МАҢКУРТ (2 бөлүм, аягы)

https://kyrgyzcha.site/?p=53505&preview=true Кызыктуу окуялар.

МАҢКУРТ

2 бөлүм

Алиманын экинчи уулу Түрк лицейин бүтүп ,Турцияга кетээрден мурун Алиманы жана эки кичинекей таежесиндеги инилерин көргөнү айылга келди.

Апасын көрүп ыйлап ,боздоп апасын кучактап өпкүлөп жатты.

Алима тааныбады .Колуна ,бутуна өткөн жиптин изи жүрөгүн титиретти.

Атасын барып өлтүрүп салгысы келди.

Кантип өлтүрөт ? Ошону ойлонуш керек .

Бычак менен сайып салса? ,атып салсачы?

Таятасын мынтыгын издеш керек деп ойлонуп отурду.

Адам жалдап келип олтүртсөчү ?

Жоок муунтуп өлтүрөм ,17 жашта жашы жетелек балдарга канча жыл берет сот деп ойлонуп кележатты.

Керимдин үйүнө жетти.

Атасын көрбөгонүнө 5 жыл болуптур .

Бирок баары эсинде .

Үйгө кирип келди .

Баягы үйү ,апасын элестетти,көзүнө жылуу учурады үй ичи.

Керим семирип алыптыр ,ичпей калганбы деп ойлоп кетти.

Жолдо таксиде

Кимдин баласысын,сени мурда көрбөгөм’кимге кележатасын ?

 

-деп деп сураган карыяга сөз айталбады.

Эмне дейт Керимди адам эмес ит сыйлабай калган.Керимдин баласымын дегенге оозу барбады.

Керимдин кебетеси —

«атамды өлтүрөм». деген оюнан кайтарды.

Атасына арданып ыйлап жатты.

Тообо ушунча көз жаш кайдан чыгат адамдан ?

Ата бизден бир жолу кабар алганы неге барган жоксуз деп ыйлап жатты.

«Ата деген сөздөн айланган Керим,сен көр болгун »

-деп тоолор каргап аткандай.

Керим баласын кучактап,бооруна кысты .

Караса өзүнө куюп койгондой окшош.

-Уулум,баары жакшы ыйлаба,акеңден

кабар барбы ,турцияда окуп атат деген справка керек ,акене айт салып жиберсин,болбосо пособия аз чыгып атат,эми сен да 18 жашка толсоң’андан да аз чыгат.

-деген сөзү Бакытты башка бир эле койгондой болду.

Түрктөдүн ата энесин сыйлоо сабактары бекер кетпеген окшойт.Атасына сөз айталбай чыгып кетти.

Керим менен Алиманын тун уулу

Кадыр,экинчиси Бакыт ,эгиздери Аман ,Эсен,бешинчиси Сыргак,кенжеси Чубак эле.

Бакыт жаңы айыл өкмөтүнө барып,

Ким экенин айтып,атасын ким экенин айтып жардам берүүсүн суранды.

Атасын аталык укуктан айрып берүүсүн жана пособияга эч тиешеси жок экенин айтып доо арызын таштап чыгып кетти.

Айыл өкмөттү ушунчалык сулуу көздөрдү каерден көрдүм эле деп ойлонуп калды.

Чоң адамдай инилеринин укугун коргоп жатканын ,айыл өкмөтү укпаган закондорду,статьялары менен айтып жаткан жигитке таң калды.

Түрк агайы балдарынан бир да жолу кабар албаган деген справка берип,сотко өзү жүгүрдү.

Аталыктан айрылган деген чечим тез эле чыкты,себеби өзү көп жыл мурда балдарынан кечип ,өзүнө өзү чечим чыгарган эле.

Кадыр жашы жетелек Бакытка жана инилерине озү опекун болуп акчанын баары банкта чогула турган болду.

Бакыт күздө Турцияга иштегени акеси Кадырдын жанына кетти.

Эки баланын ою акча топтоп Алиманы Израилге мээ имплантантын койгонго акча топтоп жатышты.

Англис,Түрк тилдерин өздөштүргөн жигиттер тез акча чогултушту.

Алиманы Израильге алып барыш кыйынга турбады.Медицинасы өтө жакшы өнүккөн Израиль мындай оорунун далайын көргөн.

Башкача методору менен Алиманы операцияга 6 ай даярдашты.

Дарынын күчүбү Кудайдын күчүбү,балдардын ыйыбы Алиманын нерв системасы калыбына келип,ооруну сезип баштады.

Операцция өтө оор болду.

Алиманын баш мээсин атайылап 2 секундага аралыгы менен 5 жолу өлтүрүлүп кайра тирилитип,имлантат коюлду.

Атайылап искуственный комада бир ай жаткан Алима өзүнө келе баштады.

Балдарын көрүп тааныбады.

Бирок күнүмдүк кылган нерсени унутпайт.

А бирок мурдагы жашоосун такыр эстейалбайт.

Врачтар мурдагы жашоосун эстетиш үчүн дагы бир операция керек дешти.

Эки бала ошолжерден секире турушуп,

-No No No

Деп бир ооздон жооп беришти.

Себеби бир да жакшылык күн көргөн эмес.

Балдары апасын кайра ооруп калбасын деп,бактылуу үйбүлөбүз атабыз бар эле өтүп кеткен, 6 балаңыз бар депшип алдап коюшат.

Эки баласы апасын жуундуруп ,ич кийимдерин алмаштырып,чачын өрүп ,бутунун тырмактарын алып ,жонундагы көп жылдык жараларын таңып беришет.

Израиль врачтары шок болуп калышты.

Себеби Алиманын баш сөөгүнүн эки жеринен эски жаракаты бар,кабыргалары ийрейип калган ,бутунун сөөктөрү сынып кайра бүтөлгөн .

Тизесини териси жапайы жаныбарлардыкындай катуу күчтүү болуп калган .

Алиманын өлбөй жашап жүргөнүнө таң калышты.

Врачтар балдарынан эмне болгон энеңерге дегенде көздөн жаш тыйылбады,атасынын зөөкүрлүгүн айтып бүтөалбашты.

Врачтар өз ара сүйлөшүп Алиманы дагы бир жылга Израиль курортуна бекерге жөнөтүштү.

Кадыр менен Бакыт апасына массаж кылганды үйрөнүшүп белин түздөп берип атышты.

Апасыны жаткан Курортко масажист болуп ишке киришип алышты.

Бир жыл тез эле өтүп Алиманын башынан темирлерин алышып Кыргызстанга учурушту.

Ошондо врачтар,медсестралар балдарына энеңерди караган үчүн эки дүйнө бактылуу болгула деп Еврейче бата беришти.

Кыргызстан өзүңүн мекениңда,эч нерсе Ата журтуңа жетпээрин Эки бала качан эле сезишкен.

Абасы таза тоолордон эч качан эч жака кетишпейт эле.Зөөкүр Атасы адам болгондо.

Алима балдары ,айылы менен кайра баш ан таанышып чыкты. Бактылуу үйбөлөгө элдин баары оозу ачылат.

Төрт аяктап эмес эки аяктап баскан Алиманы айыл эли инопланитянин көргөндөй карашат.

Атам өтүп кеткен деп айткан жалганы чыгып калбасын деп балдар апасын элдерден коруп жүрүштү.

Алима акыла киребаштады.

Бирок бир күнү Алима эскилиги жеткен бир үйдүн алдына келип токтоп калды.

— БУЛ үй,бул үй кимдин үйү.

Мен жакшы билгендейминго бул үйдү,түшүмдө көп көргөм бүл үйдү-???

деп Чубактан сурады.

А Чубак бул үйгө бир да келген эмес ,чын дилден билбейм ал кимдин үйү деди.

Бул үй Керимдин үйү эле.

— Чубак балам ичине кирели үйдүн,мүмкүн мен же мени тааныган адамдар бар болуп жүрбөсүн .-деди.

Чубак кенжетай эрке баласы жок дебей үйдүн ичине киришти.

Алима селейип катып турду

Чубак апасынын колун кармап турду .

Эшикке чыгышып баратса бир караан бутун силкий араң басып кележатыптыр.

Чубак бул киши ким десе

—апа бул кишини тааныбайм

-жүрү тиги далдоорак жерге барып бекинип карап туралычы деди.

-апа боллону жок тракторго бекинейлиби?

Алима тракторду көрүп,башы айланып кетти ,анан сылкый баскан кишинин жүзүн көрүп калган Алима эстен тана жыгылды.

Чубак апалап Бакыт аке деп үйгө чуркап келди.

Бакыт военкаматтан келген кагазын кармап ойлонуп турган,аскерлик кызмат өтөгөнү барсамбы, деп.

Бакыт Чубак Сыргак Аман Эсен эжеси болуп чуркап келишсе ,тообо апасы акыркы жолу башына трактордун ключу тийип кулаган жерде жатыптыр.

Ошондо да Чубак ай ааламды жаңыртып ыйлаган эмес беле.

Кайра баары башталдыбы?- деп апасын тез жардам менен Бакыт шаарга алып жөнөдү.Алима өзүнө келип ,3 күндө ооруканадан чыгып кетти.

Бакыт эми экинчи айылга келгис болду.

Апасына апа айылга барсам мен аскерге алып кетип калат деп шылтоо кылды.

Алима менен Бакыт айыл өкмөтүнө келе жатышты,эмки күздөгү призывда аскерге барайын деп суранабыз деп.

Айыл өкмөтү жигитти таанып колун кысып учурашты ,а Алиманы көрөгөндө катып калды.

— Бул менин апам Алима ,сизге иштер менен келдик эле.

-деп сүйлөп жатты.

Оо бул көздөрдү унутууга болбойт эле,Алиманы бүт айыл сүйөт эле го.Айыл өкмөтүда балалык баё сезим менен сүйүп жүргөн ,бир класста окуган эң сулуу кыз эле да.

Бакыттын көзүн жылуу учураткан өткөн жолу көрсө Алиманын көздөрүн тартыптыр да.

—Алима мени тааныдыңбы,мен сенин классташың боломго

Сен Алима Чынарбай акенин кызысыңда туурабы ???.

Деп сөзүн бүтөлек жатып Бакыт апасын түртүп эшикке чыгарып койду

—Апа каридордо туруп туруңуз ,мен азыр чыгам.-деп

—Темир Шаршенович дагы жардамыз тийип калды ,аскерге эмки жылы барайын эптеп алып калыңыз ,апамы карай турган мен элемин акемКадыр турцияда окуп иштейт.Апамды билсениз эмки жолу таанымаксан болуп коюңуз ,оор операциядан араң чыкты .

-деди.

Темир Шаршенович бир кагазга кол коюп, жазып сураган жерине алпар деди.

Эртең шаарга көчөбүз деген түнү Алима Чубакты түн ортосу тургузуп ,жанагы үйгө келди.Үйдүн ичинен тааныш үн онтоп,кыйналып айгайлап чыкты.

Бул тааныш үн кимдин үнү эле.???

Эртеси шаарга көчүп кетишти.

Бакыт Темир Шаршеновичке Шаардагы адресин берип ,кабарлашып туралы деп кетти.

Бир жыл болсо да иштеп келейин деп Бакыт Апасын Аман Эсенге тайындап Турцияга кетти.

Алима баягы сылтый баскаан караан ким болду экен деп ойлоп ой түбүнө жетпеди.

Израильдеги врачтар уникальный аялды унута албай дагы бир жолу обследованиеге келип кетсин деп суранды.

Алима Израильге дарыланууга кетти.

Палатада жаткан Алиманы ,-сизге мейман келди деп медайым тургузду.

Ким келмек эле балдары Турцияда ,айылдагы онтогон үн келдиби деп ойлонуп караса Айыл өкмөтү Темир.

Алима Израильдин абасына жашара түшкөн.

Экөө кайра таанышып калышты.

Өткөн кеткенди сүйлөп ,күлүп отурушту.

Темир балалуу болбой ажыраштым ,күнөө менде экен деди.

Алима менин күйөм өтүп кеткен деп коет.

Темир кечееле көрбөдүбеле Керимди.

— Алима капа болбосоң бир окуяны айтып береин деп сен деп баштаганда медайым кирип убактыңыз бүттү деди.

—Алима мага турмушка чыкчы,деп гүлүн сунду.

Кечеле темир катын болуп мээсине,жаагына,бутуна темир койдуруп өлүп жатат элего ,а бүгүн мынтип Кыргызстандан Израильге келген жигит турмушка чыгуусун өтүнүп жатат.

Темир менен Алима Израильде үйлонүшту.

Жана Чубак менет Сыргакты Израильде чоңойтуштү.

Он жыл Израильде тез өтүп кайра Кыргызстанга Алима Темир Чубак болуп үчөө келишти.

Он жылда Кыргызстан өтө өзгөрүптүр.

Алима ОШ базарда соода кылып жүрсө бир аксак тилемчи онтоп туруптур.

Жанына адам баралгыс чирип курттап кеткен тилемчинин көзүнө караса Керим экен.

Ооба Керим атасын үйүн сатып акчасын Айсалкынга алдатып ,өзү көчөдө картондордун арасында жашайт экен.

Арактын айынан акыл эсинен адашып адамдарды тааныбай калган.

Жаман көргөн эримен жакшы көргөн балам бар деген макал Алима жөнүндө.

Алима чыдабай Чубакты чакырып

— балам

атаңы карап ,багып ал.

Жаман болсо да сенин атаң .-деди.

Эртеси Чубак атасын жуунтуруп таратып эң күчтүү ооруканага жаткызды.

Чубакты Керим эстей албай койду

— сен кимдеген кишинин баласысың?

—Ата сенин кенже уулуң Чубакмын,апамын аты Алима —

деди.

Керим бүл сөздү укканда кан тамыры жарылып инфарк болуп ,паралич болуп калды.

Бир жылча атасын караган Чубак ,атасы өткөндө атасын айылга алпарып койду.

Атасынын чөнтөгүндөгүнөн акыркы кагазын таап алды,окуса

-#Кечиргиле # деген эле сөз экен.

 

Бул чыгармада ким күнөөлү деп ойлойсуз урматту окурман ???

Акчасы көп Керимдин атасыбы.

Бирөөнүн тагдырын чечкен айыл аксакалдарыбы

Күрү намызспы??

Чынарбай байбы ,же мынтыгыбы.?

 

 

Аягы.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️