Кадимки аптаптуу жай. Августтун мээ кайнаткан ысыгында жылдагыдай эле үй-бүлөбүз менен Ысык-Көлдүн Бостери айылындагы пансионаттардын биринде көлгө түшүп, эс алып жатканбыз. Мына шаарга кайталы деп турганда кайдан-жайдан эле аяш атам телефон чалып, “ай, силер Бостериде турбайсыңарбы?! Үйгө келип, жок дегенде бир жума конок болуп кетпесеңер болбойт! Эс алып кеткиле деп он жылдан бери чакырабыз, келтире албайбыз! Азыр келип калбасаңар, чындап таарынам!” деп телефонду дароо өчүрүп салды. Ата-энем “Иий-ий!” деген бойдон аяш-атамдардыкына бизди алып жөнөбөшкө аргасы калбады окшойт. Биз жыйырма мүнөттөй убакта жеттик. Барар-барганча оюма “чын эле жылда келчү жерде жашаган достору он жылдан бери чакырып жатышса, эмнеге барышкан жок?” деп баш катырып келдим. Анын да себеби бар тура. Көрсө, аяш атамдар үй-бүлөсү менен кришнаиддер экен. Балким, ата-энем бизди инсандык калыптануубуз жок болгондуктан алып барышпай жүргөн чыгар деп ойлоп коём азыр. Аяш атам Оштон, аяш энем Көлдөн. “Аларга бул динге кирип баштарына таш тийгенби?” деп мен ичимен сүйлөнүп жаттым. Аңгыча Бостеринин Манас көчөсүнө жеткенде, “ой, айланайындар, барсыңарбы? Келип калдыңарбы? Ден-соолук жакшыбы?” деп алдыбыздан аяш атам менен аяш энем чыкты. Дароо дарбаза ачылып, рюкзак, сумкаларыбызды колдон ала коюп, бизди конок үйүнө чакырды. Дарбазадан киргенде эле көңүлүм саал кирдей түштү. Чачылып жаткан кийимдер, жагымсыз жыттар сиңген чоң короолуу үйдүн отуздан ашык коногу бар экен. Эң карысы “Харе Кришна!” деп эки колун бириктирип, маңдайга тийгизип тосуп чыкты. Узун ак дамбал, ак кенен көйнөк кийген, өңү кара бул чалдын маңдай чекесинде Индия кинолорундагыдай кызыл чекити бар эле. Бою менден бир карыш кичине абышканын турпаты, жүзү кадимки Махатма Гандиникине окшош. Бирок, Гандиге караганда бул карыянын жүзүндө тырышы жокко эсе, жылдыздуу, сулуу да экен. Анан, “ай, кызым, алаксыбай каша же! Как раз к завтраку поспели! Овсянная каша о-очень полезная, все гении и академики, профессоры завтракают только овсянкой!”,-деп аяш энем айтып калды. Оозум ачылып, таңданып турганда, тамакты алдыбызга кантип алып келгенин да байкабаптырмын. “Видите того старика? Он австралийский индус. Сколько лет вы думаете ему?”,-деп орусчалап сураган аяш энеме элүү бештен алтымыш бешке чейинки жашты айтып отурдук. Ал кишинин аты Банки Бихари прабу экен, ал сексен төрттө экенин айтканда айран таң калдык! (прабу-мырза) Анткени, ал абышка сексен төрткө чыкканы менен караган кишиге өтө жаш көрүнөт экен.
Ошентип, чай үстүндө сүйлөшүп, тамак ичкен соң, бизди бөлмөлөргө жайланышсын деген аяш энеме “шаарда, конференцияга даярданыш керек эле” деген сыяктуу шылтоолорду айткан эжеме атам да илешти да, “ай-койго” карабай Бишкекти көздөй жөнөп кетишти. А биз, энем, эки сиңдим жана мен кришнаиддердин арасында кала бердик. Анан мүнөттөр өткөн сайын кыжырым кайнап, туталана бердим. Эмнеге десеңиздер, биринчиден, алардын үйүндө төрт эреже бар. Эт жебөө, тамеки чекпөө, алкоголь ичпөө жана сөгүнбөө. Эми баарына чыдасак болот, албетте, эт жебөө дегенден башкасына. Экинчиден, алар бир стол үстүндөгү турган Кришнанын сөлөкөттөрүнө барып жыгылып, түшүнүксүз мантраларды айтып, ар бир тамак жеш алдында ырдап турушат экен. Анан “благовонье” деп коюшат экен, ошондой жыт берүүчү нерселерди күйгүзүшүп, жүрөк айландыруучу жыттарды улам-улам күйгүзүп турушту. Жиним келгенин айтпаңыздар! А тамагы болсо эти жок экени аз келгенсип, ар түрдүү специялар, биз билбеген өсүмдүктөр менен жасалып, мага деги жакпай турду. Ал күндү эптеп чыдадым. Уламдан-улам йога менен машыгып жаткан Банки Бихари прабу көзүмө уруна берди. Негедир ал кишиден коркчумун. Ал биринчиден чет өлкөлүк, анан да бейтааныш кара киши, башка улуттан, башка тилде сүйлөйт деген сыктуу стереотиптер үчүн. Бирок, экинчи күнү ал киши мага келип англисче: “атың ким? Каякта окуйсуң? Сенин апаң абдан нурлуу, мээримдүү аял экен. Мен анын духун туюп турам” дегенден кийин эптеп-септеп англис тилим менен жооп кайтарып, бир азга сүйлөшө калдык.
Ал кишинин 84 жашында эмнеге Ысык-Көлгө келгенин, балдары, аялы кайда деген сыяктуу суроолорду узаттым. Ал өзү австралиялык болуп, үйлөнгүчө Австралияда жашап, анан үйлөнгөндө аялы үчүн атайын Индияга көчкөнүн, бир гана баласы бар жана ал азыр Делиде экенин, аялынын кайтыш болгонунан бери өзү жалгыз жашаарын айтып берди. Мен ага дагы да башка динден болгонуна ирээнжип, атайын көп сүйлөбөй жаттым. Бирок ал киши негедир бизге ачылып, Индияда дагы да касталарга бөлүнүүчүлүк бар экенин, анын уулу бизнес куруп байып, брахмандар кастасына киргенин, а Бихари болсо өмүр бою шудрадан болоорун айткан соң ал кишиге кызыгуум артты да, ар түрдүү суроолорду берип, кадимки дос сымал сүйлөшө баштадык. Мен стол жыйнап, идиш жууганча ал бизге газдалган суулардын, чай, кофенин жана эттин адамга зыяндыгын далилдеп, айтып берип жатты. Ал этти айткан сайын, жанымда турган сиңдим “I like meat. I like cow meat” деп улам какшыктап турду. А Бихари болсо эч ачууланбай жай гана эттин зыяндыгын дагы да кайталап, күлүп турду. Сиңдимдин какшыктап жатканынын бир гана эт эмес, диний ишенимдерибиздин ар башкалыгында да экенин түшүнгөн ал, ошол жерден: “Досторум, ааламда бир гана кудай бар! Ал сен ишенген кудай. Биз баарыбыз бир кудайды сүйөбүз жана бир кудайга тобо кылып жашайбыз. Болгону, биз аны ар түрдүүчө атайбыз. Аллах, Иуда, Иисус, Кришна, Будда…”,- дегенде, ааламым көңтөрүлгөндөй, ошол жерден аң-сезимим өзгөргөнүн түшүндүм. Менин башыма чоң инерция менен тийген бул сөздөр, чынында менин туура эмес ойлор менен калыптанганымды дароо сындырды да, оюм жүз сексен градуска өзгөрдү. Мен Банки Бихари прабунун бул айткан сөзүнө жүз пайыз кошулдум, анткени ушул сөздөр биздин ортобуздагы алыстыкты жакындатты. Ага ичимден ыраазы болдум.
Ошол сааттан баштап, мен ал чалдын ар бир сөзүнө көңүл буруп, чоң атамдай кабыл алдым. Ал менен биз кетер-кеткичекти абдан көп сүйлөшүп, тамашалашып баарлаштык да, кетип баратканда кучакташып “see you soon” деп кайттык. Ошол жолугушуудан бери беш жыл өтүптүр, а менин беш жылдан бери жашоо философиям болгон толеранттуулукка үйрөткөн Банки Бихари прабу дагы да эсимде. Ал күндөн бери мен башымдагы эки чоң расизм жана релижионизм деген дубалдардан арылып, адамдар ортосундагы социалдык алыстыкты азайтканым — менин кичинекей жеңишим. Ага себепчи австралиялык индус карыя. Азыр болсо ошол кришнаид аяш-атамдардыкына конокко барып турабыз, шаарда болбосун, Бостериде болбосун кол-кабыш кылып жардам беребиз да, баягыдай ирээнжибей, пайдалуу нерселерди өзүбүзгө илип кеткенге, ал эми кыжыр келтирүүчү нерселерге толеранттуулук менен жылмайып реакция берүү менин жүрүш-турумума айланды.
Баса, баягы мен айткан Банки Бихари прабу мындан эки жыл мурун Делиде каза болуптур. Жаткан жери жайлуу, топурагы торко болсун! Бейиштин төрүндө жүрсө керек деп ойлойм. Бирок көзү өтүп кетсе да, Банки Бихари мырзанын жаркын элеси өмүр бою эсимде калары анык. Ушундай жакшы адамдар менен байма-бай жолуктургандыгы үчүн кудай-таалама ыраазымын…