Кыркылган кыялдар 3-АЯККЫ БӨЛҮМҮ

https://kyrgyzcha.site/?p=65136&preview=true Кызыктуу окуялар.

Кыркылган кыялдар

3-АЯККЫ БӨЛҮМҮ

 

-Айдааай, даярсынбы?

Куйоосун жалт караган келин жылмайып алды.

-Даярмын жаным.

Пример HTML-страницы

-Балдардын жылуу кийимин салдынбы? Кантсе да шаардын чети, ушуйсунор. Келинчегин бетинен ооп сумкаларды машинага салып жатты Максат.

-Алдык баарын. Буйруса эс алып кайтабыз.

Ооба бул Айдай менен Максат. Уйлонгондоруно 6 жыл болду. Ортолорунда эгиз уулдары бар. Айдай чыныгы бакыттын даамын эми татып жашап жатат. Бирок бул бакыттын баасын ото кымбат болду. Канча уйкусуз тундор. Бала кунунон тилеген тилеги ишке ашпай, кыялдары кыркылып, ырайымсыз бул жалганда сенделектеп жалгыз калганында Максатка жолуккан. Кокурогундогу журогу муздап, ишенич деген соолуп калган эле. Кудум шамдай болуп жарык которуп кирип келди Максат. Кыркылган кыялы осуп, канат байлап бийиктерге кайрадан уча алды. Жолдошунун жардамы менен откон отмушунун кара кундорун бут жаап, жарык жашоого кадам коюп келе жатат. Максат менен баары женил. Анын жанында озун эркин, коопсуз сезет. Созунон эмес, козун карап журогундо эмне болуп жатканын туя алат жолдошу. Баары унутулуп бараткан. Бирок бугунку окуя кайра баарын коз алдына тизмектеп тарттырып откорбодубу. Отмушунду очуруп сала албагандан кийин, мин артка кайрылбайм десен да бир кылчайтып кароого мажбур кылат экен го бул тагдыр. Айдайда кудум ошондой болду. Кучактаганда титиреп корккон кыздын коздорун караганда тээ адырдагы озун корду. Эч кимге айта албай дирилдеп ыйлап жатканын эстеди… Унсуз ыйлап жаткан аялына жылуу жууркан жаап, мандайынан суйгон Максат кучактап жанына олтурду:

-Берекем…

-Максат?!

-Ыйлаба жаным. Баары артта калды. Кызга тийбептир. Ал зоокурду кармашты, тийиштуу жазасын алат. Сен азаматсын. Бир кыздын тагдырын сактап калганга себепчи болдун. Сени менен сыймыктанамын жаным.

-Эртен кыздын апасы менен жолугуп суйлошуу керек. Кызына колдоосу керек экенин айтуу керек. Ал да мага окшоп, коркуп сезимине очпос так болуп калбасын.

-Албетте, эртен шаарга барып жолугабыз…

 

 

ХХХ

Тай энесин жерге беришип, айылда жургонуно 3 кун болду. Айдай сыртка чыгып айланага коз жугуртуп алды. Озуно тааныш кочолор. Эч нерсе озгорбогондой. Баары ошол бойдон, арадан канча жыл отту, бирок айыл ошол боюнча турат. Акыркы жолу кеткенде кандай таштап кеткен болсо ошол бойдон. Тээ тигинде арык боюнда кыналышып оскон кош терек дагы эле ошол бойдон желге ыргалып шуудурайт. Бектурган ошол теректин тубуно китеп коюп кетчу дайым. Акырын басып барып,коргон козуно ишене албай турду. Китеп! Кудум ошондогудай таш астына бастырып коюптур. Колуна алып ичин ачса бир буктом кагазга озуно тааныш кол жазма менен Айдай деп жазылып туруптур. Арык боюна олтуруп катты окуй баштады.

«Айдайым! Ооба сен менин Айдайымсын. Бала кезимден ашык болгон жалгызымсын, ак нике менен алып бирок бир жашоо улай албаган жарым. Кечир мени периштем. Сенин келгенинди коруп, жолугуп суйлошуу мумкун эместигин туйдум да кат жазууну туура кордум. Айдай. Атам жасаган оор куноону мен билемин. Атам мага олоордо айтып олду. Эч кимге айта албай азап менен жашаган чындыгынды билдим. Кечир! Сенин адамгерчилигинде чек жок. Жакшылыгынды баалай албаган мен акмакты кечир. Ошол адамгерчилигине айбандык менен жооп берген ошол тун учун кечир. Баарына айтып соттотуп жиберсен болмок. Сен андайга барбадын. Апамды, мени, карындаштарымды аядын. Кечире албайсын билем. Омур бою карызмын. Сенин бактылуу экенинди коруп кубандым. Бажырайган коздорундогу ошол кубаныч кайтып келгенин коруп бактылуу болдум. Бактылуу бол жарыгым! Сен бакытка татыктуусун!

Бектурган. »

Айдай катты коз жашы жузун жууп окуду. Колу менен мыжыгып кармап алдында аккан сууга агызып жиберди да,китепти ордуна коюп койду. Кокту тиктеп,» мен силерди кечирдим» -деп шыбырап койду. Коодонундогу оору тарагандай женил тартып, кокурогу бошой тушту.

-Ааппааа, биз сени издебедикпи.

Жарыша чуркап келе жаткан балдарына кучак жайып уйду коздой кирип кетти. Алыстан тиктеп турган Бектурган» Рахмат, кош бол менин Айдайым» — деп уйун коздой женил басып жоноду. Алыстан болсо да Айдайдын кечиримин туйгандай журогу кыйла женилдегенсип калды.

(аягы)

 

P. S. Омур бир жолу берилет. Канча жашаарыбызды билбейбиз, бирок кантип жашоо озубуздун колубузда. Бул чыгармамда бир аз болсо да бугунку кундун койгойлуу маселеси болгон жаш балдарга карата болуп жаткан зомбулукту корсоткум келди. Бир Айдайдын тагдыры менен алыста акча деп иштеп жургон ата энелерибизге кайрылгым келди. Ооба турмуш, иштоо керек бирок унутпаныздар балдарыбыздын келечеги бизден коз каранды, аларга колдоо керек болгон убакта жанында бололу. Алардын оюн угуп, журогун тыншайлы. Баланы тындоону уйронолу. Бул бир гана Айдайдын тагдыры. А буга окшоп эч кимге айта албай канча бала, же кыз зомбулук коруп жашап жатты экен? Ошондуктан балдарыбызга кош конул болбойлу. Алар менен ачык суйлошуп, дос бололу. Каарманымдын аты озгортулуп берилди. Бир аз фантазиямды иштетип коркомдоп жаздым ийипмин))) Чыныгы жашоодо да Айдай бактысын табуусуна ишенем. Баарыныздардын уйунуздорго береке жана бейпилдик. Ден соолукта болунуздар.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️