Мен апамды сагындым 7 бөлүм

https://kyrgyzcha.site/?p=8249&preview=true Кызыктуу окуялар.

«»»МЕН АПАМДЫ САГЫНДЫМ»»»»
—-7-БӨЛҮМ——
Күн артынан ай өтүп,анан жыл өтүп кетти билинбей.Тамара кадимки эле балдар окуган мектепте билим алып баштады.Мыскал өзү иштеген жерге киргизип ардайым жанында алып жүрөт.
Бакма ата-энесине караганда Мыскал эжекесин көбүрөөк жакшы көрөт.Экөө эже сиңдидей аябай жакын,чогуу кучакташып жатат,чогуу мектепке кетишет,чогуу тамактанышат.Кудайдын ичи ачышып Тамарага өзүнүн энесиндей камкор адамды жиберди,өзүн таакыр өгөй сезбейт.Мурунку азаптуу күндөрүн көрбөгөндөй болуп кетти.Сабактан мыкты окуп үйүндөгүлөрдү кубантып турат.
Америкада иштеп жүргөн Мыскалдын эки агасына Тамара тууралуу айтышканда анча көңүл бөлүшкөн жок.Мейличи эркек да эчнерсе эмес деп койду.Арадан эки жыл өтүп Мыскал өзүнүн сүйгөн жигитине турмушка чыгууга даярданып жатты.Баардыгы кубанып,үйдөгү биринчи жакшылык деп болушунча чачылып тойго даярдык көрүшүүдө.Тамара үчүнчү класстын окуучусу болуп калган.Бирок,жашы он бирде.Кадимкидей чоңоюп,үйдөгү жумуштун баардыгын жайына коёт.
Акыркы күндөрү Тамара өтө капалуу,бирөөгө таарынгандай жүрдү.Жүрөгүнүн түпкүрүндө сиңдиси эмнеге маанайы жок экенин билсе да,айласы канча.Жашы жыйырма бешке чыгып калган кетпесе дагы болбойт.Болочок күйөөсүн жакшы көрөт.
—Тамарочкам келчи мага сүйлөшөлү.Алтын кыз сен эмне мени кетип жатат деп капаланып жүрөсүңбү?
—Ооба,эжеке кетпей эле коюңузчу,мен сизди жакшы көрөм.Сиз кетсеңиз мен жалгыз калам,сизди сагынам.
—Алтыным десе мен дагы сени сагынам супсулуум.Карасаң мен чооң кыз болуп калдым,мен дагы кичинекей бөбөк төрөп чоңойтушум керек.Картайып калганда балдарым жок жүрсөм болмок беле?
—Эже мен бармынго.
—Сен менин сиңдимсиң,экөөбүз мектептен күндө көрүшүп турабыз.Үйгө дагы баттан эле келип турам Тамара.Сен андан көрө кече мен алып берген узун көйнөгүңдү даярда,тойго барып бийлейсиң.
Ий мен дагы ошондой көйнөк албай.
—Эмнеге эжеке, кичинекей кыздар кийет да андай көйнөктү.
—Ичим күйүп жатпайбы,эми тойдо баарынан сулуу болуп турсаң баардыгы сени карайт эми.
—Ийи коюңузчу сиздин дагы көйнөгүңуздү көрдүм.Аппак соонун экен э.Мен дагы чоңойсом ошондой көйнөк кийип күйөөгө тийем э?
—Ооба кудай буюруса сиңдим,сен мындан жакшы көйнөк кийесиң.Эң бактылуу болосуң.Экөө кучакташып көөпкө чейин турушту.
Үйдөн чыгып кетүү кандай кыйын э?
Жүрөгү башкача согуп,бараткан үйү кандай кабыл алат деген ой.Бөтөн үйдө жашоом кандай уланат деп акыркы мүнөттөрдө баардыгын жыйнап кетпей койгуң келет эмеспи.
Саналуу күн калган тойго.Америкадан эки агасы келди.
Тамараны анча жактыра беришпей,көзүнүн кычыгы менен карап койду.Мыскалды турмушка узаткандан кийин улуу байкеси Мыктыбек үйлөнүп бир ай үйдө туруп кайра кетип калышты.
Экинчи байкеси кийинки жылы үйлөнмөй болду.

Бул убакта Анара үйүн чоңойтуп салып,машина айдап калды.Күйөөсү Ишен баягыдай эле үйдө олтурат.
Кызы болсо ошол жакта жүрүп Азер балага турмушка чыгып кабары деле жок.Жамал болсо машинасын айдап алып кыздардан бошобойт.Күндү күн,түндү түн дебей ичет.Үйгө келип жаңжал чыгарат.Үйдөн береке качып кеткен.Кичүү баласы Жаник он биринчи классты бүтүп жакшы окуу жайга тапшырып,жакшы окуйт.Ушул баласы башкачараак,күйүмдүү,токтоо,акылдуу.
—-Апа,болду жумушуңду таштачы.Жарым ай үйдө жарым ай көчөдө болосуң.Атамды караган киши жок,эмне жетишпейт болду да эми.Үйгө келсең дайым караңгы,атам байкуш жатканы жаткан.Тиги балаң болсо ичкени ичкен,энедей болуп кой ай десең болбойбу апа.Же эмне сага баарыбирби?.Үйлөп кой байкемди.
Жаник жинденип суйлөнүп жатканда эшиктен Жамал кирип келди.
—Ээнеңдурайын десе эй сен мурдуңду жакшы тартып алчы маакулбу.Мага акыл үйрөткөндөн көрө.Карасаң акылдуу болуп кеткенин,экинчи ушул сөзүңдү уксам жанчыйм уктуңбу.
—Байке чын да карасаң жыйырмадан өттү жашың ичип жүргөнүң жүргөн.Апамдан акчаны кырып аласың.Качан өзүң иштейсиң,андан көрө апамдарды бакпайсыңбы жүрбөй.
—Эй бала сен мага акыл үйрөтөсүңбү я?Оозуңду басып кал.Мен өзүмө керегин иштеп таап эле жатам,өзүңдү билчи дагы деле апа баласы болуп жүрөсүң.Эркексиңби эркектей бол да.Эмне апама кыйын болосуң иштей берсин.Эрсөрөйү жатканы жетет.Ишенди Жамал жактырчу эмес.
—Сен атама асылба,үйдөгү малды көбөйтүп оокат кылып жаткан ошол.Сенин жыргалыңа шарт түзгөн ошол.Эркек ушул сендей болсо анда мен эркек болбой эле койдум.
Колун жаңсап эшике чыгып баратты эле Жамал жинденип,Жаникти төштөн ары согуп отургуза койду.
—Ата де,атам деп алганын карап кой.Эй жинди бул сага ата эмес,сенин атаң алкаш болуп жүрөт сен аны көргөн эмессиң.Бул болсо энеңдин эри же ойношу сага тийешеси жок.Өз атасын аталай албаган өзгөнүкүн сагалайт кылып ошол энең бизди сагалатып койгон.Өз атабыздан айрыдыбы эми иштесин баксын.
—Жамаал сен эмне деп жатасың?Ошол энең алдыңда турат,эмне тоготпой калдыңбы мени?Силерди деп ансыз деле чоңойгучаңар эрсиз жүрдүм.Эртең баарыңар кетсеңер мен соксоюп каламбы эмне?Рахматым ушул дечи,сени төрөп жатканда эле өлтүрүп салсам болмок экен адам эмессиң акмак.
—Ошондой дечи,үйгө келбей койсом болдубу?Эми Жамал өлгөн деп эсепте уктуңбу.Эшике чыгып чала жабылып турган дарбазаны сүзүп машинасын зуу коюп кетип калды.
Анара болсо жумушун таштаган жок.Картайып элүүгө жакындап калса деле эркектерге жага береби эмне,жаман ишин улантып жатты.
Жамал машинасын сатып айлантымыш болду бирок,бат эле банкрот болуп калды.Эчнерсеси жок калып кадимки айлык алчу ишке кирип күнүн көрүп жүрдү.
Ишен Анарадан бир топ жаш улуу болчу,кан басымы көтөрүлөт кееде жүрөгү кармайт.Эчкимге айтпаганы менен дайым ооруп эле жүрчү,бир күнү чак түштө уктаганы жаткан бойдон кете берди.
Анара рейске чыгып эми араң жетчү жерине жетип,эки күндөн кийин кайтабыз деп жатканда кабар барды.Ыйлашын же күлүшүн билбей каңгырап калды.Башы бошоп кылган жаман ишин эми кенен кылам деп сүйунөйүн десе үйдү карап,мал көбөйткөн адам жок өкүндүрүп турду.Самалёт менен кабар жетеер замат Ошко учуп барды.Күйөөсүнүн жери Ош болгондуктан туугандары келип сөөгүн алып кетишкен.
—Карасаң каарыганда калжаңдап кийген шымын,көчүгүнүн жарымы көрүнүп жүрөт эй.Ким айтат муну ээри өлгөн жесир деп.Ушунун баягы балдарын окутуп багам деп Ишен үч жыл кул эле болду буларга.Болгон оокатын саттырып үй алдырып алып кара муну.Ушул катыным менен жашайм деп үйлөнгөн да акыры үйдө олтуруп ушуну жакшы караса балким эрте дүйнө салмак эмес.
—Ээх айтпа мага дагы башында эле жаккан эмес бул.Аял деген үйдө эле олтурса э я.
—Ошода,кой ай бас май күйүп кетет боорсокту ташыгыла!-деп кызматтагы аялдар жасанып шымданып келген Анараны көрүп шыбыранышып калышты.
Жаник үйүндөгү малдан сатып атасын көмүү үчүн акча кылып артынан эле жетип келди.
Жакшы адамдын катышы көп болот тура,Ишенди дагы сыйлагандар көп экен жаназага адамдар аягы тыйылбай келип жатышты.Адам кирсе ыйламыш эле болуп койгон Анараны баардыгы жаман көрүп жатышты.Жаник өз баласындай ыйлап, эшикте чапан кийип өкүрүп турду.Ишендин туугандары Жанике ыраазы болуп калышты.
—Кыркын үйүмдөн эле кылам бул жака ташынбай деп Анара жети күндүктөн кийин кетип калды.Кыркына чейин олтурбастан дагы бир рейс кылып келгенге жетишти.Кыркына деп мунусунда көбүрөөк кардар тейлегенби бир топ акча алып келди.Үйүнө кирсе үйү кунсуз сууз болуп кетиптир.Бул үйдүн жарыгын Ишен эле күйгүзүп жүрчү экен да.Жаник жалгыз жашагысы келбей жатаканага бөлүнүп кеткен.Кыркын айылда кылабыз дегенине көнбөй үйүнө даярданып алды эле эчким келбей койду.Өлүп кетсин деп Ишендин иниси айылга кылган экен баардыгы ошол жака барыптыр.Анаранын өзүнүн Кенже сиңдисинен башка эчкими жок болчу эмеспи.Сиңдиси өлгөндөн кийин жалгыз калган.Төркүнү дагы жок ошончо алган азык-түлүк менен калып кетти.Ызасы ичине батпай төркүнүнө барып чаң салып келди.
—Эй акмактар жакшылыкты билбеген.Сөөгүн бергениме ыраазы болбойсуңарбы,тоготпогонго салып кыркын кылсам силер дагы бул жакта кылып.Жок дегенде арбагын сыйлабайсыңарбы.
—Жеңе биз атайын кылган жокпуз.Ушунчабыздан баары Бишкеке бара албайбыз аксакалдар баралы десе элдин баары бул жака келебиз дешкен экен таштап кете албады.
—Иши кылып мен силер менен эми катташпайм!-деп кетип калды.
Үйүн карап,ишин кылган эчким жок баласы Жаникти үйлөнтөм деп чыкты.Мен окуйм дегенине болбой үйлөнөсүң деп шарт койду.Энесинин айтканына чыга албай айласыз өзү жактырган группасындагы Гүлдана деген кызды алакачып келди.Баягы эле тууганы жок,тексиз адамга бербейбиз деп жеңелери келди эле кыз өзү калам деп кетпей койду.
Үйдө кой союлуп той болуп жатат кошуналарынан башка эчким жок.
Арадан бир ай өтүп ата көрдүгө кудаларын чакырып сыйлаган жатты эле,көрсө кыздын атасы Россияга товар ташыган бизнесмен экен.Кудасы менен далай жолу кагышып арак ичип,жолдо акча алып тейлеп жүргөн экен.Киргенде эле экөө бирин-бири таанып калышты.
Кыздын атасы жашатпайм деп чыр чыгарды,көөбү себебин түшүнбөй калышты.Кантип айтсын ачыгын,кудасынын алдында тили кыскарып кыңк эте албады.Келин кетпейм дейт атасы алып кетем дейт.Ызы-чуу көпкө созулуп акыры кызга атасы баардыгын ачык айткан бейм кызы дагы кетем деп чыкты.
Жаник Гүлдананы жакшы көргөндүктөн жалдырап кетпешин суранат.
—Гүлдана кетпейм деп сөз бердиң элего,мен сени сүйөм.Ар дайым бирге болобуз деп сөз бериштик элего Гүлдана.Маселе менин атам жок экениндеби?
—Мен дагы маселе ошондо деп ойлоп жүргөм,көрсө себеби таакыр башка экен.Айтпайын десем болбойт окшойт,бирок өзүңду карман мен сага бир ачуу чындыкты айтам.
—Угуп жатам..
—Апаң поезде иштейби үч жылдан бери?Ошол менин атам товар ташыйт Россияга.Дайыма эле көрөт экен апаңды.Денесин сатып иштейт дейт.
—Эй оозуңа карап сүйлө,сен кимди айтып жатасың?Тоготпосоң ошентип эле айт менин апамды жалапка чыгарбай.Ойлонуп сүйлөсөң,элүүгө чыгып калган аял кантип иштейт?
—Ишенбесең кой,текшерип көр анда өзүң.
Аялын төркүнүнө убактынча жиберди дагы,өзү апасынын поездине аягына чейин билет алып жөнөп кетти.Жолдо чын эле апасынын сассык мастар менен акча үчүн кылганын көрүп аялынын сөзү чын экенине көзү жетти.
Апасын бир семиз мастын астынан сууруп жатып көзүнө ушунчалык жек көрүү менен карады,Анара эмне кылышын билбей титиреп эле кыймылсыз олтуруп калды.

Уландысы бар.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️