Кыркылган кыялдар 2-БӨЛҮМҮ

https://kyrgyzcha.site/?p=65136&preview=true Кызыктуу окуялар.

Кыркылган кыялдар

2-БӨЛҮМҮ..

 

Айдай бала кезинен озунун келин болгонун озгочо элестетчу. Аппак жоолук салынып, чай куюп, деги койчу соонун кыялдарды кыялданып жашар эле. Мына келин болду. Жузу албырып, коздору бакыттан жанып тургандын ордуна тунжурап жузу муздак. Кулгон, эмес келин коргону келгендерге кабагын ачып жылмайбайт. Бектурган да жанына кире албай коп убакыт сыртта журот. Мындай учурда бири бирине тойбой суйуулору ашып туруу керек эмес беле. Ооба кудум ошондой болмок. Эгер ошол адырдагы Айдайдын журогуно очпос жараат калтырган окуя болбогондо. Уч кундон кийин Гулумкан келинине салам салдыртып сыртка алып чыкты. Уйго кирип эле

 

-Атана салам берип жугун балам, — деди. Айдай жузун которбой жугунду.

Пример HTML-страницы

 

-Кудай жалгасын, бактылуу болгула. Келин эмес, оз кызымдай бол, — Мырзанын унунон кыздын денесин майда калтырак басып аран турду. Чайын сунуп эле ашкана тарапты коздой качып чыкты. Эмне кылаарын, кандай жол тутаарын билбей катты. Жаны уйдо, жаны жашоо. Ар дайым корккон, тушуно чейин кирип азап берген ошол муздак коздор, эми даана жанында ээрчип журот. Кайда басса, кандай кыймыл кылса да артынан карап тургандай кооптонот. Эч качан озу жалгыз калбайт. Гулумдун артынан ээрчип же жанынан чыкпайт. Кайын энеси да жалгыз, биринчи келиним деп озгочо мээрим тогот. Бул уйдо бир гана ушул аялдан мээримди туя алды. Балдарына кылган мамилесин коруп, «менин апам неге мындай эмес» . Же «Гулумкан неге менин оз апам болуп калган эмес» — дей берчу болду. Гулум уйдо жок болсо, кичинекей балдардан бироосун созсуз жанына алып журот. Мынтип жашоо азаптын озу болчу. Конулун алам деген Бектурганды ансайын жек коруп баратты. Экоо жубай болуп бир болмодо, эки башка бурчта укташат. Айдай туну менен коркуп уктабай чыгат. Азыр Бектурган тура калып, келип баса калчудай андан козун албай тан аттырат. Уч ай ушул азап менен жашап журду. Мырзага бет мандай чыккандан коркуп, бир дасторкондо да тамак иче албай, жумушун жасап журо берет. Гулумкан гана «келиним дагы эле уялып коно албай журот» — деп озунчо бушайман. Айдай болсо озун жутуп алчудай тиктеген Мырзанын козунон кайда жашынаарын билбей тыбырчылайт. Тун ортосу, келин болмосундо эшикти ичинен бекитип алып бурчка тыгылып олтурат. Бектурган достору менен кетип копко жоголду. Ал болсо да бир жагынан тынч эле. Мына терезеден бир караан корунуп отуп кетти. Айдайдын журогу эми даана тушту. Уйдун ичин кыдырып учтуу нерсе издеди. Кире калса озун коргоп алганга даярданып алды. Жок кайра караан корунбой кетти. Козу илинип кеткен келинди эшиктин тарактаган уну ойготту. Колундагыны бекитип эшике жакын келгенде, Бектургандын:

 

-Айдааай! — деген унун угуп чоочуп кетти. Эшикти акырын ачса бутунда тура албай мас болгон жолдошу. Оозунан чыккан ичимдиктин жытына чыдап болбойт.

 

-Сен эмне ичтинби?

 

-Ооба, досторум бактылуусун деп суктанып куюп беришти. Ичтим. Аябай бактылуумун дедим. Ичимде болсо жанып бараттым. Айдай сен тушуносунбу? Жашаган уч айда келинчегиме колум да тийбеди десем мени досторум кандай мазакташаарын. Жок айтчы эмнеге биз мынтип жашашыбыз керек?

 

— Бектурган сен мас болуп калыпсын, эс ал. Жур ордуна.

 

-Эмнее? Кайсы ордума, сенин жанынабы? Айдай эмнеге? Тушундуруп берчи? Ушундай жашоо мумкунбу? — жигит чын эле ызаланып жатты.

 

-Могу орттонуп жатат тушуносунбу сен? Жигит муштуму менен журогун корсотту.

 

-Мен сага айткам биз жашай албайбыз деп.

 

-Себебин айтчы?

 

-Мен башканы суйом! — Айдай кыйкырып жиберди. Оюна ушул келди. Ушинтсем азыр мени кое берет деп ойлоду. Ансыз да мас болуп ызаасына чыдабай турган Бектурган Айдайды жаака чаап жибергенин, озу да сезбей калды.

 

-Эмне дейсин? Сен менин аялым экенинди унутуп калдынбы? Козумо карап башкасын суйом дегенинди кандай тушунойун?! Жигит кызды басып жыгылды. Айдай кутулуп чыга албай калды. Жалооруп, суранып кое бер деп жалбарып жатты.

 

-Суранам тийбеее, кое бер мени?!

 

Бектурган уккан да жок. Ушунча айдан берки ызаасы, Айдайга деген каалоосу куч алып кызды уйпалап жиберди. Оз максатына жетип шалк этип жатып калды. Айдай бурчка барып бурушуп олтурду. Ыйлап жатты. Чалкасынан тушуп уктап жаткан куйоосун жекире тиктеп алды. Кокурогундогу куйут, арман, оору Айдай озун ушунчалык алсыз экенине боору ооруду. Кантип ушул уйдо жашайт? Бектурган ушул кунго чейин тийбей келсе кубанып, балким мени кое берет деген умут пайда болгон. Эми кантип? Мырзанын айбандык ишин, зоокур коз карашын кантип актайт. Ар дайым артынан андып эч ким жок болсо баса калчудай ээрчип журот. Кимге тушундурот? Ким ишенет? Чыркыраган чындыгын, журогуно комуп салды. Акырын ордунан туруп, уйдун арт жагына отту. Капкара кою тун. Терен дем алды. «Менин эч кимге керегим жок! Ким мен учун куйот? Ким мени тындайт? Бир жолу, бир адам келип козуно караса тушуноор эле го? Апа кайдасын? Мага канчалык керек экенинди сезип аттын бекен? Кызындын журогу ооруп, зар какшап ыйлаганда сенин журогун туйду бекен? Мага сенин кымбат белегин, акчан эмес, мээримин, кенешин, колдоон керек экенин качан тушуносун? Мына эми менден туболук санаан тынч болот. Анткени мен силерди таштап кетем, ооба ырайымсыз бул дуйнодо менин ордум жок сыягы.»

 

 

 

 

Столду коюп, тамдын бооруна байланган жипке асынып алды. Ошол убакта Гулумкандын кичуу кызы ичим ооруду деп чон уй тарапка даары издеп жоногон Гулумкан, тарак эткен ундон сарай тарапка отту, узун болуп асылып турган келинин коруп ачуу чынырып жиберди.

 

-Мырзабееек? !

 

Ал келгенче бутунан ойдо которуп алды.

 

-Алда балам ай, бул эмне кылганын? Эмне болуп кеттинер экен. Бектургааан? ! Гулумкан ыйлап да, суйлоп да жатты. Эмне болгонуна тушунбой коркуп акылы жетпей турду. Мырза чуркап келип, козу алайып калды.

 

-Эмне турасын? Чеч! Гулумкан озун жоготуп турган жолдошуна кыйкырды. Байланган жипти кесип Айдайды жерге жаткырды кайын энеси журогун тыншаса согуп атат. Машинаны от алдырып ооруканага жоношту. Жандандыруу болумуно алып кирип кетишти. Гулум башын кармап олтуруп калды. Мырзабек ары бери басып журот. Гулумкан:

 

-Эмне болду ыя? Кечинде эле жакшы журбоду беле? Балан кайда Мырза?

 

-Кайдан билейин? Сенин жанында журом го мен деле. Уйдо эмес окшойт.

 

-Барчы уйго. Таап суйлош балан менен. Мен бул жакта болом Айдай озуно келгиче.

 

Мырза чыгып туз эле уйго жоноду. «Балким кат жазып кеткендир, бироого айтып койсо эмне болом?» Туз эле баласынын болмосуно отту, чачылган буюмдар. Эч нерседен бейкапар уктап жатат Бектурган. Уйдун ичи ичимдик жыттанат. Ары бери жакты оодарып, кат жазган болсо деп издеп таппай койду.

 

-Бектургааан? ! Ойгон. Козун чала ачып атасын коруп ордунан тура калды.

 

-Ата.

 

-Айдайды эмне кылдын? Эмне соз айттын?

 

-Мен эч нерсе.

 

-Эй бала катынын ооруканада. Озун асып алган жеринен, аран улгуруп жеткирдик.

 

Бектурган башын мыкчып олтура калды. Атасына баарын айтып берди.

 

-Ата,мен тушунбойм эмнеге мынтип атканын. Башканы суйом деди. Балким чын эле суйгону башка окшойт. Жашай албайт окшойбуз.

 

Мырза ордунан туруп басып кетти. Эмне иш кылганын, кандай айбандык жорук жасап алганын эми гана тушунгондой тунжурап олтурду. Бул тун ушунчалык узун болду. Гулумкан келининин кашында. Бектурган, Мырза оздорунчо ичинен эзилип, басып журуп тан аттырды. Озуно келип аран козун ачкан Айдай жанында колун кармап кайын энесинин уктап жатканын корду. Колунун кыймылынан Гулумкан ойгонуп кетти.

 

— Кагылайыным озуно келдинби?

 

-Эмнеге мен дагы эле тируумун? Менин жашагым келбейт апааа?! Айдай ыйлап жиберди. Гулум келинин мандайынан ооп:

 

-Антип суйлобойт кызым, айт эмне болду? Эмне сени мынча кыйнап жатат, балам мага айтчы? Неге бул жолго бардын?

 

-Менин жон гана жашагым келбейт…

 

Айдай ыйлап жатты. Врач кирип, кайра тынчтандыруучу укол жасап, кайын энесин сыртка чыгарды. Эртеси куну озуно келген Айдай эч ким менен суйлошпой койду. Тай энесине «мен ал уйдо жашай албайм, эч ким мени урушкан жок, болгону ал уйдо калбайм» — деп гана айтты. Ооруканадан туз эле, шаардагы тай эжесинин уйуно чыкты. Бир ай жатты . Бажырайып осуп турган гулду кыркып койгондой соолуп жатты. Тамак да дурустап ичпейт. Апасы кабарлашып кызын жанына чакыртып алды. Ботон эл. Балким баары унутулуп жайына тушоор. Канча убакыт керек экени белгисиз. Кудум кокурогундогу бул дарт эч качан айыкпоочудай. Апасы кучактап, чачынан сылап олтурат. Айдайдын таарынган, капа болгон журогу муздап калгандай. Канча мээрим тогуп турса да баары жасалма сезилип туруп алды. Ушул мээримге, ушул колдорго тээ ошол убакта ушунча зар болгон. Апасын сагынып, кучактагысы келип канча тундору ыйлап уктаган. Башына оор кун тушкондо апасына арызданып айтып берем деп чалганда «Айдай жумушум коп. Эмне ыйлап жатасын? Эмнене акча жетпей жатат, эртен которуп жиберем» — деп телефонду шашылып коюп салганын эстеди. «Апа мага акча эмес, сен керексин» — деген кызынын созун уккан эмес. Калипа кызынын эмне болгонун, эмне жашырып жатканын канчалык билууго аракет кылса да майнап чыккан жок. Балким азыр эмес, кызына керек убакта ушинтип жанында болгондо баарын айтып бермек беле? Эми болсо баары кеч. Озундогу бул сырды, озуно гана таандык болгон чындыкты комуп салган. Аны ошол кеч жана тагдырына, гулдой омуруно кара тун тушургон Мырзабектен башка эч ким билбей кала берди. Тай энеси, Бектурган, апасы да Айдайдын неге мындай жолго барганын, тушунбой кала беришти. Бектурган Айдайдын» мен башканы суйом» деген созуно ынанып, оз божомолу менен калды. Апасынын сылап жаткан колдорунан Айдай кайын энеси Гулумканды эстеди. Аны сагынып кетти. Кабагы салынса улам мандайынан суйуп «кызым» — деп эркелеткенин эстеди. Куйполоктоп кызым деп турганын эстеп козуно жаш келе тушту. Ооруканада жатканда жанына олтуруп башынан сылап тан аткыча жанында болбоду беле? Ээхх аттин?! Кандай сонун аял. Мырзабектин айбандыгын билбей жургонун. Акыркы коштошоордо ыйлап кызым эмнеге деп кала берген. Кучагына бой таштап, баарын, баарын тогулуп айтып бергиси келип,эрдин бекем тиштеп озун аран басып турган. Бул дуйнодо бир гана ошол Гулумдон озгочо мээрим корду. Корсо ошондой таза, мээримдуу адамдар болгон учун, дуйно Мырзабектей акмактардын иштеринен антарылып кетпей кармалып турат окшобойбу.

 

Корсо убакыт бир орунда турбайт экен. Мына чет жака келип иштеп, жашап калганына да 3 жылдын жузу болду. Бул арада эмнелер болду, эмнелер озгорду. Айдай жумушуна конуп кеткиче канча кыйынчылык корду. Тундосу канча жолу тушуно Мырза кирип, ошол токойго суйроп бараткан жеринен бакырып ойгонот. Баары озгорду, бир гана кыздын жузу ошол бойдон телмирет. Ачылып эч ким менен суйлошпойт. Жигиттерди жанына тук жолотпой качат. Кундор арты артынан мончоктой тизилип отуп жатты. Май айынын этиги болчу. Чогуу иштегендер менен шишкебек жегени жаратылыш койнуна келишкен. Ызы чууну анча жактыра бербеген Айдай алардан обочолонуп жалгыз аяк тушкон жол менен токой аралап басып жоноду. Суунун жанына жетип ошол жерде копко турду. Бир убакта артынан чыккан шырп эткен ундон жалт карап озун тиктеп турган жигитти корду.

 

Денеси дур этти. Дагы коркунуч каптап денесин майда калтырак басты. Бирок бул тиктеп турган коздор жырткыч, муздак эмес мээримге толуп карап турган эле. Жигит капкара кундуздай болгон узун чачтуу перини карап кулуп турду.

 

-Чочутуп алганым учун кечирим сураймын, — жигит кыздын кыргыз экенин билгендей кыргыз тилинде суйлоду.

 

-Чочуган жокмун, — Айдай жанынан отуп баратып айтты.

 

-Максат- деди унун бийик чыгарып. Кыз артын караса жигит колун сунуп туруптур.

 

-Атым Максат.

 

-Айдай.

 

Бурулбай туруп атын айтып басып кетти.

 

-Таанышканыма кубанычтамын! Узап бараткан кыздын артынан кыйкырды. Кетип бараткан Айдай жигиттин кыйкырганын угуп ууртунан жылмайып алды да «тентек» деп койду озунчо.

 

 

 

 

Максат кесиби боюнча врач психолог, келишим менен практика алмашууга бул жака келгенине аз гана убакыт болду. Жумуш ордунда олтуруп кечеги токойдо суунун боюнда коргон Айдайды ойлоду. «Татына кыз экен.» деп алды. Анын оюн телефонуна келген чалуу бузду.

 

-Аллоо?

 

-Байке кандайсыын? Сен мага берген убаданды унуткан жоксунбу? Бугун мага эс алуу, озун соз бергенсин да. Токтобой суйлоп жаткан карындашына кулуп жиберди. «Эс алуу кунундо чогуу айланам»- деп соз бергени чын эле эсинен чыгып кетиптир.

 

-Маакул Сакутай, азыр чыгып жатам. Жолугабыз.

 

-Ии ушундай болсун. Телефонду очуруп Сайкал болмосундо китеп окуп олтурган Айдайга кирди.

 

-Дагы эле китеп. Журчу кочого чыгып келебиз.

 

-Коойчу Сайкал, билесин го ызы чууну жактырбайм. Айдай китептен козун албай жооп берди.

 

-А биз тынч жерге барабыз. Журчу эми, балмуздак жеп келебиз. Жалооруп байкуштун кейпин кийип турган бул кызга эч качан жок деп айта албайсын. Айдай кулуп жиберди.

 

-Макул барса баралы.

 

-Ушундай болсун. Сайкал бир козун кысып койду. Ооба ал коптон бери болосу Максат менен курбусу Айдайды тааныштыра албай убара. Канча жолу социалдык барактардан тааныштырганга аракет кылганы бекер болду. Максат силер жака практикага бара жатам дегенден бери Сайкалдын оюнда ушул план. Кантип экоону жолугуштуруп тааныштырам деген. Мына бугун учуру келгендей.

 

Эки курбу уйдон чыгышты. Айдай дайымкыдай чачын тобосуно байлап алды. Узун кара чачы Айдайдын ого бетер ажарын ачып турат. Магазин айланып экоо копко журушту. Сайкал улам телефонун кармалап, бироого байланыша албай убара. Балмуздак жегени кирип олтурушкан. Ангыча оздорун карап келе жаткан жанагы токойдо жолуктурган баланы коруп чочуп кетти Айдай. Максат алыстан жазбай тааныды Айдайды, коруп алып кубанып да кетти. Келип Сайкал менен учурашты.

 

-Салам кыздар, Сакутай кандайсын, кечир жол тыгын. Аябай кеч калдым.

 

-Байке билесинби мен бул курбумду кармап турганга канча энергиям кетти. Сайкал тамашалай кетти. Айдай Сайкалды бир, Максатты бир карап эч нерсеге тушунбой турат.

 

-Сен кандайсын Айдай? Жигит туз эле атынан айтты. Кудум эски тааныштардай.

 

-Максат мен жакшы рахмат. Айдай да сыр бербей колун сунду. Аларды коргон Сайкал:

 

-Ээй силер кайдан тааныш болуп журосунор ыя? Мен силерди тааныштырам деп канча план ойлоп, тундосу уйкумдан калып журсом. А силер тааныш беленер?

 

Баары каткырып кулуп алышты. Негизи Сайкал ушундай тамашакой жан. Жургон жери кулку. Ар дайым кулдуруп суйлойт.

 

-Макул тааныш болсонор андан жакшы. Мен кеттим, башка дагы жолугушуум бар.

 

-Сайкал кайда? Айдай курбусун токтотуп калганга улгурбой калды. Сумкасын алып чуркап жоноду. Экоо унсуз олтуруп калышты.

 

-Максат мен да бара берейин анда уйго кап этпесен.

 

-Сени узатып койсом болобу?

 

-Макул. Айдай каршылык коргозбоду. Жол катар экоо таанышып коп нерселер жонундо суйлошуп келишти. Бул ирет кыз Максаттын алдында озун кыйла эркин сезип жатты. Коштошоордо номерин сурап алып кетти. Ушул болду, экоонун телефондо жазушуусу кобойо баштады.

 

Ооба ушинтип кирип келди Максат кыздын жашоосуна. Алгач озун ала качып, жолугушууга чакырса жалгыз барбай Сайкалды ээрчитип алчу. Бара бара жигитке конуп, жанында озун эркин алып журуп калды. Бирок Максат колун кармайм десе же денесине колу тийсе эле дирт этип кетет

 

 

 

 

ХХХ

 

Аялынын ызылдап кыйкырган унун укпастан Бектурган эшикти тарс эттире жаап чыгып кетти. Кундо ушул корунуш. Чонтогунон тамекисин алып чыгып тутантып досу Керимдин уйун коздой кетти. Мырза баласын артынан карап башын чайкап уйго кирип аялына:

 

-Келинин менен суйлошсон боло Гулум. Мынтип копко жашай алышпайт. Бир аз тилин тартса болмок.

 

-Ал байкушту ким тушунот? Назира деле ыза болгонунан суйлойт. Келин болуп келип, баландан бир жакшы соз укпады байкушум. Гулумкан козуно жаш алып келининин тарабын талашты.

 

-Эми бир аз сабырдуу болсо, акырындан Бектурганга деле акыл кирип калаар… Мырза унун пас чыгарып унчукту.

 

Айдай кеткенден кийин Бектурган озун таштап салды. Айылдагы бекер, озунон чон балдарга кошулуп ичет. Жургон жери, чыр тополон. Алаксыйт деп шаарга окууга суйлошуп тапшыртты эле, ал жактан да мас болуп дуконду тонойбуз деп колго тушуп, аран акчанын кучу менен чыгарып алышты. Окууну да таштап салды. Кайра эле айылда бекерчи балдарга кошулуп журуп алды. Бир куну Мырза:

 

-Эй бала кеткен катындын артынан да ушунча аза кутобу, энеси олгондой болуп?! Эркек болчу?!

 

Бектурган ун каткан жок. Башын жерге салып жон гана угуп турду. Гулумкан менен Мырзабек акыры балким уйлонсо алаксып, унутаар деп ойлошту. Досторунун кызы менен тааныштырды. Бектурган кызга жолуккан кундун эртеси эле достору менен мас болуп ала качып келип алды. Мына уй булоо болуп жашаганы Назира менен уруш жанжал. Конгон адатын таштай албай ичип келет. Назира да жон калбай суйлоп, акыры таяк жеп козу когоруп, же бети сыйрылып тынат. Жада калса ортодогу бала да экоонун мамилесин жылыта алган жок. Бектурган Айдайга болгон ызаасын, кегин же таарынычын ичкиликтен чыгарат. Айдайды суйгон. Ушунчалык катуу суйгон. Кичине кезинен бери жакшы корот. Кулгондо бажырайган козун, капкара чачтарын эстеп жылмайып алды. Анан, капыстан эле озгоруп шаарга кетип калганы, ала качып алып келгенде кыйкырып ыйлап чыр салганын, озун жек коро тиктеген коз карашын эстеп кыжыры келе тушту. Эмне учун? Эмне себеп болду? Башында ушул гана ой. Журогуно тынчтык бербей тыбырчылаткан бул суроого жооп таба албай болгон кучун арактан чыгарып ичет.

 

 

 

 

Бектургандын бул абалын коруп Мырза ичтен озун жейт. Бир кыздын, жок озунун баласынын тагдырын бузуп алганына бушайман болуп журот. Деги ошол куну эмне болду эле? Кандай шайтан оюн аралап мындай ишке барды эле? Ооба кызуу болчу. Бирок кийинчи? Кийин да оз напсисине ээ боло албай коргон жерден теше тиктеп журбоду беле? Жаны бойго жетип келе жаткан жаш денени коруп, озунун каалоосуна ээ боло албай айбандын жоругун жасаган. Бирок уч уктаса тушуно кирген эмес, уулу ошол кызды ала качып келет деп. Мына суктанып тиктеген ошол дене уйундо, мандайында бурушуп коркуп турат. «Акмак! » — деп алды. Тундосу уйкусу качып эшикте копко басып журду. Чон уй тараптан Бектургандын кыйкырып суйлогону, келини Назиранын унулдоп ыйлаган уну угулуп турду. «Мага кечирим барбы?!» — деп алды. Мээсине толгон ойлордон чарчап, короосунда токтоп турган унааны от алдырып чыгып кетти. Кайда баратканын билбейт. Чон жолго чыгып, белгисиздикти карай багыт алып кете берди. Коз алдына ошол куну адырда ыйлаган Айдайдын элеси келди. Кийин уйундо жургону, Мырзанын жырткыч мамилеси чыдабай жаш омуруно кол салып асылып турганы тартылды. Бектургандын жаш кезин эстеди. Экоонун кошо мектептен келе жатканы, уулу жакшы корот эле го? Айдайды алып келгениндеги козундогу кубанычын эстеди. «Уулум кечир?!» — деди журогу сыйрыла. Ролду кармаган колдору титиреп, коз жашына озу ээ боло албай баратты. Эркек башы менен унун чыгарып ыйлап жатты. Козундогу жашты жени менен сурткондо мандайындагы чыккан жарыка козу чагылыша жолдон чыгып кетти. Катуу ылдамдык менен келе жаткан унаа чон жолдон чыгып, даракка урунду…

 

Оорукана. Бектурган ыйлап жаткан апасын кучактап операция болумунун алдында олтурушту. Операция узакка созулду. Гулумкан Кудайга жалбарып жатты. Танга жуук дарыгер чыкты. Суроолорду жаадыра жанына жетип келишти.

 

-Жакшыбы? Абалы жакшыбы?

 

-Абалы оор, бирок туруктуу. — деди дарыгер чарчаган ун менен.

 

-Баары Жараткандын колунда. Журу балам мен менен керектуу уколдор бар алып келе кал-деп Бектурганга кайрылып басып кетти.

 

-Апа ыйлабачы. Буйруса жакшы болот. Бектурган апасын олтургузуп дарыгердин артынан кетти. Ошол бойдон 3 кундон сон Мырза козун ачты. Козун ачып эле уулун чакырды. Алдына кирген баласына:

 

-Балам — деди аран оозун кыбыратып.

 

-Ата, мени кечир. Сени кыйнадым. Сен аман бол,соз берем мен такыр озгором.

 

-Бектурган, мени укчу. Келиним Айдай… Мырза энтигип, оор онтоп алды.

 

-Ата, Назира уйдо бала менен калган-деди атасын дагы эле наркоздун таасиринен чыга элек деп ойлоп.

 

-Жок балам, созумду болбой ук. Кучум аран жетип суйлоп жатамын. Бул оор куноону которуп кете албайм. Жок дегенде сага айтып женилдеп алайын. Мени кечир уулум, кечире албайсын билем. Айдайды кетип калды деп таарынып, куноологонунду токтот. Ал жон жерден кетпеди. Мен куноолуумун. Балам Айдай менин азабыма чыдабай кетти.

 

Мырза баарын ыйлап айтып берди. Бектурган унсуз гана тиктеп угуп турду.

 

-Мына кокурогумду жарган азабымды сага айттым. Кечирим жок экенин билем. Ошондо оюмду кандай шайтан басты экен? Сен эмес, азыргыча озумду актай албай жашап журом. Балам, бир гана отунучум апан билбесин. Апандын козундо жакшы адам бойдон отойун.

 

Бектурган соз да айтпай шалдырап чыгып баратты. Уккан кулагына ишене албай, акылы менен жок деп кагып жатты. Сыртка чыгып дубалга сойонуп турду. Гулум кирип кетти шашып. Бир аздан сон Гулумдун ачуу чынырыгы коридорду каптады. Дубалга жолонгон калыбында «Ата сени кечирдим» — деди Бектурган.

 

Боз уй тигилип, жаназа окулуп Мырзаны жерге беришти. Бектургандын жашоосунда чон озгоруу болду. Мурункудай кочодогу балдарга кошулбай, короосунда жумуш менен алек. Аялына да катуу суйлобой аяр мамиле жасап калды. Уйундо тынчтык болуп, тунжурайт. Атасынын жоопкерчилигин мойнуна алып тиричилигин улантып жатты. Коп учурда ойлуу журот. Тээ бала кезиндей шатырап кулуп, куудулданбай токтоо тартып калган. Гулумкан атасын жоготкон оор тийди балама деп аяп кетти.

 

 

 

 

Уландысы бар

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️