Пример HTML-страницы

Кыргызча Аңгеме

https://kyrgyzcha.site/?p=60620&preview=true Кызыктуу окуялар.

Аңгеме….

 

Илгери-илгери мен бала чакта атам кой багып, чабан болуп кыштыр-жайдыр боз

үйдө жашар элек. Суук түшкөндө боз үйгө от жагып, тамакты үйгө бышырчу. Кечте

малды жайлап коюп, ортого үч буттуу тулгага кара казанды асып, астына койдун көңүн

калап жакканда казандагы эт тез эле кайнап чыкчу. Тамактангандан кийин, тулганы

сыртка чыгарып, көңдүн чогун очоктун ортосуна чогултуп койгондо жан жыргаткан

жылуулук өкүм сүрчү. Бирок астыбыз жылыса да, артыбыздан шамал уруп тон

жамынууга аргасыз кылчу. Очоктогу чок өчкөнчө жатчу эмесбиз, чабалакейдей

тизилип колду отко кактап коюп отурар элек. Кышта күн кыска, түн узун. Эрмегибиз

эле жомокКана Маке, балдарга жомок айтып берчи, – деп атам жардамчы койчусуна

кайрылчу.

Макеш элүү чамасындагы чокчо сакалчан киши. Укмуштай жомокчу. Айткан

жомогу бирине бири окшобойт. Кээде сыйкырлуу, коркунучтуу жомоктору түшкө

кирчү. Бир сапар:

– Илгери-илгери хандын жалгыз кызы болгон экен, – деп жомогун баштап

калды, – ага хан, бектер келип куда түшсө «кыз мен атам жактырганга барбайм, өзүм

жактырганга барам» дептир. Ал үчүн өзүнүн сүрөтүн тарттырып тогуз жолдун тоомуна:

«кимдеким менин үч табышмагымды тапса ошого турмушка чыгам» деп жаздырып

илдирип коюптур. Акыйкатта кыздын сүрөтү адам суктанарлык сулуу экен. Ошондо

бир кедей дыйкандын баласы сүрөттү көрүп кызга ашык болуп калыптыр. Издеп

бармак болуп даярданып жатканда атасы:

– Ээ, балам, анын табышмагын аттуу-баштуу хандын, бектин, байлардын

балдары таппаган соң сен тапмак белең. Анын үстүнө сен ашык болгон кыз чыны

менен сүрөтүнө окшойбу же окшобойбу белгисиз. Сүрөтчүлөр сулуу эмес кызды сулуу

кылып тартып коюшу мүмкүн. Жашсың, барба, – десе баласы болбой ошол сулуу

кызды издеп кеткен экен…

Анын сыңарындай сүрөттү көрүп мен да бир кызга ашык болуп калдым. Айтып

берейин. Политтех институтту бүтүп сыртта иштеп жүргөм. Бойдокмун. Облустун

борборунда газет көп. Көпчүлүк эл саясат жөнүндө окушат. Мен ыр жандуумун. Ыр

чыккан газет болсо кымбатына карабай сатып алам. Анда ар башка авторлордун

ырлары бар. Ошонун ичинен бир сулуу кыздын ыры мага жагып калды. Жаштыгын,

сулуулугун айтпа тим эле бышкан алчадай мөлтүрөйт. Ар башка газетте ар башкача

отуруп түшкөн сүрөтү чыгат. Кандай позада түшсө да бакырайган көзү, кырдач мурду,

жылмайган жылуу маанайы жүрөктү туйлатып жиберет. Кою кирпигинин астында

карагат көзү сени кайда барсаң да күлмсүрөп ээрчий тиктеп турат. Акын кыздын ыры

да укмуш. Негизинен махабат жөнүндө жазат. Аны окуганда ырынын арбир сабы, сөзү

кыздын жүрөгүнөн сыгылып чыкканы байкалып турат. Бир ырын окусаң махабаттын

атын угуп, өзүнө түшүнбөгөн, торуна чалынбаган түрү сезилсе, башка ырын окуганда

махабатты башынан өткөргөн, кумарына канган, дагы аны чексиз самаган

тажырыйбалу аялдын оюна ортоктош болосуң. «Жүрөктөн чыккан ыр жүрөккө жетет»,

– деп кайсы гана ыры болбосун жүрөктү туйлаткан өзүнчө бир керемет. Кызыгып

окуйсуң. Анын ырын кайталап окуган сайын, сүрөтүнө кадалып тиктей берем. Ал

махабат ырын жүрөгүңө эмес, жүлүнүңө жеткире жазганы көңүлүмө толуп,

жүрөгүмдөн орун алып, ашыктык отун арбытып таштайт. Анын сүрөттөгү жалындуу

көз карашы мени арбап оюман кетпей койду. Кокус ошол акын кыздын ыры газетке

чыгып, мен учурунда алалбай калсам, издеп жүрүп, сурап жүрүп табам. Мен анын

ырынан да сүрөтүн көрүүгө ашыгам. Сүрөтү колума тийгенде жинди кишиге окшоп:

«Аман эсен жүрөсүңбү, алтыным?» – деп кобурап да жиберем.

Күздүн күнү иштин шарты менен Бишкекке жөнөп калдым. Не болсо да ашык

болгон акын кызды табайын деп ойлодум. Балким боюбуз, оюбуз туура келип калгысы

бардыр деп үмүттөнөм. Борбор шаарда дүкөнчөдө аты арбашка газет деген толтура

экен. Алган, окуган киши жок. Мурду менен дем алып, буту менен баскандардын баары

газет чыгарат окшойт. Газеттин аты канча болсо ошончо редакция бар. Айылдан

келгендерге газеттин чыккан жерин табыш кыйын. Анан калса шаардыктар

редакциянын кайда экенин билмек түгүл бирин бири тааныбаган калк болушат экен.

Акыры сураштырып издеген кыздын дарегин билдим. Бир редакцияга барып:

– Назгүл Жумагулова ушул жерде иштейби? – деп сурасам:

– Иштейт. Экинчи кабатта, он экинчи бөлмөдө отурат, – деди дежур кишАштан, тойдон калгансып ашыгып чыгып бардым. Эшикти кагып кирсем үч аял

кагаз жазып отурушуптур. Жапырт мени карап калышты. Салам айтып мен да аларды

карап, мөлтүрөгөн акын кызды көзүм менен чабыттап издедим. Көңүлдөгү кыз көзгө

урунбай буйдала түштүм.

– Сизге ким керек? – деди төрдө отурган аял.

– Мага Назгүл Жумагулова керек эле?

– Ал мен. Эмне ишиңиз бар эле? – деди ортодо отурган аял.

Көргөн көзүмө ишенгеним жок. Менин маңдайымда бышкан алчадай

мөлтүрөгөн кыз эмес эле элүү беш чамасындагы, кучактаса кучак жетпеген балкайган

толук аял олтурат. Көзү, мурду гана окшобосо калганы такыр башка. Жамалы

жаштыктан алыстап, чачы буурул болуп калыптыр. Жакшы үмүт менен келген жаным

катаарга көз таппай, сүйлөөргө сөз таппай шашып калдым. Башка сөз оозума келбей:

– Сиз сүрөтүңүзгө окшобойсуз го? – дептирмин.

– Кайдагы сүрөт?

– Гезитдеги сүрөт. Сиз ыр жазганда сүрөтүңүз кошо чыгат го. Мен сизди

мончоктой кыз эле бойдон деп ойлогом…

Назгүл ачык аял экен, шаңкылдап күлдү.

– А, кокуй, ал жыйырма жаштагы сүрөтүм. Махабат ырын жазганда ошол

сүрөттү берип коём. Сен мени жапжаш деп ойлогонсуз го? – деди.

– Ооба, – дедим калтарый сүйлөп, – сиз жөнүндө мен башкача ойлогом. Кош,

саламат болуңуздар, – деп кепке-сөзгө келбей шаша чыгып кеттим. «Бакылдаган текени

суу кечкенде көрөсүң» дегендей эле болду. Демейде сөзмөр жаным отургандарды

жооткотуп, жоошутуп чыгып кетпей башка чапкан торпоктой тарс бурулуп кеткениме

өзүмдү өзүм жемеге алдым.

Мен томсоруп сыртка чыксам көчөдөн жолдошум жолугуп калды.

Учурашкандан кийин «Ээ, Бейшен дос, кайдан?» – деп сурап калды. Мен болгон

окуяны айтсам каткырып күлүп:

– Ал аялды мен билем, – деди Капар, – жердешбиз. Мурунку эринен бир кызы,

кийинки эринен эки уулу бар. Неберелүү. Жазгыч аялдардын баары ошондой.

Карыганын жашырышып жаш чактагы сүрөтүн газет, китеп бетине чаптап коюшат.

Аны билбейсиңби, кемпай…

Мен сөз катпадым. Тарынган балача томсоруп жолго түштүм. Жылас болгон

жылдыздуу сүрөт көздү боёп осол кылганына бушайман болуп, брусчатка төшөгөн

шаардын көчөсүн аралап кетип баратып төмөнкү ыр оюмда ойноп туруп алды:

Сүрөтүңдү акын эже көргөнүмдө,

Чок таштады ашык кылып жүрөгүмө.

Ат чабымдай алыс болуп жашыбыз,

Жетпей калдым кантейин тилегиме.

Өмүр өтөт жаштыктын сүрөөнүндө,

Нан бышчуу экен жаш чагыңда илебиңе.

Канчалык сүйүүнү дембедем жазсаң дагы,

Кеч күз кирип калыптыр, катыгүн иреңиңе.

– деп кыңкылдап ырдап коюп, селдей аккан эл менен ишим жок өзүм менен

өзүм болуп кетип бараттым…

 

 

Аягы..

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE