Мен апамды сагындым 13 бөлүм

https://kyrgyzcha.site/?p=8249&preview=true Кызыктуу окуялар.

Мен апамды сагындым 
……. 13-БӨЛҮМ…..
—Каргабай кал Жоомарт,менин башыма келген сенин башыңа келбесин.Апам менен Тамарынын ортосунда калдым,кимди тандайын?
Айтчы төрөп өстүргөн энемдиби же үй кызматкеринби.
—Үй кызматкери дейсиңби? Эй акмак ал деген айласыздан иштеп жүрөт,сага окшоп байдын баласы эмес.Тамарадай инсандар көп болуп жана колунда бар болуп жаралып калса,бул заман оңолмок.Сага мага окшогондорду жолго салмак..Басынтпай калгын бала,басынтпай кал.Көрмөкмүн ошол Тамара сенин бир тууган карындашың болуп калса.Бир кайактагы байдын баласы сүйүүсүн тебелеп тепсеп кетсе..Сенин колуңдан жакшылык келбейт.
Кел достугубузга чекит коёлу ушул жерден.
—Жоомарт ушунчалык сезимтал болуп кеткенсиңби?Чындык ачуу экен айтайын укчу,чыдайсыңбы өзүңдү өзүмдүн ордума кой.
Мен дагы дал сен айткан сөздөрдү,кече апама айтып олтурдум.Маакул болушпады,Эсен деген досунун кызына мурун эле кудалашып коюптур.Мен ата-энемди кечип Тамарага үйлөнүп алсам эртең эчнерсесиз калышат.Жарымдан көп жашоосун ушунчаны чогултууга кетирсе,эмне мен бир күндө жок кылайынбы?Мындайга экөөнүн тең ден-соолугу чыдабайт,кече эле ушул Тамараны алам!-деп каттуу туруп бираз уруштук эле апамдын жүрөгү кармады.Догдур айтты,дагы бир ушундай каттуу стресс болсо жыгылат!-деп.Мен мындайга маакул эмесмин.Эсенди билесиң да Мэр экенин,ошонун кызы Дарика экен.Досум ал кызды дагы уят кылгым келбейт,элдин баарына айтып жүрсө мен башкага үйлөнүп алмак белем..Досум кечиргиле мени,миң мерте кечирим сурайм.Тамараны бактылуу кылчы..
Көөп мүнөттүк тынчтыктан кийин,Жоомарт туруп Кудайбергенди муштап жыгыта койду..
—Аай кокуууй,катыгүн десе бул эмнең?Деги мындайыңар жок элего,эмне болуп кетти балам.
Жоомарт эмнеге досуңду уруп жатасың?-деп Алтынай баласына жабышты.Мурдунан кан атып кеткен бала,апасын кыжалат кылбайын!-деп,ойноп жатабыз деп койду.
—Апа үйгө кире бериңиз,азыр киребиз чай даярбы?
—Ий айланайындар даяр киргиле,мындай олдоксон оюнуңарды токтотсоңор кантет ыя?
Бир күнү башыңар жарылбаса болду.
Унчукпай башын жерге каткан Жоомарт кетенчиктеп калды.Алтынай үйгө кирип кетти эле,Кудайберген досунун артынан жетип,түшүнчү!-деп байкуш боло койду.
—Ээ Куба кой эми,мен достуктан кечкем.Эгер Тамара мени караса мен аны дүнүйөдөгү эң бактылуу инсан кылам..Сен болсо кылган ишиңе өкүнүп өт..
—Жоомарт катындай чырылабачы,ээнең десе сага баарыбир эмеспи чындыгында.Мен сага жол бошотуп бер деген эмесмин керек болсо.Жөн эле мага боорукер болуп кетет,сенде бар жүрөк менде дагы бар,сендеги акыл дагы бар болгону мен ата-энемди нараазы кылгым келбейт түшүнсөң.Андай кыздар көп,ата-энем жалгыз түшүнсөң.Майыпты алып бул замандын баатыры болгум келбейт,мен аркы дүйнөдө Аллах алдында ата-энесин сыйлаган момун болгум келет.Кандай түшүнсөң ошол.
—Бир суроомо жооп берчи анда..
—Кандай суроо?Сүйдүң беле деп сурайсыңбы?Ооба сүйгөм,сүйөм жана сүйө берем..Эмне кыл дейсиң?
—Сенби эчнерсе кылба болду,калганы ашыкча.Мен сүйдүң беле деп сурамак эмесмин..
Тамара сенин карындашың болсо,эмне демексиң?-деп сурагым келген.Бирок,сен өзүңдүн жүрөгүңдөгү катып жүргөн сурооңду,азыр эле өзүңө бердиң.
—Карындашым болсобу?Бул суроого жооп бере албайм анткени,менде карындаш,ини деги койчу бир тууган болгон эмес.Мен аларга кандай мээрим төгүш керек экенин билбейм.Ошондой туугансыз байкушмун,болдубу?Рахмат эсиме салганыңа.Билип кой эгер менин бир туугандарым бар болгондо үйдөн чыгып кетмекмин.Ата-энемди аларга ишенип,Тамара менен үйлөнүп бактылуу болмокмун.Тамара карындашым болсо бактылуу болмокмун..Бир тууганым болсо элеби мен армансыз болмокмун досум.Сен аны түшүнбөйсүң,сенде бир туугандан алтоо бар.Сени менен ошол үчүн дос болгом керек болсо,үйүңө барып ошол көп балдардын арасындв өзүмдү силердин бир тууганындай сезинип сүйүнүп кетчүмүн.Жалгызмын түшүнсөң жалгызмын,ошол үчүн дагы ата-энемдин айтканынан чыга албайм..
Август айы аяктап,окуучулар мектепке,студенттер Университетке каттуу даярданып жатышкан.
Окуу башталганча Тамара протезин жаңыртып алайын!-деп заказ берип койгон.Эжесинин эки баласына кошулуп отурбайын тамак жеп!-деп жумушун алигиче таштай элек.
Жоомарт Тамарага коңгуроо кылып жолугушууга чакырды.Көңүлдөнбөй турганы менен Жоомартты сыйлап жок дей албай келди.Экөө кофе ичишип,ал-акыбалды сурашып жатышты..Бири-бирин аңдып карап,качан Куба жөнүндө сөз башталат дегенсип күтүшөт.Тамара сабырдуу экен,Жоомарт баштагыча ооз ачпай чыдады..
—Тамара,Куба экөөңөр эмне болдуңар эле?Мага тойго чакыруу кагазы келген экен,атын карасам эле сенин ысмың эмес экен.Куба менен сүйлөшүүгө аракет кылдым бирок,ал түшүндүрө албады мага.
—Биз эчнерсе болгон эмеспиз,жөн гана жаштык доорун сүрүп ойноп күлгөнбүз.
—Көздөрүңчү,алар башка кепти айтып жатышат Тамара.
—Сен көздөргө ишенбе,алар алдамчы болот экен.
—Жашырбай айтсаң болмок,эгер чын эле экөөңөрдүн ортоңордо сүйүү жок болсо,мен өзүмдүн сүйүүмдү билдирсем кантет.Сени бактылуу кыла алам сөз берем..
—Мен бактылуумун Жоомарт,мага боор ачып мамиле кылгандын кереги жок.Кел баардыгын кыйындатпай мындан ары дагы дос бойдон калалы э..
—Эмне десең ошол..
Экөө коштошуп кетишти..Тойго чакыруу кагазын уккандан кийин,Тамаранын ызасы ичине батпай же ый болуп чыгып кетпей денесине ыссык берип дароо төшөкө жыкты.Эмне оору экенин түшүнбөйт,
ичи кызып бүт денесин эзип ургандай ооруйт..Мыскал даары алып келип,жакшы карап жатса дагы ыссыгы түшпөй кыйнала берди.
Үмүт деген болбогон нерсе бар эмеспи адамда,ошо үмүт акыркы күндөрү Тамараны сооротуп келген болчу.Үйлөнүп жатыптыр дегенде араң турган үмүтү чарт үзүлө,камчыдай денесин соё чаап салды.Ошол алган жараты айыкпай жата берди..Мыскал баардыгын түшунгөнү менен колунан эмне келмек эле…
—Эже,телефонум каякта?
—Билбейм,керебетиңдин астында жатса керек да дайымкыдай.
—Канча күндөн бери өчүк жатат,кубаты дагы түгөнүп калса керек.Токко улап коюңузчу,эртең ооруканага барам,бутум даяр экен.Анан үч күндөн кийин студент болом.Өзүм кыялдангандай мугалимдике бет алам..
—Ошентсең кичине соолуй бербей.
Сага мындай сүйүүнүн канчасы келет,баардыгын жүрөкө катпа.
Тамара өзүн кыйнап,мыйыгынан күлүмүш болду.Телефонун жандырып токко улап койду.
Көп өтпөй эле чакыруу келди,алып барып берейин десе сиңдиси ваннада жуунуп жатыптыр.Телефондун жаны калаар эмес,алып анан өзү чалат дегиси келип трубканы алды..
—Алоо,Тамара бош эмес эле..
—Рахмат эже,бошосо коңгуроо кылсын кайра.
—Токтосоң,Кудайберген сенби?
Эй бала коңгуроо кылба болду,үйлөнөт экенсиң болду номерин өчурүп сал.Тамарага болушчу эчким жок дебегин,мына мен бармын.Сиңдимди коргоого акыбалым жетет шүгүр.
—А эже кечиресиз мен Кудайберген эмесмин,анын досу Жоомарттмын.
Тамар ыйлап жатабы эмне?
-Ким босоң дагы болду тынчын алба.
Эмне же оючукпу силерге,Сиңдимдин азап тартуусун каалабаймын дагы.
—Эже ыйлап жатабы? Качантан бери?
—Бир жума болуп калды..
—Мм,маакул мен анын кыйнап жаткан сүйүүсун,эчнерсеге татыбайт экенин далилдейм.Дарегиңер кандай?
—Онунчу микрайон,калганын келе жатканыңда айтам,мейли анда.
Чала кийинип эле Тамараны көздөй бет алды дароо..Толук дарегин сурап заматта жетип келди.Эми эле жуунуп чыккан Тамара,көчөдө турган Жоомартты көрүп чочуп кетти.Ордуна барып жатып алды эле,Мыскал Жоомартты эрчитип артынан кирип келди.
—Тамара сага келиптир..!-деп Жоомартты калтырып чыгып кетти.
—Тамара эмне калп айтып жатасың?
—Эмне деп?-бурулбай туруп суроосуна суроо менен жооп берди.
—Баардыгын түшунүп турасың,калп аңкоолонбочу.
—Ооба,баардыгын түшүндүм бир нерседен башкасын.
—Эмне экен ал?
—Сен үйүмдө эмне кылып жүрөсүң?
Ошону түшүнбөйм.
—Жардам бергим келди.
—Эми мага эчким жардам бере албайт,ал айыккыс жара кылды жүрөгүмдү..
—Тамара ал сага татыктуу эмес,сендей кызды барктай албаган бирөө үчүн мынча кайгырдың?
—Ал бирөө эмес,ал сөзсүз келет.Мендей майыпка тең эмес деп жатканың да э бул?Ошол майыпка сенин не күнүң түштү анда?
—Келбейт,үмүтүңдү үзүп өзүңдү ойлон эми..Сени майып деп эч качан айтпаймын,мен майыпмын жүрөгүм ооруйт,сен деп.Бүгүн Кудайберген деген атты оюңдан түбөлүк өчүрөм басчы..
—Каяка?Барбайм мен..
—Барасың!-кызды колуна көтөрө алып чыгып кетти.Мыскал артынан чуркап жетишпей калды.Ала качып кетти деген ой келди дароо..
—Мен жинди өз колум менен кайдагы бирөөгө ишенип,Тамаранын алдына киргизиптирмин.Башым жок аай..
Эмне кылам эми??
—Алоо,алоо Тамара сенби?
—Ооба эжеке мен,азыр келебиз..
Жоомарт Кубага алып баратам дегенде тынчып калган болчу.Жол бою кыңк этпей жетип келишти.Үйүнө келген Кубаны жаш жубайы кубана тосуп алганын көрүп селдейе түштү..Унаадан секирип түшүп,үйдү көздөй жөнөдү.
Артынан Жоомарт кетти..
—Кел Тамара..
—Келдим чакыруусуз эле..
—Келдик,Дарика аяшка мен сүйгөн кызымды тааныштырайын дегем сени менен.
Назик жылмая созулуп алган Дарика киргиле!-деди.
Тамара Дариканы баштан аяк теше карады.Орто бойлуу,кашы кара,ак жумал жылдыздуу экен.Башына салынган жоолугучу кулпуртуп таштаган.Келиндердей эмес Дарика жоолукту оронуп салынган.Намаз окуп кудай жолунда жүрөт экенинен кабар берип турду.Унчуга албай калды,Кубаны сиз деп,көзүн карап досуна кылган сылык мамилесинен улам унчукпоону чечти.Төрт адам дасторкон үстүндө олтуруп,үчөөсү бир сырды жашырып жаап турушту.
Чайдан бир уурттап нан ооз тийип алып чыгып кетишти..
Чын эле баягы үмүтү биротоло үзүлүп жок болду.Балким ушул туурадыр,жөн эле жан кыйналгыча кудайдын буйругуна баш ийгени дурустур.Кудай дагы эки жөн эле бир тууган эмес,бир карында бир убакта жаткан эгиздерди кошуп,ансыз дагы араң турган ааламды булгагысы келбей,экөөнү эки башка жолго салды окшойтко..

Уландысы бар..

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️