«КЫЗЫЛ КОЙНОКЧОН КЕЛИН» 1 БОЛУМ
Балыкчыдан, коноктон чыккам. Кечки саат тогуздардан өтүп калган болчу. Өзүм машина айдап жүрсөм да кызуумун. Кажы-Сайга чейин «наша территория» деп койчубуз. МАИ аттуунун баары тааныш. Өмүрү тозушчу эмес. Чечекейим чеч боло, магнитафондогу ырлардын күүсүнө термелип келатам. Чындыгын айтайын «жолдон жалгыз-жарым келин-кыз жол тосуп калса, деп үмүттөнүп, аялдамаларды карайм. Өзүм жалгызмын. Жол тоскондор жок. Экиден-үчтөн же эркектер. Ошентип келатсам тилекти Кудай берип, Кара-Шаар айылынан жалгыз кыз тосуп калды. «Шып» эле токтодум. Аркасына отурсам дегендей кылды эле, «Алдына отур», — деп жаңсай, астыңкы эшикти ачтым. Кыйылгансып туруп отурду. Караколго баратыптыр. Кичине жүрбөй эле тааныштык. Анча-мынча тамаша айтсам жообу түзүк. Зирпилдеп, жанына жолотпой секиргенден эмес экен. Машинанын ылдамдыгын которумуш болуп, балтырына бир-эки жолу колумду да тийгизип койдум. «Коюңузчу» деп секиримиш болгону менен чындап эмес, кылыктанып жатканын туйдум. Эки-үч вульгарный, ойноштор тууралуу анекдоттордон айттым эле шаңкылдап күлүп калды. Ылайыктап келип, жолдун четкерээк, калың бак жакка айдадым.
«Каякка?» — деди тигил чоочуп. «Чоочуба» , бардачокто бир бөтөлкө коньяк бар эле. Таанышкандыгыбыз үчүн элүүдөн ооз тийип коелу», — деп шыпылдадым.
Кереги жок, коюңузчу» , — деди. Ага боломбу. Калың бактын көлөкөсүнө кирип токтодум. Ай сүттөй жарык болуп турган, машинанын ички жарыгын күйгүзүп, коньякты алып чыгып шыпылдай ачып, экөөбүзгө куюп, «алып жиберчи» деп суранганга өттүм. Кылыктанып ууртап жатып, алып жиберди. Өзүм да тартып ийип, «Эми эмнесине ишти чоем, түз чабуулга өтөйүн» дедим да, өзүмө имере тартып өпкүлөп кирдим. «Кызык экенсиз» демиш болгону менен каршылык кылбады. «Сен деле көптүн бири турбайсыңбы. Эптеп кылыктанымыш болуп, менин машинам менен бекер Караколго жеткиң келип турат го. Аны иш бүткөндө көрөлүк», — деп ойлодум, ичимден. Бир колум менен машинанын тигил отурган орунтугун жаткырып, кызды чалкасынан жыгып, «ички кийимин чечейин» деп жамбашын сыйпалап жатып, кандайча экенин билбейм, машинанын терезесинен сыртты караптырмын. Карасам, машинадан 5-6 кадам арыраак айдын жарыгы түшкөн жерде, узун кара чачтары жайылган, кызыл көйнөкчөн келин бизди карап туруптур.
Эмнегедир денем «дүр» дей түштү. Ордумдан тура калдым. Мунумду тигил да байкап калды. «Эмне болду?» деди чоочуй. «Келин жүрөт» дедим. Кайра карасам баягы келин жок. Мен эмне болуп жатам, же мас болуп калдымбы? «Ээн талаада кайдагы келин» деп ойлодум, ичимден. «Кайдан көрдүң?» деп берки чачы-башын оңдоп, элтеңдеп эки жакты карап жаткан. Аңгыча «Тигине кызыл көйнөкчөн неме экен» деди, машинанын арт жагын көрсөтүп. Бул жолу ал көрүп, мен көрө албадым. Тигини жоошутуш үчүн: «Ушул тегеректеги чабандардын аялы го» деп койдум да. «Кой, бул жер болбой калды, кайра жолго чыгалычы» , — деп машинамды от алдырып, жарыгын күйгүзсөм, баягы келин так алдыбызда 10-15 кадам жерде туруптур. Жүрөгүм оозума тыгыла түштү. Беркиден да үн чыкпай калды. Көздөрү бакырайган, маралдай керилген сулуу келин экен. Жөн эле көзүнөн от күйүп тургандай туюлду. Узун чачы жайылып, жука кызыл көйнөгү желге желбирейт.
Буттарын көргөндө, кантип бакырып жиберген жокмун билбейм. Тизеден ылдый түшкөн узун, кызыл көйнөктөн бут эмес эле скелеттин сөөктөрү чыгып туруптур. Муну берки да көрүп, башын менин колтугума катып, «Айда!» деп бакырып жиберди. Шарт артка айдап жолго чыктым да, газды болушунча басып жөнөй бердим. Жолду гана карайм. Эки жагымды карагандан корком. Тигил болсо кичине жүргөндөн кийин өбөктөп алып, орунтуктун астына кусуп кирди. Токтотуп, жардам бергенге дараметим жетпеди. Жанагы каргашалуу жерден бери дегенде 10 чакырымча өткөндөн кийин күзгүдөн артымды карасам, жанагы кызыл көйнөкчөн келин жүгүрүп келатат. Ылдамдык бери дегенде 120-130 болчу. Чоочуп кеткенимден аз жерден авария болуп кала сактап барып оңолдук.
Андан кийин күзгүнү да караган жокмун. Бөкөнбаевде беркинин эжеси турат экен. Туура, үйүнүн эшигинин алдына түшүрдүм. Коркконунан машинадан чыкпай жатып араң чыкты да, үйүнө жүгүргөн бойдон кирип кетти. Мен кеткиче шаштым.
Машинамды эшиктин так алдына токтотуп, үйгө кирип келгенимде, кейпимди көргөн колуктум бакырып жиберди. Астыңкы ээгим кыйшайып, көздөрүм бир башкача айланып, өңүм чүпүрөктөй бозоруп кетиптир. Апам жүгүрүп келгенде, «көзүмө көрүнчү көрүндү» дегенге араң жарап, жыгылып түшүптүрмүн.
Апам иниме машинаны айдатып алып, коңшу айылдагы молдону алдыртыптыр. Капкара улак садага чаап, баабедин өткөзүп, деги кылбаган ырымдары калбаптыр. Үч күн дегенде араң барып эсиме келген экенмин.
Ошондон кийин түн ичинде жол жүргөндөн корком. Жол жүрсөм да машинама толтура киши салып алам. Куран окуганды, келме келтиргенди үйрөндүм. Машинама түшкөн келин-кызга тап койгонду такыр таштадым.
Мына ушул өңдүү окуяларды уккандан кийин гана «Кызыл көйнөкчөн келин» тууралуу новелла жазуу идеясы пайда болду. Көпчүлүк окуялар адабияттык жол менен типтештирилди. Балким, Көл айланасында жашагандардын эсинен чыга электир. Мындан ондогон жылдар илгери мүрзөлөрдүн арасынан белгисиз себептен өлгөн келиндин сөөгү табылганы тууралуу окуя «дүң» деп тараган. Жол бойлоп, ар кимдерге көрүнө калчу арбак жөнүндөгү легенда да ошондон кийин угула баштады.
Окурмандардын бүйрөсүн кызытпайлы, сөз башынан болсун.
Уландысы бар…