8 — БӨЛҮМ
Советбек менен Гайыпберди бала кезинен бир айылда чоноюп,биринчи класстан тартып бир мектепте болуп,андан ары Фрунзе шаарына барып жогорку окуу жайына кирип,экоо эки башка кесипти тандап,билим алышкан.Достуктун кадыр-баркы, жакшылык-жаманжык учурда ашкере билинет тура.Анаргулду дарылоодо анын кызматы баа жеткис болду.Тиешелуу дарыларын берип,конулун которуп,колдон келген мумкунчулугун, аракетин жасады.Акыл- сезим жайына тушуп,айлана- чойрону андап калган учурунда Анаргул Сейитбектен куткон баласын эстеди.ал барбы-жокпу деген ойго келип Бурулчадан сурады.
-Апа,баладан кабар алсаныз,суранам апа,алып келиниз,сиз багып алып журунчу?-деп Бурулчага жалооруган турундо карады.
-Озун жакшы болуп ооруканадан чыкчы.Анан барып алып келем.
-Жакшымын,мени эмне учун ооруканага жаткырып дарылатып жатасынар билбейм,жакшы элемин го?
-Жакшы элесин балам,катуу чочуп калгансын,башым ооруйт деп айтпадын беле,алдын алып дарылатып жатпайбызбы, митпесек баш оорун кучоп кетсе майып болуп каласын балам.
-Башымдын оорусу басылды.Ооба, качан эле басылган.Врач жакында чыгарам деди,баланы алып келе берин?
Бурулча создоруно кунт кое маани берип,дагы эле жакшы боло элек,олдо кудай ай,неге мени азапка салдын деп чочулап,ызалана тушту.Баласын кобуроок энсейт окшойт деген ойго серпиле тушту.Мындайда эне байкуш тынч уктай алчу беле.Экинчи куну эле учуп жетип баланы алып келип корсотту.Ушул учурда анаргулдун кубанычында айтпа.Кучагына кысып,ооп-жыттап не деген рахатка батпады.Эмчегинен сут чыга калгансып,баласына жыттатты.
Мына ушул кундон баштап Анаргулдун сезиминдеги озгоруу айкын билинип,ооруканадан чыкты.Бурулча суйунуп:
-Айланайын,кудай жалгасын,эмне тилесен максатына жет.Ишин арбыштап,жакшылыктын устундо жур.Омурун узун болсун!-деп албаган оюна койбой Советбектин башына калпак кийгизип,костюм- шым берип,коллективине деген сый тамагын тартуулап Анаргулду ооруканадан алып чыкты.
Жаш адам учун коздогон максатына жетуудон артык не бар.Ошентип Гайыпберди максатына жетти.Кутунгон умуту ордунан чыгып,Анаргул кадимки абалына келип жакшы болуп кетпедиби.Уй тиричилиги баягысындай. Энсегениндей уулдуу болуп,анысынын атын Кубаныч койду.Чырпыгынан чынар болуп,жетилет дегендей адам дагы дарак сыяктуу белем,арадан уч жыл сезилбей отуп,Кубаныч уч жашка толду.
ХХХ
Адам учун кайгы тартпай эркин куунак жашоонун озу бул жарыкчылыктагы бейиш окшобойбу.Бурулча небереси Качкынбайды эрмектеп жыргап эле калбадыбы.Божурап бир нерселерди суйлоп,колунан келсе келбесе да аш алдап ичээр эрмеги.Айрым учур эсине тушо калып,ат койбой калгырлардын койгон атын кара,Качкынбай деп тымызын кейип,Анаргулдун тугонгуру качырып баргандыгы учун ушинткен го деген ойго серпиле калат.
-Эне ,сизден сурана турган соз бар,-деди бир куну Гайыпберди чай ичип отурганда созго салмакчы болуп.
-Ал кандай соз эле ботом,-деди. -Жакшылыкпы? !
-Жакшылык эле,сиздин жалгыз уюнузду,же бээнизди сурамак белем,-деп тамашага чала кулуп,-Качкынбайды бизге берин?
-Кой айланайын,эмине деп жатасын,мени бакчу ушул.
-Угуп турсаныз,сиздики эле,Кубаныч экоо эрмектешип, дастияр болуп кызматынызга жараганга чейин бизде журсун.
Бурулча конбоду.Анын жан жыргаткан эрмеги эмеспи.Гайыпберди Качкынбай келген куну уйу баягыдай толо тушконсуп,Кубаныч экоо оюнчукту талашып,божурашып ойногон учурун козу откон балдары эсине тушо калып,боор эти сыздай тушот.Бизде журсо кубаныч экоо бир туугандай болуп,кийин эс тартып чонойгондо огойлугу билинбей калаар деген ойдо болгон.Антсе да келген сайын кубанычты кандай эркелетсе,аны да ошондой эле алдына коюп эркелетип,мээримин тошоп журогундогу суйуунун оту жана тушот.
Мына ошентип жомок деп айтаарлык эки инсан баштан кечирген турмуш азабын унутта калтырып,конулдуу жашоосун улантышты.
АЯГЫ…………