«»»»»МЕН АПАМДЫ САГЫНДЫМ»:»:
……….. 6-БӨЛҮМ……..
—Мыскал эже мен чоңойсом сизге окшош мугалим болом.
—Мугалим болгуң келеби Тамара?
Мыкты тилек экен,айтканың келип ылайым эле эң жакшы мугалим болсоң экен алтыным.Бирок эмнеге мендей?
—Эже мен көчөдөгү мен теңдүүлөр мектепке кетип жатса баргым келип аябай жаман болчумун.Таежем кыйналасың деп жиберчү эмес.Мугалим болом мектепке жөнөткүлө десем,Жамал байкем уруп салбадыбы.Чоңойгондо өзүмө окшоп мектепке бара албагандарга сабак берсем деп кыялданчымын.
Сиз менин мектепке келишиме себепкер болдуңуз,ошого сиздей мугалим болгум келет.
—Айланып кетейин балапаным десе,кудай өзү буюруса жакшы окусаң сөзсүз болосуң мугалим.Мен сага жардам берем.Мен сага бир нерсе айтышым керек Тамара.Бирок,ыйлабай угам деп сөз бер…
—Ыйлабайм эже,эмне айтсаңыз.
—Тамара менин практикам аяктап кетишим керек.
—Каяка кетесиз?Менчи эмне болом?
—Тамара сен окууңду улантып турасың,мен сени өзүм жака которууга аракет кылам.
—Ал кайсы жак эже?
—Бишкек,бул Кыргызстандын биздин өлкөбүздүн борбору.
—Ал Оштон чоңбу эжеке?
—Ооба чоң,маакулсуңбу кара кыз.
—Экк мен кара эмесмин эже,маакул сизди күтөм эже.Бат эле келесизби?
—Каар жаап баштабадыбы э,ошол каар ээрип күн жылыганда сени алып кетем маакулбу.
—Сөз берчи эже,таштабайм дечи.Мен сизден башка эчкимди тааныбайм.
—Сөз берем Тамара,сөз берем!—деп Мыскалдын көзүнөн жаш тамчылап Тамаранын ийнине түшүп жатты.
Эхх жалган дүйнө,карачы баардык адамдар өздөрүнүн очогуна чок тартып калганы үчүн байкуш канча жетим ачка калып жатат.Баардыгына жардам берүү колумдан келсе кана?Жетим ыйласа аалам титирегендей болот дечү эле,кана титирегени?Баардык жок жайында эле туратко.
Тагдырдын капыстан бириккен жолдорунда табышкан эже сиңди убакытынча ажырашып турууга туура келди.Орустардын «Мелодрамаларында» көп кезиккен сцена барго,так ошондой Тамаранын жашоосунда да болуп жатты.
Күндө таң атпай туруп алып,сабак башталганча терезени карайт.Мыскалды күтөт.Түшкү тамагын шашылып ичип келип керебетине жайгашып терезени тешип жиберчүдөй караңгы каптап эчнерсе көрүнбөй калганча тиктейт.Эжеси каар эригенде деп айтканы эсинде бирок,баягы эле курук үмүт кызды терезеге кадап койгон.Муну көргөн тарбиячылар кызды аяп кетишет.Барып бооруна басып,кайгырып сыгылбачы баары жакшы болот дегиси келет бирок,ошончо баланын кайсы бирине жетишсин.Күндөр өтүп каар ээрип жаз келди.Бактар бүчүр байлап,өрүктөр гүлдөп калган.Гимназиянын балдары эшике чыгып колунан келгендер эшикти тазалап жардам берип жүрүшөт.Баягы эле тамара санаага батып кеткен.
—Жазда келем деген эле жок.Мени таштап кеттиби эмне?Мен үйүмдү сагынып кеттим,кор болсом да үйүмө кетким келет.Кечирим сурасам балким мени үйгө киргизишеер.Киргизбей койсо эмне болот?Мыскал эже келчи суранам.
Мыскал бул убакта мектепте иштеп жүргөн.Каникул болмоюнча бошой албай өзү дагы жайды чыдамсыздык менен күтүп жүргөн.Тамарага тиешелүү документтин баардыгын даярдап,алып келүү үчүн эле барыш керек болчу.Кызынын мындай боорукер экенин көргөн ата-эне эч каршы болушкан эмес.
Күн ысып жайдын алгачкы күндөрүндө,Тамаранын үмүтү үзүлүп күтүүнү токтоткон.Өзүнөн өзү арыктап,мурунку жайдары кыз көп сүйлөбөгөн кызга айланып,өзүнө ишенүүсүн жоготкон.
Окуу жылы аяктап Мыскал өпкөсүн көптүрүп,көптөн бери күткөн мезгили келип Ошко аттанып кетти.
Узак жол жүрүп чарчап,бир күн эс алып анан барайын деп ойлоду бирок,Тамарага болгон сагынычы буга жол бербеди.Машинадан түшүп алып дароо Тамараны көздөй учту.Тааныш жер,чакан үч этаж балдар үйү.Бул жерде жөн эле эмес мүмкүнчүлугү чектелген,кароолсуз калган балдарды окутуучу жай.
Жашоодон чарчадым,өлгүм келет дегендерди так ушул жерге жетелеп келүү керек.Тегерегиндеги балдардын он эки мүчөөсү толук эмес экенин,оорудан онтоп же жакшы сүйлөй албай жаткандарды,баардык жери жакшы бирок акылы кем балдарды көрүп жашоого болгон сүйүү пайда болот.Кудай ченелгис байлык бергенин биз ошондо билебиз.Шүгүр келтирип калабыз.Бөтөн адам киргенде мага бир таттуу берет бекен деген үмүттө караган көз карашка жүрөгүң чыдабай көзүңдөн жашың өзүнөн өзү агып кетет.Мындай оор турмушта жашап жаткандар канча,биздин өлкөдө эле эмес дүйнө жүзүн баскан оорукчан,жетим балдар аябай эле көп.Бул жерге келгенде Мыскал кайра чыккысы келбей калчу.Биринин көңүлүн алсаң экинчиси калат,ашыкча жакшы сөз укпаган бул балдарга бир жылмайуу эле канча бакыт тартуулайт.Түндөсү эркелетип койнуңа алып жатсаң,энесинин жытын издеп көпкө чейин уктабай төшүңө башын коюп жакын деп тута баштаган адамдын жытын кере- кере жыттап чыгат.
Анан кантип чыдайсың ыйлабай.
Мыскал үйүнөн ашыкча кийим кече,оюнчук анан азмаз тамак-аш салып алган.Тамара адаттагыдай терезени карап олтурган.Бирок күндөгүдөй Мыскалдын кеткен жолун эмес,мунусунда асманды карап олтурган.Эжейи бир жолу жомок айтып жатып::—Убагы келип биздин эле эмес,баардыгынын ата-энеси асманга учуп кетет.Биз ошол үчүн өзүбүздү таштанды эмес,кадимки адамдай сезишибиз керек.Болгону бирөөнүкү эрте кетсе,бирөөнүкү кеч кетет.Мына биздики эрте калтырып кеткен.Силерди жалгыз үйдө калбасын;-деп ушул жака калтырып кеткен.Силер чоңоюп,окуп анан чооң болосуңар.Үй-бүлөө күтөсүңөр,ошого чейин ыйлап апаңарды күтпөй жакшы бала болгону аракет кылгыла.Анткени баарыңардын апаңар асманда булут болуп учуп силерди карап турат.
—Эжей асманда булут жок болгон кезде ыйласа болобу анда?
—Жок болбойт,асманда булут жок болуп калганда анда силердин жаныңарга түшүп силерди карап олтурган болот.Ошол үчүн апаңарды сагынганда булутту карап күлүп койсоңор балам ыйлабай жүрөт экен деп кубанат!-дегенин эстеп асманды карап апасы менен сүйлөшүп олтурган.Эжейинин бул айтканына чын жүрөктөн ишенип алышкан,кайран балдардын көөбүн өз энелери кароодон качып баш тартканын кайдан билишсин.
Канчалык ыйлабайын десе дагы көзүнөн бир тамчы жаш агып кетти.Апам көрүп калбасын!- деп ылдый карап жашын сүртүп жатып ылдый жакта көтөрүнүп келеткан өзүнө тааныш адамды көрүп сүйүнүп кетти.Сүйүнүчү ушунчалык эле жүрөгү жарылып кетчүдөй,эшике шашып чыкты.
—Мыскал эже,эжекее келдиңизби?Мен,мен сизди келбей калдыго дегем деп ыйы ичинен чыгып кекечтенип сүйлөй албай калды.Эки бири-бирине бөтөн эле адам эки жактан чууркап келип кучакташып калышты.Кучакташып тура беришти,качан тарбиячы келип кечки тамака чакырганда ажырашты.Сагынычтан дагы,келбей койду деген ою чын болбой калганына Тамара сүйүнүп турду.
Эртеси Тамаранын кетеерин жанындагы балдарга айтты эле баардыгы ыйлап,кеебири эрчип жүрөктү эзди.
Ошентип Мыскал менен Тамара Бишкекти көздөй жөнөп кетишти.
Биринчи эле Мыскал Тамараны үйүнө алып келип,ата-энесине көрсөттү.Бажырайган көздөрү бар буудай өңдүү жылдыздуу кызды жактырып калышты.Мынтип майып болсо да жашоо деп күрөшүп,кыялынын орундалышына болгон күчун салып тагдырдын сыноосуна сынбаганы андан бетер кызды мыкты кылып көрсөттү.Үйдөгүлөр кеңешип Тамараны багып алышты.Мыскалдын эки бир тууганы бар.Эки агасы мурда эле окууну бүтүп чет жака иштегени кетип калышкан.Үйлөн десе кол жаңсап басып кетишет.Эртең эле Мыскал күйөөгө тийсе экөөбүз эле калабызбы деп кайгырып жүрүшкөн.Кудай берип Тамараны багып алышты эми.Биринчи келгенде аяп,такыр жумушка жолотпой көзүн карап жүрүшкөн.Аяганына болбой тогуз жашар кыз тыпылдап оокат кылганы үйдөгүлөрдү сүйүнтүп турду.Шалбарын чечсе эле буту протез экени билинбесе,мындай эчким антип ойлобойт.Акыл эси болсо өзү менен теңдүүлөрдөн күчтүү.
Бул маалда Анаранын бир курбусу Бишкектен жумуш бар деп чакырып алды.Чоң кызы мектепти мурун эле бүтүп Россияга иштейм деп кетип калган.Жамал мектепти быйыл бүтмөк,эң кенжеси тогузунчу класс.Күйөөсү Ишен машинасын,малын сатып Бишкеке келишип шаардын четинен кымындай үй алышты.Бирок,сарайы бар болгондуктан үч саан уй байлап Ишен өзү карайт.Анара курбусуна кошулуп Россия,Казакстанга каттаган поездге проводник болуп ишке кирди.Башында жакшы эле иштеп жүрүп,кийин товар ташыган кишилер менен кошулуп аздан иче баштады.Кийинчиреек дайым поезде жүргөн Рамис деген семиз киши менен көңүлдөш болуп жүрдү.Рамис жанындагы кишилерге айтып мактанчу.
—Эй менин үйдө десең үйдө,жолдо десең жолдо жыргатчум бар.Курсагын тойгузуп койсоң каалаганыңды кылат!-деп айтканынан кийин жанындагы достору Рамис жокто Анарага тийишип көрүшчү.Бир күнү ичип олтурушуп Рамистин досу тийишти эле жинденип чыгып баратса бир ууч акчаны кармата койду.Акчаны көрүп азгырылдыбы же өзү каалап турганбы кучагын жыгылып берген.Ошондон кийин Анара ошол бизнесмендердин оюнчугуна айланган.Бир барып келгенде эле үйгө бирден мал байлайт.Ишен байкуш жоош неме иши дагы болбойт.Кыңк этсе эле эркексиңби таап кел анда!-деп беттен алат да турат.Жамал чоңойгон сайын бузулуп,жаман балдарга кошулуп кеткен.Анысын эркелетип машина тептирип койгон.Жамал андан бетер талтаңдап кеткен.Таап келген арам акчасына үй толтура азык-түлүк алып келет.Мал сарайга тыгылып турат,мунун баары жөн эле келгендей мен таап жатам деп Анара асмандан алып сүйлөп калган.Бул акчаны табыш үчун туш келгендин астында калганы менен иши жок.
Уландысы бар.