Кыркылган кыялдар 1-БӨЛҮМҮ

https://kyrgyzcha.site/?p=65136&preview=true Кызыктуу окуялар.

Кыркылган кыялдар

1-БӨЛҮМҮ..

 

Жайдын толуп турган кечи. Айдай уй булоосу менен ызы-чуудан качып шаардын четиндеги дачага эс алганы келишкенине 10 кун болду. Бир аз болсо да сергип эс алгандай боло тушту. Уйдун арт жагында чон дарыя агып откон, устуно калын токулган жоолук таштап Айдай сууну бойлоп басып журду. Шаркырап аккан суу, жашыл бак, айлананы суктана карап таза абадан кере жутуп алды. Ангыча чырылдап ыйлаган жаш кыздын унун кулагы чалып журогу «шуу» дей тушту. «Апаааа» деген унду угуп кыйкырык чыккан тарапка жетип барган ал турган жеринде катып калды. Курсуйгон эркек киши жаш кызды тыпыратып кармап алыптыр, чон жыгачты ала коюп чаап салды.

-Акмаааак! — болгон уну менен кыйкырып жиберди. Жанагы зоокур кутпосо керек Айдайды туртуп жиберип качып жоноду, жанынан отуп баратканда ичимдиктин жыты мурдуна бур дей тушту. Кызга жетип барып эле кучагына ала койду. Кудум ал кыз эмес, мунун ордуна Айдай болгондой колдору титиреп жатты. Кызды караса коркконунан суйлой албайт.

-Ооруган жокпу эч жерин, тийбедиби деги. Бардык жерин сообу?

Пример HTML-страницы

-Апаа, апа — кыз жон гана ыйлап жатты. Айдай жоолугун кызга ороп которуп уйун коздой келе жатты. Аны утурлай алдынан куйоосу Максат чыга калды.

-Тез жардам чакырчы, ээсин жоготуп баратат-деди кызды жолдошуна берип жатып.

-Ким бул? Кайдан таптын? Эмне болду? Деги тынчылыкпы? — деди шаштысы кеткен Максат Айдайдын бозоргон онун коруп тынчы кете.

— Уйго алып кирели. Айдай башка соз айткан жок. Анткени айтууга чамасы келбей, озу, журогу титиреп аран турду. Тез жардам чакырышып, милицияга кабарлашып, Айдай корсотмо берип келди. Тун жарымда гана башы лакылдап жарылчуудай ооруп жатканын сезди. Кыз сегиз гана жашта экен. Эхх дуйнон туш ай!… Мындай таш боор, мыкаачы адамдар кайдан жаралат болду экен? Аларды деле эне тарбияласа керек? Кантип ушул ишке барышат?Наристе кыз, али наристе. Айдай унсуз ыйлап жатты. Дуйносу эншерилип, журогундогу айыгып катып бараткан жарааты ачылып ачыштырып жаткандай онтоп алды. Бут жашоосу, унутууга аракет кылган ошол кара тун кайра коз алдына тасмадай тартылды…

Айыл кечи. Тээ алыскы тоо боорундагы айылда оюн десе оюнга тойбогон, жашоонун ак карасын тушуно элек эселек Айдайдын бактылуу балалыгы отуп жатты. Кунду кулку менен батырган балалык кез керемет мезгил болуп саналат эмеспи? Коздору кулмундоп турган Айдай 9-класстын окуучусу. Сабакты бешке окуган, мектептин алдынкы окуучуларынын сап башында. Ар кандай сынактарга ийгиликтуу катышып алдынкы орунду дайым алган кызды озунун классташы Бектурган ичтен, тымызын жакшы корчу. Ар дайым ага озгочо сый мамиле жасачу. Аны Айдай деле сезчу. Экоо унсуз гана тиктешип жылмайып алышчу. Айдай тай ата, тай энесинин колунда осту. Атасы менен апасы Айдайга белгисиз себептер менен бирге жашашпайт. Апасы Калипа Россия жергесинде иштейт. Атасын болсо билбейт. Эсинде калганы бала кезинде келип турчу, эс тартканы атасын коро элек. Тай атасы канчалык небересинин козун караганы менен баары бир балага ата, апа дегендин орду чон болот экен. Классташ балдар, кыздары ата апасы жонундо соз козгоп калышса, мостоюп улутунуп гана тим болот. Мектеп, анан мектептен кийин айыл жергеси болгондуктан мал, кой кайтармай. Озуно жаккан китепти алып тоо бооруна малды жайып алып китеп окуганды жакшы корот. Кээде классташы Бектурган экоо кошо окуп, анан талкуулашат. Бектурган дайым атам мына китепти алып берди, райондогу базардан мондай китепти сатып берди деп ар кандай китептерди Айдайга берип турат. Бектургандын атасы абдан мээримдуу деп ойлойт. «Дайым биз барганда жылуу суйлоп тосуп алат. Эххх менин деле атам ушундай болсо керек» — деп кыялданып алат. Ошентип кундор артынан отуп мектепти аяктап жайкы каникулга тарап жатышты. Айдай Бектургандан алган акыркы китебин берем деп ал жашаган уй тарапка баратса атасы алдынан чыга калды.

-Кел кызым, кандай отурасынар? Кемел аба жакшыбы?

-Рахмаат жакшы, тынч олтурабыз Мырза аке. Китепти берейин деп.

-Аа Бектурган малдарды жайгарып аткан, келе гой мен берип коем. Айдай китепти сунганда кокустан колу Мырзанын колуна тийип кетти. Селт этти кыз.

-Мейли жакшы турунуздар, артына бурула шашып жоноду. Денесин жылан тийгендей муздап, жагымсыз сезим аралап отту. Ошол бойдон каникул башталып айыл эли баары оз эмгектери менен алек. Жайдын аптабы мээден отот. Кеч киргенде бактын тубундо китеп окуп олтурган Айдайды тай атасы чакырып калды.

-Айдай кызыыым. Ой кызым. Тиги курон уйдун музоосу дагы жоголуп кетиптир балам.

-Ииий, иий ата дайым айтам го байлап койгула деп. Аныныз кетти да тиги адыр жака. Айдай тултундап жоноду.

-Журо гой балам таап келбесек болбойт. Сен айыл ичин кыдыр анда. Мен адыр тарапка барайын.

-Жоок ата, ал жака басып баргыча чарчайсыз. Озум эле карап таап келем. Сиз айылды каран.

Айдай устуна жемпирин кийип адырды коздой музоосун издеп жоноду. Кынылдап ырдап тентек музоосун издеп журот. Жайыт анан жогору жагы адыр, бул бети калын бак жака жетип калыптыр.

-ууф эми кайдан таптым. Кеч да кирип баратат. Айдай озунчо суйлонуп алды. Алды жагынан ат минген караан корунду. Жакшылап караса Бектургандын атасы.

-Айдай кызым кеч киргенде эмне кылып журосун?

-Саламатсызбы? Музоону жоготуп издеп жургонбуз, мандайы кашка курон музоо.

-Бул жакта корунбойт, аттан тушуп Мырза жылмайып кыз тарапка жакындады.

-Аа рахмат, коруп калсаныз айтып коесуз э? Жаман оюнда жардам берет деген Айдай артына бурулуп басып кетти. Бир аз узагандан кийин Мырзанын кыйкырган уну угулду.

-Мына музоон, тээ тигинде журот

-Жакшы болбодубу, рахмат сизге. Суйунуп кеткен Айдай Мырза корсоткон калын бак тарапка чуркап жоноду. Шам тушуп калганга бак озгочо сурдуу корунуп турду. Эми гана коркунуч каптай баштады. Негедир шарт артын бурула карай салды. Артында озунон козун албай Мырза тиктеп турган экен. Жанагы мээримдуу коз караш эмес, ач калган жырткычтай тиктеген муздак коздор. Айдай коркуп кетти.

-Эртен кундузу келип карап кетем, деди уну дирилдей. Акырын кетип баратканда Мырза шап колдон алды. Айдай бакырып жиберди. Кучтуу эркектин колу билегин оорутуп салды.

— Кое беринизчи?!

Мырза бак тарапка суйроп бара жатты. Айдай кыйкырып колун боштууга аракет кылып жатты. Акыры кандай экенин билбейт, колу чыгып кетти кыздын. Мырза бир аз кызуу болгонго кайра кармап калганга улгурбой калды. Коркуп кеткен кыз айылды коздой тызылдап чуркап жоноду.

Артын караганга чамасы келбей, буту бутуна тийбей чуркап баратты. Кудум эки буту тушалып калгандай кадамы алдыга жылбай аткандай сезилип болгон кучу менен зуулдап баратты. Качан гана айылга киргенде жайлап артын бир карап алды, эч ким корунбойт. Журогу кокурогунон чыгып кетчудой согуп, куноо иш жасагандай жалтактап уйуно аран жетти. Карангы кирип калганга тамак ичпей туз болмосуно кирип кетти. Тай энеси

-ай кыз тамак ич. Тиги музоону кошунанын багынан таап келди атан, сени убара кылып не адырга жонотту? Батыраак келбей сен да журо бересин. Кубуронуп суйлонуп аткан тай энесинин созунун бири да кулагына кирген жок. Эки тизесин кучактап гана бурушуп жатты. Болуп откон ишти синире албай, ону же тушу экенин тушунбой нес абалда жатты.

 

Эмне болгонун акылына синдире албай шалдырайт. Жок деп жатты. Кантип эле? Сыйлап, оз атамдай коргон киши ушул ишти кылмак беле? Болгондо да Бектургандын атасы. Азыр тай энеме айтып берсем мага ишенеби? Жок албетте. Абалымды кирип сурап койбогон, азыр бул созумо кайдан ишенмек? Музоо издеп журсом, курбу кыздарын менен дейдип журдун деген, анан Мырза мынтти десем ишенмек беле? Айдайдын ойлору чаржайыт болуп кетти. Ушул тапта, ушул убакта канчалык апасы керек болуп жатты. Бекем кучактап алып, оксуп ыйлап айтып арыздангысы келди. «Апппааа» оозуна жаздыкты коюп алып бакырып ыйлап жиберди. «менин да атам, апам жанымда болгондо мени мынтип кордогонго эч кимдин дити барбайт болчу, атам мени коргоп, апам сырдашып жанымда болушса мен мындай кунго кабылмак эмесмин» — деди дили сыйрыла. Ушул учурда баарын апасын, атасын, Мырзаны дегиле эле дуйнону жек коруп турду. Тан атып калганда суу ичем деп ордунан турайын десе денеси ооруп шалдырайт. Чыгып баратып оозгу болмого жеткенде шалак деп жыгылды. Ошол бойдон дене табы которулуп, тошоктон турбай эки кун жатты. Тамак которуп кирген тай энеси:

-Тиги Мырзанын баласы ким эле сен менен окуган, китеп которуп келиптир. Айдай Мырза дегенди укканда коздору алайып, журогу оозуна келди. Кудум Айдай жаман иш жасап койгондой, коркуп кетти.

-Мен жок деп коюнчу, уктап атат деп. Китептин кереги жок экен дениз. Тошогуно чумконуп ары карап жатып алды. Ошол окуядан сон Айдай кочого да аз чыга турган болду. Короосунун ичинде журо берет. Мунозу да тунт тартып, эч ким менен суйлошпойт. Оюнун баары окуу, анан оюн болгон кыз бир эле кундо улгайып санаа басты. Наристе кыялы кыркылып, баё мунозу жоголуп таптакыр башка адамга айланды. Бироого айткандан да коркту. «Эч ким ишенбейт, кайра мени куноолуу кылат» — деп бала оюнда коорунуп, ичине сактап журо берди. Бир куну сырткы дарбаза ачык турган, уйдун алдында жумуш жасап жургон кыз озун теше тиктеп бироо турганын сезди. Карап Мырзаны коруп журогу тушту. Колундагы идиши жерге тушо уйго качып кирди. Кудум азыр кирип Айдайды колдон суйроп тартып кетчудой коркуп бурушуп олтуруп алды. Ошондон бери басса турса Мырзанын муздак коз карашы оюнан кетпей койду. Бироо тиктей калса же атын айтып чакырса да шашып кетет. Коорунчаак болуп, чунчуп баратты. Жайкы эс алуу бутуп мектеп убагы башталды. Бектургандардын уйу мектепке кеткен жол тарапта болгондуктан ал жолдон шашып отуп кетет. Мырза чыгып колдон кармап тартып кетчудой коркуп дикилдеп отуп кеткиче шашат.

-Айдаай! Октом чыккан ундон селт этти. Оюда «Мырза» деди. Баягы адырда музоонду таптым дегенде да кудум ушундай атаган. Артына карабай кадамын тездеп кете берди. Бироо чуркап келип билектен тартканда бакырып жиберди. Бектурган коздорун алайтып озун тан калып тиктеп турган, классташын коруп энтиге тушту.

-Сен, сен белен, мен шашып атам. Созун бутпой басып жоноду. Жанында Бектурган унчукпай кызды тиктеп келе жатты. Экоо суйлошпой мектепке кирип келишти. Айдай озун оолак кармап, эч кимге суйлобой, кошулбай арт жака жылып олтуруп алды. Бектурган кызды тааныбай турду. «Буга эмне болгон? Же мен капа кылып алдымбы? Таарынтчу соз деле айтпадым го. Акыркы жолу качан суйлошконубуз деле эсимде жок, же ооруп жатканда кабар албадын деп таарынып атабы?» Бектурган озунчо ар ойдорду божомолдоп, кыздын мынчалык бат озгоруп кеткенин тушуно албай турду. Бир буктом барака кат жазып Айдайга сунду, кыз алды да окубастан айрып салды. Курбу кыздарына деле кошулбайт, же сабака конулу жок. Бир чекитти ойлуу тиктеп олтура берет. Сабак буткондо сумкасын которуп ордунан туруп класстан чыгып кетти. Артынан калбай жигит да ээрчип алды. Алдыда Айдай, артында Бектурган унчукпай мектептен келе жатышат. Бектургандардын уйуно жетейин дегенде Мырза менен аялы Гулумкан, дагы бир эки кошуна турушуптур. Айдай оор ушкуруп алды. Алдыларынан отуп баратып

-Саламатсыздарбы? деп баш ийкеди. Гулумкан жылмайып.

-Кандай кызым, тай энендер жакшыбы? Сабак эрте бутуптур го? деди. Айдай бурула бергенде Гулумкандын домпоюп чыгып турган курсагын корду. Жанындагы озун жеп ийчудой тиктеп турган Мырзаны жек коро тиктеп:

-Ии акыркы сабак болбой эрте кайттык,-деп отуп кетти. Мырза ошол эле бойдон, ошол куну кандай карса азыр да ошондой суктануу менен кызды тиктеп турду. Капкара белинен отуп экиге орулгон чачы озуно жарашып ансайын келбеттуу корсотуп тургандай. Жанындагы кошунасы Мырзага карай

— буйруса мектепти бутоору менен Бектурганды уйлоп коет окшойсунар — деп тамашалай кетти.

— ии буйруса, эми азыр жаштардын айтканы менен болуп калдык го? — деп койду Мырза да узап кеткен кыздан козун албай. Айдай жол ката баратып «акмак, жузу жок! Кантип аялындын бетин карайсын? Дагы эч нерсе болбогондой мага суроо берет. Айбан»-деп тилдеп суйлонуп бара жатты. Бектургандын тынчы андан отуп кетти. Айдай менен суйлошуум керек деди. Баягы кой жайып жургондо, китеп окуп кошо талкуулап, мектептен кайтканды ар кандай кызыктуу темаларды суйлошуп келген кундорун сагынды. Тамашакой, ар дайым кулуп жургон Айдайдын мынча озгоруп кеткенин тушунбой, ишене албай койду. «Жок, суйлошуум керек. Ага бир нерсе болгон. Жашырып жатат» — деди. Эртеси сабактан чыккан жеринен кызды колдон алып, жетелеп бак жака алып барды.

-кое бер колумду, — Айдай колун силкип алды.

-Суйло. Жигит катуу ун менен айтты. Эмне болду сага? Эмне тескери болуп жатасын? Жазган катымды ачпай, берип жиберген китебимди да албай кайтарып жиберипсин? Деги тушундуросунбу?

-Эмне болуптур? Болгону мен ал китепти мурун окугам. Анан катына келсек, эмне экообуз кыз жигит белек, же сага убада берген белем? Айдай Бектурганга тике карады. Жигит тайсалдап:

-Жо, жоок, — деди.

-Анда эмне менин жолумду торойсун, кач! Башка алдыман чыкпа. Жигитти туртуп басып кетти. Кадамын тездетип баратып, ичинен унсуз ыйлап жатты. «Кечир, конулунду ооруттум» — деди. Озун жалооруй тиктеген Бектурганды эстеп дуйносу тарып кетти. Баарын ыйлап айтып бергиси келип, мууну бошоп кеткенде, туртуп качып жонободубу? Анан кантмек?» Сенин зоокур атан мага кол салды» — десинби? Айткан кундо деле ишенмек беле? Албетте жок. Озун куноолойт да. Жаман аттуу болот озу эле. Уйго келип эле «окубаймын, тогузду буттум болду шаарга тай эжемдин жанына тигуу цехине ишке кирем» — деп чыкты. Эч кимдин созун да укпады, тай энеси ары айтып, бери айтып акыры макул иштесен иште деп жайына койду. Эртеси куну мектепке барып, документтерин алып, классташтарына да жолукпай кетип калды. Баары тан калып, бир эсе таарынып кала беришти. Баарынан да Бектурганга чечилгис табышмак бойдон калып кетти.

Убакыт куштай зымырап отуп жатты. Шаарга тай эжесинин жанына келип тигуу цехине жумушка орношту. Башында кыйналганы менен бара бара оздоштуруп колу конуп алып кетти. Дээринде зирек кыз бат эле жолун таап алды. Кундузу кечке жумуштан чарчап бошобойт. Кечинде болсо китеп окуп тун бир маалга чейин олтурат. Озун бир да бош койбой ойлорун ар дайым бир нерсе менен алек кылып турат. Бир аз бошой калса эле журогу сыгылып, болгон негатив ойлор мээсине толуп дуйнонун бардык жамандыгы каптап алгандай ойлору кирдеп кетет. Айланадагы озгорууго деле маани бербейт. Оз алдынча озго дуйнодо жашаган адамдай. Жумушта кошо иштеген бир жигит конулуно кол салып корду эле, катуу айтып кагып салды. Эркек кишиден коркуп конулу калып кеткендей. 2 жыл отуп кетиптир. Акырындан баары оз ордуна тушуп калгандай. Классташтары бутуруу кечесин уюштуруп Айдайды да чакырышыптыр. Бир чети абдан курбуларын сагынып баргысы келди. Айылга ошол кеткен бойдон бара элек болчу. Барса барып олтуруп келем деп чечти. Айылы машина каттаган чон жолдон бир аз ичкери кирет. Чон жолдон тушуп калып жоо келе жатты. Бул чан жолдо бактылуу бала кундорунун изи калган. Уйуно жетип, тай энеси менен учурашып которо келген белек бечкегин берип, сагынычын таратып олтуруп калды. Кеч киргенде курбу кыздары менен чогулушуп чер жазып олтуруп, эртенки кечени суйлошуп жатышты. Эртеси мектептен музыка чыгып, аппак бантик тагып баары шандуу. Айдай мектепти толук бутпосо да, бутуруу кечесине катышты. Баары шандуу бийлеп кече оз нугунда журуп жаткан. Бектурган Айдайдан козун албай журду. «Чын эле сулуу. Шаарда журуп андан да сулуу болуп кетиптир» — деп суктанып алды. Баары бийлеп тарактап атышканда, классташ кызы журу тиги коншунун уйуно отуп келебиз деп Айдайды ээрчитип алды. «Азыр торт кескенде тарелка жетпей калат, алып келип бергиле деп суранды»- деп шыпылдап баратты. Дарбазадан чыгып жолдун чети менен баратышканда капысынан жандарына машина келип токтоп Айдай салып зуу койду. Кыз эч нерсеге тушунбой кыйкырып бара жатты. Машинада эч кимди тааныбайт.» кое бериниздер, кимсиздер? — деген суроосуна да эч ким жооп бербейт.Карангы болгонго жолду деле коро албай койду. «Кайжака алып келдиниздер? «-деген кызга мына жеттик деп машина чон дарбазадан ичкери карай кирип токтоду. Коздору алайып корккон Айдай эшик ачылаары менен ону тааныш адамды издей баштады. Толгон аялдар ызылдап кызды уйго заматта алып кирип салышты, кошогого жеткенде Айдай болгон уну менен кыйкырып алды:

-Жоок! Тийбегиле мага! Кирбейм. Мага куйоо болчу адамды кормойун кирбейм — деди.

Ары жактан жылмайып Гулумкан жоолугун которуп келе жатканын коргон Айдай турган ордунда катты.

-Бактылуу, таалайлуу болгула кызым-деп жузунон суйуп жоолугун салды. Нес абалда каршылык коргозууну да билбей тура берди. Колунан жетелеп кошогого алып кирип олтургузганда аран оозун кыбыратып:

-Ким? — деди.

-Апей эмне дейт? Гулумдун бир эле баласы бар эмеспи ботом? Бектурган да. Эмне классташынды унутуп калдынбы? — деген аялды тиктеп озуно келе тушкондой эшике карай умтулду. Уч торт аял кармап калышты.

-Кантет бул кыз.

-Кое бериниздерчи? Мен бул жерде кала албайм. Суранам. Менин, менин шаарда жигитим бар. — дей салды капыстан оюна келгенди айтып.

-Биз жакында уйлонмокпуз, -деди.

-Эми сенин жигитин эмес, жолдошун бар да, озун коруп билип жургонсун. Бектурган жакшы бала- дешип дагы коп создорду. айтышты. Айдай эч нерсе уккан жок. Азыр оюнда бул уйдон кантип качып чыгып кетем деген гана ой турду. Тай энеси келип, бирок Айдайдын алдына киргизишкен жок. Кийин женеси гана кирди.

-Энем батасын берди, бактылуу бол, — дегенде кыздын айласы кетти.

-Менчи? А менден сурадынарбы? Апамдын кабары барбы деги?

-Эжем да макулдугун бериптир, телефондо кабарлашты.

Айдайдын козунон жашы молт этти. Эч ким, жада калса апасы, тай энеси да бир ооз эле сурап койбогондоруна арданды. Керексиз буюмдай тагдырын чечип, оздору бутум кылгандарына чыдабай кетти. Башын жерге салып болмого Бектурган кирди. Жек коро тиктеп турду Айдай. Жанына жакын келерде ордуна тура калып.

-Жолобо!

-Айдай?

-Сен кимсин менден сурабай тагдырымды чечкидей? Мен сага эшиктеги мал белем, суйроп келип жашатып аласын? Бектурган билип кой, мен баары бир кетем.

-Сени суйом мен! Бала кунумдон бери сени суйом. Эч нерсе айтпай, баарын бир кундо чечип сен кетип калдын.

-Бул менин жашоом, демек чечимдер да мен каалагандай болот. Мага жолобо. Сени менен мен жашабаймын.

-Мага деген мынча жек коруу кайдан топтолду журогуно? — уну ушунчалык мээримдуу чыкты.

Айдай тиктеп калды. Ооба жакшы корот. Бирок, озун тиктеп турган бул суйууго толгон коздор, муздак башка каректи эстетет. Жада калса азыр жалооруп карап турганы, ошондогу тоо жакта Айдайды ач карышкырдай тиктеп турган Мырзанын келбетиндей корунуп турат. «Жооок! «- деп кыйкыра эки колу менен кулагын жаап отура калды. Бектурган жанына бара албай турган ордунда катты. Бул тунду экоо бир болмодо, эки бурчта откорду. Айдай ошол кундон олгон адамга айланды.

 

Уландысы бар

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️