25 болум
– Тахириңден сура анда аялдын дарегин, эртерээк барып жолугалы. Шефти билесиң, келсе бизди шаштыра баштайт,- деген тергөөчү колундагы кагазга үңүлдү. Жанындагысы үстөлдүн үстүндө турган телефонун алып Тахирге чалды.
– Алло, Тахир, мага Байэлди айдоочу кылып жүргөн аялдын дарегин же номерин берчи.
– Менин сенде ишим бар. Тез аранын ичинде бир жерден жолуга калбайлыбы.
– Жайчылыкпы?
– Өзүң эле чык, мен сени барып алып кетем.
Жарым саатка жетпей Тахирдин унаасы райондук ички иштер башкармалыгынын алдына келип токтоду. Көп күттүрбөй досу чыгып унаага отурары менен жөнөп кетти.
ххх
– Ии, эмне болду, Байэлди чыгармай болдуңарбы?- башындагы фуражкасын алып жатып милиция досу Тахирди карады. Тахирдин жүзүнөн маанайы жок экенин дароо байкады.
– Байэл…- деп Тахир оор үшкүрө чылымдын түтүнүн терезени көздөй үйлөдү.
– Чыгарганды айтасың да, тигиниң аны унут деп койду. Эртең мага бир нерсе болсо мени деле итче көрбөйт ал. Убакыт келди, мен эмнеси болсо дагы Кыргызстандан чыгып кетишим керек. Алардан жөн кутула албасымды деги билесиң.
– Кайда кетесиң?
– Айырмасы жок. Эптеп Кыргызстандан чыгып кетсем калганын дагы эптештирем да. Капар мунун жигин билсе мени тирүү койбойт, аны жакшы билесиң. Менде азыр акча бар, акчанын күчү менен чыгып кетишим керек. Сен ал учурда чоң кылмыш ишин ачкан адам болосуң.
– Кантип?
– Эртең Капарга наша келип түшөт. Баха, башка жигиттердин баары ошол жерде болот. Тобу менен кармайсың. Мыйзамсыз курал-жарактар бар, акчаны болсо айтпай эле коёюн, жасалмасын да, чыныгысын да табасың. Жетекчиликтин көзүнө алынгың келип жатты беле? Мына сага мүмкүнчүлүк. Чиниң майорлукка жогорулап кетпесе мага кел. Ташболотов Капардын изине түшүп жүрбөйбү. Сен бул иштин бетин ачсаң ал сени өзү көтөрүп алат. Жогору жакта иштеп кала турган деле күнүң алыс эмес, баатырым,- Тахир досун далыга таптады.
– Байэлди дагы чоң ишке кириптер кылсаң болот. Мына сага дагы бир иштин бетин ачып берейин, кызды уурдабаса уурдабагандыр, эми алдамчылык менен соттой бергиле,- Тахир бардачоктогу кагаздарды алып досуна сунду. Мен чыгып кеткенче менин изиме түшкөндөр болбошу керек.
ххх
“Балага болгон кордугуң бар” деген кемпирдин сөзү кулагына жаңырып, терең ойго батып кеткен Баатыр Маржандын тынчып калганын байкабай калыптыр. Эриндери көгүш тартып кыймылсыз жаткан Маржанды көрүп Баатыр коркуп кетти. Жан талашып эшикти ачып “жардам” деп кыйкырып жибергенде медайым кирип келди.
– Байке, эмне кылып жатасыз?- медайым дароо Маржанга жүгүрдү.
– Тезинен чара көр, дем алып жатабы?- деп жиберди Баатыр. Аңгыча палатага орто жаштагы эки дарыгер ээрчишип кирди.
– Сизге бул жакта турууга болбойт, сыртка чыгыңыз,- бири Баатырга карап эшикти көздөй кол жаңсады. Коридорго чыгып дендароо болуп палатанын алдында тура берди. Качан гана телефону шыңгыраганда эсине келди. Караса аялы экен, жооп бербестен кайра чөнтөгүнө салды.
– Мен бул жерде эмне турам? Болот келсе эмне дейт?- өзү менен өзү сүйлөшүп сыртты көздөй басты. Зыңкыйып чирене баскан Баатыр жок, шалдайып шалбырай түшүптүр. Дендароо болуп барып унаасына отурду. Сенин балаң деген жигиттин жүзүн элестеткиси келди. Бирок бети-башы кан, кийим-кечеги баткак болуп турган баланын жүзүнө тыңыраак деле карабаганын эми байкады. Үйгө кирип келген Баатырды кызы менен аялы тосуп алды.
– Кел, чогуу тамактаналы деп чалсам…
– Аделя, бая күнкү жигиттин сүрөтүн көрсөтчү.
– Эмнеге?- кызы алайып карап калды.
– Көрүшүм керек.
Атасынын алсыз сүйлөп жатканына кызы таң калып турду. Жок дейин деп ойлоду. Колундагы телефонун бир карап, апасын бир карады. Апасы акырын баш ийкеди. Аделя Байэлдин сүрөтүн таап телефонун атасына сунду. Баатыр телефонду алып үндөбөстөн экинчи кабатка көтөрүлүп кетти. Эне-кыз бири-бирин карап ийиндерин куушуруп туруп калышты. Аделя сүрөттү көрсөтсөм урушат деп ойлоп жаткан, бирок Баатыр үн каткан жок. Телефондогу сүрөттү бир саамга карап турду, жигитти чын эле өзүнө окшоштурду. Ишене албай үңүлүп улам-улам карай берди. Акыры текчеде турган эски сүрөт альбомду колуна алды да, өзүнүн жаш кезиндеги сүрөтүнүн жанына коюп көрдү, кудум эле өзүнүн көчүрмөсү. Аделя дагы бир ирет Баатырдын ушул сүрөтүнө Байэлди окшоштурган, бирок ал окшоштукту этибарга алган эмес. Ойлору чар жайыт, эмне кыларын, кимге эмне айтарын билбей сүрөттөн көзүн албай шалдайып отуруп калды Баатыр.
ххх
Салондон чыгып келе жаткан Аиданын жолун эки милиция кызматкери тосту.
– Саламатсызбы?
– Тынччылыкпы?
– Биз сизге айдоочуңуз Байэл тууралуу келгенбиз.
– Байэлге эмне болуптур?- Аида шашып кетти. Ансыз да канча күндөн бери дайынсыз кеткен Байэлди ойлоп санааркап жүргөн.
– Ал адам уурдоого шектелип кармалган.
– Койчу. Ал андай жигит эмес,- деп жиберди.
– Эжекеси, он жетисинде Байэл сизге жумушка келди беле?
– Он жетиси, азыр,- Аида телефонун алып чыгып карай баштады.
– Ооба, келиптир. Мынакей, бакчадан келгенден кийин баламды паркка алып барганбыз,- аял телефондогу сүрөттү көрсөттү. Ишенбесеңер сүрөттүн тартылган датасын, саатын көргүлө.
– Ал кыз болжолдуу саат күндүзгү бир-экилер чамасы жоголгон.
– Ал күнү Байэл кечке менин иштерим менен жүрдү. Салонго дагы келген. Керек болсо ошол күнкү видео байкоону көргүлө,- деп аял өзүнчө чыйпылыктады.
ххх
Байэл тергөөчүнүн көзүнө тик карай маңдайында отурду.
– Ии, бүгүн киши болуп калгансың го. Кана айтчы, кызды эмнеге уурдадың?
– Кызды уурдаган жокмун, силер күнөөсүз адамдан күнөө издеп жатасыңар.
– Ошондой дечи. Күнөөсүз…- деп тергөөчү кытмыр жылмайды колундагы папкасын ачып жатып.
– Анда буга эмне дейсиң? Муну эч ким билбейт деп ойлодуң беле, билебиз,- Байэлдин астына кагаздарды ыргытып, ордунан туруп колун кармалап кычыратып ары-бери басты.
– Сен Капарга, Тахирге таянып жаттың беле? Алар сени итче көрүшкөн жок, жашоосунан чийип салышты. Алардан үмүтүңдү үзө берсең болот.
Алар мени жөн эле чыгарып алышат деп ойлоп жаткан. Азыр колундагы кагаздарды көрүп шаабайы сууй түштү. Ал Тахирге катуу ишенчү. Ошон үчүн аны менен бардык сырларын бөлүшчү. Азыр болсо ишенген кожосу аны сатып кеткенине жаны кашайып турду. Колундагы кагазды мыкчып жиберди.
– Баса, баңгизатын да ташырыңды билебиз, далилдер дагы бар,- тергөөчү колундагы калемсапты айландырып койду.
ххх
Баатыр үйгө жай алып отура албай койду. Мурдагыдай досторуна барууну каалаган жок. Эмнегедир кайрадан Маржанга баргысы келди. Ооруканага келип эле Маржан жаткан палатаны көздөй басты. Палатанын эшигине жакындай албай бир топко тура берди. Акыры болгон күчүн жыйнап каалганы түртүп көрдү, ачык экен. Шыпты тиктеп тамчылатма уколдо жаткан Маржанды көрдү. Акырын жанына басып барды. Маржан көргөн менен үн каткан жок. Баатыр дагы унчукпай аны карап тура берди.
– Мындай кеч эмне келдиң?- Маржан шыпты тиктеген абалынан жазбай.
– Келдим,- көзүнөн жаш сызылып кетти. Баатыр мындан башка сөз айта алган жок…
– Сапаров Байэл, чык, сага жолугушууга киши келиптир,- күзөтчүнүн үнү өктөм чыкты.
– Ким?- Байэл таң кала сурады. Тахирди күткөн, ал болсо болгон айыбын милицияларга салып берип отурат. Аны бирөө-жарым издеп келет деп ойлогон эмес.
– Кимди эмне кыласың? Чык дегенде чыга бербейсиңби,- эшикти ачып жатып күзөтчү күңк этти.
Узун коридордо конвойдун коштоосунда кимге жолугушууга бара жатканын билбей Байэл бара жатты. Дагы деле Аделя менен Тахирден күдөрүн үзбөй “мени сурап бир келсе Аделя менен Тахир келет, башка ким келмек эле?” деп ойлонуп бара жатты. Жолугушуу залына кирип келип Аиданы көрүп селейип туруп калды. Таң калганын жашыра алган жок. Кыска убакытта бул аялга мынчалык кадырынын бийик болуп кеткенин сезбептир. Жакын келгенде Байэл эмнегедир сүйлөй албай мукактана түштү.
– Кандайсың, эмне кабарлашпай кетти деп эле сени издеп жүрсөм…- Аида Байэлге жалооруй карады.
– Жакшы, эже, ушундай түшүнбөстүктөр болуп калды,- ыңгайсыздана.
– Ооба, иштин чоо-жайын айтышты. Эми эч нерсе болбойт, чыгасың,- Аида Байэлдин өңүнөн азып кеткенин көрүп ичи ачышты.
– Булар коё бере калбайт го оңою менен,- Байэлдин көздөрүнүн тереңиндеги санааркоо Аидага даана көрүнүп турду.
– Сен коркпо, мен ал күндөгү болгон далилди милиция кызматкерлеринин колуна бердим. Ал күнү сен биздин үйдөн кеч кетпедиң беле. Ак ийилет, бирок сынбайт дейт эмеспи.
– Рахмат сизге.
– Рахматты шашпай айтышабыз. Эмне жардам керек болсо тартынбай кабарлаш, биз эмне, бөлөк-бөтөн киши белек?- аял телефон номери жазылган кагазды Байэлге сунду. Экөө коштошуп, Байэлди жолугушуу бөлмөсүнөн чыгарып кетти. Көп узабай эле артынан камерага тамак киргизилди. Байэл миң уктаса дагы Аида аны издеп ушул жакка чейин келери түшүнө кирмек эмес. Анын адамгерчилигине баа берип, ага ыраазы болуп бүтө албай жатты. Көптөн бери ырыстуу тамактана элек неме ал алып келген тамактан тоё жеди. Азык-түлүк салынган баштыктын түбүнөн акыркы жолу паркка барганда Аида жана анын уулу менен түшкөн сүрөтүн көрдү.
ххх
Тахир акчанын күчү менен баарын тез аранын ичинде даярдап бүттү. Иштеринин ушундай бат бүткөнүнө маашыркана акчанын күчүнө таң берди. Бүгүн кечке маал учакка билети бар. Ал бул күндү канча күткөн? Көрсө, чыгынса эле болот турбайбы. Кыргызстандын аймагынан баары бир чыгып кетем деген ишенич пайда болуп Тахир өзүн эркин сезип жатты.
– Досум, баары даяр болду. Болгону тынч эле чыгып кетсем болду. Капарга «бүгүн аласа акчаларды чогултам, кеч барам» деп койдум. Бирок акчалар эбак эле колго тийген. Ал мени өзүм үчүн болбосо дагы, акча үчүн сөзсүз издетери бышык. Бүгүн тоскоолдуксуз баарын колго түшүрүп алсаң. Болгону бул кабар аларга жетип калбашы керек. Силерде дагы тыңчылар жок эмес. Эгер эле азыркы Капар жайгашкан жерде баары тынч боло турган болсо, эч нерсенин жигин билбей кала турган болсоң, биздин экинчи точка бар, мына дареги,- Тахир досуна колундагы кагазды сунду.
– Камсанаба, досум, мен жаныма ишеничтүүлөрдү топтодум. Бул иштен сарсанаа болбой сен кетүүнүн аракетин көрө бер, бул жагын мага кой.
– Мейли анда, ишиңе ийгилик, мен барайын.
– Сенин дагы жолуң ачык болсун, бул жагын мага кой. Буюрса, кармайбыз, камайбыз дегендей.
– Жакшы тур, аман-эсен жетчү жериме жетип жайгашып алсам сага өзүм байланышам. Сен Ташболотовдун учурунан пайдаланып булардын түбүн курут,- досу менен кучакташып коштошуп жатып Тахир ушуларды айтты. Качып кутулам деп жаткан менен, жүрөгүнүн тереңинде коркуу, санааркоо бар эле.
Шашып турганга достор узакка кармала алышкан жок. Тахир досу менен коштошуп узап кетти.
ххх
Аделя Байэлге канчалык жини келбесин, аны ойлорунан чыгарып сала алган жок. Кээде аны уурдаган Байэл эмес экенине 100 пайыз ишенет, ичинен аны актайт. Эч кимге билгизбей шайыр жүргөнү менен, ичиндеги түпөйүл ойлор ага тынчтык бербей жатты. Ал ойлордон алаксыйм деп Кудайдын куттуу күнү Барсбекке жолукчу болду. Бүгүн дагы аны менен бирге. Барсбектин ага кылган мамилесин, камкордугун жактырат. Байэлден таппаган мамилени кыз ушул Барсбектен тапты. Ал кыздын оюн айттырбай туят, эмнени каалап-эмнени каалабай турганын көздөрүнөн түшүнөт. Барсбекти ушундай камкордукка, жакшы мамилеге үгүттөп турган ичинде улуу сезим жашап жатканын этибарга албай Аделя аны дале дос тутуп сырларын айтып жүрөт.
– Ушул Арс байкеден кутулбай койдум, дегеле бир үмүтүн үзбөгөн неме экен,- Аделя чалуу келип жаткан телефонун өчүрүп кайра чөнтөгүнө салып жатып сүйлөндү. Байэлди ортодон жок кылса эле Аделя өзүнүкү болуп калчудай кыска ойлонгон Арс күн сайын кыздын артына түшкөнү-түшкөн. А кыздын Арсты көргүсү жок.
– Жайына кой, тажаганда өзү чалбай калат.
– Ушуну тажайт деп ойлоп жатасыңбы, бул жинди тажабайт,- кыз кытмыр күлдү.
– Мен буга жайынча да, урушуп да айтып көргөм. Сөзгө түшүнбөйт, өзүнүн оюндагысын эле кыла берет.
– Анда күйөөгө тийип кутул.
– Кимге, жигитим бар кишидей сүйлөйсүң да. Андан көрө Байэлге барып жолугушум керек го, анын эч кимиси жок болсо, мен да аны биринчи кыйынчылыкта эле таштап салсам болбойт го…- Аделя оюн ортого салды.
– Эмне кыласың, жөн кой, сени ыйлаткан кандай экенин түшүнсүн.
– Мени анын уурдаганынан күмөнүм бар. Атамдан коркуп унчуга албай жатам,- Аделя манжаларын кармалап. Анын кыймылынан тынчы кетип, жинденип чыкканын Барсбек даана байкады.
– Болду, ал күндү кайра-кайра эстей бербечи. Милиция деле жөн эле камай бербейт, иликтешет. Күнөөсү жок болсо чыгат,- Барсбек Аделянын колун бекем кармады.
ххх
Сааттын жебеси түнкү экини кагып калганда Капардын хан сарайына Тахир айткан унаа келип кирип дарбаза дароо жабылып, ички жарыктар күйдү. Бул учурда күч органдары короонун айланасына эбак эле жайгашып калышкан. Коробкаларды түшүрүп жер төлөгө ташып жаткан учурда күч органдары короого бастырып киришти. Иттер ажылдап үрүп, дабыштардан короо ичиндеги жарыктын баары күйдү. Сырттагы эки күзөтчү жиги жок чыгаралы деп тапанчаларын кезешкени менен, ок чыгарууга жетишпей калышты. Үч кабаттуу хан сарайды бир заматта курчоого алышты. Үйдүн жер төлөсүндө эч нерседен кабары жок музыканын коштоосунда Баха, дагы бир нече жигит бильярд ойноп жатышыптыр. Милиция кызматкерлерин күтпөгөн немелер каршылык деле көрсөтө алышкан жок. Булардын ана башында турган Капарды таппай калышты. Сырт курчоодо болсо кайда качып үлгүрөт эле, үйдүн бир бөлмөсүнөн чыгар деп тинтип жатышып, үчүнчү кабаттан үйдүн чатырына чыгып бара жаткан жеринен кармашты. Милициянын унаасынын сиренасы күйүп, эгерим ачылбаган Капардын хан сарайынын дарбазасы аңырайып ачылып турду.
Тахир бул маалда аэропортто учакка жайгашуу алдында турган. Досунан чалуу келди. Жүрөгүн тынчтандырып коёюн десе керек.
– Баары жайында,- деп гана телефонду өчүрүп койду. Тахир телефонду өчүрүп таштанды салган урнага ыргытып жиберип, андан ары сапарын улады. Качан гана учакка отуруп, учак көтөрүлө баштаганда оор дем алып алды. Бул анын кете албай калбаймынбы деген коркунуч, санаасы эле. Бир эсе жаңы жашоого кетип жатканына кубанса, бир эсе санааркап жатты…
(Уландысы бар )