Нурлан

https://kyrgyzcha.site/?p=43041&preview=true Кызыктуу окуялар.

Жайдын ысыгы аз келгенсип жарым эс аялынын улам телефондон ар кайсыны айтканы Нурландын жанын кашайтып жиберди. Жарым эс эмей эмне, бир туруп: “Ажырашам, баарын мага өткөрүп жаз да, каалаган жагыңа чыгып кет”, — дейт, бир туруп: “Менден өлүп эле кутулбасаң, кутулбайсың, жаш кызды алып жыргап жашап калам деп жатасың го, андай болбойт”, — деп кыжынат. Кана эле көңүл кубанычы болгон бирөө болсо. Апасы ыраматылык: “Ушул кошунанын кызын эле ал, балам, “шаар көргөн эчкиден түңүл” дейт, шаардын кыздарына кызыкпа. Бул сырдана, ата-энесин тааныйм, жоош, мээнеткеч, ары жакын”, — деп туруп албады беле. Ушинтип ойлонуп баратканда дагы телефон чырылдады. Нурлан аялы чалып жатканын телефондун экранын карабай туруп сезди. “Тобо, мунун башка иши жокпу?” деп ойлоду айласы куруп. Кайдан башка иши болмок эле, керээлден кечке үйдөн чыкпаса, бел жоорутуп жумуш жасабаса, кылган иши эле өзүнө окшогон беш-алты курбусу менен бирөөнүн эмне кийип, канча алтын сатып алганын талкууламай. Албай койгонго түтпөй:

– Алоо, – деди чарчаңкы.

– Ай, эмне албайсың маалкатып?.. – деп баштаганда эле Нурлан аялынын сөзүн чорт бөлдү:

– Эмнени айтайын дедиң эле? Мен рулдамын.

– Мен ортодогу мүлктү тең бөлгөнгө каршымын, болгон дүнүйө-мүлктүн баарын сатасың да, мен каалаган жерден каалаган үйдү алып бересиң, андан ашса сеники, ашпаса өз тагдырыңдан көр. – Ушинтти да, жоо кууп келе жаткансып трубканы басып салды. Нурлан сөгүнүп жибере жаздап карманып калды. Канча жолу баарына ыраазы болуп кол шилтеп басып кеткиси келет, бирок эки баласына боору ооруйт. Мурда чоңойсун дечү, анан окуусун бүтүп өз алдынча болуп кетсин десе, ага чыдамы жеткидей эмес. Акыры ажырашпаса болбосуна көзү жетти да, айылга барып апасын баш кылып бул сунушту тууган-урукка түшүндүрүп айтты.

Телефон кайра чырылдады. “Ошол”, — деди Нурлан кыжыры дүрт этип.

Пример HTML-страницы

– Алоо, дагы эмне болду?

– Сенин адвокатыңдан баш тартам. Мен өзүм жалдайм.

– Билгениңди кылчы, – “дагы бир өзүнө окшогон чала сабат подругасы кеңеш берген го” деген оюнун аягына чыкканча алдында өз жолу менен эле бараткан машинени сүзүп алды. “Туй ата, ушул эле жетпей турду эле”, — деп кейип алып сыртка чыкты. Алдыңкы машинеден ак жуумал кыз түштү. Сүзүлгөн жерин ичке манжалары менен аяп жаткансып сылап алып, анан Нурланга карады:

– Абайлабайт белеңиз, байке, – деди жумшак, бирок ачуусу келген үн менен.

– Кечирип кой, карындашым, байкабай калбадымбы телефонго алаксып.

– Бул го темир, кокус адамды коюп кетсеңиз эмне болот? Телефон менен жайчылыкта сүйлөшкөнүңүз оң го. Эмне кылабыз эми?

– Төлөп берем, карындашым, канча болот? – деп шашып кетти.

– Мен баасы тургай, каерде оңдоорун да билбейм. Чогуу барып чогуу эле билели, байке, – деди кыз токтоо.

– Макул, макул, – деди шашкалактап. Нурлан алдыга түшүп алып, кыз артынан айдап Нурлан жакшы тааныган бир устага барышты.

– Сиз сарсанаа болбой бара бериңиз, оңдолгондо чалып коём. Көп деле жабыркабаптыр жаныбар, – деди уста машинени айлана басып. Нурлан кызга келип:

– Номуруңузду калтырсаңыз, бүткөндө кабарлап коёюн, – деди күнөөлүүдөй акырын. Кыз унчукпай татынакай кол сумкасынан кагаз, калем алып чыкты да, шыпылдай жазып берди. Жазганы, катуу ирик жумуш кылбаганынан кабар берип турган ипичке манжалары, тыпыйган турпаты, токтоо, бирок так, бекем сүйлөгөнү кыздын жакшы кызматта иштеринен кабар берип тургансыйт. Кыз Нурландын колуна атырдын жагымдуу жыты калган “Аида” деген жазуулуу бир үзүм баракты калтырып коюп такси токтотуп кетип калды. Кол тамгасы абдан сулуу экен. Эми эле чыңалып турган ички абал, кыжырлануу баары желге учкандай тарап дилинде бир жумшак сезим калды.

Нурлан машине оңдолгонго чейин күтө албады. Бир күнү кечке маал жумуштан чыккан кезде атайын чалды.

– Алоо, – деди жагымдуу үн.

– Саламатсызбы? Кечирип коюңуз, бул мен Нурлан, сиздин машинеңизди сүзүп… – дегенде эле кыз:

– Тааныдым, – деди жумшак. Нурлан кыздын тааныганына кубанып кетти.

– Мен сизди жөө калтырдым, машине жок жүдөп жаткандырсыз, жеткирип койсом дегем, – деди баш аламан сүйлөп. Кыз саамга унчукпай калды. “Жок” деп жиберет го деген ойдо:

– Мен сиздин көп убактыңызды албайм, айткан дарекке жеткирем да, кайтам.

– Күндүн ысыгында маршруткага түшкүм келбей тургам, мейли, – деди кыз чарчаңкы.

Нурлан кыз айткан дарекке ашыгып жетип барды. Жумуш күнү бүтүп калган го, кыз көп күттүргөн жок. Үлбүрөгөн апакай узун көйнөк кийген Аида бир үзүм булуттай каалгый басып келе жатты.

– Саламатсызбы? – ууртуна катылган күлүмсүрөөсү гүлгө конгон көпөлөктөй жагымдуу эле. Нурлан колун сунуп учурашкысы келсе да кыз кол сунбаган үчүн батынбады. Унчукпай эшикти ачып кызды отургузду.

– Кандайсыз, Аида? Сизди жөө калтырып кыйнадымбы? – деди кантип сөзгө тартарын билбей.

– Эч нерсе эмес, жөө эле басып, коомдук транспортто жүрүп чоңойгонбуз, – деди кыз жайдары.

– Ошентиңизчи, антпесе “сизди кыйнадым го” деген ойдон жүдөп кеттим, – деди чын дилинен.

– Бала кезде эң жакшы транспорт эшек болчу, кайда барсак минип алганга жакшы, ошондо атка мингенди жакшы көрчүмүн. Анан кичине бой тартканда атка миндим, кубанганымды айтпаңыз. Бир күнү биздин айылга апакай “иномарка” минген бир айым келди. Анда аялдар машине минет дегенди көрмөк түгүл, уксак таң калып өзгөчө таасир калтырчу. Ошол күндөн баштап кыялымдын баары апакай машинеге байланды да калды. Мени алга сүрөгөн кыялдар, менимче, ошол учурдан башталды окшойт.

– Ошондо ким болгуң келчү, айдоочу болгуң келген жок беле? – деди тамашага айланта.

– Жок, – деди кыз тамашаны улагандай жароокер, – мугалим болгум келчү. Болгону шаарда окуп, анан окууну бүткөндө апакай машине менен айылга келип, машинемди мектептин жанына токтотсом деп кыялданчумун.

– Койчу?! – Нурлан чочуп кетти.

– Эмне, сиздин да мугалим болгуңуз келди беле?

– Жок, мугалим кызга үйлөнгүм келчү.

– Үйлөндүңүзбү анан?

– Жок.

– Эмне, ала качып кетиштиби?

– Мен издеп тапканча убакыт өтүп кетти.

Ошол күндөн баштап Нурлан болор-болбос бирдемени шылтоолоп эле кызга чала берген адат тапты. Аялы менен сот иштеринде жүрүп деле бутун тартарга алы келбей калган учурда да кыз эсине түшсө баары унутулат да, жашоо дароо жаңыра, жаңылана түшкөнсүйт. Бирок обу жок чала бергенден да тартынат. “Эмне деп чалсам?” деп ойлонуп баратканда телефону чырылдады. Ойлуу айдап бара жаткан Нурлан телефондун экранын кайдыгер карады да, анан чок кармап алгансып шашкалактап, ал тургай, тормозду басып жибергенин байкабай калды. Кудай жалгап артында машине жок экен. “Аида” деп өчүп-жанган чакыруу Нурланды апкаарытып да, баладай делбиретип да жиберди.

– Алоо, – деди телефон өчүп калчудай шашып.

– Саламатсызбы? Машинени сурайын дегем…

– Ии, мен да чалайын деп жаткам.

– Эмне, бүттүбү ээ?

– Ооба, ии, жок… бүтө элек, жакында бүтөт деп чалайын деп жаткам, — Нурландын баш аламан сөзүнөбү же маанайы жакшыбы, кыз күмүш түшүп кеткенсиген жумшак күлкүсү менен акырын күлүп койду. Бул күлкү Нурланды бир топ шердентип койду.

– Аида, мен сиздин жумушка жакын жерден өтүп бараткам, эгер убактыңыз болсо чогуу чай ичели, кандай дейсиз?

Кыз адатынча ойлонуп калды. Анан “мейли” деди акырын.

Алар шаардын четирээгиндеги эли аз кафелердин биринде тамактанып отурушту.

Бул жолу аны-муну сурашкан менен сөз уланбай койду. Экөөнү тең кандайдыр бир сезим басып, ошол басым алдында кысылып жатышты. Канчага чейин унчугушпай отурушат эле, ким билет, бир кезде “Издейм сени” деген ырды жандуу ырдап баштады. Сүйлөшүп алгандай экөө тең ырчыны жалт карашты. Ырчынын үнү коңур, бийик болгону менен арык, назик кыз экен.

– Мага окшогон бирөө го, – деди Нурлан акырын.

– Адамдар өмүр бою бирөөнү издешет, – деди кыз да кыялдуу.

– Сен кимди издеп жүрөсүң?

– Билбейм…

– Таптыңбы, же апакай машине алгандан кийин эле издебей койдуңбу?

Кыз дагы ийнин куушурду.

– Мен теңдүү кыздар эчак бүлө күтүшүп, балдары чоңоюп калды. Мен болсо окуумду бүтсөм дедим, бүттүм. Карьера жасайын, анан апакай машине менен айылга барып жашап, иштейм дедим, карьера деле жасалды, машине деле алынды, бирок үй-бүлө улам кечигип жатат.

– Мен болсо издегим келсе да издеген жокмун, бул үчүн өзүмдү күнөөлөбөй кошуна кызга үйлөнтүп койгон апамды күнөөлөдүм, анан балдарды шылтоолодум, анан бизнесимди бир аз алдыга жылдырып жолго салып алайын дедим. Айтор, издөөнү улам кийинкиге калтыра бердим.

Бул күнү алар тээ кафе жабылганча отурушту. Кызды жеткирип барган Нурлан ушу азыр кыздын жыпар жытын жакындан жыттап, ипичке манжаларын алаканына салып алып сылагысы, жол бою жел сылап келген жибек чачтарын уйпалагысы келди, бирок батына алган жок.

Ошондон эки күндөн кийин Нурланга устасы машине бүткөнүн кабарлады. Ошол күнү Нурландын жеке жашоосунун дагы бир эшиги жабылды. Узакка созулган сот иштери аягына чыгып жалгыз машинеси, төрт сотых жери менен калган Нурлан куду ааламдын энчисин алгандай бактылуу эле. Аидага шашып чалса, кыз бош эмес экен. Бир аз күтүп турайын деген менен ичи эңшерилип, “ким менен сүйлөшүп жатат?” деген муздак ой жүрөгүн жалап өттү. Оюнун акырына чыкканча эле телефондо “Аида” деген жазуу өчүп-жанып, бул жарык телефонду эле эмес, Нурландын жүрөгүн жарык кылып жибергенсиди.

– Алоо?

– Жана чалсам бош эмес экенсиз.

– Сага чалып жаткам, сени бош эмес деп ойлободумбу. Баса, машинең бүтүптүр.

– Ырас болгон тура, – деди кыз кубанып.

– Мен сенин жумушуңа барайын, СТОго чогуу баралы ээ?

Алар машинени алышты да, Нурлан кызга карап:

– Аида, кел эми машинеңдин “айыгып” чыгышын, анан менин бир жумушумдун бүтүшүн белгилейли, жок дебечи ээ? – деди кыз машинесин айдап кетип калчудай. Кыз унчукпай баш ийкеди. Экөө унчукпай машинелерине отурду да, сүйлөшүп алгандай катар айдап баратышты. Улам бири-бирине жылмая карап коюшат. Кыз түз эле тоого айдады. Тоодон ай чыкканда кайтышты. Нурландын колунда кыздын чачтарынын жыты, эрининде бүлдүркөн эриндеринин бал даамы, жүрөгүндө “мен сизди издеп жүргөн турбаймынбы” деген ысык, таттуу шыбыры калды. Алар ашыгып, өрөпкүп, делбиреп жарыша айдап келе жатышты. Алдыдагы белгисиз, бирок өздөрү ишенген таттуу жаңы жашоого ашыгып баратышты…

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️