Кыянат 9 бөлүм

https://kyrgyzcha.site/?p=13524&preview=true Кызыктуу окуялар.

КЫЯНАТ

 

9 болум

 

Чынында кыз көптөн бери Байэлдин жолугушууга чакырышын күтүп жүргөн. “Жолугушуу үчүн дагы бир жыл керекпи? Жолугуп койгондун оорчулугу жок го” деп жигитке жини келчү. Байэлдин бул кадамы ага күтүүсүз болду. Толкунданып, ичи уйгу-туйгу боло бети ысып чыкты. Аделя шаша-буша даярданып тышка чыкты. Бассейндин жанында отурган атасын көрүп тык токтоду. Дегдөөсү сууй түштү. Атасы бүгүн дагы чылымды тумандата түтөтүп ойлуу отурганын көрдү. Уурданып чыгып кете албайт. Дарбаза так эле атасы отурган жердин маңдайында. Мындай кечте канча суранса да атасы жөнөтпөсүн билет.

 

– Уф! Дагы отурат, эмне болгон атама? Мемиреп эле ойлонуп калыптыр…- оор үшкүрүнө шалдырай үйдү көздөй бурулду. Бөлмөсүнө кирип көңүлсүз сырткы кийимин ыргытты. Аңгыча телефонго чалуу келди.

 

– Аделя, чыктыңбы?

 

– Жок, чыга албай калдым,- кыздын үнүнөн маанайы жок экени, көңүлсүз сүйлөгөнү даана билинип турду.

 

– Эмнеге, сага бир нерсе болдубу?- деди жигит шашыла.

 

– Жок, баары жакшы эле. Атам эшиктин алдында отуруптур. Уурданып чыгуу мүмкүн эмес. Мени күтпөңүз. Башка күнү жолугарбыз,- үйдөн чыгып кете албай калганына жини келген кыз андан ары жигит менен сүйлөшкүсү келген жок. Телефонду өчүрүп, керебетти көздөй ыргытып, адатынча терезени карап отуруп калды.

 

Байэл аллеяны бойлоп жалгыз басып келе жатты. Аделяга жолугам деп асманга колу жеткендей кубанып, жүрөгү элеп-желеп боло дегдеп жаткан. Кыздын жообун угуп күйүп жаткан отко суу сепкендей болуп туруп калды. Аны жакын адамы катары санап жеңиштин кубанычын бөлүшкүсү келген. Жолуга албай калганына ичи ачышты. Жээктеги отургучтардын бирине отура кетти.

 

– Чыга албай калганына кейип коём. Түндө жолугушууга чакырган күнөө өзүмдө эмеспи? Кайда, эмне кылып жүргөнүңдөн, кеч же эрте келгениңден кабар алган жакындарың бар кандай сонун?!- оор улутунуп алды. Балалык кезин эстеди. Ал ар дайым өзүнүн чоң үйү, туугандары, ата-энеси болушун кыялданчу. Алардын келишин күтчү.

 

ххх

 

Тестиер курактагы бала бөлмөдө берилүү менен сүрөт тартып отурган. Чоңураак, олбурлуу бир бала жетип келип колундагы кагазын тартып алды.

 

– Келе,- деп бала кайра алууга тырмышты.

 

– Ха-ха-ха! Атаң менен апаңды тарткансың го,- шылдыңдап күлүп, башкаларга көрсөтүп жатты.

 

– Бер!

 

– Карасаңар кыялкечин, бул өзү экен, анан да бир кызды жетелеп алыптыр.

 

– Бер деп жатам!- Байэл секирип кагазга кол сунганы менен, жетпей койду. Бул кемпай болбогондо Байэл аны эч кимге көрсөтпөйт болчу. Тартып, катып коймок. Анын мындай сүрөттөрү абдан көп. Бирок эч кимге көрсөтпөй баарын катып койчу.

 

– Эмне тырмышасың? Деги сен аларды көрдүң беле? Тим эле көргөндөй тарткансың го,- кагазды өйдө-ылдый жылдырып Байэлди ойнотуп жатты тигил олбурлуу бала.

 

– Бер деп жатам!- деп Байэл бакырып жиберди. Кыйкырганына ачуусу келип, колундагы баракты тиги бала тең экиге бөлүп салды. Ал кагазда жетелешкен аял, кичинекей бала, чачы экиге өрүлгөн кичинекей кыз, анан эркек киши тартылган эле. Байэл үй-бүлөсүн ушинтип элестетчү. Колундагы айрылган баракты карап көзүнө жаш тегеренип кетти. Жетелешип турган кичинекейлердин колу үзүлүп, кыз атасы менен, бала апасы менен калыптыр. Акырая карап алы жетпесе да тигил баланы бир муштап алды.

 

– Эй, керексиз, мага кол көтөргүдөй болуп калдың беле? Ал сүрөт сага эч нерсе болуп бере албайт. Ата-энеңе керек болсоң ушул жерде жүрөт белең? Сен, мен, бул жердеги баарыбыз эч кимге керексизбиз. Билесиңби ошону?- көкүрөктөн ары түртүп жиберип басып кетти. Байэл кичинесинен эле ушундай. Ага ким асылбасын коркуп калчу эмес, акырая карап аларга сөз кайрып, кол көтөрүп жиберчү. Сабалганына да, жаман сөз укканына да кайыл болчу.

 

– Ушунчалык керексизминби, эмнеге мени эч ким сурап келбейт?- деп ошол баланын айтканына ызаланып Зейнеп апасынан сураганы бар.

 

– Мен бармын, сен мага керексиң,- деген аял жүрөгү ооруп.

 

– Сиз мени бул жакта карайсыз. Мен өз үйүмө баргым келет,- Байэл бир топко чейин бышактап ыйлап отурган.

 

– Эх, күтүүдөн пайда болсо эбак болот эле. Эми минтип эр жеттим. Балким, алар бул жашоодо жоктур. Эмнеге таштаганын ким билсин?- жигит оор үшкүрүнө ордунан туруп жатаканасын көздөй жөнөдү.

 

– Беттеш деп жатып, ал да өттү. Эми эмне кылам? Жанымды карч уруп, керели-кечке ар кимдин жүгүн жүктөп жүрүп аз акча алчу элем. Кечинде бут серперге алым келбей чарчап жатканыма карабай машыгуумду улантканымдын пайдасы тийдиби же Кудайдын мага боору оорудубу, ким билсин? Минтип олжолуу, оңой ишти мага буюрду. Машыккан өзүмө жагат, машыгып жатканым үчүн мени каржылашканычы? Аванс деп бергени ушунча болсо, толук канча берет болду экен? Агайгачы?- Байэл колундагы 5000 сомдукту кармалап ойлонуп отурду. Адам жакшыга бат көнөт эмеспи. Ал дагы жакшы шартка көнө түшүптүр. Ар кимден ар кандай сөз угуп, ары-бери түрткүнчүк болуп жүк жүктөп иштегиси келбей турду.

 

ххх

 

– Байэл, куттуктайм! Кечээ атаандашыңдын акесин таанытыпсың го,- бир бала жакын келип кучактап куттуктады. Улам бири келип куттуктап, мактап жатышты. Жигит мындай көңүл буруу болорун күткөн эмес. Беттешке чыкканын эч ким деле билбесе керек деп ойлогон. Бирок бүгүн минтип сөзгө алынганына бир аз эрдемсий түштү.

 

– Жакшы иштедиңер. Бүгүнкүгө жетиштүү,- Алмаз машыгууну жыйынтыктап жатканда эшиктен Асан кирип келди.

 

– Салам алейкум, агай!- ал көпчүлүк учурда Алмазды агай деп коёт.

 

– Кел, Асаке,- кол алышып учурашып ары басып кетишти.

 

– Мен сага жөн келген жокмун, кечээ утулуп калганына Толиктин ичи ооруп калыптыр. Жеңиш таза болгон жок дегендей кылып жатат. Байэлдин күчүн дагы көрөлү дешти.

 

– Кайра беттешпи?

 

– Ананчы, жок дейт белем? Мага мындай иштер жагарын өзүң жакшы билесиң да. Толиктин мушкерлерин мурун деле көп уттук эле го. Ал түңүлбөйт баары бир.

 

– Ммм. А качанкыга белгиледиңер?

 

– Көп деле узабайт, чукул арада эле болот. Андан көрө Байэлди ал. Бүгүн менин коногум болосуңар дебедим беле. Ал жактан дагы кенен сүйлөшөлү.

 

Баягы Асан конокторун байма-бай алып келген бөлмө бүгүн да куру эмес. Тыпылдаган администратор кыз шефин тосуп алып бир заматта досторконду тамак-ашка толтурду.

 

– Жигит, дагы беттешүүгө даярсыңбы?

 

– Беттешпи?- Байэлдин көздөрү жайнай түштү. Кечээ эле эмне жумуш кылам деп баш катырып жатпады беле. Мына ага иш даяр. “Керек болсо күнүгө мушташууга даярмын” деди ичинен.

 

ххх

 

Маржан ушунча жыл бул сырды ичине сактап жүрдү. Бирок мындан ары жүрөгүн өйүтүп жашагысы келген жок.

 

– Баарын тактап, анын кайда экенин билсем, жанынан бир көрсөм, Баатырга баласы бар экенин айтам. Экөөбүз тең бардар жашоодо жашайт экенбиз. Бала кандай жашоодо чоңойду? Эгер таба албасамчы?- өзүнчө сүйлөнүп отуруп аял баягы абышканын үйүнө кайра барды…

 

Дарбазасы ачык экен. Короодо жүргөн кемпирди көрдү.

 

– Саламатсызбы?

 

– И-и, балакетиңди алайын, сенби?

 

– Ата жакшыбы? Мен дагы бир нерсе сурайын дедим эле.

 

– Анын сүйлөөгө алы жок. Бирок мен сени кайра келер деп күтүп жаткам. Өткөндө абышканын ден соолугун сурап бир чогуу иштешкен аял келип кетти. Ал Зейнепти жакшы тааныйт экен. Мен анын телефон номерин алып калдым,- кемпир күйпөлөктөп үйгө кирип кетти…

 

“Чын эле эми табамбы? Андан аркысы эмне болот?” деп ойлонуп жиберди Маржан. Байкап көрсө жан дүйнөсү али уулун көрүүгө даяр эместей. Уулун үйдөн кемпир ээрчитип чыкчудай болуп ачылган эшиктен көзүн ала качты. Минтип жатканына өзү да түшүнбөй калды. “Эмне болуп жатасың, көрүүгө даяр болбосоң эмнеге издеп жүрөсүң?”

 

– Мынакей, балам,- кемпир кичинекей кагаз сунду.

 

– Рахмат,- Маржан кагазга үңүлдү.

 

– Аты Батма экен. Өткөндө келгениңде сенин зарыгып турганың жүрөгүмдү ооруткан эле. Дароо эле «Зейнеп дегенди билесиңби?» дедим. Ал жакшы тааныйт экен. Мен кеңири эч нерсе сураган жокмун. Өзү тактап сурасын деп телефон номерин алып калгам.

 

– Каякта жашайт экен?

 

– Ошто кызынын колунда турат экен,- кемпир Батмадан Зейнептин дүйнөдөн өтүп кеткенин уккан. Сөздү көбөйткүсү келген жокпу же жер кезип издеп жүргөн аялдын үмүтүнө суу сеппейин дедиби, айтор, ал тууралуу ооз ачкан жок. Маржан кемпир менен коштошуп чыгып кетти.

 

– Бүгүн Болот келет. Ал келгиче үйгө барайын. Ансыз да же үйгө, же ишке көңүл бурбай калдым,- деген ал үйүн көздөй жөнөдү. Эмне кылсын, жаш кезинде ката кадам шилтеп жатканын түшүнсө, ал жолду эгерим баспайт эле го. Качандыр бир кездеги кылган катасынын запкысын дайым ийининде көтөрүп жүрүүнүн кандай оор экенин мындай тагдырды башынан өткөргөн адам гана жакшы түшүнөр.

 

ххх

 

Алмаз менен Байэл кайрадан беттешке даярданмай болушту. Асандын айтымына караганда, мелдеш чукул арада болот.

 

– Агай, сизге рахмат. Мен башта мынчалык болот деп ойлогон эмесмин,- жигит колуна тийген долларларга ишенбей турду. Мурун аны жеңиш кызыктырса, эми акчасына кызыкты.

 

– Асандын оюндагыдай жыйынтык көрсөтсөк. Ал акчадан өксүтпөйт.

 

– Бул канчага созулушу мүмкүн?

 

– Айта албайм. Булар ушинтип мелдешип бир топко барышат. Бир туруп такыр эле тынчып калышат. Көрөбүз эми канча убакыт болорун.

 

– Көпкө эле созулса экен. Агай, булардыкынан башка беттештерге да чыксам болобу?

 

– Болот, албетте. Канча көп беттешсең, ошончо тажрыйбаң өсөт. Бирок татыксыз беттештерге чыгып табыңдан тайып калбашың керек.

 

– Баарынан ушундай акча алууга мүмкүнбү?

 

– Жок. Бир сом бербеген деле беттештер болот. Акчага кызыкпа. Көздөгөнүң акча болсо, сен спортчу боло албайсың,- Алмаз минтип айтканы менен, өзү деле акчага кызыгып жүрбөйбү. Акчага кызыкпаса анда эмнеге дайыны жок беттешке мушкер даярдасын? Эх, акча кимди гана кызыктырбайт.

 

– Мм,- баш ийкеди жигит жер тиктеген абалында.

 

– Азыр Кудайга шүгүр, акчаң бар. Эми батирге чыгып ал.

 

– Жатаканада эле тура берсем болбойбу?- деди Байэл кийин батир акысын төлөй албай калбаймынбы деп сарсанаа боло. Чын эле Асандын мелдеши токтосо Байэлде кайдан болсун мындай акча?

 

– Сага айтайын деп жаттым эле. “Бөлмөнү бошотосуңарбы” деп комендант да чалып жатат. Анын үстүнө ал жактан эркин жүрө албай жатпайсыңбы. Эрте жабылып калат, түндө кире албайсың, каалаган убагыңда чыга албайсың,- Алмазга комендант көптөн бери чалып жүргөн. Улам андан “бир ай тура турсун” деп суранып жаткан. Кайда барат эле, азыр чыгып калса машыгуудан артка тартылат деп айтпай койгон. Бүгүн анын колуна тийген көлөмдүү акчадан пайдаланып айта салды.

 

– Туура айтасыз, эртең эле табам батир. Кийин да башка салганын көрөрбүз. Ага мындай чечкиндүү сөздү акча сүйлөтүп жатканын жигит даана баамдады. “Акчалуу болсоң бүжүрөбөй калат турбайсыңбы” деп ойлонгон жигит каалагандай басып-туруп, байкуш болбой жашагысы келип кетти. Анан да бир сом төлөбөй канча убакыт бекер жашады жатаканада?.. Жигит бул үчүн рахмат гана айтышы керек. Алмазды Байэлге Кудай өзү жөнөткөндөй. Ал болбосо баягы чөнтөкчүлөр менен табакташ болуп, бир капчык уурдаганына кубанып жүрмөктүр азыр.

 

ххх

 

– Алматыдагы иштериң жакшыбы? Бул жакка келсең, чогуу болсок жакшы болот эле. Канча убакытка келдиң же кайра эле кетем дейсиңби?- Маржан минтип айландырып Болоттун кайра качан кетерин билгиси келди. Кемпир берген телефон номерге чалса ал өзү эмес, кызы алды. Апасынын ооруп ооруканада жатканын, азыр телефон менен сүйлөшкөнгө болбосун айткандан бери Маржандын шаштысы кетип калды. Ошко барып ал аял менен жолугуп көрсөм дегенде эки көзү төрт. Чакыруу менен кетип жатам деген шылтоону айтып жөнөп берет эле. Анткен менен жолдошу көп убакыттан бери үйгө эми келип жатса, өзүнүн кетип калганын туура көрбөй эки анжы болуп турду.

 

– Алматыдагы иштерди бир жолго салып алайын, аз калды. Силерден узак жүргөндөн мен деле тажадым. Баатыр менен өткөнкү долбоор боюнча жолугам. Балким, эртең деле кетип калышым мүмкүн. Мен азыр ошол жакка бара жатам,- Болот шашыла сыртка чыгып кетти.

 

– Мен канча жашырбайын, биздин өтмүш баары бир бир күнү ачыкка чыгат. Ал күнү сен эмне дээр экенсиң? Эмне болгон күндө дагы сен муну менден угушуң керек. Баатырдын куралы болушубузга жол бербейм,- жолдошун узата карап оор үшкүрө улутунуп алды Маржан. Башка киши калбай калгансып Баатыр менен иш алпарып жатканына кыжырданып кетти. Бир өмүрлүк жек көрүүнү жараткан ашыктык бир учурда болбосо эмне?..

 

ххх

 

Дем алыш күнү Байэл машыгууга барбайт. Эс алуу күндөн пайдаланып жаңы батирге көчүп, жайгашып алды. Бардык шарты бар батир экен. Жигит өзүнчө кубанып турду. Ал ушул убакытка чейин дайыма өзүнүн үйү болушун кыялданып келбеди беле. Акысын төлөп убактылуу болсо дагы өзүнө таандык батирде жашап баштаганына эрдемсиди. Телевизор тиктеп жаткан жигит бир нерсени эстегендей саатын карап тура калды. Ал бүгүн Аделя менен жолугушат. Кийимдерин алмаштырып, чачын тарап күзгүнүн маңдайында бир саамга турду. Байэл эч убакта сыртка чыгарда күзгүгө каранчу эмес. Туш келген кийимди жонго салып чыгып кетчү.

 

– Айбек байке, сиз кете бериңиз.

 

– Күтпөй эле коёюнбу?

 

– Мен шашпай барам. Билесиз да, эрте кеткениңизди эч кимге айтпайсыз.

 

– Дагы эмнени баштадың?

 

– Сарсанаа болбоңуз, корко турган эч нерсе жок,- Аделя айдоочусун кетирип, Байэл менен жолугууга жөнөдү.

 

– Уф, ушул кароолчулардан кутулсам болот эле. Качан өзүм менен өзүм жүрүп калам? Көчөгө чыксам куйруктай болуп жанымда бирөө жүрөт,- кыз дайыма айдоочу менен жүргөнү үчүн атасына жини келет. Ал минтип бирөөнүн жетегинде жүргөндү жактырбайт. Эркин басып, каалаган убагында каалаган жерине баргысы келет. Өзүн утурлай басып келе жаткан караанды кыз алыстан эле жазбай тааныды. Көздөрү күлмүңдөп, бетине кызыл жүгүрө түштү.

 

– Мен кимди көрүп жатам?- кыз тыпылдай басып катуу сагынгандай Байэлдин моюнуна асылды. Жигитке кыздын бул кадамы жага бербей калды, Аделянын бетинен акырын сүйүп койду.

 

– Убактың кенен элеби? Киного баралы.

 

– Кайдан, кенен болсо го. Менин ар бир кадамым атамдын көзөмөлүндө. Көп бир тууганым болсо болмок. Аларга алаксып мени мынча карабай калышмак да. Дайыма Айбек байкени жаныма кошуп берип койгонунан тажадым,- кыз капалуу үн катты.

 

– Ага капа болбо, атаң сени жакшы көрөт. Бир нерсеге учурап калбасын деп сени коргоп жатпайбы.

 

– Баары эле жүрбөйбү, мен эмне, өзгөчө белем?

 

– Ооба, сен башкалардан өзгөчөсүң,- кыздын таарынганы да Байэлге жагып жатты.

 

– А сиз кимдер менен жашайсыз?- бул суроо ага күтүүсүз болду.

 

– Жалгызмын,- деди жигит саамга унчукпай туруп.

 

– Атаңыз, апаңыз каякта? Байэлдин өңү өзгөрүп, мукактанып оозуна сөз келбей калды…

 

(Уландысы бар)

 

 

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️