. Алып келгендерин баарын чыгарып эжеме отчёт берип жатат, анткени эмне керек болсо эжем жазып берчү. Жакшы акча алган окшойт баарыбызга бирден шоколад да алып келиптир. Ошондогу үй-бүлөдөгү эң бактылуу убакыт эле.

Эртең мектептен бир нерсе алып жейсиңер деп акча болуп бере баштады, эжем болсо жөн койуңуз, эртен светке төлөйбүз деди. Мен болсо алган акчамды колума бекем кармап, укмаксан болдум. Жатарда эжем «апкел» деп эле алып койду, ыйлаган бойдон уктап калдым. Эртеси окууга кетерде колумду курткама салсам эки сом жүрөт, мени карап турган атам көзүн кысып койду, көрсө кайра салып койуптур. Кошунабыз үйүн актаса эжем да биз да актайлы деди. Атам кыйналып каласың десе болбой эжем баштады. Мени да ойното койбой кечке жумшады. Бийик болгонго бат эле чарчап калды. Кечке чейин араң бир бөлмөнү бүттүк, эжем 6-класс, андан кийинки эжем 4-класс анан мен 1-класс.

Кечинде атам чарчап келсе да калганын актап бериптир, мен чарчап уктап калыптырмын. Кийин атам үй актайбыз деп бир жума жүргөнбүз деп күлүп калчу. Ошентип жүрүп ал күндөр да өттү, жетим жетилет-дегендей жетилдик. Бир гана арманым апамүч кызды төрөп бир жакшылыгын көрбөй чайын ичпей кетип калганы ичимди ачыштырат. Ушундай жакшы киши атам менен бактылуу өмүр сүрбөй кетип калганына жер тепкилеп бакырып, бакырып ыйлап алам. Айла жок кудайдын буйругу экен, куран окуткандан башка айла жок. Кайненеме кыздары белек алып келип, чайга чакырып кетсе ичим күйүп мага эмнеге кудай ушундай күндү ыраа көрбөдү деп, күнөөлүү болом. Биз кетип жатсак эмне берерин билбей, аны ал, муну ал деп, шамы өчкөндөй бозоруп отуруп калат. Келип тургула — деп буулугуп сүйлөсө, көз жашымы жашырып, бери бурулуп көз жашымы көрсөтпөй аарчыдым. Энесин ээрчип бозоруп калган баладай болуп калып калган атамдын кебетесин көрүп боорум ооруйт. «Келем ата келем «деп кол булгалап түшүп кеттим. Улуу эжелерим колуна алып алалы десе такыр болбойт, мен болсо кичүү келинмин. Кайнене кайнатамдар менен турабыз. Аман болчу атаке деп, артка кайрылып карасам, карааны алыстап кол булгалап калды. Ата мээримин да сагынам, аман болуңуз атаке.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️