Мен азыр турмуштун ак -карасын ажыратып,кырктын кырына жетейин деп калган мырзамын.

https://kyrgyzcha.site/?p=60005&preview=true Кызыктуу окуялар.

Мен азыр турмуштун ак -карасын ажыратып,кырктын кырына жетейин деп калган мырзамын.

Үй-бүлөм,балдарым бар бактылуумун.А бирок,жүрөктө бир боштук бар,эч эле толбой койду.Ал боштук толмойунча мен толук бакытка жетпесимди билип турам.Бирок аны толтуруу эч мүмкүн эмес.

Ата-энемдин жалгыз уулумун,ошондуктан чон окуу жайды аяктаарым менен айылга,ата-энемдин жанына келдим.Окууну артыкчылык менен аяктадым,шаарга калып калууга да чон мүмкүнчүлүктөр болду,бирок ата-энемдин сөзүн эки кылбай алардын жанында болууну туура көрдүм.Атам айылыбыздагы мектепте мугалим болгондуктан мени да мектепке мугалимдикке сүйлөшүп киргизип койду.Жаны жумушума бат эле көнүп кеттим,өзүмдүн айылым болгондуктан баары тааныш,оор болгон жок.Ошол мектептен мен сүйүүмдү жолуктурдум.Башында агайы,агасы катары ага жардам берип,өз карындашымдай жакын көрчүмүн.Бирок сүйүп калам деп эч ойлобогон элем.Ал кезде ал кичинекей кыз болчу,али наристе.Бирок бой жеткен сайын улам сулуу тартып,өтө эле назик жанга айланды.Башында өз сезимдеримден өзүм уялып,аны ойлобоого аракет кылып өзүмдү жемелеп жүрдүм.Мен андан 16 жашка улуу элем.Бирок менин ага болгон сезимдерим ортодогу жаштын айрымачылыгына да карабады.Күндөн күнгө ага болгон сагынуум күчөп,анын алдында алсыз болуп бара жаттым.Албетте бул жөнүндө ал билбейт эле.Ошол убакта аны сүйгөндөй эч кимди сүйө алган эмес элем.Бирок ушул бойдон улана берсе мен акылымдан адашып кете тургандай абалга туш болоорумду билип турдум.Өзүмдү алаксытууга өттүм,өзүм тендүү кыздар менен сүйлөшүп,аз болсо да алаксыгандай болдум.Узун бойлуу,келбеттүү жигит болгондуктан,сөз таштап,тийишип сүйлөгөндөр да аз эмес болчу.Бирок алардын бирөөсү да менин жүрөгүмдөгү өрттү өчүрө алышпады.Ал өрттү тутанткан да,даба боло турган да жалгыз менин окуучу кызым.Ошентип убакыт өтө берди,а мен окуучу кызымды алыстан гана көзүм менен кайтарып,аны бир көргөнүмө сабыр кылып жашап жаттым.Ал арада ал онунчу класс болуп калды.Узун бойуна узун чачтары жарашып,бакырайган кара көздөрү,токтоо мүнөзү,назиктиги ар кимди суктантаар эле.Ага ашык болгон боз уландар да көбөйдү.Алардан жалгызымды жаш балача кызганып кетээр элем.Кайра ал кылыгыма өзүм күлөм,өзүмдү жемелейм.Бирок акыры жүрөктүн тандоосуна эч каршы боло албасымды мойунга алып,баштагыдай сезимдеримден уялбай калдым.Ошондой күндөрдүн биринде,мага бакыт жылмайды.Окуучу кызым да мени жактыраарын кокусунан билип калдым.Мектепте китеп тартыш болгондуктан окуучуларга өзүбүзгө таандык китепти кезеги менен берип окутаар элек.Ал күнү китеп менин жалгызымда экен,керек болуп сурай калдым,ал да шашып жатыптыр,бере салып тез басып кетти.Шашып жатып китептин арасындагы дептерин да унутуп кетиптир.Эртен кайрып берээрмин деп мен да кеттим.Үйгө барып китепти окуп жатып окуучумдун да дептерин кызыгып карап көрүүнү чечтим,коп барактуу бул дептерде,окуучумдун мага болгон сезимдери,кыялдары жазылган экен.Демек ал да мен жактырат экен.Сүйүндүм.Үмүт пайда болду.Ал дептерге мен да аны жактыраарымды жазып,»менин кичинекейим болчу?»- деп кат калтырдым.Эртеси китеп менен кошо дептерди да кайрып бердим…Менден уялдыбы билбейм ошол күндөн кийин,окуучум сабакка келбей калды.Коркутуп алдымбы деп өзүмдү жемелей баштадым.Кылганыма өкүнүп кеттим.Көнүлсүз алар окуган класска кирдим,бүгүн да аны көрбөй каламбы деп ойлоп жаткам,келиптир сабакка.Бирок менден уялып,көзүн ала качып жатты.

Сабак да бүтүп,чыгып бара жатып мага дептерин таштап кетти.Ачып окуганча шаштым,менин суроомо мен сиздикимин деп жооп жазыптыр,менин кубанычымда чек жок эле.Ошол күндөн тартып ал дептер биздин сырдуу дептерибизге айланды,ошол дептер аркылуу сүйлөшүп, сырдашат элек.Эч бир жанга билгизбей,бири-бирибизди менчиктеп алдык.Жарым жыл убакыт өттү,ал мени бактылуу адамга айландырды.Бирок биз бирге боло алабызбы деген суроо мени түйшөлтчү болду.Ал жаш,ата -энеси мага береби аны,мындан ары кандай болот,мен андан айрылып калбаймынбы деген суроолор тынч уйкумду ала баштады.Коркчу болдум.Ал ортодо ата-энем да мени үйлөндүрүүнүн айласын издеп жатышкан эле.Ооба жашым да өтүп бара жаткан,менин тентуштарымдын балдарынын алды окуп да калган эле.А мен кичинекейимди күтүп жүрөм…Бир күнү атам алдына чакырып,сөз баштап калды.Ата-балача көпкө сүйлөшүп олтурдук.Акыры ушул жылы үйлөн,биз карыдык,небере жытын жыттагыбыз келет деп сөзүн бүтүрдү.Ооба ушул убакка чейин ар кандай шылтоолорду айтып үйлөнбөй жүргөм.Карыган ата-энемди аяп кеттим,жакшы эле күтүштү. Отузга да келип калдым.Эмне кылам? Акыры бир чечимге келдим,ата-энемди кубантып үйлөнөйүн дедим.Алар мага көздөп кыз да таап койушкан экен.Макул болдум.Ата-энемдин ыраазычылыгы мен үчүн өз бакытымдан да өйдө эле.А менин кичинекейим али жаш,келечеги алдыда.Ал окуп,өз кыялдарын орундатышы керек.Өз жайыма койсо мен аны өмүр бою күтөөр элем,бирок ата-энем күтө албайт.Жаш да,мени бат эле унутат,өзү тендүү адамды таап,аны менен бактылуу болсун,анын үстүнө анын ата энеси да аны мага ыраа көрүшпөсө керек.

Мен андан алыстай баштадым,эч нерсе деп айта алган жокмун.Кичнекейим мага түшүнө албай убара.Жайкы эс алуу да жакындап калды,үйлөнүү тойду жайында кылууну чечтим.Анткени кичинекейим эс алууга шаарга кетмекчи болуп жаткан.Ал менден алысыраак болсо,ага да мага да жакшы болчудай.Окуу жылы да аяктады.Кетээринде кичинекейимди бир көрүп алуу үчүн аны кечки жолугууга чакырдым.Үйүнүн жанында күтүп турмай болдум.Кеч да кирди,айткан убакыттан эрте келип күтүп жаттым,эмне дейм,кантип ажырайм андан,мен эмне кылып жатам? Канча ой келип кетти башыма билбей да калдым.Көп күттүрбөй кичинекейим чыга келди.Менин сулуум,менин жалгызым.Бул биздин биринчи жана акыркы жолу жакындан жолукканыбыз болду.Ушул кичинекей кыздын алдында сөздөн калып,сүрдөп жаттым.Жалгыз ушул кызга жеңилип, анын алдында эн алсыз жанга айланып калаар элем.Ал мага таарынгасып калыптыр,кучагыма кысып мен сеникимин го кичинекейим деп,чачтарынан сылап эркелетип өөп койдум.Көздөрүн бакырайтып чын элеби,чындап айтып жатасызбы?-деп мени карап калды.Анын көзүдөрүндө сүйүнүү да бакыт да бар эле.Ушунча сулуу,жайнаган мээримге толгон көздөр мени карап турду.Анын көздөрү жүрөгүмдү тилип кетти.Ооба жалгыз сеникимин деп калп айттым.Ал мени болгон күчү менен кучактап алды,наристем менин.Көпкө сүйлөшүп турдук,анын жанынан кетким келбей турду.Колумдан келсе убакытты ошол бойдон токтотуп койоор элем,бирок тилекке каршы убакыт бизге каршы иштейт эмеспи.Ошентип коштошуп,бири бирибизге чалып турабыз деп сөз бериштик.Ал шаарга жөнөп кетти, мен үйлөнүүгө кам көрө баштадым.Бул жөнүндө ага айтуу мага оор болду.Акыры менден көңүлү калсын деп той болоор күнү ага чалдым.Учурашкан сон ага:-Мен үйлөнүп жатам,мени куттуктап келип кетсен болот,азыр шаардабыз,женен менен да таанышып аласын дедим.Кичинекейимдин үнсүз ыйлап жатканын сездим,бактылуу болунуз,мен үчүн дагы деп телефонду өчүрүп койду.Айрылдым,ал эми меники эмес…

Ошентип мен үй-бүлөөлүү адамга айландым.Убакыт өтсө баары унутулат,мен да аны ал да мени унутат деп өзүмдү алдап жашоого өттүм.Жаны окуу жылы да башталды.Чынын айтсам мектепке баргым келбей турду.Корктум,аны көрүүдөн корктум.Бирок ал келбеген экен.Бир-эки жумадан кийин келди.Кесиптештерим менен кызуу маек куруп жаткан элек мектептин залында,-Саламатсыздарбы деген үндөн денем титиреп кетти,мен сагынган үн,мен угуудан корккон үн.Кылчайып карай калдым,бет алдымда сулуу,бирок чарчаган сыяктуу,көздөру мурункудай жайнабай,арыктап кеткен кичинекейим турган экен.Көздөрүбүз чагылыша түштү,мен биринчи болуп тартып алдым.Анткени аны карап туруу мен үчүн оор эле.Ал эч нерсе болбогондой узап кетти.Мына тозок эми башталды мага.Мынча азап чегем деп ойлобоптурмун.Күндө көрөм аны,бир нерсе дегим келет,бирок эмне дейм?Ал күндөн күнгө соолуп бараткан гүлдөй болуп көрүнүп жатты мага.Ал да кыйналып жатат.Менин кичинекейим,мындай болушун каалаган эмес элем…

Пример HTML-страницы

Акыры чыдабай кеттим,жумушумдан бошоп,ата -энемди көндүрүп шаарга көчүп кеттик.Ооба мен качтым,аны да өзүмдү да кыйнабайын деп.Арадан убакыттар өттү,мен кыздуу болдум,кызымдын төрөлүшү менен аны унута түшкөндөй болдум.Бирок такыр эле жүрөгүмдөн чыгарып сала албадым.Ошентип аны такыр көргөн жокмун.Окуусун аяктап,жогорку окуу жайды да артыкчылык менен бүтүргөн экен.Дагы дале турмушка чыга элек экен.Ал жөнүндө бир билгенин ушул болчу.Кийин уулдуу болдум,ата-энем жанымда,мени сүйүп сыйлаган жарым бар,уулум кызым бар,иштеген ишим айтор менде баары жакшы.Бирок мага кичинекейим жетишпейт,анын көздөрү күлкүсү жетишпейт мага.Ал менин азаптуу бирок чыныгы жалгыз сүйүүм болду.Кээде аны күтүп,же ачык сүйлөшүп көргөнүмдө баары башкача болот беле деп ойлоп кетем…

Бир күнү аны ушул сайттардын биринен таап алдым.Өзгөрүптүр,бирок көздөрү дагы деле ошол бойдон,мурункудай жайнабайт…Адаттагыдай жумуш күнүм аяктап үйгө бара жаткам.Унаамдан көчөдөгү элдерге кез-кезде көз жүгүртүп койуп келе жаткан элем.Аялдамадагы отургандардын бирине көзүм түштү,дароо жол четине унаамды токтотуп,жакшылап караганга өттүм.Ооба менин кичинекейим экен.Ойлуу олтурган экен.Мурункудай эле сулуу жок андан да сулуу,бирок көздөрүндө арман да таарыныч да,сагынуу да бар…Кичинесинде сабакта олтуруп бир нерсени эстеп кетсе жылмайып коймой адаты бар болчу,азыр да ошентип жылмайды.Эмнени же кимди эстеп жылмайды экен?Жүзүндөгү уячалары да сулуулугун арттырат улам.Кызганып кеттим,кимден билбейм бирок кызгандым. ..Меники ошол эле учурда меники эмес.Көзүмдү албай карап турдум,ага болгон сагынычып аз болсо да тарап калгандай болду.Ал да аны карап жатканымды билип койгондой эки жагын каранып калды.Мени көрүп калбасын деп жолумду уладым.Өтүп бара жатып анын көзүнөн жек көрүүнү көрө алган жокмун.Менин кичинекейим жек көрө албайт,өтө эле мээримдүү жан,демек мени кечирген экен….

«Бүгүн сагынып жүргөн адамымды көрө алдым,балким ал да мени көрдү,сиз үчүн жылмайдым….»-деген статус жазып калтырыптыр баракчасына.Мени көргөн экен…акылдуум.Бактылуу болсон экен,менин кичинекейим…Айтмакчы кызымдын аты Арууке…

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️