«»»МЕН АПАМДЫ САГЫНДЫМ»»
-9-бөлүм
-Эжеке эми эмне кылабыз?
—Эмне кылмак элек,мындан жаман күндөр башыбыздан өткөн эсиңдеби?Айласын табабыз Тамара,сен байкемдерге капа болбо.
Убакыт өтүп түшүнөт.
—Мен капа эмесмин ал үчүн,мен апам менен атамдын ордун кантип толуктайбыз деп жаткам.
Сиз ойлонбоңуз эжеке мен иштейм,сизге жардам берем.Мен чоңойдум,эми жардам берүү менин кезегим.Байкемдердики деле туура,көчөдөн таап келген кызга кантип ишенип үйдү таштамак эле.
—Тамара антпе сен көчө кызы эмессиң,мен сени бир тууганымдан артык көрөм.Сени жакшы көрөм,иштейм деп оюңа келбесин.
Мен түнкү жумуш таап иштейм,сен сабактан келип балдарды карап,жездеңе чайын коюп берсең болгону.Баары жакшы болот.
—Тогузунчу классты бүттүм,болду окубайм мен иштейм.
—Тамара сенин максатың эмне болот?Алдыга койгон максатыңды сатпашың керек,оокат өтөт эптеп сен билим алып мугалим болушуң керек.
—Коюңузчу эжеке ал бала чактагы кыял,азыр чоңойдум окууга деле кызыгуум жок!-деп калп айтууга туура келди.
—Маакул Тамара бир жыл чыдайлы,анан сөзсүз окуйсуң.Жездең айыгып кетсе жакшы күндөр алдыда.
Бирок баарыбир иштебейсиң,бала карайсың.Мыскал мектепке жумушка орношту.Жумуштан кийин чооң мектептин полун жалгыз жууйт.
Адал эмгектин уяты жок,эң башкысы кыйынчылыка жол бербей үй-бүлөөсүн бакса болду эмеспи.
Эки ай иштегенден кийин баарыбир болбоду.Талант аялынын иштеп келип чарчап кыймылсыз жыгылып калганын көрүп эркектик намысы ойгонуп чүнчүп кетти.
Балдарын себепсиз эле урушуп,Тамарага олдоксон сүйлөп каттуу тийип кежир болуп кетти.
Тамара тилин тиштеп унчукпаганы менен чыдамы кетип баратты.Эжекеси Мыскал үчүн гана чыдап жүрдү.Кееде жездесин ваннага алып кирип,чечинтип ич кийими менен жуунтууга туура келип жатты.Эжекеси кеч келет,алдына койгон тамакты жегенге араң күчү жетет.Мыскал эки айда ийнеликтей болуп калды.Жумушка адам чарчабайт анча,Мыскалды ой жеп жатпайбы.Жашырынып ыйлаганы ичине ириңдей уюп ооруксунуп жүрбөйбү.Ата-энесин жоктоп бир күн ыйласа,экинчи күнү күйөөсүнө ичи ачышып ыйлайт.Үчүнчү күнү балдарына элдикиндей тамак алып бере албай жатканына ыйлайт.Тамаранын окуй албаганы,өзүнүн эң мыкты мугалим болуп туруп пол жууп кадыры күндөн-күнгө түшүп жатканына ыйлайт.Кайсынысын айтасың,мындай маселени эсептесең манжаң жетпейт.
—Мыскаал,Мыскал дейм.
—Эмне болду Талант? Тынччылыкпы деги?
—Эртеңден баштап мени өзүң карайсың.Сиңдиңдин караганына мен ыраазы эмесмин.
—Эмне болду?Эмне кылды?Бизде башка арга жок Талант.
—Сиңдиң балдарды урат,мени кагат.Берген бир чыны тамагын жилкип берет.Өзүң бакпайт экенсиң,мен майыптар үйүнө ташта.
—Эл эмне дейт Талант ойлонуп сүйлөсөң,апам өлтүрбөйбү.
—Сен ошого кыжалатсыңбы?Апаңа жүк болгум келбейт,ал менин апам өзүм түшүндүрөм.
—Талант кайдагыны айтпачы көп,караса мейли карайын бирок,Тамарага жалаа жаппа антип.Ал эчкачан мынтпейт,карачы балдарды эжесин кандай жакшы көрөт,урса жанына жоломок эмес.
Мейли сенин пенсияңа эптеп жашайбыз.
—Эже,мен иштейм.Башында эле мен иштейин десем болбойсуз,мен чоңойдум.Жездем туура айтат аялы караган оң.
—Тамара сенин жашың жете элек иштебейсиң.
—Ээк каалаганыңарды кылгылачы,тажадым баарынан!-деп эшигин тарс жааап Талант бөлмөсүнө кирип кетти.
Дасторкон үстүндө эже сиңди сүйлөшүп олтуруп,акыры Тамара иштемей болду.
Эртеси таң атпай туруп,кара сыйка шымын кийип жумушка орноштуруу мекемесине барды.
—Таак чоң кыз он жетидемин дедиңиз э?
—Ооба,жакында он сегизге толом.
—Медкнижкаңыз барбы?
—Жок жасатам аны.
—Мурун кайсы жакта иштегенсиз?
—Иштеген эмесмин байке,мага мындай эле үй жыйнамай же пол жуумай жумуш таап берсеңиз эле жетет болчу.Колумдан ошондой иштер келет.
—Мектепти бүткөнсүзбү?
—Жок,тогузунчу классты быйыл бүттум,окууну таштоого туура келип калды.Айттымго мындай эле жумуш жарайт деп.
—Мындай чоң кыз,бизге бүгүн эле үй кызматчы керек деп билдирүү келген.Түшкү он экиден,кечки сегизге чейин жумуш,айлыгы тогуз миң экен.Эки дем алыш күн бар айына.
—Маакул байке,маакулмун.Качан иштеп баштасам болот.?
—Медкнижка жасатып келсеңиз биз жалдоочуларды чакырып көрсөтөбүз сизди.
Сүйүнгөн бойдон үйүнө кетти.
Мыскал тааныш эжесине айтып эки күндө медкнижкасын даярдап берди.Жумушка кирейин деп барды эле жалдоочуларды коңгуроо кылып чакырды.Жарым саатка жетпей аппак черми юпкасы менен кийген элүүдөн бир аз ашып калган сулууча келген аял,жанында чыкыйтып пиджак кийген жаш бала пайда болду.
Тамара мындай жарашыктуу кийимдерди өзүнүн бакма апасынан көп көрчү.Тыпылдаган кыймылынан бул аялга тың кыз керек экенин түшунүп өзүн анан сөзүн түзөп ар бир суроосуна тыкылдап жооп берип олтурду.
—Жакшы Тамара,жаш экенсиз бирок мейли кайра чыйрак болосуз.
—Менин атым Алтынай бул балам Кудайберген.Негизи керек эмес десем болбой ушул балам жардамчы керек деп эле болбойт.Ары жакта турган Кудайберген кызды карап мыйыгынан жылмайып койду.
Ушул эки адам көзүнө эле эмес жүрөгүнө жакын туюлуп,жыкынындай көрүп кетти.
Сылык сүйлөп,жумушка алып жатканына болуш керек деп жооруп койду өзүнчө.
—Маакул эже мен айтканыңызды так аткарууга аракет кылам.
—Тамара сиздин бир бутуңуз протез деп турат бул жакта,ошол чынбы?
—Ооба чын эже бирок,бул менин жумушума тоскоолдук болбойт,менин колумдан баары келет.Үйдө жумуштун баарын өзүм кылам.
—Маакул кыйналбайм десеңиз.Биздин үйдө жумуш деле жок.Болгону эки күндө бир чаң сүртүп коёсуз,анан чаң сордуртуп дегендей.Буюмдар дайым ордунда эле турат чачкан эчким жок.
—Апа,болду эми бас кеттик калганын жолдон сурайсың.
Ортомчу адамга ыраазычылыгын билдирип чыгып кетишти.
Жолдо кетип баратышып көп нерсени суроого жетишти.
Артында олтурган Тамаранын көздөрү алдыңкы машинанын айнегине тушталып даана көрүнүп турду.Тамараны уурданып Кудайберген улам карайт.
—Апа карасаң жакшылап,Тамаранын көздөрү сиздикиндей экен.Ошого таңкалып жатам да.Дүнүйөдө сиздей пери жок дечу элем,көздөрү куюп койгондой окшош кыз бар экен көрсө.Бирок сизге эчким жетпейт апа.
—Ийи сага кыздардын баары сага сулуу көрүнө берет.Баардыгыны эле мага окшотуп айтымыш болуп кыздарга жагынып аласың тентек.
Мектепти бүтткөнсүң да э Тамара?
—Жок эже тогузунчу классты бүтүп таштоого туура келди.Эмдиги жылы тапшырам деген ниет бар.
—Аа жакшы…
—Кайсы окуу жайга тапшырасың Тамара?
—Билбейм азырынча алым жеткенине.Мен Институтта окуйм буюруса коледжди бүтсөм.Быйыл бүтөм.Жашым он сегизге толот жакында,кааласаң сен мен окуган коледжге тапшырып ал,жардам берем.
—Рахмат,азыр эмес быйыл иштешим керек.
—Ай балам кыздын шаштысын кетирбей жөн койчу.Барып бизге көнүшсүн анан кенен сүйлөшө бересиңер.Тамара сен күндө он экиден эрте келбе анткени,мен кеч жатам жумушка байланыштуу анан эртеси тушкө чейин уктайм.Мага ушул адат болуп калган.Он эки жарымда тургучам мага чай даярдап анан жумушуңду кыла берсең болот маакулбу?
—Маакул эже рахмат жумушка алганыңарга.Азыр мага баардык жумуш керек болуп турган эле.
—Эмнеге анчалык Тамара.
—Ата-энем жакында эле каза болуп калды,мен эжекем менен жашайм деп кетип калдым байкемдерден.
Эжекемдин күйөөсү ооруп калып төшөктө,эки баласы бар ошолорго жардамым зарыл.
—Арты кайырлуу болсун Тамара жаман болуптур.
Кайсы жакта жашайсыңар?
—Онунчу микрайондо.
—Иий биз жака эки маршрут болуп калат турбайбы.Кыйналат экенсиң эми.Тамара айлыгыңа жол киреңди кошуп берип турабыз.
Үйүнө келип баардык буюмдун ордун көрсөтүп,иштин чоо-жайын тушундүруп өттү.
Үй ишин дайым зыңкыйта кылып жүргөн Тамарага жаңылык деле эмес болчу.Баардыгын жайына коюп,тамак бышырып койду биринчи күнү.Баардык нерсе оюндагыдай болгону үчүн Алтынай кызды дароо жактырып калды.Баардыгынан да үйдө кытайдан алынып келинген эки беттүү,гүл салган чооң ваза бар болчу.Бир бетинде гейша кыздын сөлөкөтү чийилген,экинчи бетинде гүлдүү бак-дарак чийилген.Алтынайдын күйөөсү Алтынбек ошол вазанын бак-дарак жагына бурап койсо,ары өтүп баратып Алтынай гейша кыздын сүрөтү жака бурап өтчү.Экөө тамашалашып күндө талашып калчу.Акыры Алтынай күйөөсүнө жеңилип ваза күйөөсү сүйгөндөй туруп калган.Тамара болсо бүгүн үй жыйнап жатып,гейша кыздын сүрөтү турган тарабы менен коюп койгон экен Алтынай күлүп жиберди.
—Кара муну экөөбүздүн тандоо жагыбыз дал келет экен.Мага дагы ушул кыз тарабы жагат,жолдошум эле бурап салат дайым.
Аңгыча эле чооң дарбазасы ачылып Алтынбектин машинасы гаражга кирип келди.Саатты караса жети жарым болуптур,кетейин десе саат боло элек.Чай даярдап кетейин деп Тамара ары-бери кыймылдап калды.
Алтынай бөлмөсүнө бир нерсе алууга өйдөгө көтөрүлүп кеткен.Кудайберген азыр келем!-деп кайдадыр чыккан.
Үйгө кирип келген Алтынбектин мурдуна ыссык тамактын жыты келип,аялын ошол жактаго деп туура ашканага кирди.
Жалт караган секелектин көздөрүнө Алтынбек чөгүп кетчүдөй көзүн ала албай таң калып туруп калды.
Бул деген жары Алтынайдын туура отуз жыл мурунку көз карашы.Көргөн көзүнө ишенбей кетти.Аялы дейин десе секелек кыз болуп турса,ал эмес десе көзү ошол сүйуктүүсүнүн көзү болуп турса эмне кылсын.Алтынай ылдыйга түшуп,ашканага киргиче Алтынбектин жүрөгү жарылып кетмей болду.
Кудайберген дагы көзүн апасына окшотподу беле,болгону апасын секелек кезин билбейтта ошого жөн эле азыраак окшотуп тим болгон.
Алтынбек болсо жыйырма жашында,так ушундай секелек кезинде таанышып сүйгөнүнүн элеси башына эмес жүрөгүнө мөөрдөй басылып унутулгус болуп калган.Ошол үчүн ушунчалык окшоштука таңыркап турду.Он жети жыл мурунку Кенже алып кеткен кызы таакыр оюна келген жок.Бул үй-бүлөө Тамара өз кызы экенинен эч кабары жок.Тагдырдын татаал салынган чырмак жолунан мынтип баардыгын оңой кездештирип коёрун ким билсин.
Уландысы бар.