Мен апамды сагындым 8 бөлүм 

https://kyrgyzcha.site/?p=8249&preview=true Кызыктуу окуялар.

Мен апамды сагындым 8 бөлүм 

8-БӨЛҮМ
—-Жаник балам токтосоң,кетпесең сен баардыгын туура эмес түшүнүп алдың.Баарын түшүндүрөм азыр.
—Балам дебе,балам дебегин сендей шуркуянын баласы болгум келбейт.Мындай шермендеден көрө өлгөнүм артык.Мындайды күткөн эмес элем,келиниң айтса ишенбей аз жерден үй-бүлөөмдү бузганы калыптырмын.Апа,аллахтын алдында кантип жооп бересиз?
Ошону эч ойлодуңузбу,мындай уятты балдарым кантип көтөрөт дедиңизби?Башынан эле оңой акчага жаман көнгөнсүң сен.Кенже эжем тирүүсүндө нанын жеп алып кийин майып кызына иттин күнүн көрсөттүңөр.Болду,болду мени унут.Балам дебе,энеликтен кеч.
—Антпечи каралдым,баары биз үчүн.
Бул киши деген мени алат,сүйлөшүп жүрөбүз.Сен туура эмес түшүндүң.
Жанындагы мас адам «мени алат»-дегенин угуп соолугуп кеткендей көзү чекчейе түштү.Өмүрүндө биринчи жолу жолуктуруп көңүл ачкан аялды ойдо жок нерсени айтса,алдамчыларга туш келип калдымбы!-деп кетенчиктей түштү.
—Көрдүм буга окшогон эки тийүүчү сүйгөндөрүңдү.Уялсаң боло апа,ээх эмнеге ушундай,эмнеге?
Поезд Бишкектин темир жол автобекетине келип токтоду.Поезд мага жакпайт негизи.Канча адамды алыска ажыратып,сагынычка батырып таштайт.Канча адам ошол кеткен боюнча үйүнө кайтпай калат же ушундай кыз,келиндерди азгырып жаман жолго салат.
Жаник Кара-Балтадан эле түшүп калып,үйүнө баргысы келген жок.Апасы башка жүргүнчүлөр менен алек болуп жатып баласынын түшкөнүн сезбей калды.Поезд кеткенден кийин ошол жердеги узатуучулар же күтүүчүлөр олтурган жерге бир саамга олтура кетти.
Мурункусун,азыркысын,кийинкисин ойлоп бүтпөй жатты.Эмне жакшы деле күн көрбөптүр ойлоп көрсө.
Атасы ичип келип үйдө чыр чыгарып,баардыгын кууганы элес-булас эсинде калган.Атасынан качып барып бир жерлерде эптеп күн көргөн.Асмандан жардам ыргыткандай эле болуп Кенже таежеси келгенде баардыгы оңолбоду беле.Тамараны терметип жатып кулатып алганын унута албайт,бөлөсү оорудан онтоп ыйлаганда Жаник өзүн күнөөлү сезип,жүрөгү ооруп чыкчу.Эптеп көнүп күнөөсүн жууш үчүн бөлөсүн жакшы карап жүрдү эле кийин эле кайгыдан Кенже ичип өлгөндө Жаник аябай өзүн каттуу күнөөлөп,меесинде өзүн адам өлтүргүчтөй сактап алган.Өзүнө келелбай жүргөндө эле Жамал агасы Тамараны кордоп күн көрсөтпөй койбодубу.Анара апасы болсо кой дештин ордуна кайра гүүлөп турчу.Апасын андан бетер жек көрүп кетти.Эки күн көрүнгөн жерде ичип жүрүп анан аялынын үйүнө барды.
—Гүлина кандайсың жаным,мен келдим.
—Кел,кайда жүрөсүң Жаник апаң издеп келди сени.
—Издей берсин,эми ал менин апам эмес Гүли эми экөөбүз өзүбүзчө болобуз сенин айтканың чын экен.
—Айткам мен сага кандай шерменде эми курбуларым угуп калбаса экен.
—Гули ошол курбу катташтарың менин дагы группалаш досторум.
—Мына айтып жатпаймбы экөөбүз тең уят болобуз эми.Байланышты үзсөк ошондо тынч жашайбыз.
—Ооба эми баары сен айткандай болот,баарын кечтим.
Эркектин ыйлаганын көргөнсүзбү?
Жоок,баардыгыбыз эле көргөн эмеспиз туурабы.Жашоонун сыноосунан сынып же жакынын жоготуп чыккан ый башка,уят,намыстан чыккан көз жаш башка болот турбайбы.Гүлина өзү эле куйчуке болчу муну уккандан кийин кудай берди.Тили эки метр,Жаниктин оозун ачтыра койбойт.Кичине үнү чыкса эле энесин бетине салып оозун жаптырып салат.Эркек сынса жаман тура,билегине күч толуп өзүнө ишенген жаш улан дароо сынды да калды.Арадан аттап-буттап алты жыл өтүп кетти.
Алты жылдын ичинде Анара бир топ картайып жүмушун таштап,үйдө мал менен болуп калган.Жаник болсо үч балалуу болуп үйдө бала карап олтурат.Гүлина атасына кошулуп соода менен алектенет.Ишен атасынын ордун басты да калды.Кылтыңдап Гули анча-мынча сымбаттуу жигиттер менен байланыш түзүп калат,күйөөсүнүн көзүнө чөп салып алып үйгө тайманбай келип эринин көзүнө тик карайт.Уялбагандан өзүң уял деген ушундан окшойтко.Жамал кумар ойноп көп акча уттуруп салган.Баласын өлтүрүп салбасын деп Анара мал,машина,үй оокаттарын сатып карызын кутулган.Үйдө оозго алаарга туз жок болуп калганда Анара айласыз ар кандай мекемелердин полун жууп акча тапчу болду.Жамалдын муну менен башы оорубайт,арактан башы чыкпай калган Жамал үйдөн көргөнүн алып чыгып сатып ичет.Жалдырап ыйлаган энесинин көз жашын тоготпойт.Жаник болсо ошол бойдон апасына кадам басып келбей койгон.

Бул убакта Тамара он жети жашар селкиге айланды.Өтө болбосо дагы өзүнө жетеерлик сулуу.Мектебиндегилердин баардыгы буту тууралу билишет.Быйыл тогузунчу классты бүтүп педучилищяга тапшырам деп жүргөн.Мыскал эки эркек балалуу болуп калган.Эжеси өздөрүнө жакын жашайт,зериккенде барып турат.Мыскалдын экинчи агасы үйлөнүп ал дагы эки балалуу болгон.Эрмек болсун деп улуу беш жашар небересин алып алышкан колдоруна.Бойго жеткен бирок майып кыз жана беш жашар небереси болуп бир үйдө турушат.Тамаранын өгөй экени мурун эле эстен чыгып,өз үйүндөгүдөй.Ата-энесине кадимкидей эркелеп алат.Бул үй-бүлөөдө ынтымак жана сүйүү өкүм сүрүп турат дайым.Кырсык кабак-каштын ортосунда демекчи Мыскалдын күйөөсү жок жерден эле жүрөгү каттуу кармап,оң жагы иштебей үйдө аялына көз каранды болуп олтуруп калды.Эки баласынын түйшүгүнө кошулуп күйөөсүн дагы багууга туура келип жатты.Ата-энеси,бир-туугандардын жардамы менен башында иштебей эле багып жүрдү.Жолдошун карап күлүп,артты карап ыйлаган Мыскал аргасыз эле.Балдарынын атасы,сүйүктүүсун таштап кете алмак эмес.
—Мыскал жаным мен сага ыраазымын,жаш жаныңды курман кылбай жашооңду менден башка улантчы.Мага байланба,кетчи бар..
—Талант эмне деп жатасың,мен сени эчкачан таштабайм.Мени сөз эмес таяк менен куусаң дагы кетпейм.Үйүңө киргизбей койсоң эшиктин алдында түнөйм,бирок кетпейм.Мен сени жакшы көрөм,балдарың атасыз калуусун каалабайм.Талант сабырдуу болчу айыгып кетесиң.
—Качан? Ошо качан айыгам, жатканыма жыл айланып калды.Тажадым сенин мени аяп караганыңдан,буулугуп жашынып ыйлаганыңдан,төркүнүңдөн ташып бизди багып жатканыңдан тажадым.Эгер кетпесең мен өзүмдү өзүм өлтүрөм.
—Эми мени ук Талант,мен сени сүйөм жана эчкачан таштабайм.Эгер сен мени таштап качып кетсең баарыбир артыңдандан барам жана гөр экени мага кызыксыз.Түшүндүңбү Талант?
—Эмнеге экөөбүзду тең кыйнап жатасың?Сенин бактылуу болушуңду каалайм а мен деген эптеп күн көрө берем.Сени коё берүү менин жаныма канчалык азап берсе дагы,чыдап эрким жетип жиберип жатам.Анткени бир келген жашоодо жыргап жашасын дейм.Керебетке байланган адамга кошулуп байланбасын деп жатам Мыскал.
—Тынч,болду басыл Талант.Мен жакшы билем мени сүйөөрүңдү,балдарыңды жакшы көрөөрүңдү.Бизди бактылуу болсун десең анда бизди айдаба Талант.
Биздин бактыбыз сенсиң,мага айрымасы жок сенин кандай акыбалда экениң.Мага сен жанымда болсоң ошол эң башкысы.Эми бул сөздү козгобо маакулбу.Өз жаныңды кыйсаң жакшылап ойлон,балдар томолой жетим калат мен жаныңа дароо барып аламын.
—Келесоом десе болду антпечи экинчи.Мен айыгам Мыскал,сөзсүз айыгам.Баары жайына келет,болгону бир аз чыдайлы маакулбу.Сен мени таштаба маакулбу?
Баштарына оору деген балакет түшүп,куунак үйдү сумсайткан бул шүмшүк эч эле кеткиси жок.
Тамара эжесине азык-түлүк ташып,сабактан чыгаар замат жетип барып балдарды карашканга жардам берет.Бир топ жардамы тийип жаткан Тамараны кудай жибергенине Мыскал миң мерте кудайга ыраазы болуп кетет.
Тамаранын бакма ата-энеси Таласка кудаага барабыз деп кетишкен.Келебиз деп кеткен күнүнөн бир күн өтүп кетсе дагы дайынын коңгуроо кылып айтып коюшпады.Мунун себеби бар болчу.Жолдон кележатышып машина тайгаланып тоголонуп кетип ичиндеги беш адам мерт кеткен.Булардын арасында Мыскалдын ата-энеси,таежеси күйөөсү менен анан колундагы небереси бар болчу.Адамдарды таанууга мүмкүн болбогондуктан өздүгүн аныктагыча бир күн өтүп кеткен.Эртеси үйгө кабар келгенде Тамара мостоюп эле олтуруп калды.Өз эненин мээримин татпаган кыз ушулардын мээримине бөлөнүп өзүнүн ата-энесиндей эле көрүп калган.Бул кабарды Мыскалга кантип угуузарын билбей чый-пыйы чыгып жатты.
—Эжеке,эже кандайсыз.Эшиктен кирип келген Тамаранын көзү нымдашып шишип калганын байкаган Мыскал себебин сурап жанын койбоду.
—Тамара эмне ыйладыңбы?Сага ким тийишти?Тынчылыкпы дейм айтсаң?
Ооруп жатасыңбы?
Биринин үстүнөн бири жааган бул суроолорго эмне дешин билбей турду.
—Эже кантип айтам?Эже..
—Ай кыз айт дейм.Атасы өлсө дагы угузуптур деген экен.Сен деле айт эмне болгонун..
—Эжеке ошол апам анан Уларчик дагы кошулуп бизди таштап кетиптир.Мен кайра жетиммин эже.
—Жок алдабагын Тамара,тамашаңды кой.Ишенбейм,ишенбейм мен.Мыскал үйдөгү кийими менен чыгып моргго жөнөдү.Өңү таанылгыс болуп кеткен ата-энесин,инисин араң тааныды.Америкадан байкелери коюуусуна жетишип келди.Ата-энесин акыркы сапарга узаткандан кийин балдары келип аялдарынын айтканына кирип,Тамараны үйдөн кууп чыгарып коюшту.Кайра көчөдө калган кыз Мыскалдын үйүндө жашап калды.Байкелеринин кылганына нараазы эже сиңди айласыз чогуу жашап калды.

Уландысы бар.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️