Мен апамды сагындым

https://kyrgyzcha.site/?p=8249&preview=true Кызыктуу окуялар.

«»МЕН АПАМДЫ САГЫНДЫМ»»»
1-БӨЛҮМ.
Төрөткананын төркү бөлмөлөрүнүн биринде Алтынай үч бүктөлүп көмкөрөсүнөн жатып алып,токтоно албай ыйлап жатты.
Күз мезгили болуп кошумча болдубу же ич көйнөкчөн болгонунабы чыйрыгып турду.Денесин майда бүдүр каптап кеткен,туугандары келсе да үн катпай жата берет.Алтынайдын мынтип жатканына бир айдын жүзү болду.Жашы отуздан өтүп калган бул аялдын баласы сегиз айлык төрөлүп,үч күн жашап чарчап калган.Балким жаш болуп мынтсе мынчалык жаман болбойт беле ким билсин.Күйөөсүнүн аты Алтынбек.Экөө таанышканда да кызык болгон.
Алтынбек ал убакта жөн эле бир кафелердин биринде официант болуп иштечү.Алтынай курбулары менен киргенде таанышайын деп бирок жанына бара албай койгон.Кийин аянтта достору менен жүрүп,капыстан Алтынайды көрүп,дароо таанып калган.Жанына чууркап келип,эски таанышындай эле учурашып алган.Алтынай Алтынбекти эстей албай;—Сиз мени бирөө менен алмаштырып жатасыз деп артка жылып кеткен.
—Токтосоң Алтышка.
—-Менин атымды кайдан билесиз?
—Мен жөн эле алтыным деп жаткам,а эмне Алтынайбы атыңыз?
—Ооба,тамашалашпай айтпайсызбы сиз кимсиз?
—-Менин атым Алтынбек.
—Хааа-хаа тамашаңыз шумдук экен,менин тынчымды албаңызчы экинчи.Аман болуңуз.
—Чын айтам Алтынай атым Алтынбек.Эмне кылсам ишенесиз?
—Мага жүз метрден алыс жылбай,кучак толо гүл таап берсеңиз ишенем.Алтынай кетип калсын деп эле тамашалап айтып койгон.
—Алтынбек эки жагын карап гүл сатчу дүкөн издеди.Тапкан убакта деле чөнтөгүндө аз эле акчасы бар,бир тал гүлгө жетсе да анан үйүнө жөө кетүүгө туура келмек.
Көзүнө аянтты кооздоп өсүп турган гүлдөр түштү.Кадамын чоң-чоң кылып аттады.Балким бактысыбы же буюруп койгон нерсеби бир кадам гүлгө жетпей калды.Кадамын жанынан жылбай санаган Алтынай кол чаап жиберди.
—Урааа,мына демек буюрубаптыр жакшы калыңыз.Эчнерсе эмес жолу жок деп коёт сиздейлерди.
—Токто Алтынай мен жетем,табам гүл.Карап тур,кетпе күтсөң.
Бою узун сулууча келген бала узунунан түшө жата калды жерге.
—Эмне кылып жатасыз?Туруңуз дейм.Уят элге….
Колун сунду эле жеегиндеги гүлдөргө колу жетти.Жетпей калгыча үзүп Алтынайга берди.
—-Жинди десе мен тамашалап койгом,бул гүлдөрдү үзсө болбойт.Азыр кароолчу көрсө камаса керек..
Аңгыча ышкырыктын үнү чыгып,эки жашты көздөй кележатышты.
—-Качтык…
—-Эмне?—каяка.
—Камалып айып пул төлөгүң келеби?
Аа ата-энең байбы?
—Жоок,алар айылда да.
—Анда качууга аргасызбыз,чыгарган адам жок бааас бол.
Экөө кол кармашып качып жөнөштү.
Экөө кыткылыктап күлкүсүн тыя алышпайт,көп өтпөй экөө бир жерге жашынып таптырбай кетишти.
Кыздын ою Алтынбеке жакса,Адилеттин көктүгү Алтынайга жагып жакындан таанышып кетишти.
—-Суусадыңбы Алтынай?
—-Ийи аябай,чууркап жүрүп чарчапта калдым.
—Анда бас суу издейли..
Алтынай дүкөндөн суу алат экенбиз деп дүкөн карасаң,Алтынбек мындай суу чыккан жерди карап келатты.
—Тигине!-деп экөө эки тарапты көрсөттү.Бир убакта бирөөсү дүкөн,бирөөсү калоңка таап алышты.Бирин-биринин оюн түшүнүп алып кааткырып жиберишти.
Таттууу кебезден алып,ошол чыккан суудан жута ичип сүйлөшүп турушту.Аяган акчасын баарыбир Алтынайдын жол киресине төлөп,өзү аргасыз үйүнө жөө кетти.
Бирок,эңсеген кызынын жүрөгүнөн орун алып төрт саат жөө басканы эч билинбеди.Жолдо келатып Алтынай экөөнүн боло турган жашоосун,эртеңден баштап каарып калганына чейин элестетип жиберди.
Жаңы сүйүү башталып,ааламга дагы бир үй-бүлөө кошулду.Үч жыл эчнерседен капарсыз жашоо кечишип,чогуу иштеп акча чогултушуп чакан теплица иштетип бирөөнүн колун карабай калышкан.Жумушу оңолуп,бизнесин чоңойтуп кадимки бизнесменге айланды.Байлык деп жүрүп бала тууралуу ойлошкон эмес экен качаан кайненеси Алтынайдын боюнда барбы дегенде эстерине келип,догдурга барып башташты.
Алтынайдын кабыл алуусун начар деп даарыланып жатты.
Бир жыл анын артынан дагы,дагы ,дагы жылдар өтсө да боюнда болбоду.Үмүттөрүн үзүп,Алтынай ажырашабыз деген чечимди чыгарып койду.
—Эмне?Ажырашам дейсиңби,атаңдын гана башы.Мына мен тирүү экенмин сени эчжака жибербейм.Бала болбосо эмне экен,багып алам жетет мага ошол.
—-Алтынбек түшүнчү мага башка баланын кереги жок.Сен баласыз өтсөң мен өзүмдү кечирбейм,мени коё берчи.Суранам,суранам.Болбосо дагы аял алчы,мен маакулмун.Силерге тоскоол болбойм.Кайра балаңарды карашам,эгер мени кетпесин десең аласың аял…
—-Алтышам албайм мен,сени эчкимге алмашпайм.Кел мындай кылабыз,үйлөнгөнүбүзгө сегиз жыл болуптур туурабы?
—Туура,мен дагы ошону айтып жатпаймбы.Мен төрөбөсмүн.
—Мен аны айткан жокмун,болгону сегиз жыл болду.Төрөйсүң сен кудай бизге бала берет сөзсүз.Ушунчалык жакшы балдарды берет,болгону күткөндү үйрөнчү.Эч болбосо дагы беш жыл күтөөлү,болбосо багып алабыз маакулбу.
—Дагы баштадыңбы багып алам дегенди,Алтын мен чарчадым.Сегиз жылда көрбөгон баланы эми беш жылда көрүп каламбы эмне?
—Болду дейм,оозуңду жап.Мен айттымбы демек ошондой болот.Эгер кетсең мени өлдү деп эсепте уктуңбу.Менин жашоомду сен чечпейсиң,өзүңдүкүн же экөөбүздүкүн чечишиң мүмкүн.
—-Маакул сен айткандай болот.
Өздөрү айткан беш жыл дагы өтүп боюнда болгон жок.Алтынай күйөөсүн экинчи аялын алып,балалуу бол деп көндүрөйүн деп койгон.Болгону жакшы келин издеп жүрүшкөн.Алтынбек ишинде олтуруп,казак бала менен иштешип калган.Экөө жакын дос болуп кеткен,чогуу олтуруп тамактанып жүрүп бир күнү өзүндө болгон көйгөйдү айтты эле,Казак бала эжесинин Алматыда жасалма жол менен бойго бүтүрүү клиникасында иштейт экенин айткан.Акыркы жолу аракет кылса эмне кетмек эле,балким болуп калат деген үмүттө Алматыга кетишти.
Өздөрү ойлогондой болбой жатып,үчүнчү аракетинен кийин чыдамсыздык менен күтүп жүргөн ымыркай боюна бүттү.
Бишкеке кайтып келишип,Алтынай мыкты деген ооруканада көзөмөлгө турду.Баардыгы жакшы болуп келатып,эмне себеп болгону белгисиз сегиз айга өткөн Алтынайдын ичиндеги баласы төрөлүп,үч күн вакумда жатып чарчап калды.Алтынайдын жатканы ошол болчу.Он беш жыл дегенде төрөгөн баласы көз ачып энесин карап,ууз сүтүн эмбей кетти.Энени баладан,баланы энеден ажыратпай койсо э бул жалган дүнүйө.
Алтынайдын өзүнө айтпаганы менен,Алтынбеке врач аялынын башка төрөй албашын эбак угузуп койгон.Алтынбек укканы менен бир мүнөт да кайгырган жок,эң башкысы аялынын аман экенине кубанып турду.Алтынай ошол үч бүктөлгөн акыбалынан жазган жок.Үйгө чыгып баратканда да Алтынбек көтөрүп алып чыкты.Туугандарынын жарымы түшүнүп мамиле кылса,жарымы ойсекеленип деп айтып жатышты.Үйүнө барып деле ошо,бир ооз сүйлөбөйт.Тамак жебейт,ыйлаганы ыйлаган.
—Алтынай эмне мындай кылып жатасың?Мени эмне кыйнап жатасың,сага бирдеме болсо мен жашай албайм.Мен сени сүйөм жаным,мынтип мени кыйнабачы.Баардыгы болот бизде,балалуу болобуз сөзсүз.
—Качан? …Качан болобуз.Сүйүүнүн бир тыйынчалык кереги жок мага.Баласыз үйдө жашагым келбейт,сенин бактыңды байлагым келбейт.Менго эптеп жашай берем,аргасызмын төрөбөсмүн.А сенчи сен балалуу болосуң,болгону мени коё берип бала төрөп бере турган аял алышың керек.Мен жөнүндө ойлобо баары жакшы болот.Кааласаң кетпейм балдарды карашам,кул болоюн болгону аял алчы дагы.Эгер сен баласыз өтсөң мен өзүмдү кечирбейм.Ошондо чындап мени жоготосуң.
—Алтынай токто эми мен ук.Сен боюңда болгон жерде эле «Сурагатный мать»деп айтат экен ошондой дагы бар экен.Экөөбүздүн балабызды бирөө төрөп берсе болот экен.Энеси сен атасы мен бойдон калат экен биологический,болгону төрөп берет ал.Кел ошентип алалы.Кааласаң кыз,кааласаң уул кааласаң экөөнү тең тандасаң болот экен.Төрөп берчү энеге көп суммадагы акча төлөнөт экен,бирок бизде ал сумма бар.Дагы бир аракет кылып көрөлүчү,суранам.
Жашоосуна бирөө жарык бургандай Алтынай ордунан аста турду да :—Андай кызды кайдан табасың?-деп суроо узатты.Аны биз издебейбиз өздөрү таап берет.
—Маакул Алтынбек,эгер бул болбой калса дароо үйлөнөм деп сөз бер.Болбосо мен маакул болбойм.
—Ооба сөз берем Алтышка,анда эртеңден калбай барабыз маакулбу.
Эртеси эле Алматыга жолго чыгып,былтыр кайрылган жайга жетип барышты.Колунда наристе жок кирип келгенин көргөн врач дароо түшүнгөнсүп жөн эле учурашып койду.
—Салеметсиздерби..
—Саламатчылык,мен сизге биздин жагдай жөнүндө кабар бердим эле.Ошол силер эне тапканча биз анализдерди тапшыра берели.Контракт түзөбүз.
Маакулдашып эртеңкиге келмей болушуп,жатаканага жөнөп кетишти.
Кудай жолун ачтыбы же дагы бир байкуштун багын ачкысы келдиби ким билсин.Ошол барган жатаканага киргенде Кыргыз кызын жумуштан айдап жатканына күбө болуп калышты.Бараар жери жок,жетим кыздын Ошто бир эле эжекеси бар болчу.Анын да үч баласы бар,күйөөсү жок ушул Кенже салган акчага күн көрчү.Кенже ыйлап айдабашын суранып жатканына көңүл да бурушпады.
Жатаканага жайгашып,Кыргыз кызда да үч күн жашап туруусуна акча төлөп койду.Сүйлөшүп олтурушуп Кенженин күйөөгө тийип чыкканын жана үй-бүлөөсүн багуу үчүн тынбай иштеш керек экенин билишти.Өздөрү дагы эмнеге келгендерин жашырбай айтышты.
Кенже эне табылбай жатканын укканда сүйүнгөндөй болуп сөз баштады.
—Мен мурунда күйөөгө тийип чыккандыгымдан мени эч ким сөз кыла албайт.Ошондуктан силер издеген эне мен боло алам.Жана контрак жок эле ошол силер айткан жарым акчага төрөп бере алам.Болгону баш калкалаганга үй алып алсам болду.Эжекем үч баласы менен көчөдө,ошолор тынсын.Эгер туура келсе мен маакулмун.Эртеси Кенжени алып барып көрсөтүштү эле,анализ тапшыртып текшерип анан туура келет деген жооп беришти.Эки ай дегенде боюнда бар Кенжени алып Кыргызстанга кайтып келип,чогуу жашап калышты.

Уландысы бар.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️