Бир кездерде коз ачып суйгон жолдошума,карагаттай балдарыма жат болуп туболук башка багытты коздой кетип жатканым учун,кокурогум толгон арман болсода,колдорум менен ичимди кармап,наристемин мага болгон медерин сезип,анын атасын ойлоп бараттым.Кылкылдап поез жылган сайын жолдошум менен откон кундорумда эсиме тушот.Мен жашооумду башынан,аппак барактан баштоо учун кетип жаткан болсомда,барибир откон омурум коз алдымдан кетпей койду.Отмушту бутундой унутууну кааладым.Бирок откон омурумда журогумдун бир бологу экенин билип аргасыз ыйладым.Болгон иш болуп боегу канган сон эми жашыруудан эмне пайда.Мен Асылды жолуктургандан сон ага болгон махабатым ото кучоп акыры мени жетелеп Россияга кайра алып келди.Ал жашооумда ото кеч жолуккан болсода,мен аны менен откозгон кундорумдо,озумду мурда эч бир болуп корбогондой бактылуу сездим.Аны менен айылда балдар менен калган жолдошумду ото коп салыштырдым.Бирок ал кезде мен эч качан келечегим жонундо эч ойлонбогон экенмин…….
Асыл менин кайтып келгенимди коруп,коктон издегени жерден табылгандай кубанды.Биз окобуз канча жылдар боюу бири бирине зар болуп жете алышпай жургон жандардай,бири бирибизге тойбой турдук.Чындыгында анын мени эркелеткен создорун,мени акылымдан адаштырган анын сулуулугун аябай сагынган болчумун.Арадан бир эки кун отпой эле Асыл болок комнатаны ижарага алып окобуз бир бутун уй було болуп жашоону чечтик.Мен Асылга кош бойлуу экенимди,анын канынан жаралган баланы которуп жургонумду,ошол учунда ага кайтып келгенимди айтым.Асыл нес болуп туруп калды.Ал мага бала керек эмес,ал менин балам эмес деп бакырган же согунгон жок.Ал тескерисинче -Алтыным деп мени эркелетип жыттап-Балалуу болуу менинда ойумда бар.Мен сага ишенем.Бирок озун коргондой ботон элде журобуз.Бизге баладанда анын келечегин ойлошубуз абзел.Тороп кочого таштагандан коро торобой койгон артык эмеспи.Жаным биз али жашпыз.Келечегибиз али алдыда.Баарысына жетишсек болот.Болгону азыр убакыттын барында озубузго шарт тузуп алышыбыз керек.Жаным чогу иштеп уй алалы,андан сон бала жонундо ойлонуп коробуз.Эгер азыр торосон баланыда озубуздуда эптей албайбыз.Сураныч ардагым озун ойлонуп кор мен учунда оз баламдан кол узуу ото окунучтуу.Бирок мезгил талап кылса айла жок жаным.Сенида тушунуп турам.Сендей жузунон моору тогулгон эне учун оз баласын олумго туртуу бул олгон менен барабар.Бирок менида тура тушун.Азыр бала ото кичинесинде,энелик мееримин тогуло электе баланы алдырганын дурус.Сага соз берем калган омурундо бирда кайгы корбой отосун.Сени колумдан келгинче бактылуу кылам.Сенсин менин келечегим.Жашыбызда айырма болсода,мен сага чейин эч кимди сенчелик суйуп,сага байлангандай эч бир аял затына байланган эмесмин деди.Асылга кайтып келишимден негизги максатым баламдын омурун сактап калуу болгон болсода,Асылга бир оозда жок деп айталбай койдум.Аны акылсыздарча суйуп калган болчумун.Анын создоруно ишендим.Канчалык бала деп журогум ыйлап турган болсода шартыбызга карап,Асылдын отунучу менен, али жашоо эмне экенин билбеген,энесинин кокурогун аймалап ак сутун эмгендин ордуна,акылы жок бир махабат кулу болгон энесинин кан колдорунда,адам болуп жаралып,адам болуп жашабай,адамча ак кепинге оролуп комулбой,коздору ачылбаган абалында жан беруусуно баламды мажбур кылдым………
Мен кайрадан жумушума кайтым.Асылда иштеп жатты.Биздин ар бир кунубуз майрамга айланды.Аял киши кулагы менен суйот дегени чын турбайбы.Асылдын ар куну мага айткан жылуу,жагымдуу создору мени ого бетер жашартып,айылда калган откон кундорумду бутундой журогумдон жулуп салды.Кее учурларда жашым отуп жатсада гулдой ачылып жаткан жузумду кузгудон коруп»кайран гана омурум айылда колокодо ачыла албай калган гулдой откон турбайбы,жашоонун кереметин билбей омуруп кадыры жок арыкта аккан айылдын суусундай аккан турбайбы,чыныгы махабат дайрасына кошула албай»-деген ойлорда келди акылыма.Бир бир убакта жолдошум болгонун,андан эки балам бар экенин такыр унуттум.Асыл мени махабаттын туу чокусуна алып чыкты.Биз канча жыл чогуу жашаган болсокда кайгы эмне экенин билбей,бир жолууда урушуп талашпай,махабат денизинде бирге толкундарга аралашып суздук.Мен аны менен откон айлуу тундорумдо чыныгы тошок кумары эмне экенин,жашоонун негизги кумары кандай болорун,бакыт деген эмне экенин тушундум.Бирок мен кыйанат менен чызылган бакыт жолдоруу,баркы жок арзан тагдыр боекторундай ото тез очорун,махабаттын туу чокусуна бироолордун коз жашы менен курулган копуро ишеничтуу эмес экенин,сулуулуктун баркы менен акылсыздык менен курулган бакыт жолуу ото кыска экенин ойлопда койгонум жок ал кезде. Чыныгы бакыт аял киши учун кайда болбогун,эч нерсен болбосода,чын журогунон суйгон жарын жана балдарын менен каткан нанды сууга тийгизип жесенда,чыр чатагы жок баарына канат кылып жашоо экенин,туулуп оскон айылыбыздын ар бир ташы алтынга тен экенин ойлогумда келбейт болуучу.Уй алабыз деп топтогон акчабыз кобойгон сайын бактыма бакыт кошула баштады.Байлык бул бакыттын бир бологу деп эсептедим……
Кундордун биринде чогуу иштешкен аялдар баарыбыз жумуш азайып калгандан сон суйлошуп жатканбыз.Создон соз чыгып биз менен коптон бери чогу иштеген бир эже-синдилерим ботон элде журобуз.Баарыбыз бала чака багабыз деп журобуз.Алданбагыла жаман жолдо журбогуло.Акыркы кундору орто жаштуу аялдардын бузулганы жонундо коп создор козголууда.Кыргыз аялдардын,энелерибиздин атына дак тушурбойлуу.Балдарынарды унутпагыла.Эгер уйбулодо ата энесинин бири жаман жолдо журсо,кесепети балдарына урат дейт. Бул создо чындык бар экенин мен оз козум менен кубо болгом синдилерим деп калды.Журогум шуу дей тушту эженин создорунон.Кантип ордумдан туруп кеткенимдида билбей калдым.Биринчи жолу балдарымды ойлоп журогум ооруп коркуп кеттим.Ошол эле куну апама чалып балдарым жонундо сурадым.Апам -балдарын чонойуп жатат жакшы.Чонойгон сайын сени кутушуп журушот.Жолдошун сен жонундо балдарына бирда жаман соз айтпаптыр кызым.Алтындай баланын кадырына жетпедин кызым.Жакында жолдошун уйлондуу.Байкуш барибир боорукер жанда аялын бир баласы менен алыптыр деп уктум.Азыр жолдошундун жумушу жакшы болуп кетти.Чон уй салды кызым.Балан айтыго жакында машина алабыз атам айтты деп кызым айылда эле журсон болмок экен.Сабыр кылганында баары жакшы болмок экен.Мага кулак салганын жок деди.Жолдошумдун уйлонгонун угуп журоум сыгылып чыкты.Аны азырда жакшы коромбу же бир жат аялдан кызганып жатамбы озумо тушуно албай калдым.Бир жактан чогу иштешкен эженин -синдилерим жаштык бир кун отот кетет.Кааласанда каалабасанда бир кун сулуулугунар очуп жузунорго бырыш тушот.Гулдой омурун барында суйдум,куйдум чок дегендер коп болот.Азгырып сени арбап,жаман жолго кеттик дегендерда кезигет.Ойлонуп кадам таштагыла сулуулук,жаштык бир кундук жыргал болсо,аял затынын чыныгы тазза аруу сезимдерине байланган ажары бир омурлук болот.Сулуулукту бакыт деп билип никесиз жашоодон алыс болгула.Жашын кырктан откон сон тур кет деген коп болот. Ошондогу окунуч озуно душман болот.Озунор эне боло туруп,эне сутуу озунан кете элек бала менен жашоо эмне деген гана акмактык мунун акыры жакшы болбойт»-деген создору андан бетер коз алдымды карайтып жиберди.Асыл келиши менен мойнуна асылып ыйладым.Андан жок дегенде никеден отуп тазза дин жолунда жашайлык деп сурандым.Ал мага адаттагыдай эркелетип ооп жыттап-жаным ушунча чыдаган чыдап турчу бир эки айдан сон озун билгендей Кыргызстанга кайтабыз.Эн биринчи уй алып кийин никеден отобуз.Мен иштеймин сен тороп уйдо олтурасын деди.Чындыгында окобуз тен мекенибизди аябай сагынган болчубуз.Асыл мага оз айылы жаштыгы жонундо ото коп жолу айтып берчуу.Ал мага акыркы кундордо -сен жонундо жашыбыздагы айырма жонундо уйдогулорго айтым.Алар каршы болушкан жок бизди кутушуп жатышат деп калды.Мен аябай кубандым.Бир куну Асыл жумушу боюнча он кунго алыс бир дачага барышыбыз керек болуп жатат.деп калды.Мен конулда бурган эмес болчумун.Эртен кетем деген туну Асыл окобуз тан атканча уктабай келечегибиз жонундо суйлошуп чыктык.Ал мени бекем кучактап сенсиз кантип чыдайт экенмин.Он кун он жылга татыбаса болгонуу.Мени карап жат коздорунду тойуп тойуп карайын сени сагынып кеткенимде коз алдыма коздорунду элестетип сени эстеймин жаным деди.-эртен эле келесинго? андан коро бир аз эс ал жолдо кыйналасын десем-жок,жок уктабаймын коркуп жатам.Андан коро сенин колдорунду кармап чачтарындан сылап жатайын.Сен эптеп чыдап тур мен келишим менен билет алабыз.Башка эч качан Россияга келбейбиз деди.Мен мурда аны эч качан мындай аянычтуу абалда коргон эмес болуучумун.Ошол туну анын коздорундо кайгы мун болсода мага билдирбегени арекет кылат болуучу.Мени менен коштошуп жатканда коздорунон жашы агып кетти анын мага акыркы айткан созуу -алтыным озунду жакшы кара мен жонундо ойлонбо дегени болду.Ошондо аны акыркы жолуу коруп жатканымды журогум эмнеге сезбеди экен.Аны менен туболукко коштошуп калганымды ал мени бекем кучактап кокурогуно копко кысып мени койуп жибербегенде,махабатка толгон конулум эмне учун сезбеди экен…..