Пример HTML-страницы

МЕНИ ЫЙЛАТКАН КАТ

https://kyrgyzcha.site/?p=58785&preview=true Кызыктуу окуялар.

МЕНИ ЫЙЛАТКАН КАТ

 

Кандайсың Куку? Жакшы эс алдыңбы?

 

Бая күнү бир окурманың «женеңден сурабайсыңбы? дегенин окуп алып, эми качан толуп ташып ыйлап жиберээр экен деп, жаным калсачы…

Элдин көзүнчө кантип сооротоор экемин деп.

Менин го жашым оңой менен чыкпай турган таш боор болуп калдым..

Жакындарым өлө берип, катып калган окшоймун.

Бирөө жарым дүйнө салса, жүрөгүм ыйлайт..

Эмнени сура дешти экен ээ күйөрмандарың?

Сүйүүнүн даамын тата электе бир көрүнүп коюп жок болгон, каттарды жазып коюп өзү кайып болуп кеткен, эсимди эки оодарган, сүйүүдөн суусап сары оору болуп өлүп кетти го деп өмүр бою өзүмдү күнөөлүү сезип жүрүп 60 таяган менден дагы кандай сөз чыкмак..?

Же чыгаар беле..?

Жок дегенде сени көрүп келейин деп барып алып, эсим эки болуп, биринчи жолу жигитин күткөн селкидей толкунданганымчы?

Ич ичимден эзилип келип алып таң атканча кирпик какпай таң атырдым.

Тагдырга там бердим, сени жаратканына,

барына күбө кылып.

Өмүрүңдү кудайдан тиледим.

Баары көрбөй калган жакшы күндөр сага насип этсин КУКУ. Ыраазыбыз сага барыбыз. Биздин эч ким билбеген, байкабаган, көмүскө сырды сары майдай сактап жарыкка алып чыгып кайра жашоо бергениңе.

Мен айталбай турган сырлар сенин калеминдин учунда..

Мен жашырган сырларды сен көтөрүп жүрүпсүң.

Сен бул менмин деп ачыкка чыкпасаң, мен дале болсо оор жүк менен карып арымакмын.

Эч кимге билинбей аттарыбыз өчүп, жер менен жексен болмокпуз.

Менин элесимде Суранбайдын автобустагысы, мектепке соревнованиеге барганы.

Досу экөөнүн ээрчип кала бергени, түгөнбөгөн каттары, сулуу жүзүндөгү калы, жайнаган көзү, таттуу сөзү, келишкен бой келбети, жароокер кылыгы, эч кимге көрүнбөгөн, мен гана уурдана карап баамдаган нуру гана калды. Ошол элес менен жашап, сүйлөшүп чейрек кылым өткөрдүм.

Өлүм төшөгүндөгүсү деп айтууга азыр да оозум барбайт.

Өлүмгө кыйгым келбеген эле, тирүү деп өзүмдү ишендиргим келип.. өзүмдү сооротуп…

Өлдү деп да айтпайм…

Сен бар баары тирүүдөй сезилип калды азыр.

Түбөлүктүүлүк жараттың кайра КУКУ.

Билсең суйуу жок,

көзу көр, кулагы керең, таш боор сезим, алдамчы деп, сый деген сезимди бийик кармап жашап келсем, эми сени тапкандан бери ал оюмдан кайттым.

СУЙУУНУН ХАНЫШАСЫСЫҢ СЕН.

ЖОГОТУП, ТҮҢҮЛГӨН СЕЗИМДЕРДИ КАЙРА ИЗДЕП ТААП АЛДЫМ ДЕЙМ СЕН АРКЫЛУУ

МИҢ ЫРААЗЫЛЫК САГА. Айтаарга да сөз таппай калдым

Окурманыңа түшүндүрөөрсүң өзүң эми. Бассам турсам кылт этип оюма түшчү ал оор окуянын сыры түпкүрдө жатканын, жамандык жакшылыкта эске келип турчу өкүнүчтүн түйүнү сенде жаткан белем?

Уурдаткан экемин сага …

Бирок эң жакшы төлөпсүң, мин эселеп, бизди кайра карыз кылып.

Ырларың өткүр,

Эркектер этияттап политика, коррупциядан коркуп көлөкөдө бөгүп жатканда сен чыктың Жаныл Мырза болуп ыр менен жарып.

Сени зорго тапканда жоготуп алгандан коркуп калдым.

КУКУ сен махабат жөнүндө эле жазчы алтыным. Көптөрдү сындырган калкпыз.

Сенин дагы сынышынды эч каалабайбыз.

Этияттап жүрчү,

кыз болсоң да жүрөгүң АРСТАНдыкындай, аны махабат сүйүүгө гана пайдалан.

Бизге сен керексиң. Али сенин каткан сырыңдын, жазыла элек ырыңдын чекеси оюла элек. Кудай өмүрүңдү берсин. Сен элиңе керексиң. Махабатты даңазалаган ырың менен, элди аз да болсо көйгөйдөн алыстатып, сүйүүнү таанытканың эрдик.

 

Аман бол эрке кыз Куку.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE