Кетээрин эстегенде ыйлагым келет. Ар бурчу аны эстеткен шаардан качып, бул жакка келсем, бул жакка да издерин калтырып кетип жатат. Эртен менен бул пляжга келгенде, кафеге киргенде, отельдин жанынан откондо заманам куурулуат го. Экообуз жетелешип кун батышты карай дениз бойлоп бара жаттык.
-Биз эч качан урушпайбыз ээ?,-деди тынчтыкты бузуп.
-Кайдан келди оюна мындай суроо?
-Билбейм. Мен сенин жанында ото бактылуу болом. Жанына келсем жиним таркап, жаман ойлор кайдадыр учуп кетет.
-Мен да.
-Сен да жаман нерселерди ойлойсунбу? ,-деди каткырып.
-Эн жаман ойлорду мен ойлоном да,-дедим тамашасын улай.
Кумга отура кетти. Мен да жанына отуруп калдым.Мени ото токтоо карады да:
-Нике кыйдырып алсак кандай болот?,-деди
-Кандайча?,-дедим чоочуп кетип.
-Ата-энебизге айтпай эле.
Мен унсуз карап тура бердим.
-Башка аргам жок. Сен мени бир куну таштап кете тургандай сезилет,-деди токтобой.
-Нике деген оюнчук эмес да.
-Ооба ,билем,бирок. ..
Жымжырттык окум суруп мен жерди карап, ал мени карап отура бердик.
Бир убакта эсиме келгендей:
-Болоор иш болот. Тагдырыбыз эмнени буйрук кылса ошону жашайбыз. Мен мындай ишке бара албайм. Ата-энемдин умут арткан кызы болсом, жашыруун нике кыйдырып, алардын алдында туура эмес иш кылгым келбейт.
Бир да соз суйлободу. Тек гана кучагына тартып терен терен дем алып жатты. Ичимден мин туркун ой мээмди жеди.Балким айтканын кылсам бактылуу болмок деди бир тарабым. Бир тарабым каршы чыгып, сен да элдердей жузу жарык турмушка чыгышын керек деп шыбырап жатты. Акыркы куну экенин эстегенде журогум тызылдап кетти. Мага эмне болду билбейм, башымды которуп кучактап ооп баштадым. Ал мени кучагына бекем кысып ооп жатты. Дуйнодо экообуз эле бардай уятты жыйыштырып коюп кылган кылыгым учун озум да тан калып турдум. Башымды ийнине жолоп отуруп калдым.
-Жаным эмне болду сага?,-деди жай жылмайып.
Уялганымдан жооп бербей отура бердим.
-Мен жанында турганда эле сагынып жатсан, мен кеткенде кантесин?
-Жаным «кетем» дебечи.
-Макул кетпейм,-деди чекемден ооп.
Кайдагы кетпейм, экообуз озубузду жаш баладай алдап жаттык. Эртеси куну тушку саат 12 де экен самолету. Тан атканча уктабадык. Маанай бузчу нерсе да айтпадык бири бирибизге. Мегаполисти кыдырып журо бердик жетелешип. Бир жерден отуп баратып подвалдан чыгып жаткан музыка конулду бурду. Тунку клуб экен.
-Кирелиби?,-дедим аны карап.
Тан калып бир азга турду да:
-Сага мындай жерлер жакпайт да.
-Жон эле кирип чыгалычы?
-Жон эле да кирчу беле?Сен мындай жерге омурундо кирбесен.
-А мен баргам бир жолу.
-Качан? Ким менен?,-деди кабагы туйулуп.
-Сен Мека менен Москвада жургондо жиним келип.
-Анан,-деди кулуп жатып.
-Журчу, анан айтып берем.
Аны колунан тартып жер толоону коздой тушуп бараттык. Кире бериште эки чон охранниктер билет сурады. Мен артта кутуп турам. суйуктуум эмне деп суйлошту билбейм «жур» дегендей белги кылды. Бул жакта биздикинен бир топ распущенно экен. Ортодогу бийлеген кыздар, кучакташып- жытташып жаткандар. Ынгайсыз боло тушконумду сезди окшойт:
-Чыгалыбы?,-деп кулагыма шыбырады ызы-чууда.
-Макул,-дедим жактырбагандай башымды ийкеп.

Киргенден да чыкканыбыз бат болду окшойт, чыгып эле таза абадан дем алганыма суйундум. Ал кулуп жатып:
-Кандай экен?
-Жаман,-дедим.
-Биринчи жолкусунда кандай болду эле?
-Айтпай эле коеюнчу,-дедим айткым келбей.
-Сен анан айтып берем дебединби.
Быдылдап айтып баштадым. Ал уккан сайын ону бузулуп жини келе баштады.
-Ошондой эле ойногун келсе Султанды чыкырбайт белен,-деди созумду болуп.
-Мен аны ага чейин бир эле жолу корсом, 5 жылдык группалашыма неге ишенбейин?
-10 жыл окусан да ишенбеш керексин.
-Келчи эми кайдагы окуяны эстебей,-дедим колунан кармап.
-Азыр эмес, бирок кийин бул теманы созсуз талкуулайбыз.
-Биз депутат белек талкуулагандай, -дедим тамашалап.
Кулуп жатып жини тарап кетти.
Аэропортко барба дегенине болбой барып алдым. Регистрация башталганча анын ийнине башымды жолоп отурдум.
-Барганда эмне кыласын?
-Сени сагынам.
Колун катуу кысып кармадым. Регистрация убагы бат эле келип калды. Эн акырында барасын деп убакытты узарткан менен убакыт кызык нерсе, отпосун дегенде бат отуп кетет. Билетин текшертип жатканда ааламда жалгыз калчудай ызаланып турдум. Мени карап кол булгалап кутуучу болмого кирип кетти. Чуркап чыгып таксиге отуруп бара жаттым. Козумдон жаш менин каалоомсуз тогулуп жатты. Кузгудон караган таксист:
-Are you okay?(Жакшысынбы? )
-Yes , thank you.(Ооба,рахмат)
-Why are you crying?(Эмне учун ыйлап жатасын?)
-Don’t know.(Билбейм)
Ал да тушунду окшойт, суроо сурабай уйумо жеткирип койду.
Эшикти ачайын деп ключту салып айландырган менен колум титиреп озумду колго ала албай копко убараландым.
Жазчу жанылык болбогондуктан жазбай жатам. Конфликт болгон акыркы жолу. Чалып,жакшы эле суйлошуп жатканбыз.
-Мээрим жумушка орношту ,-деп баштады жанылыктарын.
-Жакшы болуп калдыбы?,-дедим созду улай.
-Жакшы. Акыркы убакта ооруусу кармабай калыптыр. Алаксысын деп жумушка киргизиптир мамасы.
-Жакшы, абдан кубанычтамын.
-Мен да.
Мындан кийин 2-3 муноттой жымжырттык окум сурду. Акыры кучумду топтоп:
-Жакшы болуп калса оз жашоосу менен кететтир,-дедим айтып бутоор менен терен дем алып.
-Оз жашоосу менен эле жашап келе жатат го,-деди куйбогон жеримди кул кылып.
-Ошондуктан, мен бул жакта, сен ал жакта журот экенбиз да ээ?,-дедим таарынгандай ун менен.
-Мээрим болбосо кетпей коет белен?
-Балким.
-Сен мени суйуп, ойлосон кандай гана болбосун жанымда болмоксун,-деди унун окум чыгарып.
-Кечирип кой, мен мени гана тандабаган адамдын жанында тура албайм. Эгер мени тандасан, кандай гана абал болбосун жанында болмокмун.
-Сен оорукчан кызга кантип озунду конкурент коросун? Сен кантип «же мен же ал?» деп айтасын.Сен ушунчалык таш боорсунбу? Бул ирет уну катуу чыкты.
-Кечирип кой , мен сенин жаман жактарынды коргум келбейт. Дагы бир аз суйлошсок конулум калып калышы мумкун,-дедим телефонду очурууго шашылып. Бирок, ал бул конфликтти аягына чыгаргысы келип тургандай:
-Качпа. суйлошобуз. Сен бул теманы суйлобосон унутулуп калмак беле?
-Суйлошолу, бирок,эмнени? экообуз бул теманы далай суйлошуп, чечим чыгара албадык эле го.
-Бугун чыгарабыз анда.
-Мен эки колдоп макулмун,-дедим чын эле ачууланып.

-Сен мени тандаганын учун Алмаз ошол жакта журот экен да ээ?,-деди. Алмаз.. Алмаз.. Бир топко ойлоно тура калып эстедим, сиздерге башында айтып берген группалаш » поклоннигим» . Мен анын бул жакта окуганын билсем да такыр кызыкчу эмесмин. Козумду май басып, жалгыз гана суйуктуумду коруп калгандыктан ал жонундо ойлоп да койбосом керек.
-Эми кандай шылтоо табасын? Мээрим го ооруйт, ал оорубайт да бирок,-деди ыза аралаш.
-Сен эмне дегин келип жатат?
-Сен тушундун.
-Менин жалгыз тушунгонум Алмаздын бул жакта окуганын билет экенсин. Мунун мага кандай тиешеси бар?
-Кандайча тиешеси жок? Ал сени 5 жыл суйуп журуп, конулу калбай ал жакка да барыптыр.
-Мени жакшы коруусун мен тыя албайм да. Эн негизгиси мени тынчсыздандырбайт. Сен созду болуу учун ачтынбы бул теманы?,-дедим ага тушундуруп жатканыма жиним келип.
-Жок, сага тузмо туз тиешеси болгондуктан.
-Сен мени кызганып жатасынбы?,- дедим дагы эле тушуно албай.
-Ооба, сен мени кызгангандай, деди какшык аралаш.
Башым кадимкидей ооруп чыкты. Бири бирине тук тиешесиз темаларды суйлошуп, тушуно албай турганыбызга жиним келди.
«Ал менен жолукмак тургай, суйлошпойбуз. Ал мени суйгону менен менин тынчымды албайт. Мен ал жонундо ойлоп дагы койбодум» деп актангым келип турса да оз куноосун ушул жол менен жуугусу келген суйуктуумо жиним келип, суйлоор созумду таппай турдум.
-Каалаганындай ойло,-дедим акыры оюмду жыйнап. Мага ишенбесен, сенин алдында актанууга милдеттуу эмесмин. Жада калса мен ойлоп койбогон нерселерди айтып жатканына ишене албай турам.
-Мен да ушуну сезишинди кааладым. Сен да «мен Мээримге ооругандыгы учун кам кором»,-деп канча айтсам да ишенбегенсин, -деди жай гана.
-Омур бою кам кором десен уйлонуп ал,-деп телефонду очурдум да туш келген тарапка ыргытып жибердим.
Денемди майда калтырак басып, жалгыз гана ачуулануу эмес жек коруу сезимдери пайда болуп жаткандай болду. Ыйлагым да келбеди. Бирок озумду кантип женилдетуунун жолун таппай турдум.

Аябай оор экзамендерим менен алек болуп арадан 2 жума отту. Кундо суйлошуп конуп калган жаным, сагынып жудоп да кеттим. Бирок, чалбадым да, жазбадым да. Акыркы экзамендерим калган. Туруп чай коюп , даяр болгончо телефондон социалдык баракчамы текшерип жатып коргон козумо ишене албай турдум. Менин суйуктуум Мээрим менен жанаша тушкон суротторун жуктоп, жада калса достору «Жакшы тугойлор» сыяктуу комментарийлерди жазууга жетишиптир. Ордумдан турбай отура бердим. Тура калсам жер астын-устун болчудай башым айланып, озумду сезбей турдум. Бул кызганыч илдетиби? Же жон гана ачуулануубу? Мен эмнеге озумду кармана албай турам?,-деп шыбырап жаттым. Мойнумдан бироо муунтуп жаткандай дем жетишпей, ыйлагым келип турдум. Бир саатча убакыт откондо озумду суйроп университетке жонодум. Аудиторияда отурам. Оюмдун баары башка жакта , тагыраак айтканда башка бироодо. Кудай жалгап, экзаменим жакшы отту. Ал учурда ал да кызыктырбай жаткан негизи. Демейде тамашалап, куло берчу жаным, ал куну соз суйлогон баарына бурк этип, ичимдегини чыгаруу учун урушуп кетууго да даяр элем. Акыры абалымды тушундубу, эч ким унчукпады. Акыркы экзаменди ийгиликтуу тапшыруунун шаанисин кылалы деп чогуу окуган достор конул ачууга кетишти. Мен,жакында эле суйуктуум менен жетелеше басып, бакытка балкыган дениз жээгинде суу кечип откордум ошол кунумду.
Кечинде жаздыгыма коз жашымды тогуп , телефонду кучактап жаттым. Суротторду адашпасам 50 жолу ачып карадым окшойт. Чалып бир жообун уккум келди. Канчалык чалгым келбей турса да бир жообун укмайынча конулум тынчымак эмес. Ортодо коп саат айырма болгондуктан, уктап жатканын билсем да номерин терип баштадым. Бирок «абоненттин аппараты очук» экен. Мени таштап Мээримди Москвага алып кеткенде да ушундай сезимдер курчаса келсе керек эле.Бирок, ал учурда экообуз мынчалык жакын эмес элек. Азыр таптакыр башкача. Мен анын жан дуйносун, жылуулугун, жытын адашпай билип, андан башканы козум корбой калган болчу. Ал мени корунбогон жип менен байлап, оздук кылып алган болчу. Ансыз жашай албайм дебесем да , аны унутуу коптогон жылдарымды алаарын билем. Социалдык баракчадан ага жаздым : «Мени унутуу сен учун канчалык оной?».
Тунт адамдын кейпин кийип, жай келээри менен Мекениме, суйгонумо барам деген коксом сууп журом. Алмазга жолуктум. Ага ыраазы болгонум озунун сезимдерин мага тануулабайт, мен сени суйгонум учун сен да мени суй дегендей мамиле жасабайт. Ага айтып берип жатып, коз жашымды кармана албадым.
-Ушул коз жашынды токкон адамды колумдан келсе аябай жазаламакмын, -деди оор ушкуруп.
-Анда мени да жазалаган болосун,-да дедим козумдун жашын аарчып.
-Ошондуктан колум байланган сыяктуу журом да,-деди мага карап.
-Суротко тушолубу?,-дедим тамашалай, озумду алаксытканга аракет кылып.
Ал да тушунду окшойт:
-Оч алуундун объекти мен болдумбу ошондо?,-деди шандуу каткырып.
-Каршысынбы?
-Жок, сен каалаган нерсеге каршылык корсото албашымды билесин да.
Экообуз тушкон бир нече суротту мен да баракчама жуктоп салсамбы деп жаш балача оч алууну ойлонуп жургонумо тан калам.
Уландысы бар