Мыкаачы өгөй эне 7 бөлүм.

https://kyrgyzcha.site/?p=35461&preview=true Кызыктуу окуялар.

?МЫКААЧЫ ӨГӨЙ ЭНЕ

 

7 — БӨЛҮМ

 

 

Анаргул торот уйунон чыгып келгенине аран уч кун болгон.Элеттик кыргыздар илгертеден бери тороттон кийин табына келтирип,онуно чыгарыш учун сууктук аш ичиришет.Бул тартип бузулса,ысык ллкатка аралашса,онуно чыкпай,жузундо кара тактар пайда болуп ал тактар кетпей калат дешет.Торот уйундо жаткан бир жумалык аралыкта да кордо алып барып берип турушкан.Мына эми андан келгенден бери кордо ичип,ону купкуу болуп,кучтон кетип ойдо тураарга дарманы жок.Мунусу Зейнепке жага бербедиби.Кордодону жетерлик бышырып койгон,ичпеген оюна койбой тынбай берип турат.Ичпесен алын ого беетер кетет,куручу бар карандай суу эмес,иче бер.Врачтар мындайга каршы дейт.

 

Тороттон кийин каны азайганын эске алып врач кан болуучу диеталык тамактарды берип турган.Куттуктап коргону баргандардын кордосун такыр ичкен эмес.Мына ушундан улум ону киргилдене тушкон.Бул корунушуно чочулаган болуп Зейнеп такай кордого салып койбодубу.

 

Келгенден бери ары-бери откондор,жакын аралыктагы коншулары келип-кетип киши узулгон жок.Бердибек менен Сейитбек экоо эки кун туруп кыштоого кетишкен.Сейитбектин мектептеги иши да аяктап,бош.Бирок кыштоодогу дыйканчылык иштер кучоп,атасына жардам беруу менен алек.Антпегенде Анаргулдун жанынан чыкмак эмес.Атанын созун кайт кыла албай кылчактап аягы тартпай аран кыштоого жол тартты.Башына коогалу иш тушо тургансып конулу жай албай суз.Кыштоого барар барганга чейин Анаргулду элестетип,анын купкуу болгон онуно ичи ачышып санааркады.

 

Элеттиктердин кордо бергич тартибине нааразы.Уйдон чыгып баратып,кйра бурула калып Анаргулго <<кордо ичпегин,эне кордонузду токтотун! >>-деп анан кете берди.

 

Зейнеп Сейитбектин айтканын аткарат.Ага жедеп конгон.Бул журок туптурундогу куулугу.Бердибекке да ушул озгочолугу менен жагып,жашап журбойбу.Антпесе качан эле алмаштырылмак. Ким болбосун балалуу болгусу келет.Балалуу уй базар,баласыз уй мазар делип бекеринен айтылбаган. Мына беш жыл мурда,ооба,Сейитбектин ээндетип айткан кенешине конуп,Бердибек чыгыш-коюш этмекчи болуп,ортомчу боло калган агасынын созун таштай албай тындым болгон.Зейнеп менен айылдаш гана эмес,уч атат менен кошулган бир уруктан болгону эске алынбадыбы. Жек-жаатчылыктын да бир тарабынан пайдалуулугу болгону менен зыяндуу жагдайы бар.Анткени, ошол учурда ажырашып башкага уйлонуп алганда Сейитбектин ойлогонундай инилуу болуп калаар беле.Эми убакыт отту,Бердибек картайып калбадыбы.Торобосо да жанында журсун дейт Сейитбек,оюн озгортпойт.

 

Кесме аш жасап берип жатып кыштоодон кара мышыгын алып келе жаткандагы арам оюн эсине сала калды.Камыр оокат кубаттантат, тузу жок бергеним менен камыр кучтуу эмеспи деген ойдо болуп сырка кирип чыгып тынчы кете баштады.Анаргул баласын эмизип жатып уктап кеткен эле.Зейнеп сырка чыгып эки жака коз жугурто калып,кайра шап уйго кирди да,мышыкты желкесинен мыжыга кармап,Анаргулго бетине тийгизе ыргытып,дароо сыртка чыга качты.Мышык <<мыяу>> деген ачуу уну менен Анаргулду канталата аймап алды.

 

-Апа-а-й!-Ушул кыйкырыгы менен ордунан ыргып турду,эндиреп тундукту карады.Ага тундуктон аянычтуу бир балекет тушуп,башын аткый мыкчып алгандай туюлду.Баласы эсине келбеди,козу туманданып карангылыкта калгансыды. Сыртка карай жугурмокчу болуп бир жуткунуп алап жыгылып тушту.Оозунан ак кобук куюлуп эстен танып жатып калды.Зейнеп дароо баланы шап ала коюп ашканага киргизип,ороп- чулгап жаткырып койду.Анан эмне болоор экен,Жийдегул да ушинтип катуу чочугандан улам жинди болуп калагн эле,бу олугунду коройун дагы жинди болуп тынса экен,-деген оюн дилинде кайталап,жаман козу менен карап турду.Анаргул бир аз убактан кийин эсине келип атып турду.Зейнепти жеп жиберчудой карап алка-жалкадан алды.

 

-Бала кана,какбаш, баланы кайда жоготтун,баланы тап,баланы тап,баланы тап деп жатам сени!-Зейнепти муунтуп жерге буктой чапты.Анан чаалыгып алы кете тушту белем,ушкурунуп, айланасын тегерете тиктеп туруп калды.Учурдан пайдаланып Зейнеп сыртка качып чыкты да ынак коншусу Зубайдага барды.

 

-Айланайын Зубайда,эми эмне кылайын ,Анаргул уктап жатты эле,сырттан кирээрим мененойгоно калып мага атырылып кол салып,иттей тепкилебедиби. Эмне болголнун билбейм,журчу тез уйго,баласы эмне болду,аны сен ыргытып жибердин деп жатпайбы!

 

-Андай болсо тез бар,жин даарыган окшойт анына,баланы кара,мен азыр,-деп Зубайда тынчы кетип шашып кийинип артынан жетти.

 

Айланайын Зубайда эже,муну каранчы,баланын бети-башын каната уруптур,урушка кандай акысы бар,-деп кучактап эмизип жаткан баласынын бетин корсотту.Ага озуунун бетинен аккан кандар жуккан.Ыйлап жаткан баласын ашканадан алып чыгып,Зейнепти каргап шилеген ачуулуу турундо эмизип отура калган эле.Зейнептер эшикте акырын баш багып коро коюп чочулап тура калган.

 

-Э,айланайын, Анаргул,бетинден кан агып эмне болду сага?

 

-Айланайындар, бул эмне кылганы,мени дагы урган турбайбы,бул какшаал,оо жер журкур кайдасын,сени азыр олтуром,соем! О,Зейнеп,сени кайнене дебейм,тергебейм, бугундон калтырбай олтурушум керек!

 

Зубайда жанына келип,жалынып- жалбарып ар кайсыны айтып тынчыта албады.Зейнепке ызырынган созу кайталана берди.Бетин аарчып-тазалады.

 

-Э садаган кетейин,Зейнеп сенин баланды урган жок.Ал сыртта эле журду го.Бетинди озун аймап алган окшойсун.

 

-Сиз эмне деп жатасыз жан тартып,мен озумду озум уруп,бети-башымды канжалаткыдай жинди белем,о олугунду коройун Зейнеп,кир бери жакка,ургун келип жатабы,урганды мен сага корсотойун!

 

 

Катуу чочуган Анаргул эсине келбеди.Зейнепти корду дегичекти ага асылып,колуна тийди дегичекти салгылайт уй ичинен колго тийген буюмду алып атып урат.

 

Ушуну менен баары бутту.Анаргул сезимнен айныды.Тез эле айлана-чойрого таркады.Уй ичиндеги кандай гана буюм болбосун колуна тийгени алып Зейнепти жек коруу менен атып уруп,озуно жолотподу.Баланы майып этип койбосун дешип колунан эбин таап алып коюшту.Ошол эле куну Сейитбек менен Бердибекке кабар жеткирилген эле.Алар бул туюсуздан болгон окуяга аябай ызаланып,кантип, кандайча жетип келишкенин билбей калышты.

 

Баласын колунан алып,корсотпой коюнун озу да Анаргулдун оорусун кучотту.Ооба, антпесе болбойт эле да.Бирок ооруну ачуулануу,кыжаалаттануу кучотуп жиберет эмеспи.Зейнепти жек коруусуно ким болбосун огой дегени дешет,ал эми Сейитбекти жек коруусу кандай,аны журогу менен суйуп ээрчип келбеди беле?Аны бир гана Анаргул озу билет.Баягыда курортко барабыз деп азгырып алып качып келгени,алгачкы кундордогу уй-жайына, турмуштук абалына карап,конулу толуп,мейличи, бешенеме жазганы ушул экен,муну да коройун деп жоолук салынганда ун-созсуз тим болгон.Кийинчерээк Зейнептин огойлугун билип,мамилесине жараша мамиле жасап,Бердибекке, аны карапайып жакшы адам катары баалап,ыраазы болуп жургону эми эсине тушконсуду. Ошол себептен Сейитбекти жек коруп,сен мени алдап алып качып келгенсин деп жатпайбы.Аны да жанына жакын жолотпой койбодубу.Бир гана озуно жакын тутканы Бердибек.Ал эмне кылмак,кантип тынчытмак,кексе адам мени дагы жаман круп калбасын деп чочулайт,баса анын созун угуп,кой десе коюп,тынчып калса не,ого бетер кучойт,тынч отурбайт.

 

Анаргулдун баяны ушундай.Абалы абдан оор.Кун откон сайын кучоду,кыйкырып- окуруп,бирде ыйласа бирде тынчый тушуп баласын,апасы Бурулчаны сурайт.Журогу менен берилген куйорманы ошол сыяктуу.Сейитбек зордоп кармап,кучактап, жалынып-жалбарып не деген создорду айтып тынчтантуу аракетин жасабады дейсин.Ар кандай айла-амалга конбогон сон Анаргулду буту-колкн танып,жаткырып коюшту да,Бурулчага кабар беришти.Бурулча кабардыы угаары замат жетип келди.

 

Чымчык да балапаны учун жанын курмандыкка чалууга даяр боло калат.Бурулча адам эмеспи Анаргулдун абалын коруп коруп мин тамыры сыздап,баса жыгылып,бир ирет оксуп ыйлап алды да,айкырык-кыйкырыгы менен Зейнепке,Бердибекке жулунду.

 

-Ботом,бул эмне кылганынар, айбанды да минтип жаткырбайт, жок дегенде алдына жумшак тошок салып койбойсунарбы? ! Бурулча алкынып-жулкунгандан башка эмне демек.Бурулчага озулорунун ой-пикирин,коргон билгендерин айтып тушундурушту. Алар Зейнептин ооруга себепкер болгон карасанатайлыгын кайдан билсин.Бечара Бурулча жер обоктоп,таш жарчудай болгон ушкуругу коз жашы менен Анаргулду уйунон алып чыкты.

 

Мына Анаргулдун азаптуу тагдыры ушундай болгон.Бурулча Гайыпберди менен бетме-бет отп=уруп,окуяны баштан аяк айтып берип,соз арасында жашын шыпырып алып жаткан ызылынуусуна ким гана болбосун,боор ачыбай койбойт эле.Гайыпберди да буулугуп,ызалануусу журогун чыдатпай ыйлап жиберчудой болуп озун аран токтотуп,муюп угуп отурду.

 

ХХХ

 

Гайыпберди Бурулчаны атайын чакыртып алып,кеч болуп калбасын,бул тез эле айыгып кетчудой дарт эмес,эсин барда этегинди жап дегендей,ушундайында ажырашып алайын деген оюн озгортту.Менин пешенеме ушуну жазган тура,бул дагы кудайдын буйругу,анан болбосо окшош тагдырлар туш келмек беле деп тообосуна жанып тагдырына тан берди.Бурулча болсо жолго чыгып келер-келгиче негедир жамандыкты журогу сезип санааркаган. Уйго кирери менен Гайыпбердиге, Анаргулго жалдырай карай карап,кандай абалда,жанжалдашты бекен,деген кумондуу ойдо коз жугурто калган.Оюндагыдай абал сезилбеген сон Гайыпберди менен корушуп,кызын кучактап ооп-жыттап алып тим болду.

 

-Эми балам ушундай,кызымдын тагдыры,мунун дагы пешенесине айтканы бардыр,кудай ал кулум десе жакшы болуп кетээр,боюна буткону уулбу-кызбы аны кудай билет,сага тануулабайм, озун бил!-деп созун жыйынтыктап, коз жашын шыпырып алды.Буулуга тушкон Гайыпберди жерге башын сала шылкыйып,ойго батты.Бурулча коз кырын сала тиктеп:

 

-Эмне чакырттын эле,кабар айткан бала биз жактык эмеспи,анын айтымында чыгыш-коюш кылмакчы болгон окшойсун?

 

-Эмне деп жатасыз эне,ал балага келип кетсин эле дегенмин.

 

-Анда ал байкаган оюн айткан болсо керек,ага терикпе балам,туюсуздан чакыртуунун да себеби болот го,ачыгын айт балам?

 

-Эми ырасын айтайын эне,кызыныздын тагдырын баштан аяк айтканыныз жакшы болду,мен деле баштан оор тагдырды кечиргенмин, ал туурасында Зирегул айтса керек эле.

 

-Ооба,айткан, бар балээни ошол кылды,анан болбосо озуно келсин,кадимкисиндей болуп айыгып калсын десем,ар кайсыны айтып башымды айлантып! .. Дагы буулуга тушту,эненин ушул абалы Гайыпбердинин боорукер журогун зыркырата койду.

 

-Антип озунузду кыйнабан,тагдырга жазганын корот турбайсынбы. Менин чакыртканымдан шек санайт окшойсуз.Менин дагы алдыга койгон максатым,умутум бар.Айыгып кетсе экен,бала-чакалуу болуп,турмушту элден кем кылбай улантсам,уул торосо жазыксыз козу откон балдарымдын орду толсо дейм.

 

Ушул созго Бурулчанын конулу которуло тушту.Желкесинен басып турган оор жукту алып ыргыткандай сергий тушту.

 

-Ээ балам,кызым кыздай кыз эмес эле,акыл-эстуу болчу,суйбой калгыр кайдагы тугутко азгырылып ушул дартка жолукпадыбы! Дагы бир ирет коз жашын шыпырып,бышактап алды.Бул не болбогондо да кубанычтын коз жашы эле,озунон озу чочулап жаман соз укпагай элем деп ичи туз куйгандай ачышып,буулугуп отурганы жазыла тушподубу.

 

-Жакшы болуп кетет,мындай ооруга чалдыккан бир эле сиздин кыз эмес,аракет кылабыз.Эми ачыгын айтайын сизди чакырканым озубузчо кенешели дедим.Оюн башка жакка буруп — макул десениз молдо-кожого салып убара болбойлу.Врачтарга корсотуп колдон келишинче аракеттенип, дарылаталы.Курортторго алып барайын,айыкпоочу дарт эмес,айыгат, муну сезим оорусу дейт,тушунунуз?

 

-Тушунуп турам балам,жер обоктоп жаткан абалынан молдо сакайткан озуно келтирди эле.Анан бакшыга да салып корсом жакшы болуп кетээр деген умуттомун.

 

-Анынызды коюн,бакшы бап дейт,табып тап деген кеп бар эмеспи.Молдого, бакшыга салчу дарт башка,карасанатайлыктан, каны азайып,куч кубаттан кетип турган учурунда катуу чочуп,ошондон улам нервинен ооруп калган тура.Конулдуу журсо нервничит этпесе эле жакшы болот.Тез-тез акылынан адаша калганы,озунон озу ойкелди суйлоп,жасаган ишин билбей калышы болбосо акылы жайында.Уй ичинде жумушунда тын,-деп конул которо суйлоду.

 

Бурулча тымызын ыраазы болду,Зирегулдун айткандарына эми ынанды.Аннсыз ажырашчуу болсо оорусу кучоп,кызымдан кол жууп калбагай элем деп чочулап айласын таппай,анын тагдырын баштан аяк айтып,тушунсо боорукердик кылар деген ойдо болгон.

 

-Эми балам,озун бил,эстуу жан экенсин,иши кылып кызым жакшы болуп кетсин.Мурдагы калыбына келип,бала-чакалуу болуп,онуп-осуп жакшы жашап кетсенер болду.Ырасында тагдырынар окшош экен.Мен кызымдын тагдырын толук айткамын.Кудайдан тилейин,башка аргам жок!..

 

-Мына эми озунузго келдиниз эне,-деп Гайыпберди жылмая карады. -Эртенден баштап аракеттенели, врачтарга кайрылайлы, озунуз бирге болун,корсотолу?

 

-Качан алып барасын?

 

-Эртен эрте менен барабыз.

 

Ушул учурда апасынын келиши менен адаттагысындай тамак жасоо аракетинде болгон Анаргул кирип келди.Акылы жайында болуп,суйлошуп отурган учурунда Гайыпберди врачка корунуп дарылата тургандыгын, андан кийин Ысыкколго барып эс алып,санаториядан дарыланарын айтып,конулун которгон болчу.Анаргул аябай суйунуп,кучактап ооп жиберген.Гайыпберди акылы-кирди чыкты болуп,кээде туталактай нерви бузула тушуп,ойкелди суйлогону болбосо жакшы эле,бул конул которуудон, врачтан гана ойдо калган.Жашоосун алгачкы кунунон бери эле ушул тушунугундо журбойбу.

 

ХХХ

 

Мына ошентип Анаргул врачтык дарылоого отту.Облустук оорукананын невропотологиясына кабыл алынды.Бардыгы жайында,Гайыпбердинин конулу тынч,озунун бир айылдык классташы Советбекке айтып жатып тамаша чала тушундургон. Адегенде оорулуу аялга кабылып калышына окунуп акыл эстуу эле,баарын тушунгон адам элен,кийинкилигинди ойлободунбу деп нааразы да болду,чоо-жайын билген сон каткыра кулуп,мындан кийин адашпай жур деди да кенешин айтты.

 

-Эми досум болоору болуптур.Жаны колуктун кут болсун,азырынча жеке болмодо болот,анан озуно жардам бере турган тынч,акыл-эси жайына тушуп калган аялдарга кошуп коем.Баарынан айтарым уй-булолук мамиленди бузбай алып журсон умутун колуна тийет,бул тез эле мурдагы калыбына келбейт,акырындык менен жакшырат.

 

-Тушуном дечи,азыр боюнда бар.

 

-Ой, дагы эмне дейсин,акушер- гинекологго корсоттунбу, канча айлык?

 

-Корсотконум жок,энесинин айтымында уч айлык экен.

 

-Мына кызык? Корсотуп,тактап анан алып келбейсинби? !

 

-Кызык дебе досум,сага ишенип тапшырып жатам,эми колдон келген аракетинди жаса,менин тагдырымды тушуносун.

 

-Тушуном,билем, ой0бой досум,чыны менен айнып калган экенсин,баягынды койгун,партияга отуп не кыласын,коммунисттердин кандайлыгын, анын жоопкерчилигин билесин десем болбой отуп алгансын.

 

-Бул тагдырга там берип,оюмдагыны аткара албай туруп калганым да ошол себептен…

 

-Болуптур,тушундум, сен учун сенин тагдырындын онуна келиши учун колумдан келген аракетимди жасаймын,бирок озуно таандык аракетти да унутпа.Уулдуу болуп конулдуу жашап калышына тилектешмин.

 

-Ырахмат досум,ыразмат, сага ишенем,озун айткандай озумо таандык жагдайды да тузо алам.

 

Ошентип Гайыпберди уйуно конулдуу кайтты.

 

Кайын энесин узатып коюп врач менен кенен суйлошуп пикир алышып,коптон бери корушпой журуп бук болгон черин жазышты,достуктун кадыры,классташтыктын кадыры ушундайда билинет тура.

 

Гайыпбердинин конулу жайына тушуп,жакшы тилекте болгонун эне байкуш кайдан билсин.Эми Анаргулум не болоор экен,врач курусун,жакшылап дарылап айыктырабы же тиги досунун тилине кирип тынчытабы деп кайдагы ойго албаган ташпиште болуп санааркады. Эки кундун биринде Ошко каттайт,ооркананын алдынан Гайыпбердиге жолугат,эрте келсе кутот,коз карашын байкайт,кумондонот. ооба,алгачкы кундордо ушинтип журду.Бара-бара кызынын создору,акыл- сезими жайында болуп,онуно кызыл жугуруп жакшырып бара жатканын байкаган сон коз карашын толук озгортуп,ишеничи жайына тушту.

 

Гайыпберди ар куну эртен менен эрте жана кечкисин келип,конулу тарткан ар кыл тамакты берип,убактысына карап сырка алып чыгып,ары0бери басып,анаргулдун конулун ачуу аракетинде болду.Анын бул аракети Советбекке жагып,жолуга калган учурунда тамашалаша калат.

 

-Эй дос,журогундон эзиле жакшы корот окшойсун,Мажнунга окшоп,чынынды айтчы?-деп созго аралаштырды бир жолкусунда эс ала отура калып.

 

-Зирегул себепкер дебедим беле дос,анан болсо билген эмесмин.

 

-Бул созуно ишенбейм,чынында эле эзиле жакшы коросун,-деди кулумсурой карап,-сулуу кыздарга жакын элен,студент кезинде сулуу кызды коргонундо шынаарлап жанаша калып,жан-алын калбай эбиреп-жебиреп созго салып имерип алчу эмес белен.Ырасынды айт,мунун да… Токточу мунун калп айпасам Гулзаадага окшошпу дейм,-деди элестете калып.

 

-Туура баамдапсын.

 

-Ошону учун эле берилип жетелене калдынбы?

 

-Эй досум,себеби коп,ал учун эле эмес.

 

-Эмне партбилетимди алдырып коем дединби? Ага мен жардам бере алам,медэксперттик заключение менен тыртынч эле бошоно аласын.

 

-Анын туура,тушунуп жатам ал жагын,ашып баратса билетин алат,жанымды алмак беле,бошонуп алсын,андан аркысын коро жатарбыз,жакшы болуп кетсе ажеп эмес.

 

-Катуу чочугандан эле болсо аракетине жараша жакшы болуп кетет досум,ону-тусуно карап жоготкон суйуунду тапкандай болгон турбайсынбы.

 

Советбек досу тууралуу ар кандай ойго келип,бир топко суйлошуп отуруп коз алдына элестей калган Гулзааданын жароокер доско,тууганга жагып,меймандос мамилесин эстеп,ону-тусу окшош болгону менен кыял-жоругу, адамгерчилиги кандай экен мунундун,куткон умутун ордунан чыгып,баягыдай жакшы жашап калсан болгону деген ойлорго чапырыла калып,Гайыпбердиге журогу эзиле бооркерленди.

 

 

. уландысы бар.,…

 

 

ОЙ ПИКИР КАЛТЫРА КЕТИНИЗДЕР…

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️