МЕН ЖАШАГАН ДҮЙНӨ

https://kyrgyzcha.site/?p=51164&preview=true Кызыктуу окуялар.

МЕН ЖАШАГАН ДҮЙНӨ

 

 

Таза аба,айлана тынч,салкын жел,өтө кооз дүйнө,жаратылыш болсо керек деп элестетем

Себеби,Мен апамдын айтуусуна караганда

Төрөлгөндө эле көзүмда көрбөйт, кулагымда укпай төрөлгөн экем.Эс тарткандан бери жарык дүйнөнү көрбөй ;укпай келем.

Менин синдим бар мага жардам берет ,түнү аны сыйпалап табып кичинекей манжаларын оозума тийгизем ,ал мени түшүнүп суу алып келип берет ,ошого кудаага шүгүр дейм

Мойнумда күчүктөргө такчуу конгуроосу бар чынжырча бар

Башымды тынбай кыймылдата берсем апам чуркап келип бетимен сылайт

Мен билбейм үнүм катуу чыгабы же көз жашым чыгабы

Менин түнкү ыйлаганымдан Атамы жадаттым окшойт, акыл эси аз деп ОШ шаарындагы жинди канага тапшырам деп чечим чыгарып,бүт докумментерими толуктап чуркап жүрдү

Апам байкуш жер чапчып ыйлап ,кызымы бербейм деп ай ааламды жаныртып ыйлады

Кызым жинди эмес;мына өзү кашык кармайт деп менин колума бир темирди карматып жатты

Менин чачым узун ,боюм узун ,сулуу кыз болсом керек деп ойлойм

Бирок суудан корком сууга түшкөндө апамды кармап кыйкырып жиндилик кылам ,жуунгум келбейт себеби мурдума суу кирип, дем жетпей калат

Карангылыктан тажадым.

Мен үчүн дүйнө-Атам, Апам, синдим Элиза.

Чоон бош болгон бөлмө,төшөктөр,айнек эле.

Эшикке чыкканды билем,эшик алдында жалгыз дарак ,жалбырактарын,кичине көлчүктү кармалап жүрүп билип алгам.Ошол көлчүккө чеин барып тура берем кечке,синдим ойноп кетип калат.

Мен да баскым келет бирок көлчүктөгү суудан корком.Ошол көлчүк менен менин дүйнөм бүттү.

-Бегимай Бегим кызың Аселдин кийимдерин даярда эртең эрте менен психбольницанын санитарлары келет!!!! ..деп атам кыйкырып кирди.

-жок Асел жинди эмес.Асель түшүнөт сезет акылы жайында.Мен өлгөндө алып барасын больницага ,болбосо мен кетем ,атамдыкына Асельди алып кетем…деп апам

-9 жылдан бери чыдап келатам!!! Жетишет өзүңдү кыйнаба !!!мени кыйнаба!!…деди Атам.

Түн кирди .Менде уйку жок.Синдимди сыйпаласам ордунда жок.

Мен аябай суусадым ,дене табым көтөрүлүп,дубалды сыйпалап барып айнекти ачтым.Колумду сунсам колума суу толүп калды

Жутунуп жутунуп ичип жаттым.Кудай боору ооруп мага жамгыр жаадырыптыр.

Апам бөлмөмө кирип мени тургузуп,бир жака сүдүрөй баштады,кийимди кийгизип,мойнумдагы чынжырымы алып койду да колуман тарта баштады.

Мындай түшүнүксүз убакта мен чалкамдан кетип,башымды жерге ургулап ыйлачуумун.

Бирок бул жолу антпедим,себеби апамдын жүрөгүн кармасам көкүрөгүнөн чыгып кетчүүдөй согуп,көзүнүн жашы он талаа.

Биз эшикке чыктык.Тагам айдап келген жеңил машинага мени отургузушту,машинага биринчи жолу түштүм ,башым айланды,кускум келди.Эки саат жол жүрдүк.Жолдо баратып суусап

-Апа суууу ..Апа Сууу ичем деп колун илебиме тийгизип жаттым

Апам Бегимай өтө назик өтө сулуу эң кымбат адамым эле.Мойну узун ,чачтары тармал, көзү чооң бакырайган ак жүздүү адам эле.

Атам Садыр ,эки жогорку окууну буткөн,тапканы жакшы болгондуктан

бизди эчтекеден кем кылбай өстүрүду.Атамды да жакшы көрөм.

Ошентип биз Алай районуна Будалык айлына келдик.

Апамдын жүрогүн кармасам, согушу калыбына келип калыптыр.А түгүл жүзүндө жылмайуу болду.Мен ичимден сүйүндүм,а түгүл апамды туурап жылмайдым.Мен Бул жашоону апамдын жүрөгүн кармап сезчүүмүн.

— Айланайын кызым кел,кел …апама жармашкан мени көрүп

— Асель чонойуп калыптыр.

деп мени бир чоон, күчтүү колдор мени бетимден кармаап өөп койду.

Бул таятам эле.

— Айланаайын,садагаболоюн кызым кел…

деп таенем келди

Мени да кармап бетимен өптү.Сезишиме караганда таенемдин колдору жумшак ,кичинеерек экен.Таенемден келген нандын жыты курсагымы ачырды.

Аңгыча болбой 6 чактыдай жаш балдар келип колумдан ,көйнөгумдөн таркылай башташты.

Менин дүйнөм кеңейди .Эми менин жашоомдо таятам ,таенем,жаш балдар ,машина жана жаңы тепкичи бар үй пайда болду.

Апамын колдору суу апкелип берди .

Ох ох ох мындай суу ичпегем өмүрүмдө,шаардын хлорка жыттанган суусунан болокчөго.

Артыбыздан албуттанган атам келди ,санитарлар менен.

— Бегимай бул эмне кылганын Будалыка жетпей калат дедиңби .???

Асель менин деле кызым!!!.деп кыйкырган атам Таятамды көрүп бир аз токтонуп калды.

— Ата Бегимай жашабайм деп качып келди сизге,Асельди доктур канага жаткырайын дегем,укол витамин алса жакшы болуп калабы деп…

— А кел балам кел,бир ачууңду мага бер,Кызымды сага бергем ,алып кете бер ..

Бирок …Асельди калтыр !

-Ата Асельди кантип карайсыз ???

Кантип???башын дубалга чапкылап,боюн таштаса ,тамак жей албайт,жуунбайт.кыйкырып ыйласа же булдуруктаган тилин түшүнбөсөңүз????

— Кой балам мен 13 баланын 11 не тарбия берип чоңойттум.60 жакын небелеримин тилин түшүнүп эле чоңойтуп кележатам.Алтмыш жылдык акылым бар .Малдардын деле тилин түшүнбөй эле багып келе жатам …..деп күлдү

Баары күлүп калышты .Ушул күлкү мени жинди канадагы өлүмдөн сактап калды.

Ачгыча атам санитарларды кетирип жиберди,

апам сүйүнгөнүнөн ыйлап жиберди.

Ачык эшиктен бир энеси төрөттөн өлгөн жетим козу кирип келди.Келип эле таенем сүйкөнө баштады,таенем бөтөлкөгө сүт куйуп берип ичирип койду .

Кызык ,жетим козунун да мойнунда меникиндей чындырчасы коңгуроосу бар экен.

— Кызым сен кетебер,Асельден кыжалат болбо. -деди Таятам Апам миң түркүн суроо береин деди эле ,бирок жинди канага караганда деп кудаага шүгүр деп калды.

Тамактанып бүтүп Атам менен Апам чоң жолго карай чыгышты.

— Токтогулаа,Токтогула.. — деп Таятам аркасынан чуркады .

Колундагы нерсесин атамын колуна карматты,атам ден дароо болуп калды.Бүл нерсе менин мойнумдагы чынжыр эле.

Апамды чыкырып таппай койдум ,суусадым,жүрөгүм бир нерсени сездиби ,билбейм.Мен адатымча башымды жерге ургулап ыйлап баштадым.Бир маалда Таятамдын күчтүү колдору мени бекем кучактап турду.Өтө күчтүү колдор экен,алым жетпеди.Барибир апам келбеерин түшүндүм.Жаттым, турдум , отурдум,суу керек болуп колумду оозума алып келсем деле суу эчким алып келип бербеди.Мен бөлмөнү тинтип чыгайын деп жөрмөлөп дубалга чеин келдим.Дубалды сыйпалап келебердим.Эски мешке колум жетип үстүн сыйпалай баштадым.Апам берчүү чөйчөккө окшош колума урунду ,оозума алып келсем суу экен ,ой сүт экен.Сүттү жута жута ичип тойбодум.Мына сага дамдуулугун айт.Кайра дубал менен сыйпалап кележатсам бир нерсе илинип туруптур .Бул эмне ???Колуму ичине салып көрсөм суйуктүк экен.

Суудан корккон жаным андан өтө албай тура бердим.

Кечинде апамын колдорундай жумшак колдор тамак берди.Мен адатымча кашык менен жебей .беш колум менен шапшый баштадым.

Эртеси ошол эле көрүнүш мешке чеин келип келдим да илингенден өтө албай тура бердим.Нан жыттанган таенем келип .

— Айланайын Асел бул жерде эмне турасын,кымыз ичкин келдиби ,-деп чоңурак гардимге куйуп берди.

Мен ичип алып ачыркандым ,Ох Ох Ох ,Бах Бах Бах мындай сонун кымызды эч качан ичпегем.

Оозумдан даамы кетпей калды.

— Кызым бери кел деп колумдан тартып- Бул чанач бул пишкек мынтип бышасын деп менин менен бышып атты.Кызык таяэнем мени угат көрөт деп ойлойбу,мени менен дени сак адам катары сүйлөшө берет.

Ошол күндөн баштап Мен чаначтын жанына келип быша берем, быша берем .

Бир күнү бир кичинекей кыз келип колумдан кармады.

Бетин сыйпалап көрсөм уячасы бар экеен.Мен ал кыздын атын Уяча деп койуп алдым .

Уяча кыз колумдан тартып жатты.

Кичинекей колдоруна ишенип, ээрчип кете бердим.

Босогого жеттик .Сыйпалап түркүн келечтердин ичинен экөөнү тандап кийдим.

БИР ТЕПКИЧ «ЭКИ ТЕПКИЧ….

АЛТЫ ТЕПКИЧ бар экен.Бир аз бастык ,мен тык токтодум,себеби мурда жыттап көрбөгөн жыт жыттанды.Сонун жыт,Керемет жыт,мурдумду жарып кетти .Бул бейиштин жыты го,Көзү көрбөйт,кулагы укпайт деп Кудайдын берген белеги го .

Чексиз бакытка туш болдум.

Бул жыт тоо гүлдөрү эле.

Уяча экөөбүз көпкө айландык .Бирок мен үйгө жөнөрүбүздө баспай койдум т,кетким келбеди.

Дагы баягы каруу күчтүү колдор келип,көтөрүп

кетти.

Эми мен босого чеин келип уяча кызды күтөбердим.

Ал жаныма келбес болду окшойт,таятам эч жака жетелебе деди окшойт.

Бир күнү мен өзүм жөнөдүм гүлдөргө .сыйпалап дубал таппай жөрмөлөп жөнөдүм.

Мени тим койуштубу же айылдын түйшүгүнөн эч кимди колу бошободубу,мени эч ким токтотподу.

Мен сагынган чөптүн,гүлдүн жытын жыттадым.

Урааа мен жеңдим,

Ураа мен жеттим ..

Мен биринчи жолу төрөлгөнүмө сүйүндүм.

Бул дүйнө ушундай кең экен; — Гүлдөр ,кымыз,уяча кыз ,таятам ,таянем,суу ,жамгыр.

Тоонун таза абасы таасир бердиби билбейм айтор бетим кызарып кан жүгүрүп калдым.

Эрте менен турган таянем

—Каккан устукандай тура бербей кызым жүр уйларды саап келебиз, ме челекти карма.- деп мени сарайга жетеледи.

Челекти колуман алып торпоктун жибин карматып койду.

Мына сага жашоо.

Мен өзүмү бирөөгө керек экеними билдим,таянемдин мага ишенеерин билдим.

Эми мен түнбү күнбү таянеме керегим тийсин деп челекти кармап тура берем босогодо.

Жетим козу менен дос болуп алдым,эч кимден сурабай эле үйгө кирип мени сүзө

берет.Мен бөтөлкөсүн оозуна

сунам.

Жөрмөлөбөсүн дедиби мага чоң таятамдын таягын берип койду таятам, таяк менен басып үйронүп калдым.

Тар дүйнөм кеңейгени кеңейген.

Таянем мени кийинтирип чачымы тарап атты.

Апама барам деп сүйүнүп ааламга батпай кеттим.

— Э ботом кызым эмне мынча сүйүндүн ,мен сени кемпирлердин отурушуна алып барам деди

А мен апама бараттым.

Тез жеттик .

Таянемдей таянелер бетимден өөп жыргап калышты.

Апам жокта Жинди болсомда апамдын жытын ,колун унутпадым.

Маанайым суз үйгө келип отуруп калдым.

Мен чаначты да бышкан жокмун,челекти кармап күткөн жокмун,досума да сүт берген жокмун.

Таятам күчтуу колдору мени кармап жеңими түрдү.

Билегиме суу деп жазып суу берди.Нан деп жазып нан берди.

Мен тамгалардын баарын үйрөнүп алдым.

Асель апа ата гүл кымыз деп жаздым,мен сөздөрдүн маанисине түшүндүм.

Тогуз жыл өттү арадан.

Атам апам мени

Оштогу Кара-Суу шаарына сокурлардын мектебинде окутушту .

Урматту окурман эми мени толук кандуу адам деп билиңиз.Себеби мен сизге оюмду жазалам,гүлдөрдү жыттай алам,Кымыз ичеалам а түгүл таятамдын таягы менен өзүм басалам.

Ошондой эле мен Алай районун Будалык айылынын кең пейилдүү элдерине ,кымызына ,Кереге Таш жайлоосуна,гүлдөрүнө,суусуна таазим ,ыраазымын.

Тоолорүна таазим.

КУдайма раазымын.

Мен жараткан Аллаг разымын,берген ырыскысына, кудеретине раазымын.

Жана Кудайдын барына жүрөгүм менен ишенем.

Мен 5 убак намаз окуп ,дин жактан мугалим боломун деп чечтим.

Себеби Турмуштун оор сыноолорунан,таттал жолдорунан Аллах гана сактайт.

Урматуу окурман

Алыста жүрсөнузда ,нан жыттанган энеңизди,гүл жыттанган гүлүңүздү ,уячасы бар кызыңызды ,жинди болсо да мээримин чачкан каруү колду атаңызды унутпаңыз.

 

 

 

Аягы.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️