Мен апамды сагындым 11 бөлүм

https://kyrgyzcha.site/?p=8249&preview=true Кызыктуу окуялар.

«МЕН АПАМДЫ САГЫНДЫМ»»
11-БӨЛҮМ.
Экөөнүн көз карашы туш келип калса жаш баладай көзүн ала-качып,сөздү башкага буруп кетет.
Канчалык ичиндеги сезимин жашырууга аракет кылса дагы өзүн алдай албай койду.Тамара болсо күндө жумушум эрте башталып калды деп,эртең менен чыгып Кудайбергенге жолугуп сейилдөөнү адат кылып алган.Эркек эмеспи баарыбир напсин тыя албай кееде Тамаранын алкымынан аймап өбүүгө аракет кылат бирок,Тамара өзүнө эки кадамдан жакын жолотпойт.
—Тамара суроо берсем болобу?
—Болот,угуп жатам сени..
—Эмнеге дайым муңдуу жүрөсүң?
Сени кыйнаган эмне?
—Бул суроону мага эчким берген эмес ушул күнгө келип.Мен сени алдап же бир нерсе жашыргым келбейт.Эмне кызыктырса сага баарын айтууга даярмын.
Менин маанайым азыркы убакта эжекем үчүн чөгүп жүрөт.Өзү мыкты мугалим,жездем эки жылдан бери төшөктө.Былтыр ата-энем каза болгон,ошондо мени байкем үйдөн чыгарып койгон.Мыскал эжеме жардам берүүгө келип чогуу жашап жатам азыр.Кесиби менен иштеп мен жездемди,балдарды карап көрдүк биринчи бирок,жездем чыдабай койду.Мен иштөөмө туура келди анан.Врач жакшы болот деген инсульт айыгыш керек экен негизи.Быйыл жакшы болобу десек толук айыккан жок.Быйыл дагы окууга тапшыралбай калат экенмин,ошого капамын.
—Тамара мындай маселе көздөрдө эчен жылдык сиңип кеткен муңду жаба албайт.Мен чыныгы себебин билгим келет.Байкең эмнеге үйдөн айдады?
—Ээх мейли анда ук,мени тогуз жашымда ушул үй-бүлөө багып алган.Мыскал эжем практикада жүрүп мени кор кылып жүргөн таежемдин колунан көрүп калып сууруп алган.Мыскал эжем болбосо мен эбак бул дүйнөдө жок болмок окшоймун.Апам мен беш жашымда каза болуп калган.Мен кичинекейимде бешик менен ток печкага кулап,бир бутум күйүп кеткенине кайгыга батып ичип каза болуп калбадыбы апам.Анан ошол таежемдин колунда үч жыл жүрдүм.
Мурун апамдын элеси бар болчу эсимде,азыр болсо унутуп койдум.Куба энесин унутуп коюу бул бала үчүн эң жаман сапат да.
Өзү жанымда аз гана убакыт болсо дагы ошондо берген жылуулугу мени азыркы күнгө чейин ысытып келет.Мен апамды сагынып кеттим Куба.Багып алган ата-энемди дагы сагындым.Мугалим болом дечү элем ошол тилегимди аткара албай калганыма өкүнөм,бир бутумду менден кызганып кудайым алып алганына кайгырам.Бир эмес эки энемди тартып алганына нараазымын,кудайдын көзүнө мен эле көрүнүп калган окшоймун.Күндө жатып алып тиленем,суранам мени укпай жаткандай.Ойлоно берем эмне күнөө кылдым экен деп.Мындай жаза алып жатканыма караганда мурунку жашоомдо адам өлтүргүч же каапыр болгон окшоймун.
—Тамара чүүш,болду унчукпа.
Мен баардыгын түшүндүм,сен бирок билип кой бул жаза эмес,бул сыноо.
Кудай сыноону сүйгөн пендесине берет,биз көтөрө алат экенибизди билет ошого берет сыноону.
Көрөсүң баардыгы жакшы болот Тамара.
—Айиий саатты карачы Куба бир болуп кетиптир.Алтынай эже өлтүрөт эми,жеткенчем эки болуп кетет.
Бол бас кеттик ушундай дагы болобу,уят эле болдум..
—Токто Тамара бүгүн эс ала бер,мен дем-алыш бердим деп коём.
—Жок барам,жоопкерчиликтүү болуш керек.Баарын өзүм түшүндүрөм.
—Бас анда чогуу эле кетели,мен да үйгө барам жумуштарым жок бүгүн.
Экөө эгиз козудай эрчишип келип калышты.Алтынай кечиккенди эзелтен эле жактырчу эмес,Тамаранын кечиккенин эгер жалгыз келсе байкабай деле калмак.
Кудайберген менен кирип келгени Алтынайга жакпай,саатты карап жиберген.
—Саламатсызбы,Алтынай эже мен мен кечигип калдым кечирип коюңузчу.Экинчи кайталанбайт.
—Кайда жүрдүң,иштериң болсо мага кече айтып койсоң дем-алыш бермекмин.Куба сен кайдан?
—Мен тиги келатып жолдон Тамараны жолуктуруп калдым.
Көзү жактырбай караганын айкын билдирип койду.
Ашканага кирип кеткен Тамара өзүн калпычы сезип,жаман болуп кетти.
Куба артынан келип жылмая көз кысып,кыпкызыл алманы алып чыгып кетти.
—Мага эмне болуп жатат?Болбойт теңи эмес экенимди билсем деле жүрөгүм башканы сүйлөп жатат.
Бул иштен кетишим керек,башка иш таап тез арада кетем.Мага сүйүүгө болбойт,сүйүү жана менен бул асман менен жердей.Мен сүйүү адамы эмесмин,дайым байкуш экинчи сорттун адамына бөлүп,ордума көрсөтүп жүрүшүп мен ордумду мыкты билип калганмын.Бул адамдарды бир жылдын ичинде өз үй-бүлөөмдөй көрүп калган элем,мага жакындай туюлат булар, кетким жок..Бирок,айласызмын мен кетем.Жумуштарын бүтүп коюп,кир жууган бөлмөгө кирип,кийимдерди кир жуугуч машинага салып олтура кетти.Ушул жашка келгенче төшүнө бир сүрөттү калтырбай катып келет.Аяр кармап алып чыгып тигилип калды.Бул сүрөт муруун тартылган эски сүрөт.Мындай сүрөт баардыгыбызда эле болсо керек.Сүрөткө тарткан салондо атайын балдарга олтургуч коюп,апалары кармап түшөт эмеспи.
Бул жерде дагы апасы Кенже анан өзүнүн ымыркай кезиндеги эстелик сүрөтү.Бул жерди караса баштарына эч кайгы келе элек мезгил экен.Апасы жайдары күлүп кызын кучактап турат.Тамаранын болсо өз буту бар кези экен.Астаа өзүнө жакын алып келип өөп койду.Сүрөттү ыңгайлуу коюп алып ыйлап жатты.Биринчи салган кийими бүтүп,экинчисин жүргузүп кайра олтурду.Ушунчалык жүрөктөн ыйлап анан көзү илинип кеткен экен.Алтынай саатты караса тогуз болуптур,Тамаранын бут кийими тургандыктан,эмне кылып жатат деп артынан кирди.Бурчта жамбашка кыйшайып жаткан кызды көрө жанына жетип барды.Жөн эле уктап калганын көрүп тынчып калды.Жанында жаткан сүрөткө көзү түшүп калды.Жөн эле көңүл бөлбөй бир карап өттү эле бирок,тааныш жүз кайра кайрылып тиктөөгө аргасыз кылды.Бул баягы Кенже болчу.Ананчы өзүнө уул тартуулаган аялды унутмак беле.Омүр бою өзүнө кошуп Кенжеге дагы дубаа кылып жүрөт эмеспи.
Маңгырай эле катып калды.
—Демек,бул Кенженин кызы турбайбы.Ошондо балам экөөнү бир эне төрөгөн болуп калабы.Тамаранын документинен жашын кароо эсине келбеди анткени,баланын эгизи бар экенинен кабары жок Алтынай,бул жактан барып турмушка чыгыптыр да деп койду.Алтынбеке кантип айтышты билбей айласы кетип жатты.Ошол күнү Тамараны Алтынбек көтөрүп алып барып диванга жаткызып үстүн жаап койду.Алтынай болсо Мыскалга коңгуроо кылып айтып койду.Эртест таң атпай ойгонгон Тамара кече кетпей калганын эстеп эжесине коңгуроо кылганы жөнөп калды.Алтынайдын Тамара ишке кирип жатканда айткан кеби эсине түшүп кетти.Кеч жатып эртеси түштө турам,мага бирөө тоскоол болбосун он экиге чейин дебеди беле.Сааттын жебеси араң жетини согуптур караса.Үйдө азык-түлүк жок экенин эстеп,түшкө чейин базарга барып келмей болуп чыгып кетти.Мыскалга коңгуроо кылды эле Мыскал кабары бар экенин билдирди.Көңүлү кыйла ордуна түшүп базар кыдырып жүрдү.
Алдынан Жоомарт чыгып учурашып калды,кетем шашып жатам дегенине болбой чай ичебиз деп чайканага алып жөнөдү.Жолдо баратып Кубаны дагы чакырып алышты.
Куба угаар замат учуп келди,ичинде өрт жанып келгенче эмне болуп экөө жолугуп жүрөт деген ой кыйнап жиберди.Көздөрүн чекчейтип экөө олтурган жерге кирип келди.Учурашпай туруп «эмне болуп жолугуп жүрөсүңөр»-деп сурап жиберди.Тамара актанууга сөз таппай туруп калды эле Жоомарт жаап кетти.Базардан жолугуп калдык анан аяшым экөөңөрдү сыйлап коёюн дедим.
Бул сөздү угуп анан тынчтана түштү.
Эки сааттай олтурушуп анан тарап кетишти.Куба менен Тамара азык-түлүк алууга базарга кайра барышты.Эмне жолугасың ага дегендей көз караш менен караса Куба,Тамара мен күнөөлү эмесмин дегендей көзүн ала качат.
Машминада баратып кантип сөз баштаарын билбей Куба мукактанып калды..—Тамара эмне мындай кылдың?
—Мен эмне кылдым?
—Жоомарт сени жактырат экенин билип туруп аны менен барыпсың.
—Мен аны билген эмесмин чындап.
—Сен анда эмнени билесиң?
—Мен сенин жакшы көрөөрүңдү эле билем,калганын билгим келбейт.
—Мындай сөздү күтпөгөн Куба машинаны буруп шарт токтотту.
—Кайра айтсаң Тамара,кайра айтчы.
—Сопсоонун эле уктуң деп эшигин ачып чуркап чыгып кетти.
Кең талаа экен,жашыл чөптөрдү аралай улам артка кылчайып баратты.Куба кыздын артынан сүйүнүчү койнуна батпай аста ээрчиди.Экөө каткырыша ойноп жашыл чөпкө оонап кыйла сүйлөшүп олтурушту.Экөө жада калса келечекти чогуу кылып кыялданып жиберди.Бир эле «бирок»деген жери болбосо бул кыялдар орундалчудай туюлуп жатты Кубага.Куба апасынын башында эле айткан сөзүнөн чочуп турду.Тамарада болсо миңдеген «болбойт»деген жооп бар эле.Мейличи бүгүн баарын унута турайын,акыркы көз ирмем калтырып анан жумушунан кетмек.
Жолдон балмуздак жешип үйгө он эки нөл нөлдө кирип келишти.Экөөнүн чогу келип калганын көп ирет байкаган Алтынайдын тынчы кетип баштады.Бул жерде буту башкы ролду ойнобой калды.Эң башкысы Кубаны төрөгөн аял Тамаранын дагы апасы болуп жатпайбы.Эмне деп себеп таап Тамараны үйунөн кетирүүнүн жолун ойлоп жатты.Эң жакшысы Кубаны чет өлкөгө окууга кетирип салмай болду.Ушул жерде эле окуйм деп көнбөй жатты.Кыздын жүрөгү бир нерсени сезсе дагы сөзгө аралашкан жок…
—Тамара мени сүйөсүңбү?
—Билбейм мен..
—Эмнени билбейсиң?Мен сага жагамбы?Кечеки айткан сөздөрүңдөн улам бул суроо келип чыкты.Жооп бер..
—Ооба жакшы көрөм окшойт,кечке көргүм келип жаныңдан чыккым келбейт.Куддум баягы эгиздердей сени издей берем,жанымда болсоң тынчып калам.Ушул сүйүү болсо анда сүйөт экенмин.
—Ооба сүйүү ушундай окшойт,мен да сүйүп көрбөгөм.Бирок сага деген сезим так сен айткандай менде дагы.Мен бүгун апама айтам баарын.Сени сүйөөрүмдү,өмүрлүк жар кылсам дейм сени.
—Жок болбойт,Куба кечир болбойт.
—Эмнеге болбойт экен?Сүйүүгө эч нерсе жолтоо боло албайт.
Мен бүгүндөн калбай айтам..
—Айтсаң мени экинчи көрбөйсүң..
—Баары мен айткандай болот бирге болобуз..
Экөө эки тарапка өз үйлорүнө тарап кетишти.Тамара Кубанын» сүйөм»-деген сөзүнөн кийин өзүн жаман сезип,Кубага деген сезими сүйүү эмес экенин түшүндү.Бирок бул эмне деген мамиле экенин эч түшүнбөдү.
Куба үйүнө келип Алтынбек менен Алтынайга Тамара тууралуу баардыгын айтып салды..

Уландысы бар.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️