«»»»»»Мен апамды сагындым/»»
15-бөлүм..
Ары-бери баскан Алтынай,сөздү эмнеден баштаарын билбей турду.
—Балам сүйлөшүшүбүз керек,чай ичип бүттүңбү?
—Ооба,бүттүм эмне биз жөнүндөбү кеп?
—Ошондой десем дагы болот..
—Дарика,чайыңа ырахмат чыга берсең.болот..
—Кудайберген,бул сага үй кызматкери эмес,аялың болот..Жана Дарика биздин үй-бүлөөнүн толук кандуу мүчөсү..
—Кайдагыны айтпаңызчы,кайнаса каны кошулбайт..
—Кошулат эле,сага жети айдан кийин баатыр төрөп берсинчи кайнатып туруп,ошондо эмне деер экенсиң.
‘—Эмне боюнда барбы?
—Сура өзүнөн…..
—Дарика эмнеге унчукпайсың?
—Бүгүн эле врачка барып билдим,айтайын дегем азыр тамак үстүндө…Апама айткан жок элем.
—Ий садагаң болоюн,тиги муздаткычтагы эки айдан бери турган курутту гемирип жатканыңдан эле билгем..Догдурдан сүйүнүп келгениң тастыктабадыбы.
Айтайын дегеним Дарика дагы баарын билүүгө укугу бар.
—Ий мейличи апа айта бер..
—Балам,бул сөздү угаардан мурун өзүңду каттуу колго ал жана эркектик сапатыңды жоготпой сабырдуу болом де..
—Ий апа болдучу эк,айтта эми.Же эмне тиги Тамараны жумушка алайын дейсизби кайра.
—Балам мындан жыйырма бир жыл мурун мен чала төрөп,бала чарчап калган.Ал аз келгенсип эне болуу бактысынан ажырадым.Ошондо атаң…..
—Апа а менчи?Багып алдым дебеңиз болгону..
—Мен ошону айтып жатам,сөздү бөлбөй тур..Он жылдан ашуун азаптан кийин атаң «Сурагатный мать»тапты.Кудайга шугүр ал аял бизге сени тартуулады..Өкүнүчтүүсү врач эгиз деген эле бирок,атаң жалгыз сени алып келди.Медицина адашат деп тим койдук.Ошол сени төрөгөн аялдын кызы ушул Тамара экен..Сенден кичине кийин турмушка чыгып төрөгөнго десем,туулган жылыңар,күнүңөр бир болуп чыкты.
Ошондо бир тууганың окшойт,азыр атаң келсе баардыгын аныктайбыз.
—Апа,ушундай болушу мүмкүнбү?
Ошол кезде дагы ошондой бар беле?
‘-Ооба,бар болчу атаң болгон күчүн,акчасын салып аракет кылган.
—Апа,менин башым айланып турат,эмне болгон күндө дагы биздин ата-энебиз силер болуп жатпайсыңарбы.Мен буга капа деле эмесмин,кайра бактылуумун бир тууганым бар экенине.
Азыр атам келсе,аныктап алып анан Тамаранын артынан барайын..
—Азыр атаңа коңгуроо кылам..
Ало,Алтынбек жакшысыңбы?
—Ооба жакшы,тынччылыкпы коңгуроо кылып калыптырсың?
—Алтын келетасыңбы?
—Мына жарым саатта барып калам.
—Бол батырак,сөз бар…
—Тамара,аяш апам сага эмне деди?
Капа кылдыбы?Жүгүрүп качып чыкканыңа караганда,катту бир нерсе дегенго э?
—Жок,баардыгы жакшы..Жоомарт ушундай болушу мүмкүнбү,Кудайберген биртууганым болуп чыкты..
—Кандайча?Түшүндүрүп айтчы..
—Менин чыныгы ата-энем Алтын эже менен Алтынбек байке имиш.
Бирок,бизди төрөгөн аял менин апам экен..Куба менен биртууган эле эмес эгизим экен..Болушу мүмкүнбү?
—Эмнеле деп жатасың?
—Ой булар балалуу боло албай,менин апама төрөттүк деп жатпайбы..
—Сен анан эмне Кенже апаң менен кеткен экенсиңби?
-Анысын билбейм,мен ишенбейм буга..
—Тамара өз апаң кайакта?
—Мен кичине кезимде эле каза болуп калган..
—Анан Мыскал эжечи?
—Ал эжекем менин жашоомду сактап калган,жаңы жашоо тартуулаган инсан..
—Ошондо багып алганбы сени?
—Таежем бар эле,ошонун балдары сарайга байлап күн көрсөтпөй жатканда Мыскал эжем көруп калып,куткарып кеткен.Биз анда Ош шаарында турчубуз.Мыскал эжем практикага барып калып биздин айылга,анан мени таап алып Бишкеке алы баса берген..
Бул жактан балдар үйүнө кетмекмин,Мыскал эжем өзүмө жакын болсун деген эле.Кудай жалгап мени кабыл кылып,чоңойткон инсандарга мээрим берип,мен ошол үйдө калып калганмын…
—Тактап сураш үчун сенин башка туугандарың барбы,?
—Жок…
—Кантип жок?-таежем дедиңби азыр эле,ошол каякта?
—Мурунку биз жашаган үйдө болсо керек Ошто..
—Анда мен эртеңден баштап отгул алам иштен,анан Ошко барып келебиз..
—Окуум,жумушумчу?
—Мен сүйлөшүп коём окууңду,ишиң болсо анча маанилүү эмес..
Тамара,чын эле аяш апамдардын кызы болуп калсаң эмне кыласың?
—Эмне кылмак элем,ушул эле жашоомду улантам..Же эмне байлыгынан колдоносуңбу?-деп турасыңбы?
—Ошондой сыяктуу,жашооң жеңилдейт Тамара..
—Кайдагын айтпачы,менин азыркы жашоом дагы шүгүр арызым жок.Курсагым тоюп,кийимим бүтүн окуп жүрөм.Мындан башка эмне керек?Калган нерсени убакыты келсе өз күчүм менен таап алам.
—Сенин ушул элде жок кыялың үчүн сүйүп калганмын Тамара.
—Жоомарт азыр сүйүүнү билдирүү убакыт эмес болдучу..
—Мага сөз берчи бирок.
—Эмне деп?
—Эмнелер болуп кетпесин,мага бир мүмкүнчүлүк берем дечи..Кагып басып кетпейм дечи..Мендей сени эчким сүйбөйт,сыйлабайт.
-Акыбалым ушул болсо,кайсы арыма каадаланам!-деп ичинен ойлоп жиберди…………..
Жоомарт,мунусунда мен эмес сен мага мүмкүнчүлүк бер маакулбу?
—Эмне дейсиң? Чын айтасыңбы?
—Ооба Жоомарт,мени кечир ушул күнгө чейин азапка салганыма.
—Ой жоок Таранчым мынтип чуркабаганымда мени унутуп кетмексиң,артыңан калбай чуркап жүргөнүмө өкүнбөйм..
—Болгону менин акыбалымды ата-энеңе айтып,алдын ала сүйлөшүп ал.
Кийин жүрөгүм оорубай турган болсун..
—Сен ал үчүн кам санаба алтышкам,мен эмне десем ата-энем менин тандоомду сыйлап кайра кубанат…Азыр кайда баралы?
Аяш апама кайтып,жакшылап сүйлөшүп аласыңбы?
—Жок мен керек нерсени уктум,эми таежемди таап тактап алам.
—Болду анда кеттик,курсагың кандай?
—Аябай ачка болдум..
—Жүр анда курсак тойгузабыз..
—Бас каяка?
—Азыр могул жактарда соонун шишкебек жасайт ошол жака..
—Андан көрө жүр үйгө мен чай берем.
—Чын элеби Тамара?
—Ананчы бас ээк..
Экөө үйгө барып,чай ичип олтурушту.Тамара тамак жасай койду..Жоомарт жумушуна телефон аркылуу эле айтып,түндө Ошко жолго чыгып кетти..
Түшкө жакын Ош шаарына кирип келишти,Тамара көздөрүнө жаш алып,мындан он жыл мурун бул шаарды көргүс болуп качып кеткени көз алдынан өтүп жатты..
—Жоомарт,могу дарек менен айдачы.
—Ал жакта эмне бар?
—Менин биринчи өз үйүмдөн кеткендеги экинчи үйүм бар…
Баягы жарым жылдай жашаган мүмкүнчүлүгү жок балдарга билим берүү үйүнө келип токтошту..
Баардыгы өзгөрүп кетиптир.Он жылдын ичинде гүлдөп,чоңоюп кеткен деген ой менен келген.Кайдан,сыртындагы шыбагы урап,терезелери сынып каралбай кетиптир..Ыйлап жиберди,өз үйүн талкалап кеткендей эле болду.Ичине кирип бүт айланып чыкты.Өзү жаткан бөлмөгө кирип,баягы терезеге олтуруп болгон бугу чыкканча ыйлады.Жоомарт тоскоол болбоюн!-деп жолободу..
Ал жактан чыгышып,курсакты тойгузуп анан Тамаранын айылына жөнөштү..Оштон он беш чакырымдай эле өйдөдөгү айыл.Бат эле кирип келишти.Чынында айылын тааныбай турду.Мурун кыбыраган эки бөлмөлүү үйлөр,азыр болсо эки этаж болуп кетиптир..Өзү көчөсүнө кирип өйдө баратканда Тамара токтотчу!-деп жиберди.
Уландысы бар