Бүгүн негедир көчөдө жолуккан адамдардын баарынын эле маанайы жоктой сезилди, суз гана алар менен саламдашып өтүп баратып,Марал ушуну байкады.
«А мүмкүн,өзүмдүн маанайым жок,ошон үчүн ушундай сезилип жатабы?» деп суроо бергенче эле үйүнө жетип келди.Улутунуп, үшкүрүнүп алды,»Эх…» деп,бирөөнү тилдегиси келип кетти,бирок,оюна башка нерсе келип, бир аз жеңилдей түштү.»Болду,окуумду улантпайм, Россияга барып иштеп келем,калганын дагы көрө жатаарбыз».
Ошентип,көптөн бери көксөп,»окууну улантып алсам экен «деп жүргөн тилегине чекит койду.
… Классташтары катуу талкуулап жаткан маселеге негедир Марал кызыга бербеди.
Баарынан да өзүнүн тууганы Венеранын сөзү башына чапкандай эле болду.Ага деле түшүнсө болот,жашоо шартынан кемчилик таба албайсың,ата,апасы өтө мээнеткеч, балдарына окуганга толук шарт түзүп беришкен.
—Негизи, окугум деле жок,жигитим бар экенин билесиңер да,ал эртең үйлөнгөнгө да даяр,мени иштетпей эле багып алам деп жүрөт.Атам гана катуу туруп алды, «менин окутам деген максатым бар, кийин өкүнүп калба » деп жатат.Айла жок,окушум керек.Апам да кулагыма куюп жатат.
«Кээ бирөөлөр окуганга шарты жок,эки көзү төрт болуп жатса,сен окубайм дейсиң, сенин ордуңда болбой калганга ичи ачышып жүргөндөр толтура, көзүңдү ач,оку » деп,күндө » лекция » окуй берип чарчатты,Эххх…эми,окуганга мажбурмун- деп,-чын сырын айтты.
Ал сүйлөп бүтөөрү менен Айганыш досу Маралды четке көз ымдап чакырды.
— Тиги тууганың сага тийиштик кылып жатат, улам сүйлөгөн сайын сени карап жатты,байкабадыңбы?
—А неге мага тийиштик кылмак эле,сага ошондой сезилди го…
—Кеп каякта жатканын билбейсиң да.
Кечээ апаң айтпадыбы?Чоң энеңдин үйүндө эки абысын айтышып кеткен турбайбы.Сөздөн сөз чыгып отуруп,
атаңдын арак ичип жүргөнүнөн баштап ,жепирейген үйүңөргө чейин асылыптыр. Апаң ыйлап кетип калган экен,силерге айтпаптыр да,мени айтты дебе- деп,адатынча актана кетти.
Жол катар ойлонуп келе жатты,»Апам неге жашырып койду экен,бирок,маанайы жок келгенин билдим,ооруп жатам деп койду эле.Көрсө,кеп башка жакта тура.
Кызык,эмне себептен айтышып кетти экен?Андай адаты деле жок эле» деп оюнун аягына чыкканча,үйүнө жетип келди.Чын эле,жепирейген там бүгүн аябай эле аянычтуу көрүндү.»Ушул үй үчүн да сөзгө сөлтүк ,кепке кемтик болгон тура,
а атама сөз жок,аны кайра тарбиялаганга болбойт,а үйдү оңдоп салып койсо болот,болду,иштеп келишим керек» деп,чечкиндүү боло түштү .
Үйдө апасы башын байлап алып,тамак жасап жатыптыр.Кийимин которуп,дароо апасынын колунан ишин алды.
—Башыңыз неге ооруп жатат,апооов?
—Ой,баягы ооруп жүргөн башым да,көңүл бурбай эле кой.
—Эмнеге жашырасыз, тиги Венеранын апасы,чоң апам экөөңүздөр эмнеге айтыштыңыздар?
—Аны ким айтты, кызыбы?
—Жок,апа,ал айтпады,бирок,сөз менен ок атканын башкалар байкашыптыр,анан,
Айганыш айтып жатпайбы. Ага теңелбейт элеңиз го?
—Аны силерге айтыштын кереги жок деген элем.Айтышпадык,сөзүнө жооп айта койсом,алынып кетти да,анан,үйгө келе берген болчумун…
…Той болуп жаткан жерде өзүн көтөрүп,
«Тиги жок,бул жок,ушинтип кантип той кылсын,ойлонуш керек болчу » деп үй ээсин кемсинтип жатканынан,»кемчилик чыга берет,той ошол кемчилиги менен той да,ким эле түгөл боло алмак эле,эртең мен деле уул-кызыма той өткөрөм, бирок,эл сындасын деп эмес,балама,кыздарыма эл бата берип койсун деп тилеп,той кылам»
десем:
«Ошол жепирейген үйүңө кантип той өткөрмөк элең,намыс деген жок да,
кайним экөөңдө. Элге уят кыласыңар,
бизди да» деп жатпайбы. «Заңгыраган үйүм жок деп намыстанбайм,балдарым эсен экенине каниет,үй да болоор,убагы келсе,мынча катуу кетпеңиз»
десем,»Мышык майга жетпей сасык» дегендей боло бербечи » дейт.
«Ай,сизге жетиш кайда,биз эми жөнөкөй адамбыз, сасык деле дебедим эле, суктанбадым дагы.Алыбек алына жараша болот да,өзүңүздү көтөргөнүңүздү койбодуңуз.
Күйөөм ичсе да мени күнөөлөйсүз ,мен оозуна куйбадым,ынсап берсин деп тилеп жүрөм,айтсак,угат да,эрки жетпей койду.
Бул жерде тиешеси жок сөздү сүйлөбөй эле коёлу,экөөбүз эле отурабызбы?
Менин бешенеме жазылган тагдырга капа деле болбой калганмын » десем,андан бетер күчөдү.
—Эмнеңе капа болот элең,сени темтейтип аял кылып жүргөн кайниме ыраазы бол,өзүң деле тынып кетейин деп,катар-
катар төрөп салдың,күйөөң ойлонгуча болбой.Ошол сенин айыңдан,тагыраагы,
жетинбеген аялдын айынан ичкич болуп кетти,эми той кылам деп коет.Баарыбыз
сенин жер кепеңе тойго барып,уят болсун дейсиңби.А мага сын айткыдай сен өзү кимсиң. Этегине тартса,башына жетпейт,
дагы тең келип сүйлөп коёсуң да,— деп,
сүйлөп ,мыскылдап турат.
—Кайниңиз мен келгенче эле ичкич экенин унутуп калган окшойсуз,алып качып келсе,»ушул эркекти оңдосоң бир сен оңдойсуң» десе, айла жок,отуруп калган элем.Кетем,ажырашам деп деле ойлободум, тирилик менен алышып эле жүрөм,анан,сизге душмандай көрүнүп калам деп түшүмө да кирген эмес,туура ой айтам десем,туурадан чыгып качырасыз.
Үй да болоор,арагын да таштаар, аман болсок» — деп,чыгып келе берген.
Анан,эшиктен чыга бергенде,артыман чыгып, «Ошондо да сенин үйүңө басып барбайм,той болоор күнгө ишенбейм дагы» деп,көчө менен бир болуп кыйкырып калган болчу,аны силерге айтпадым эле.
Сүйүнүчтүү кабар айткансып сага да жеткиришиптир…
—Апа,ага капа болуштун кереги жок,бирок,
калган абысындарыңыз унчукпай койдубу,чоң апамды эч ким токтотуп коё албадыбы?
—Жок,кызым,алар деле ортого түштү,ага деле болбой күчөй бергенинен мен кетип эле калайын дебедимби.Той өткөрүп жаткан адамга деле уят болдук.
—Апа,мен окуумду улантпайм,иштеп келем,
калганын дагы көрө жатарбыз,мага
кыжалат болбоңуз,баары жакшы болот.
Ошол айтканынан кайтпады,апасы өзүн да жемелеп жүрдү, «Кайдан гана тиги жеңем менен сөз талаша койдум эле » деп…
Мугалимдери бир чети аяп да көп кеңеш беришти,»Сенин башың өтө эле жакшы иштейт,күчтүүсүң,эптеп кирип алсаң,бүтүп аласың,убакыт өтүп кетпесин,кийин окуй албай каласың,баарыбыз эле мындай кыйынчылыкты баштан өткөрдүк.
Россияны коё тур,көрөсүң го,баары сонун болот «деп,Маралды көндүрүүгө аракет кылышты.»Мен максат кылып койгом,бир аз кечигип болсо да окуйм,мага капа болбоңуздар » деп,өз айтканынан кайтпады. Ошентип,туугандарын эш тутуп,
алардын жанына барып,алар тапкан ишке жайгашып ,иштей баштады.
Марал ишинде дароо эле көзгө көрүнүп,мактоого алына баштады,өзүнүн
тактыгы,тазалыгы,эч кимге катуу айтпаганы баарына жакты,ал гана эмес,
дагы кошумча жумуштарга чуркап,ага да жетишип иштеп жүрдү.Апасы да жөнөткөн акчасын тыйынын коротпой,үй
салуунун аракетинде. Кийинки жылы окууну бүтүп калган сиңдиси да эч ойлонбой туруп дароо эле Марал
эжесинин жанына барып иштеп калды.
Бири-биринин көңүлүн жубатып коюшат,
«Үйүбүз бүтсө,мен окуп алайын,анан,сен окууга тапшырасың, аз калды,оор күндөр
өтөт,бакытка кеткен жол ушундай татаал болгону жакшы,кайгырба» деп,үмүт улап жүрүштү.Апасы жөнөткөн сүрөттөгү үйдүн бүтүп жатышы алардын кубанычына ортоктош болуп,курулуш күн санап,
улам бийиктеген сайын ,максаттарына
жакындап калганын айтып,бири-бирин сүрөп коюп , чарчоону унута түшүшөт.
Ошондой күндөрдүн биринде Марал сиңдисине сыр бөлүшкүсү келгенин айтты.
—Биздин айылдагы Бекишти тааныйсың да,жакшы жигит ээ?
—Ооба,мен келгенде бизге аябай жакшы сөз айтканы эсимде,»ушундай сулуу,тың кыздар чарчабай иштеп жүрсө,мен да намыстанып кетип, кетпей иштеп калдым» дебеди беле.
—Ошол жигит сага жезде болоюн деп жатат.
—Айии, сонун болмок.Баары келишкен жезде болмок,бирок…окуйм дебедиң беле?
— Мен да ошону айтып ,убакыт созуп жүргөм.»Сен окушуң керек » деп өзү деле айткан болчу. Эми,сени сөзсүз окутам деп жатат- деп,ишеничтүү жылмайды.
—Мынча айтпайт элең,той жакын окшойт ээ?
—Билесиңби,апамдын уккан сөздөрүн,азыр
деле эстесем,апамды аяп турам,
биздин үйдө деле той болсо,жарашат ээ…
Экөө тең жашып алышты.
Көп өтпөй эле,Марал сиңдисин таштап, өзү айылга кетти.Бекиш экөө эки башка учуп кеткени менен,айылдагыларга сөз эбак эле жетиптир.Апасы экөө тымызын гана тойго даярдык көрө баштады.Куда түшүп келишет экен деген менен Бекиш тараптан эч сөз жок болуп,Марал бир аз ыңгайсыздана түштү.
—Апа,мүмкүн ата-энеси макул болбой койду бекен?Андай болчу болсо,мен дароо кайра учуп кете берейин,а сиз кыжалат болбоңуз.
Ошол эле күнү Бекиш телефон чалды,»Мен кайра Москвага кетем,сага да билет алам,паспортуңду бер,ата-энем менен келише албай калдым.Бирок,сенден башкага үйлөнбөйм, мени мындай абалда
жалгыз таштабайт деп сага ишенем» деп, телефонду апасына берүүнү суранды.
Апасы көп нерсени айтмак болуп,бирок,
келечектеги күйөө баласынын ынанымдуу сөзүнө көндү, батасын бергенге аргасыз болду.
Бекиштин апасы келин болчу кызды жактырганы менен атасы ,эжеси каршы чыгып ,макул болбой коюшат.»Мен ошол Мидин алкаш менен кантип бир жерде отурам,менин теңим эмес,биз тапкан жерден үйлөнөсүң » десе,макул болбой,баласы да дароо учуп кетип калганы ошондон улам экен.Бул кабар алаканга сыйган айылда желдей учуп, тарады.
Өзүн коерго жер таппай жүргөн Канымжан
бир ооз жакшы сөзгө муктаж болуп турган учурда баягы теңсинбеген абысыны үйгө баш бакты,демейде ,саламга деле келчү эмес.
—Ии,Каным,кызың кайра Россияга кетип калдыбы?
—Ооба,ишинен чакырып калыптыр- деп,
айтып алып өзү да уялып кетти.
—Ишинен чакырып деп,жашырып жүрүп өлөөр бекенсиң,тиги Бекиштин атасы «алкаштын кызын келин кылып албаймын» десе,баласы да кетип калыптыр,кызың артынан кууп кеткен турбайбы.Ошол жакта жүрүп,тийип алган экен деп айтып жатышат,сен жашырсаң деле.Той болбой калды да,ээ,ошондо- деп,мыскыл күлүп ,чыгып кетти.
—Кызым кууп кетпей эле,экөө бирге эле кетишти,жеңе, качан коесуз,жөө жомок
айтканды.
—Той болбой калганы чын да,туурабы?
Болуптур,калганын жалган дейин.
Ошону тактап алайын дебедимби.
—Анын эмнесин тактамак элеңиз,жаман сөз айтып бүтө элексизби? Эми, той
болбосо да бактылуу болушса эле болду.
«Бул күндөр да өтөр » деп,кызы менен күйөө баласы айткан жакшы сөздөргө көңүл жубатып,өзүн кармап турду,» Оо, жараткан кудай,сабыр бере көр,мага !» деп,күбүрөп коет.
Апасынын абалын сезген го,кызы күндө жакшы жаңылык айтып,маанайын көтөрүүнү адат кылып алды.Бир жылдын кантип өткөнүн билбей деле калганына10.08.20.онеберелүүа болгонун укканда,бүт уккан сөздөрү унут боло түштү. Көп узабай эле Марал дагы кубантты:
-Апа-оов,үйгө меймандар барат,даярдык көрүп койсоңуз ,Жибекке куда түшүп барышат экен,биз тойго жакын барабыз.
Сүйүнчү,апа,мен да быйыл окууга тапшырам,сырттан окуйм,баламды чоңойткончо окуп алайын деп чечтим, Бекиш иштеп турат.Кийинки жылы Жибекти да сырттан окутмак болдук,албетте,болочок күйөө балабыз менен макулдашып ,анан,тойго уруксат бердик- деп,шаңкылдап күлө сүйлөсө,сөз айта албай ыйлап жиберди.
Кызы айткандай,эртеси куда түшүп,
экинчи кызынын колун сурап келишти.
Бул кызы деле кошуна айылга келин боло турганын эми угуп жатса, кошуналары тамашалап күлүп жатышты,» Сени аябай оор ,дегеле эч нерсесин айтпай жүрөт деп,таарынып жүрсөк,сен эми угуп жатасың го,биз угуп эле жүргөнбүз» деп.
Баарынан да баягы абысыны ооруп, жатып калганын укпай калганына уяла түштү.Көрсө,элге деле көп аралашпай,
өз тирилиги менен жүрө берген тура.
Ал эч кимди теңине албаган абысыны өз үйүндөгү пикир келишпестикке чыдай албай,кан басымы көтөрүлүп,жыгылып түшүп,дарыланып жатыптыр.
Келини өзүнөн да кыйын чыгып,бир сөз сүйлөтпөйт экен деген сөздү уккан,
бирок,маани деле берген эмес .Кызы да окууну таштап,күйөөгө чыгып кеткен эле,
ал жерден бак айтпаган окшойт,үйүнө
келе берип,үйдөгү келин менен батыша
албай,күндө уруш-жаңжал боло берип,
уулу аялына,апасы кызына болушуп жүрүп,өзүнө оору ашырып алыптыр. Дароо жетип барды,жеңеси»дары ичтим эле «деп,араң башын көтөрүп койду да,
сүйлөшкөндөн качтыбы же ооруп турганбы, көзүн жумган боюнча уктап кетти.Ооруканадан үйүнө чыкканын
Канымжан уккан менен дароо жете албады, конокторун узатып ,тойго даярдык көрүп жүрүп, убакыт өтүп кетти,
анан,кызы да небересин көтөрүп,келип калды.Катар -катар жакшылыктын түйшүгү менен жүрүп,үйүнө жете албай,жеңесинин баласынан тойго келсин деген кабар айттырды..Анын үстүнө,адам деле киргизбей жатат экен,абалы жакшы боло берсинчи,өзүнө келип алсын деп
койгон.Той күнү «апам келе албайт «деген
жоопту үгуп,өзүн айыптуу сезди.
«Мен азыр барам,ага чейин тамактын ысыгында жеткирип берчи» деп,баласын жөнөткөн.Коноктору азайганда тапканын түйүп,кызымдын тоюнан ооз тийиңиз деп коеюн деп, жетип барды.Эшиктин сыртынан байлап коюшуптур,ойлонуп туруп калды,эч ким жок бекен деп…
—Кире бериңиз,мен байлап койгом,апам улам сыртка чыга бергенинен,жакшы баса элек,үйдө отура турсун деген элем- деп,баласы жипти чечип жатып.
Кирип эле,көргөн көзүнө ишене албай турду,өзү менен өзү сүйлөшүп жаткан абысынына салам айткан боюнча туруп калды.Жанагы өзү салдырып жөнөткөн тамактын бир четинен жеген окшойт,
калганын дасторконду тебелеп,тооктор жеп жатыптыр…Келген адамдан деле качпаганына караганда,алар деле кошулуп жеп,үйрөнө түшкөндөй.Колун сунду,экөө тең ыйлап жатты,ким кимди аяп жатты экен…
—Мени эстеп,тамак жөнөтүпсүң, рахмат,
тойдон ооз тийсин деген экенсиң.Менин алсыз экенимди ушул тооктор да билип алышты,урайын десем,колумда күч жок,кыйкырсам ,кыйраган үн жок…
Камап койгула десем угушпады,а мени камап коюшту,- деп,чала сүйлөп, ыйлап жатты.
—Ооруп жатсаңыз, этият болсун дешти да,көп кайгырбаңыз,кудай буйруса, жакшы болуп кетесиз- деп,жоолугун салып,таттууларды алдына койду.
—Буларды койбо,байлап тур,тооктор жеп кетет.
—Үйгө киргизип коем,кабатыр болбоңуз.
—Үйдү кулптап коюшкан, жада калса,тиги верандага да отургузушпады.Жыттанып кетет деп- дегенде гана бир жагымсыз жытты байкады.
Ошондо гана түшүндү, абысыны эмне себептен ушул четтеги эски сөрүдө отуруп калганын…»Кыз көчүрүп барып келсин,
сүйлөшүп,алаксып отуруп келет» деп
айтайын десе,жеңесинин баласы эмнеге макул болбой койгонун эми гана түшүндү…
Жанында отуруп,дагы жакшы сөз айтайын деген менен убакыт тар экенин эстей коюп,коштошуп чыга берди.
Үйүнө жеткенче ойлору чачырап кетти,»Кандай гана кыйын ,тың аял элеңиз,ушул кантип болсун,жада калса,сүйлөшкөндө ,чай ичкенде эле эмес,бир басканда да адам тандачу элеңиз,эми минтип тооктор менен насиптеш болуп калыпсыз,азыр өзүңүз айткандай,жаныңызга адам барбай калган тура,мен балдарымдын тоюн канча күттүм, бирок,сизди бул абалга келип калат деп ойлобогом,жалынып болсо да тойго алып барып,сыйымды көрсөтөйүн дебедим беле…» Ыйлап баратып,үйүнө кирип бараткан конокторду көрүп,өзүн ырастап ,оңдонуп жатып,аларды жазбай тааныды,Маралдын кайын журту келген тура…
—Тойлор тойго улансын, Каным,бир ачууңду бизге бер,ушул тойдон кийин бизге да уруксат бергиле,Маралым менен Бекишиме той өткөрөйүн,кулдугубуз бар,- деп,небересин жыттап,ыйлап турду…