Шаардын ортосунда кырсык болду. Жол эрежесин бузуп, кайдадыр шашып бараткан айдоочу Жакшылыкты унаасы менен коюп кетип, дароо токтой албай бир топ жерге чейин денесин сүйрөп барды. Кеч күздөгү муздак шамал жерде кан менен чаңга жуурулуп жаткан Жакшылыктын денесин муздатып баратты.
Үймөлөктөй түшкөн элдин арасында үрөйү учуп Алымбек да жүрөт. Азыр эле эч нерседен бейкапар жолдон өтүп баратып, аркасынан кимдир бирөө түрткөндө ыргып барып тигиндей жыгылып түшкөн. Эмне болуп кеткенине түшүнбөй тура калып үстү-башын күбүнүп артындагы чогулган элге келип кошулду. Эл арасынан бирөө аптыга:
– Мен өз көзүм менен көрбөдүмбү, мына бул баланын айынан болду, — деди Алымбекти колу менен жаңсап.
– Ии, ооба, ушул баланы куткарам дебедиби, байкуш.
Элдин мындай кептерине түшүнүп-түшүнбөй Алымбек жерде жаткан жигитке жетип барып башын көтөрдү. Ал жердегилердин бири тез жардам чакырса, экинчиси милицияга чалып жатты. Башынан аккан кандан, жерге сүрүлүп тытылган бетинен Алымбек жарадар адамды тааный албай жатты. Бирок эси чыгып аны жулкулдатып, өзүнө келтирүүгө аракет кылганда ал араң гана көзүн ачты. Мына эми гана Алымбек анын ким экенин даана тааный койду.
– Жакшылык байке, Жакшылык байке! Сизби? Кантип? Эмнеге?
Жакшылык сөзгө келбей кайра көзүн жумду. Бул жолу жарыкчылык менен түбөлүккө кош айтышты. Ал акыркы ирет көзүн жумуп баратып эмнелерди ойлоду экен? Айылда калган ата-энесин, үйлөнүүгө макулдашып койгон жадыраган Жайнагүлүн эстеген чыгаар…
***
Жакшылык үйдө жалгыз уул. Эже, карындаштары да жок. Ата-эне жалгыз уулунан эч нерсе аябай чоңойтушту. Элдин баары Жакшылыктын тартиптүү, боорукер болуп өскөнүнөн улам атасы жакшы тарбия берген деп Асанкул акеге ыраазы болушчу.
Ала качуунун курмандыгы болгон Жайнагүл барган жерине көңүлү жок болгондуктан бир ай жашады да, окуусун шылтоолоп шаарга келип ошол бойдон кайын журтуна да, төркүнүнө да кайрылган жок. Күндүз окуп, түштөн кийин иштеп кыйынчылыктарды башынан көп өткөрдү. Жакшылыкты эстеп канча түнү көз жаш менен коштолуп уйкусуз өттү. Анан көктөн тилегени жерден табылып Жакшылыкка кайра жолукканда өткөндүн баарына көз жумган жигит арзуусунун дагы деле таза экенин айтып, жүрөгүн башка эч ким багындыра албаганын ачык билдирди. Балалыктан бирине-бири ынак өскөн ашыктар тез арада чечим кылып, ар дайым бирге болууга сөз беришкен.
***
Бир кезде Жакшылык менен Жайнагүлдүн катын ташып жүргөн кичинекей кара бала мектепти бүтүп, зыңкыйган жигит болуп жаңы гана шаарга келип окуй баштаган. Бою баягыдан алда канча өскөнүнө карабай Жакшылык Алымбекти алыстан тааныды. Анын кара тору жүзү, кийингени айылдан жаңы гана келгенин айтып турду. Ал Жакшылыкка бала кезин, сүйүүгө жаңы кабылып толкунданып жүргөн убагын көз алдына келтирди. Ичи ысып артынан жылмая басып келатты. Бирок Алымбек аны байкаган жок.
– Мейли, жолдон өткөндө учурашайын, — деди Жакшылык.
Кырсык каш-кабактын ортосунда эмеспи. Капысынан чыга калган машине зуулдаган бойдон түз эле Алымбекти карай келатат. Жан үрөгөн Жакшылык машине баланы уруп кетээрде куткарып калууга далбастап жүгүрбөдү беле…
***
Алымбек Жакшылыкты тааныры менен болуп өткөн кырсык эмне үчүн анын өлүмү менен аяктаганын дароо түшүндү. Бир тууган агасындай көргөн айылдашынын кан жууган башын кучактап буркурап турду. Ал антип дагы далайга турмак. Заматта пайда болуп топтошкон элди жарып кирген ак халатчандар Алымбекти муздап бараткан сөөктөн ажыратып алышты. Туруп баратканда колу шалк эткен Жакшылыктын колунда уучталып турган бир нерсе бардыгын байкады. Жанындагылардын уруксаты менен карап көрүп жарашыктуу кутучага салынган чынжырчаны колуна алды. Анан шашыла жигиттин ички чөнтөгүнө кол салды. Жайнагүл экөө бирине-бири куп жарашып, күлмүңдөп тиктеп турат. Заманасы ошондо куурулду курган баланын. Көнгөн адаты менен байкеси ашыгына белек бердиртүү үчүн артынан келе жаткан тура. Мээсине чагылгандай тийген «эми Жайнагүлгө эмне дейм?» деген суроо жаш баланы бүк түшүрдү.