11болум
– Ассалом алейкум, Боке, ден соолук жакшыбы? Баарыбызды коркуттуң го,- билмексен боло Болотко карады Баатыр. Маржан учурашымыш болуп дароо сыртка чыгып кетти. Өзүнөн качканын Баатыр даана түшүндү. “Сүйлөшүшүм керек” деди ичинен…
– Болот менен эзелки достой эле катнаш түзүп алды. Биздин ортобузда эч нерсе болбогондой тим эле, же аны да бир пайдаңа колдоносуңбу? Мага берген убадаларыңа тура албадың эле. Кантип сен ушундай чоң иштерге жоопкерчилик алганды үйрөндүң экен? Алгачкы жолугушуудан кийин, балким, Болот менен кызматташууну токтотосуң деп ойлодум эле. Тескерисинче, ынак мамиле түзүп жатасың. Эмнеге тагдыр бизди минтип кезиктирди?- жообу жок суроолорду өзүнө берип Маржан Баатырга жини келип сүйлөнүп отурду. Маржан жалгыз өзү билген чындыктан өзүн коёрго жер таба албай жүрөт. А Баатыр аны билбейт да. Балким, баласы бар экенин билсе баары башкача болмок.
xxx
Көптөн күткөн беттештин да күнү келди. Алмаз Байэлди жеңишке шыктандырып насаат айтып жанында отурат.
– Байэл, эгер сен бул беттешти жеңсең жергиликтүү уюмдун алкагындагы расмий беттештерге чыга баштайсың. Сендей билегинде каруусу бар жигитти мындай оюнчук беттештер менен чектеп койгон болбойт.
– Эрте эмеспи?
– Эрте эмес. Коркпо эч нерседен, тажрыйба топтойсуң.
– Асан байкелердин беттеши ушуну менен бүтөбү?
– Ким билсин, булар кааласа токтотуп коёт. Кааласа башка бала алып чыгышы мүмкүн. Эмнеси болсо да сенин милдетиң – бүгүнкү беттешти жеңүү. 3 раунд бат эле өтүп кетет. Соңуна чейин күтпө, чечимди ким тарапка чыгарып коёт билбейбиз. Ар кандай болуп кетет. Анын үстүнө булар дагы чоң акча мелдешип алышты. Сүйлөшүп коюшу мүмкүн.
– Экөө менен мушташканга күчүм жетсе экен.
– Экөө дейсиң да. Биринчи атаандашыңды жеңсең, анан экинчиси менен беттешесиң.
Бул арада Байэлдин телефонуна чалуу келип сүйлөшүп калды.
– Мен сага беттештен кийин өзүм байланышам.
– Беттеш-беттеш эле дейсиңер. Мен деле барып көрөйүнчү,- Аделя эркелей сүйлөдү.
– Бул жолу эмес, кийинкисинде сөзсүз,- деди Байэл Аделянын көңүлүн кыйбай. Анан да жана агайынын расмий беттеш тууралуу айтканын эстеп макул болду.
– Макул, ошондой болсун. Анан жеңдим деп кубанычтуу кабар менен бөлүшкөндү унутпаңыз. Ийгилик каалайм.
xxx
– Ой, апа, чындап эле келген. Мен мына эшиктин алдынан учурашкам.
– Киргизе бербейт белең?
– Уколуңузду алып бүтсүн дегем.
– Эмнеге кирбеди экен?.. “Зейнепти издеп бир аял келип кетти” деп өткөндө кемпир айтпады беле. Дароо эле болжоду.
– Мени Бишкектен бери ким издеп келмек эле? Ошол эле аял. Ал аял Зейнепти жашкы тааныган болсо дүйнөдөн өтүп кеткенин билмек. Демек, бул уулун издеп жүрөт,- кыраакы кемпир баарын илгиртпей түшүндү. Аялдын өзүнчө жолукпай кетип калганына бир чети тынчсызданды.
– Минтип оору үстүндөмүн, канча жашым калганын ким билсин? Зейнептин айткандарын ичиме алып кетпей, ал аялга жеткирсем болбойт беле. Зейнепте жүрчү бала азыр бой жетти, кайда болду экен?- өзүнчө түкшүмөлдөп ар нерсени ойлонуп жатты Батма.
xxx
– Байэл, мен сага ишенем. Бүгүн жеңишти алып берериңден күмөнүм жок.
– Буюрса.
– Толиктин алып келген баласы биринчи чыгат. Негизги атаандашың ошол болсо керек. Беркини жөн эле ойнотуп коёсуң,- Асан чыгып кетти.
Ал аңгыча залдын жарыктары өчүп, кулак тундурган музыка ойноп баштады. Көп өтпөй беттеш башталды. Асан айткандай, биринчи болуп октагонго башка жуптар чыкты. Чын эле Толик мында күчтүүсүн тааптыр, жакшы беттеш көрсөттү. Акыркы раундда атаандашын сулата чаап жеңишке жетишти. Байэлде бир аз коркуу сезими пайда болду. Кийинки айлампада Байэл чыгат.
– Байэл, коргон жакшылап. Алдырып койбо. Баарын көзөмөлдө. Алыңды көп кетирбе. Мында жеңсең Толиктин жигити сени күтүп турат, билесиң,- Асан Байэлди октагонго узатты. Биринчи раундда кызуу деле беттеш болбоду. Бири-бирине тап берүү, коргонуу менен эле өтүп кетти. Экинчи раундда Байэл жанданды, атаандашына эч мүмкүнчүлүк бербей үстөмдүк кылууга өттү. Беттеш Байэлдин үстөмдүгү менен соңуна чыкты. Бирок Байэл санааркап турду. “Мөөнөтүнөн мурун бүтүрүшүм керек эле беттешти. Агай айткандай, сүйлөшүп коюшуп азыр жеңишти тигиге ыйгарса эмне болот?” Октагондо ары-бери кыйма-чийме басып жаткан Байэл ушуларды ойлонуп сарсанаа болуп, учурунда керектүү ыкманы жасай албаганы үчүн өзүн жемелеп жатты. Качан гана рефери Байэлдин оң колун көтөргөндө эс ала түштү. Бирок кубанууга али эрте. Алдыда негизги беттеш турат. Калыстын чечимин күткөн канчалык оор экенин түшүндү жигит. Ал ортодо алып баруучу беттештин жарым сааттан кийин уланарын айтты. Алмаз Байэлди октагондон алып чыгып кетти.
– Азаматсың, жеңдиң муну,- кепти дароо урушуудан баштагысы келген жок.
– Агай, бирок сиз күткөндөй болбоду.
– Бул го бүттү. Кийинки беттеште мөөнөтүнөн мурда бүтүрбөсөң болбойт. Калыстарга ишенич жок. Анын үстүнө ал оңой бала эмес экен. Сага бир топ кыйынчылык жаратат.
– Түшүндүм,- Байэл буттарына көнүгүү жасап кийинки беттешке даярданып жатты.
xxx
– Асаке, жигитиңдин табын текшерип келдиңби? Эмне тынчың кетип калган? Акчаңды мага кыйбай жатасыңбы?- Толик шылдыңдай сүйлөдү.
– Эмне болорун алдыда көрөбүз,- деди Асан кекене. Чынында Толиктин баласынын беттешин көргөндөн кийин Байэлдин жеңишинен күмөн санап калган.
Жарым саат көз ачып-жумганча өтүп, мушкерлер октагонго чакырылды. Күндүн негизги беттеши дегидей эле беттеш кызуу жүрүп жатты. Эч кимде Асан менен Толикте болуп жаткандагыдай чыңалуу болбосо керек. Эки мушкер тең биринен-бири кем калышпай аракет көрүп жатышты. Канча мыкты коргонгонуна карабай Байэл эки жолу таамай сокку өткөрүп алды. Кашынын үстү тытылып канап кетти. Бир ордунда тура албай чый-пыйы чыгып, Алмаздын да тынчы кете баштады. Ушундай чыңалуу менен эки раунд соңуна чыкты. Байэлдин башында “калыстын чечимине калтырбашым керек, утулбашым керек” деген ой гана айланып турду.
Мушкерлер өз бурчунда тыныгуу алып жаткан. Байэл кокусунан тааныш жүздү көрдү октагонго жакын жерден. Окшоштуруп алдымбы деген. Бирок залда чын эле Эрик отурган. Бир кезде аны өлөрүнө карабай сабап көчөгө таштап кеткен Эрикти көрдү. Тамырлары чыңалып көөп чыкты. Тиш чукуган таякчаны тиштеп, анысын тили менен айландырып эрмектеп отурган Эрик көзүнө жалаңкычтай көрүндү. Азыр октагондогу атаандашын эмес, Эрикти муштап, аны сабагысы келип жатты. Маңдайындагы атаандашы ага Эрик болуп көрүнүп баштады. Эч нерсеге карабай согуп да, тээп да жатты. Бир заматта каршылашынын бети канга боёлуп калды. Жанатан Байэлге тең ата чыгып жаткан жигит эми кескин аракет жасай албады. Башка тийген соккудан кийин беттешти уланта алган жок. Октагондун торуна сүйөнүп отуруп берди. Байэл залды карады. Эрик отурган орун бош экен.
– Чын эле көрдүмбү же?..- өзүнчө дендароо болуп жатты.
– Бали, Байэл! Кубанып кирип келген агайын да байкаган жок.
– Кырааным, сага ишенгем мен,- Асан да кирип келип жигитти кучактап далыга таптады. Байэл үн каткан жок. Азыр Эрик колуна тийсе жанчып салууга даяр эле…
– Эмне маанайың суз? Сенин кубана турган учуруң.
– Жакшы эле,- деди Байэл ооз учунан.
– Бүгүн чогуу майрамдайбыз, Алмаз. Байэл экөөңдү машина алып кетет.
– Жөн эле койбойсуңбу, бүгүн сен Толиктер менен болосуң да?
– Мындай ийгиликти жөн койчу беле? Кетенчиктемей жок.
– Макул анда. Биз даярданып алып чыгабыз.
Асан айткан жерге барышты. Жалаң анын адамдары экен. Сыягы, бүгүн достору менен чогулбаган көрүнөт. Төрдө бакылдап Асан отурат. Алмаз менен Байэлге жанынан орун алып коюптур.
– Оо, арстандарым, келгиле. Бүгүн бизге майрам.
– Ы-я, Асаке, баарын чогулткансың го,- деп бакылдай Алмаз Асандын жанына отурду.
Байэлдин ою дале Эрикте. Ушулардын арасында жокпу деп отургандарды айланта карап чыкты. Бака-шака түшүп, чер жазышып түн жарымга чейин отурушту. Байэл кыйла кызып калыптыр. Асандын айдоочусу аны үйүнө жеткирди. Эртеси түш оогондо башын мыкчып араң турду.
– Башым сынып кетейин дейт го, эмне ичтим эле? Үйгө кантип келип жаттым?- эстей алчудай эмес. Туруп түз эле ашканага жөнөдү. Крандагы муздак суудан 2-3 чыны дембе-дем ичип, оор үшкүрүнүп, кайра керебетине келип кулады. Уйку-соонун ортосунда жаткан Байэлдин оюна Аделя келди. Ордунан ыргып турду.
– Кабарыңды бер дебеди беле. Мен түндө чалган да, жазган да жокмун,- туруп телефонун издеди. Чөнтөктөрүндө жок. Кире бериште жаткан сумканы төгүп жиберди. Телефону ошол сумкада экен. Эбак эле өчкөн көрүнөт. Жан талаша телефонун кубаттагычка сайды. Күйгүзөрү менен СМСтер жаады. Дароо Аделяга чалса, ал албай койду. Жанагы уйкусурап, шалдырап жаткан жигит жок. Жуунуп-тазаланып, жаңы алган кийимдерин кийип Аделянын окуу жайын көздөй жөнөдү.
ххх
Камчы Бишкекке өзү эле кетти. Баатыр “2-3 күндүк иштерим бар” деп Алматыда калды. Баатырдын калганынын себеби Маржан менен сүйлөшүү эле. “Мындан ары дагы көп көрүшөбүз, минтип жүргөн болбойт. Бетибизди ачайын. Бул жакта тааныштар жок, көздөн далдоо болот” деген ал. Түштөн кийинки уктоо маалын туштап Баатыр ооруканага келди. Дал убактысында келиптир. Маржан кайдадыр чыгып бара жаткан экен. Баатыр аны утурлай басты.
– Кандайсың, Маржан? Сүйлөшүп алсак болобу?
– Биз сүйлөшө турган эмне бар? Сени менен сүйлөшө турган эч бир сөзүм жок,- деп куйкасы курушуп тескери бурула бергенде Байэл эсине түштү. “Эмне, Баатыр билип калганбы?” деп ойлоп жиберди.
– Маржан, уксаң, биз дагы көп жолугушабыз. Көрүшкөн сайын ушундай акыбалда жүрөсүңбү?
– Азыр сүйлөшө турган убакпы?
– Бул жакта эч кандай ишим жок. Сени менен сүйлөшүү үчүн атайын калдым. Ансыз да Бишкектен жолуга албайбыз.
“Эртең Байэлдин дайынын билгенден кийин муну менен сүйлөшүшүм керек болот” деп ойлонуп Маржан унчукпай макул боло Баатырдын машинасына отурду. Айнектери караңгылатылган капкара БМВ Алматынын кең көчөлөрүн аралай кайдадыр зуулдап бара жатты.
– Кайда алып бара жатасың, бирөө-жарым көрсө…
– Коркпо, кең Алматыдан бизди ким таанып, ким көрөт дейсиң?- деди Баатыр Маржандын санаасын баса. Унаа шаардан алыс жайгашкан бир ресторанга келип токтоду. Бул жакка Баатыр эки жолу келген. Сүйлөшүп отурганга ыңгайлуу жер. Маржан Баатыр менен мындай шартта жолукканы үчүн абдан ыңгайсызданып турду. “Эмнеге минтип капыл-тапыл келип жолугалы деди? Эмне сөзү бар? Байэлди сурайбы?” деп өзүнчө тычсызданып жатты. Баатыр кеп баштады.
– Болот менен атайын мамиле курду деп жинденип жүрөсүң, билем. Чынын айтсам, бул кокустук болду. Көптөгөн аракеттердин арты менен чоң долбоорду баштап алдык. Бардык иш башталып калганда сени менен кезигип калдым. Көздөрүңдөн баарын түшүндүм. Бирок мен ал ишти таштап басып кете албайм. Сени кайда болду экен деп ойлочумун. Бирок минтип жолугуп каларым он уктасам түшүмө кирген эмес.
– Баары бир бир күнү жолукмакпыз дечи. Жашоомо дагы зыяныңды тийгизесиңби деп сенден корком. Өтмүшүбүздү билеби деп Болоттон чочулайм. Сени көргөн күндөн бери оюм тынч ала элек.
– Коркпо, эми сенин жашооңо зыянымды тийгизгенге акым жок. Жакшы адамга жолугуптурсуң. Сен мени алдап кетти деп ойлоп жүрсөң керек. Бирок баары аргасыздыктан болду. Мен ошондо Таразга кеткен бойдон он жылдан ашык Кыргызстандын жүзүн көргөн жокмун. Кийин бирин-экин келип-кетип жүрдүм.
– Эмнеге келбедиң?
– Бизди сатып кетишти. Көрсө, алар өздөрүнөн этият болуу үчүн бул ишке атайын бизди салган экен. Биз аларга чоң акча иштеп бердик. Бирок Казакстанда кармалып калганда биздин кишилер иштин баарын таякем экөөбүзгө оодарып, көздөн кайым болушту. Таякемдин бала-бакырасын, үй-бүлөсүн ойлоп “эмне иш менен Таразга келгенибизди ал билген эмес” деп бир топ сүйлөшүүдөн кийин кылмыштын баарын өз моюнума алдым. Мен кесилип кете жаздадым. Кайнатам менен тааныш болчумун. Кызы мени жакшы көргөндүктөн атасына жардам берүүгө аргасыз кылды. Акчасын, тааныш-билишин салып жатып акыркы сотто куткарып алды. Чыккандан кийин Орусияга кетирди, аты-жөнүмдү өзгөрттүм. Өз аты-жөнүмдү кийин Кыргызстанга келгенде кайра алдым. Жубайым менен Москвада баш коштук. Ал бир үйдүн жалгыз кызы. Ошентип кайнатамдын карамагынан чыга албай калдым. Мен келгенде деле сага тынч, жакшы жашоо түзө алмак эмесмин.
– Болору болду. Эми экөөбүздүн тең үй-бүлөбүз, балдарыбыз бар. Эскини козгогондун кереги жок. Жолуккан жерде саламыбыз түз болсун,- деп Маржан Баатыр менен коштошту. Байэл тууралуу сөз козгой албады.
ххх
Аделяны окуу жайдын алдынан тосуп алды Байэл. Байланышпай койгонуна бултуңдап таарынып жаткан кыздын таарынычын бат эле жазды. Аделя негизи узакка таарына албайт. Бат эле күлүп-жайнап сөзгө аралашып кетет. Акчалуу адам бүжүрөбөй, өзүнө ишенимдүү болуп калат эмеспи. Бүгүн Байэлдин капчыгы калың. Каалаганын жасап Аделянын көңүлүн көтөрүү менен алек. Бүгүн үйгө шашылбайт. Себеби атасы Алматыда. Апасына достору менен жүргөнүн айтып телефон чалып койду. Экөө кечтин кириши менен шаардын сыртына чыгып кетишти.
Күн ачык. Асманда шурудай жайнаган жылдыздар жымыңдап, түнгө көрк кошуп турду.
– Сыртынан караганда мемиреп тынч жаткандай көрүнөт,- деди Байэл шаарга жогорудан көз чаптыра.
– Шаар дейсиз да, жылдыздарды караңызчы.
– Жылдыздардын эмнеси кызык?
– Мына, жылдыз учту. Тилек кылыш керек,- кыз көзүн жумуп бир нерселерди айткансыды.
– Эмне тилек кылдың?- Байэл кызыга кыздан сурады.
– Айтпайм,- кыткылыктап күлдү кыз.
– Кел, анда жылдыздарды санайлы,- жигит кызга жакындай.
– Аларды санап болбойт. Керек болсо астрономдор да жылдыздардын санын болжолдоп айтып келишет. Жылдыздар бир өзүнчө дүйнө. Алар да өлүмдү, өзгөрүүнү билет. Бирок алардын дүйнөсү бизге маалым эмес. А мен жылдыздар тууралуу маалыматтарга аябай кызыгам. Эң жарык жылдыздар кайсылар билесизби?
– Мага баары эле бир жылдыз.
– Андай мамиле жасаган болбойт. Эстеп калыңыз. Күн, Сириус, Вега, Орион, Канопус, Мимоза,- эркелей жылдыздарды шакылдатып санап жаткан кыздын сөзүн телефонго келген чалуу бузду.
– Атам чалып жатат…
(Уландысы бар)