Пример HTML-страницы

Кызыл-Кыяда көмүрдүн бир кабы 250 сомдон сатылган пункт уюштурулду

Акыркы жанылыктар

TurmushКызыл-Кыя шаарында калаа тургундарын арзан көмүр менен камсыз кылуу максатында муниципалык көмүр сатуучу жай уюштурду. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Маалыматка караганда, учурда дагы эки жерге көмүр сатуучу муниципалдык жайларды уюштуруу пландалып жатат.

«Көмүр казган ишкерлер менен түздөн-түз сүйлөшүп, жеринен бир кабын 250 сомдон сатып жатышкан экен. Көмүрдү ошол баада шаарга алып келип, элге сатып жатабыз. Алгач бир адамга 10 каптан деп сүйлөштүк эле. Бирок азыр талап көп болуп, жеткире албай жатабыз. Күнүнө 150-200 кап сатып жатабыз. Бир адамга 4-5 каптан сатылууда. Кийинчерээк 10 каптан сатылып баштайт», — деп айтылат маалыматта.

Расмий маалымат боюнча, Кызыл-Кыя шаарынын калкынын саны 60 миң адам. Бирок ички миграцияны эсепке алганда жашоочулардын саны 80 миңден ашат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE