Мен апамды сагындым 2 бөлүм

https://kyrgyzcha.site/?p=8249&preview=true Кызыктуу окуялар.

«»»Мен апамды сагындым»
2-бөлүм.
Сүйүү кандай керемет сезим э,өзгөчө эненин балага болгон сүйүүсү.Алмашкыс,өзгөргүз болот эмеспи.Энелик мээрими ойгонуп кеттиби ким билсин Кенже ичи чоңойгон сайын Алтынай менен Алтынбеке балдарды ыраа көрбөй баратты.
Ичиндегисин эгиз бир уул,бир кыз деген боюна бүтүрүп жатканда.Баланы алгандан кийин издеп келбесин деп атайын шаардын четинен,ижарага үй алып үчөө жашап жаткан.Кубанычтарына чек жок.Алтынбек тууган-урука Алтынайды боюнда кайра болуп,чет өлкөдө төрөп келет деп койгон.Анан кантишсин байкуштар,баланы бирөө төрөп берет деп кантип айтышмак.Элдин баары эле түшүнө бербейтта муну.Кенженин жегени алдыда жебегени артта.Тапканын эле витамин болот деп Кенжеге кармата коюшат.Кенже боюнда болгондон кийин аябай кежир болуп кеткен.Титиреңдеп уруш издеп турат.Экөө бала тууралуу сүйлөгөндөрүн укса кадимкидей кызганып кулжуңдап алат.Муну Алтынбек байкаса да байкамаксан болуп коёт.Алтынай болсо болочок балдарын ойлоп,кубанып Кенженин кылыктарын анча байкабайт.Өзүнүн боюнда бар кезди эстеп,түшүнүүгө аракет кылып сөз катпайт.
—-Айииий ай менин балдарым чоңоюп баратышат.Мына бир ай убакыт калды Кенже.Сен дагы бошоп эжекеңе кете аласың эми.Биз сага жарым суммасын эмес баардыгын эле беребиз Кенже,үй алып анан бир жумуш баштап ал.Ар кайсы жакта жүрбөй,бутка тур алтышкам.Сага эки дүйнө ыраазымын Кенже,мени жашоого сүйрөп чыктың.Карасаң э азыр шумдук апасы,атасы башка болуп төрөгөн адамдын каны кошулбай калганын.Медицина кандай ийгиликтерге жеткен,мага окшогон байкуштар өмүр бою баласыз какшап өтмөк да мурункудай.
Келчи балдарым менен сүйлөшүп алайын деп,Кенженин ичине колун коюп башын койгон жатканда Кенже кыжырдана бир түрттү.
—-Ичим ооруп жатса кармалайсыңарда.Эже кармабаңызчы эми,мен кызганып кеттим.Кантип берем билбейм,акыркы күндөрү акча деле көзүмө көрүнбөй калды.Бергим келбейт эже.
—-Кенже эмне деп жатасың?Бул менин балдарым,менин канымдан жаралган.Сеники эмес,а мен балдарымды бирөөгө бербейм.Кел жаман жакшы айтышпайлы,мейли мен эми ичиңди тыңшабайм,а сен болсо эми кайдагын чыгарбай жөн олтурасың.
Ыйлап бөлмөсүнө кирип кеткен Кенженин жүрөгү кескиленип кеткендей,төшү ачышып ыйлап-ыйлап алды.
—Кызым,балам мени кечирип койгулачы.Акылсыз айбанмын,мынтип алып эми мен кантип жашайм?Силерди эчкимге бергим жок.Ошол эле убакта силердин ата-энеңер башка,башым катты эмне кылам?Качып кетсем үчөөбүз кайсы күндү көрөбүз?Өз жанымды бага албай жүргөндө,силерди ачкадан өлтүрүп аламго.Ооо кудаай айласы барбы айтчы?Жолумду ашчы,энесиз өстүм өксүк болдум эми мынтип өз ичимден чыккан балдарды сатканы жатам.Мендей эне дүнүйөдө болбосун.Кайдан дагы ушуларга жолүгуп калдым экен,каргыш аткыр десе үүүүү—-үүүү—үү.
Алтынай Кенженин ичин кармаганда Кенженин кыжыры кайнап кетти.Азырынча өзүнө тиешелүү балдарды кызганып кетти.Кыймылдабай жаткан балдар ушул Алтынай ичин кармап эркелетсе тыпырап калышат.Бул дагы албетте жинин келтирип салат.
—Мейли эптеп он беш күн чыдасам балдарды алам,анан акчасын берип жөнөтүп жиберем!— деп Алтынай өзүн басып,Алтынбеке айткан жок.
Ай күнү жетип,Кенже түнкүсүн толготуп баштады.Өздөрү сүйлөшүп,келишим түзгөн төрөтканага жеткизишти.Эртеси түштө Кенже жарык дүнүйөгө эгиздерди алып келди.Сүйлөшүүлөр боюнча эмизүүгө уруксат жок болчу,болбой эле уурданып эмизип салды.Аны көрүп калган Алтынбек каттуу уруш чыгарып жиберди.Алтынбеке өчөшкөн Кенже балдарды бербейм деп чыкты.Бул чырдын кырын угузбай Алтынайга өзү чечкенге аракет кылып жатты.
—Бербейм мен баланы,Алтынбек байке эмне кылсаңыз ошол кылыңыз мен бербейм баланы.
Контракт жок,эчнерсе кыла албайсыз.Ушул күнгө чейин жеген ичкенимди аздап төлөйм.Азыр кетиңиз да кайра келбеңиз.
—Кенже мени менен тамашалашпагын уктуңбу.Эзип туруп жерге сыйпап таштайм сени керек болсо.Кандай акмаксың түшүнсөң бул менин балдарым,сен жөн эле төрөдүң муну.Сенин ичиңди биз арендага алдык акмак.Ошончо баардыгы жакшы болгон кыздар турса,сага ичибиз ачышып суранганыңдан алып барсак жообуң ушулбу эмне?Мен сотко берем,баардык жокту кылам.ДНК чыгартсак ата-энеси биз болобуз баарыбир.Жакшылыкча ажырашалы.Же эмне көбүрөөк өндүрөйүн деп жатасыңбы?Айт берем канча десең.
—Жоок мага эчнерсенин кереги жок,балдарды баарыбир бербейм мен.Менин ичимден чыкты демек меники.
Алтын Кенжени качып кетпесин деп эшигине эки кароол коюп койду.
Контрак жок болгондуктан кантип балдарын оңой жол менен алышты ойлонуп жатты.Акыры алтымыш миң долларды эсептеп салып,Кенжеге барып алдына таштады.Мына мен берем деген суммадан көбүрөөк.Алгында чыгып кет,жакшылыкча айтып жатам.Эгер чыгып кетпесең күч колдонуума туура келет,кайдагы бир аялдын сезимдери үчүн аялымды жоготкум келбейт мен.Сен үчүн Алтынай өлүп калышы мүмкүн,түшүнсөң ал ушул балдарды деп дем алып келет.Бир үмүткө байланып уланып кележаткан өмүрдү кыйгың келеби?Акчаны алып,үй-жай кылып жумушка кирип алсаң сенин келечегиң алдыда.Дагы төрөйсүң сен,бирөөнүн баласын эмне кыласың?Акыркы жолу айтам Кенже ойлон,өкүнбөй турган бол.
Кенже унчукпай үшкүрүнө туруп,кызын алып,баланы бир өөп туруп чыгып кетти.Алтынбек артынан кууган жок,тим койду.Берген акчасына кызын эчнерседен кем кылбайт деген ойдо ошол калтырган баласына ыраазы болуп кала берди.Алтынайга эгиз болуп кызды алып кеткенин айтпай жашырып койду.Алтынай Кенженин коштошпой кетип калганына аябай капа болду.
—Алтын балдарды эгиз дешти элего я?
—-Медицина дагы адашат Алтынай ушуга шугүр десең,карачы баатыр уулду болдуң.Атын ким коёбуз?
—Билбейм,балким Кудайберген коёбуз?Бизге кудай белек деп бергени да,пендесине ичи ачышып.Менимче татыктуу ат.
—Мейли Кудайберген болсо Кудайберген.Мен бирок Куба дейм баламды.Мен эртең жумушчуларды жиберем өзүбүздүн үйгө көчөбүз.Сен бала менен сейилдеп тур өздөрү баарын бүтүрүшөт.Негизи бала жоош эле экен,сени кыйнабайтко..
—-Ыйлаак болсо деле мейли,жалгыз баламды багып алам жакшынакай кылып.Кудай сага алкыш болсун,миң мерте ыраазымын бала ыраа көргөнүң үчүн.Эгиздин бири чыр,бир жоош болот эмеспи ошондой эле Куба жоош Кенжеде кеткен кыз аябай чыр болду.Кенже кызынын атын Тамара койду.Анткени каза болуп калган апасынын аты болчу.Жарыктык унутулбасын дегени да.Кенже Ошко эжесине барып,Оштон бираз алысыраак жеринен үй алды.Сарайы бар жакшы үй,мал байлап койду.Араң күн көргөн эжекеси Анара жыргап эле калды.Жада калса колундагы кызын кимден деп дагы сураган жок.Кенже арткан акчасына чакан цех ачып жумуш баштады.Анара балдарды карап үйдө олтурат,Кенже иштейт.Кызы үч айлык болгондо эле эмчектен чыгарып,баш-оту менен ишке кирип кетти.Анара ичинен бул дагы кайсы арам,кайсы биринен тууп келди.Эми багып жатса,үй ушунуку болсо айла жок багам да деп күбүрөнүп коёт.Анара жолдошу менен ажырашып кеткенден кийин,үч баласын багам деп аркайсы ишти кылып жүрүп нерфи бузулуп ажаан катынга айланып кеткен.Өз балдарын деле эркелетпейт,жулкуп урушканы урушкан.Кенже болсо мейличи балдар тартиптүү,тил алчаак болот деп киригишпейт.
Үйүнө тапканын алып келип,эжесинин балдарын тойгузат,мектепке кийим кече кылып берет.Кызынын өзү менен болгонуна кубанып алат.Тамара эчнерсе түшүнбөсө деле жатканда кызына өткөн кеткенди айта берет.Бир күнү эшик ачык калган экен сууга чыккан Анара Кенженин сүйлөп жатканын угуп,өзүнө өзү сүйлөп жатабы деп тыңшап калды.
—Кызым,сен чоңойсоң албетте мени жаман көрүп каласың.Анткени чындык ачуу.Сени мен төрөгөм бирок,ата-энең башка.Ооба ошондой дагы болот экен көрсө.Анан сенин эгизиң бар,аны таштоомо туура келди,эмнеге деп сурайттырсың балким э?Анткени аны бербесем экөөбүз көчөдө калмакпыз.Ачкачылык баарыбир мени силерден айрымак.Кантип тандадың?Эмнеге мени деп дагы сурайттырсың,анткени алар уулду беришмек эмес.Сени алып чыгып баратып деле ойлогом тартып алат деп,жок антпеди.Адамгерчиликтүү экен мени дагы ойлоду.Балким качандыр бир убакта алар менен тааныштырармын эгер кызганычым жол берсе.Кызым мени кечир.
Ымыркайга айтып жаткан бул сөздү Анара жакшы түшүндү.—Демек акча кайдан келгенин түшүнүктүү.Бала төрөп берген тура шордуу,мейличи буюруганы болотта.
Күндөр өтүп,Тамара торолуп калды.Алты айлык болгон кезинде Анара дагы цехке жумушка чыгып алды.Баланы Анараны жетинчи класста окуган кызы карайт.Калган экөө төртүнчү анан биринчи класста.
Ошол күнү Анаранын чоң кызы түштө окумак,бирок эжейи бир саат эрте кел дегендиктен Тамараны бешике бөлөп,сүтүн ичирип уктатып ,сабактан жаңы келген биринчи класс бөбөгүнө таштап кетти .Бир сааттын ичинде ортончу баласы келип калмак.Биринчи класстагы баласы бешикти терметип бир колу менен,бир колу менен тамак жеп жаткан.Илгерки бешиктер оор болот эмеспи жанында сайылып турган ток печкага оодарылып кетти.Тырталаңдап тургузам деп аракет кылды болбоду.Бешиктин төшөгү түтөп баштаганда баланын жүрөгү түшүп эшике чууркап чыгып,кошуналарын жардамга чакырып жатты.Үйүнөн чакырып,түшүндүрүп айткыча Тамаранын бутуна жетип от чыркырата куйкалап жатты.Эхх наристенин күйуп жатканы ай.Жаның ачып карай албайсың.Эзилип ыйлаганычы жүрөктү жанчыйтко.Баардыгы чогулуп,ыйлап да алышкан ооруканага алып кетишти.Ошол жердеги жаш балдардын бирөөсүн Кенжеге кабар айтууга жөнөтүп жиберишти.

Уландысы бар бирок,эртең кечинде.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️