Өзүмдү эстегенден баштап эле жан атам (чоң атам) жанымда болгон. Мен ал кезде аябай эрке болчумун. Атам күндө мечитке намазга барчу, мен болсо келер убагын күтүп жата берчимин. Атам мени аяп, болушуп, мен үчүн убайым тартканы мага аябай жакчу. Ошол үчүн атам тамак бербесе тамактанбай жүрө берчүмүн. Анан атам мечиттен келип алып нан салгычтан жарым нанды сындырып чыкчу. Энем катып койгон сары майдан салып чыгып, матыра малып чайнап берчү. Ошондо энем өзү жейт, колтойгон кызга чайнап бересиң деп урушчу. Атам болсо менин кызым менен ишиң болбосун деп баш берчү эмес. Атамдын чайнап берген наны эң даамдуу эле. Оозума нан толтуруп койсо аста даамын татып жутканча ойногону да жетишчимин. Атамды ат кылып минип жыргап калчымын. Экөөбүз наныбызды жеп бүткөндөн кийин атам каткан аламасынан эң кызылын мага кармата салып, кара узун чапанын артка кайрып туруп мени салып алып сейилдеп кетчүбүз. Анан үйдөгүлөр турган маалда келип калчубуз. Атам ушул адатын мен жети жашка чыкканча күндө кылчу, мен атамды кучактап жыттап жыттап алат элем. Анан келиндерине балдарды эртең менен таза аба жуттуруш керек деп айтат болчу. Анда башка келиндери күндө ушул кызыңызды алып чыгасыз!-деп таарынып калчу. Машинага түшсөм эле сулайа жыгылып, кусмай адатым бар болчу. Атам врач анан молдо дагы болгондуктан көп жерге үйдөн алып кетишчү. Мен атамдын чапанына асылып жибербей ыйлачымын. Атамдын келини (өзүмдүн апам) мени жамбаштан ачуу чымчып туруп жерден тургузуп үйгө алып кирген жатканда атам кайра апамды урушуп колунан жулуп алчу. Анан тиги биздин эки душманга мени калтыргысы келбей жетелеп кетчү. Нике окуган жерде келиндин алдында ак жоолугун суктанып карап олтуруп келет элем. Ал тургай сыйлуу жерде дагы мен төрдө атамдын алдында олтурчумун. Атакем мага эң даамдуу тамактарды жылдырып берчү, мен кылыктанып жебей койчу элем. Ошол жерден дагы элдер карабай калганда чайнап оозума салып койсо бал жегендей кудуңдап жутуп алам. Бир жолу тентектигимдин артынан аттын астында калдым, кудай сактап бутум эле сынып калган жерим зыян тарткан жок. Догдурга алып барайын десе жанымды алчудай атам өзү догдур, мени алып барбагыла деп чыр салгам. Атакем ошондо өзү гипс коюп, жумуртка, дагы бир даарыларды сыйпап айыктырган. Бир жолу атам намазга кеткен боюнча келбей калды. Мен ошол экөөбүз жаткан төшөктөн турбай кечке күттүм. Келбей жатты. Анан чыгып алып эч кимге баш бербей чаңырып ыйлап жаттым. Папам болсо улам үшкүрүп жаман карап койот, атамды папам катып койгондой андан беттер ыйлайм. Кинодон көрсөм керек да бул кылыкты, артымды карасам чоң күзгү туруптур, ошонун жанына барып жашым тыпылдап акса өзүмдү актрисаларга окшотуп дагы катуулап койом. Мени ээрчийт деп мечиттен ары бир туугандарына кеткен экен. Түнкү үчтө дагы басылбай койсом папам барып алып келген. Атам аябай кыжалат болуп алыптыр, кабагы салыңкы. Коркуп кеттим, азыр мени урушат деп ойлодум. Мени урушпай эле апам менен папамды урушту. Өпкөсү копкучо ыйлатпай эрте эле алып барып бербейсиңерби деп. Атамды көрүп дароо басылып мойнуна асылдым. Курсагым ачып ата тамак жейм дедим. Атам бир жака барганда мага майрам болчу. Мага гана арнап бир баштык толо таттуу алып келчү. Колундагы баштыкты алып, атам экөөбүз тамактанып баштадык. Өзүм каалаган нерселерди терип алып, менден калганын башка неберелери жейт болчу. Аны дагы атам кээде аларга кыйбай эртең жейт деп мага катып койчу. Алып келген анарын, шоколадды, этүү самсасын жеп алып анан атамдын жемпирин ачып койнуна кирип кеткем. Эртеден кечке тердеп тер жыттанып калганын сезчү дагы эмесмин. Атамдын сакалын сылап, өрүп, бетинен өөп анан таттуу уйкуга кеттим. Короз кыйкыра электе атам дааратка турду, мен кечегидей кетип калат деп чапанын кармап эрчип алдым. Ошондо мечитке дагы чогу баргам, атам чыкканча мечиттин астында күтүп тургам. Жолдо баратабыз, дүкөндүн алдынан өтөбүз да. Балмуздак алып берет экени турган кеп. Кирип өзүм каалаганды тандап алдым. Үйдөгү башка неберелерине жөнөкөй балмуздак алды. Жеп баратам. Тойбой калдым. Анан баштыкты алып дагы жеп баштадым. Атам унчуккан жок, калп айтпасам үчөөнү жеп алдым. Эки эле балмуздак калды. Алып барды да баарына ошону бөлүп берип койду. Менин толтура жегенимди чоңураак небереси көрүп калган экен таарынып ыйлаган. Мен ичимден сүйүнүп беркилерге мактанып жүрөм. Атам болсо ушуну эле көрүп калдыңар деп кайра өзүн урушкан. Атамдын мага мээрими түшүп калганынын себеби мен эки жашымда катуу ооруп калган экенмин. Догдурлар үйдө жакшылап карай бергиле, адам болбойт деп ооруканадан чыгарып коюптур. Баардыгы ыйлап, мени айыктыра албай кыйналышыптыр. Ошол жылы атам ажыга бармак экен, мен ооруп калгандыктан барбай койсомбу деп кайра кызыма Меккеден өмүр тилеп келем деп кеткен экен. Кудайдын кудурети күчтүү. Мен айыгып кеттим, атам менин өмүрүмдү тилеп жатып өзүнө бир нерсе дагы тилебептир. Оюна башкалар эч келбей коюптур, балким кудайдан тилеп калган кызым деп башкача көрөт беле. Бир жолу мектептен келсем атам кудуңдап мени күтүп олтуруптур. Дароо мойнуна асылдым, анан канча алдын деп сурады. Бешти баары эле алат, мен алты дейинчи деп алты дедим. Ошондо атам менин кызым мектепте алты алып окуйт деп сүйүнгөн. Мен атам сүйүнүп жатса ишенди деп ойлогом. Анан эң төркү бөлмөгө киргизип «Албени» берип сыртымдан жаап койду. Ушундай сүйүнүп жеп жатам, аны башка неберелери байкап калган экен келип эшикти ача албай ыйлап чапкылап жатышат. Атам болсо мени алдырып жибербесин деп эшикти жаап турат. Алдаа ошондогу сүйүнгөнүм ай, эң бактылуу элем. Анан эшиктен апам кирип келип калды. Атама баарына бөлүп бербейсизби деди окшойт, атам укмаксан болуп койду. Көрсө атам баардыгына эле бирден алып келе жатып, үйгө келгенде ою бузулуп баарын мага катып алган экен.
2001-жылы акчанын күчү бар болчу. Бир сомго бир токоч менен бир курут келет эле. Мен 1-класстын окуучусу элем, атам мага кечинде эртең сага акча берем деген болчу. Мен сүйүнүп, таң атышын аябай күттүм. Билбейм эмнегедир папамдын он сомунан атамдын бир сому мага артык көрүнчү. Эртең менен турсам атам мечиттен келе элек экен, чайымды ичип күттүм атам кечигип жатты. Анан маанай жок мектепке жөнөдүм, көчөнүн башына жетсем каарып калган атам кадимкидей чуркап келе жатыптыр. Алтымыш жашта болсо керек ошол кезде, атам кышылдап калыптыр. Айылдын башынан бери чуркап келе жаткан окшойт. Мага сөз берип койгон үчүн таарынат деп келген тура атакем. Дайыма мечитке аттаган ар бир кадам саналат деп жөө басып кетчү. Мен атама тылтыйып калгам, мени көрө калып чапанын бурап көтөрүп алды. Үйгө келип мага беш сом берген, анан чапанынан түшүрбөй кыштын күнүндө мектепке көтөрүп алып барган. Анан мен мектептен атама токоч алып келсем атам үйдө эмес экен, кичинекей бөбөгүм көрүп калып талашса дагы кучактап качып атам келгенде бергем. Атакем ошондо көзүнө жаш алып, сүйүнүп, көз жашын чыгара албай ичке жутуп, токочту чоң- чоң тиштеп жеген. Атам экөөбүздүн мамилебизге ар бир чоң-ата, чоң-эне суктанса керек эле. Экинчи класска көчкөндө биз башка үйгө көчүп кеттик. Атамдын үйү айылдын ылдыйы, биздики айылдын ортосу болчу. Апама ар кайсы шылтоону айтып атама күнүнө эки жолу келип кетчүмүн. Тиги экөөнүн сырын атама төкпөй-чачпай айтып берип салчымын. Анан апам угуп келип эле мени үйдү айлантып кууп калчу. Андайда мага кудай берет да түз эле атамдын үйүнө безип кетем. Качан тамак кылып кечирим сурап алып кетмейинче барбай койом. Жаман адатымды калтырайын дедиби бир жолу мектептен алып кетмей болуптур, апамды мектептен көрдүк дегенди укканда эле сайга салып атама жетип баргам. Атам кайра эле экөөнү ашатып жатып калат, мен аларды шылдыңдап өзүмө ыраазы боло каткырам. Ошентип бара-бара өзүнчө жашоого көнө баштадым, жылдар өтүп мектепти аяктап окуу жайга кеттим. Кийин атама тез-тезден бара албай калдым. Бир айда эки жолу араң барат элем, атакемдин мен барганда көздөрү жайнап кетчү. Кичине сыркоолосо эле жетип барсам атам мага эркелеп көзүнө жаш алат. Аны көрүп алып жүрөгүмдөн кан агат, алып кетким келет. Болмок беле, кемпиринен алыс жүрүүгө көнбөйт да. Турмуш курдум, балалуу болдум. Атам мен үчүн аябай кубанды. Ошол акыркы күн, күн сайын көз алдымда айлана берет. Жакшы көрүп жеген тамактарын алып барсам ооз тийип койду. Мурун мектептен алып барган токочту жегендей жесе деп турган элем. Бирок көздөрү ошондой эле бажырайт, мени чексиз мээрим менен карап турат. Чачымдан сылап көзүнөн жаш тамып кетти. Ошондо жүрөгүм жарылайын деди, атам эч качан ыйлаган эмес эле. Мен чыдап тура албай чыгып кеттим, чыгып терезеден керебетин карап турдум. Кетким келбей сыртта атамды карап тура бердим, атам унчукпай жамбаштап жатайын деп жатканда мени көрүп калды. Мага ушунчалык башкача жылмайды, чыдабай чуркап кирип кучактап алдым. Атамдын колдорунан өөп, жашым менен жууп жибердим. Ошондо атам колун жайып мага бата берди, анан эртең келбе убара болуп, үчүнчү күнү баарыңар келгиле деди. Атам ошенткенде менде үмүт пайда болду, атамды дагы көрөт экенмин дедим. Үйгө барганча ыйлап бардым, үйгө жетип кире электе кайра телефонго чакыруу келди. Атамды кетти дешти. Атакемди түбөлүккө мени таштап кетти дешти. Атам мага эч качан өлбөй тургандай сезилет эле, атам качандыр бир күнү түбөлүккө кетерине ишенгибиз келчү эмес.
Убакыт өтө берет экен, билинбей көп эле күн өтүп кетти. Ошол күндүн ичинде бир дагы күн унуткан жокмун атамды. Кечетен бери атамдын күлгөнүн, сүйлөгөнүн, отурган-турганын, мени кандай жакшы көргөнүн эстей берип атамдай инсандар миң жылда бир жараларын түшүндүм. Атамдын башына сыйган билим эң чоң китепканага тетедир. Атаке бизге эң мээримдүү, эң акылдуу, эң калыс ата болуп бергениңизге ыраазычылык билдиребиз. Өзүңуздөн тарбия алган балдарыңыздын баардыгы сиздей керемет адамдар. Сиздин жашаган өмүрүңүз текке кеткен жок, артыңызда баа жеткис эмгектер жатат. Анын бири мен, аз дагы болсо атыңызды өчүрбөй жүрүүгө салымымды кошом. Сиз эң жакшы адамсыз, эң жакшы атасыз. Менин атам эң жакшы. Менин Атакем эң жакшы.
Мен сизди эч качан унутпайм, сагынып кеттим. Жаткан жериниз жайлуу болсун!!!!