Курбулар. 

https://kyrgyzcha.site/?p=44692&preview=true Кызыктуу окуялар.

Курбулар.

 

 

 

Биз институтта окуп жүргөн мезгилде үч кыз аябай ынак мамиледе болуп , өмүрлүк курбу болобуз деп чечип, жакын курбу болдук. Беш жыл бою чогуу окуп, бир да жолу жаман айтышпай аябай жакшы мамиледе болдук, биздин эң бактылуу күндөрүбүз ошол студенттик күндөр болчу. Бир нанды тең бөлүп жеп, бир пиала чайды тең бөлүп ичип, мүнөздөрүбүз да бири бирибизге окшош. Көпчүлүк бизди көрүп суктанаар эле. Убакыт өтүп биз окууну аяктап экөөбүз шаарда калдык, бир курбу кызыбыз айылга турмушка чыкты, тоюнда бардык, бирок кийин ошол боюнча биз көрүшкөн жокпуз. Себеби мен да, шаарда калган тигил курбубуз да турмушка чыгып, ар кимибиз өз алдынча түтүн булатып үй бүлө менен болуп калдык.

Менин жолдошум өтө өжөр, анан бир аз мүнөзү катаал болчу, бардар үйдүн тун уулу. Жашоодон кыйналган жокмун чынында, баары даяр, бир уул, бир кыздуу болдук. Үйүбүз шаардын ортосунда, үй кызматкер иштетем,жада калса тамак-ашты да үй кызматкерине жасатам. Башында баары жакчу мага, өзүмдү ханышадай сезип, каалаганымы кием,баары даяр, кийинчерээк жолдошум унаа белек кылды, унаамды айдап алып тигил шаарда жашаган курбума барам, кээ бир дем алыш күндөрү дүкөн кыдырабыз.Жакшы, оңой жашоо адамды бат эле өзгөртүп коёру чындык. Мен аябай өзгөрдүм, кымбат баалуу буюмдарды алам, салонго бат бат барып, өзүмө кам көрүп. Курбум иштечү, ал бошогон күндү күтөм, ал менин жашоомо суктанчу. Сенде баары бар, мага окшоп кыйналып керелден кечке иштебейсиң, каалаганынды киесиң, ичесиң деп. Чынында ошондой эле, убакыт өткөн сайын анын баары тажата баштады уулум менен кызым эртең менен кетип кеч келишет, атайын мектепте билим алышат. Мен жалгыз үйдө, кылган ишим кечке жолдошумду тажатмай, ким менен, кайсыл жерде жүрөсүң, качан келесин? — деген сөздөр. Ал эрте менен кеткен бойдон түн жарымда келет, күндө ошол. Эмне үчүн кеч келдиң? — деген суроомо, мен иштеп жатам, сага окшоп кечке бекер жата албайм. Моол сенин жашооң, баары акча, акча деп кыйкырып кирип кетет. Кызганам, ыйлайм, сыртан караган адамга биз аябай жакшы үлгүлүү үй бүлөбүз, бирок биздин мамиле, биздин жашоо эч бир мааниси жок, ушунун баары кимге, эмнеге?. Уйкусуз түндөр………….

Жолдошум ушунун баары сенин бекерчилигиңен, бир нерсе менен алаксып, элдин аялдарындай иш кылсаң боло, жок дегенде үй иштерин, тамак-ашты өзүң жасасаң болбойбу? Ошондо кечке мени ким менен? — кайсыл жерде, деп ойлонбойт элең деп жумушуна кетет. Ан сайын ачууланып эмне кыларымды билбей, унаамды айдап шаар четине чыгып кетем. Бир жолу да ушундай окуя болду, жолдошумду кызганып телефон менен сүйлөшүп жатканын уктум, макул эртең жолугабыз деген сөзүн угуп, каным кайнап, башым ооруп чыкты. Эртең менен кийинип чыгып кетери менен офисине чалып, секретарша кызынан сурадым. Ал, жолдошум жолугушууга кеткенин, ал жолугушуу шаардан эки саат алыс шаардагы бир заводко кеткенин айтты. Текшерүүнү туура көрдүм, ал заводко барууну чечтим да, эч кимге айтпай мен да артынан жөнөдүм. Эки сааттан кийин тиги секретарша айткан заводко бардым. Алыстан эле заводтун жанында көп унаалар турганын көрдүм, арасында менин жолдошумун да унаасын көрдүм. Анан өзүмө келип мен деги эмне болуп жатам, жөнү жок кызганып, мага дагы эмне керек, эмне үчүн жашап жатам деп ойлоно баштадым. Акырын унаамды буруп тээ илгери чогуу окуган курбум ушул аймактагы айылдардын биринде экенин эстедим. Тээ илгери тоюнда келген бойдон, ал курбума башка бир да жолу келбептирбиз.Өзум менен өзүм болуп бул курбуман бир да жолу кабар албаганыма уялдым. Неси болсо да барып, учурашып кетүүнү туура көрдүм. Издеп, издеп акыры таап бардым. Бактыма жараша курбум үйүндө экен. Мени көрүп аябай сүйүнүп кетти, мен курбуму бир аз тааныбай жатып тааныдым. Ал бир топ карый түшүптүр, албетте айыл жашоосу, үй-бүлөсү. Үйүнө кирдим жолдошу, балдары менен үйдө экен. Үйүнө кирип барганда жолдошу ордунан туруп да койгон жок, байкуш курбум кел төргө өт деп, дасторкон жайып, бар тапканын баарын төгүп койду. Төрт балалуу болуптур, чай ичип өткөн кеткенди кобурашып отурдук. Кой дегенге көнбөй казан асты, мен жанында жүрөм, аркы беркини айтып. Бир да эс алып отурган жок, казан асып койгон соң, тамак бышкычакты деп короодогу уйларын саап, суу алып келип, деги койчу көрүп аябай таң калдым. Мен ал кылган иштин бирин кылбайм. Тамак бышкан соң үйгө кирдик, жолдошу бир да эшикке чыгып жардам берип койгон жок, баарын жалгыз кылып жатты, уул кыздары гана жардам берип. Ичимен күйөөсүн аябай жаман көрдүм, ушул кантип эркек болсун деп. Тамак ичип жаткан учурда экөөнүн бири бирине болгон мамилесин байкадым, нандын жумшагын, тамактын этин акырын бири бирине салып коюшат. Бири бирине тиктегенде да жылуу көз караш менен карап. Андай көз карашты мен канча жылдан бери өз жолдошуман издеп келем.

Жашоосу жеңил эмес экен, бирок ошого деле кайыл болуп жашап жүргөн курбума таң калдым. Мен чыдамак эмесмин мындай жашоого. Тамактанып болгон соң биз сыртка чыгып баарлаштык, курбума айтпасам болбос эле. Курбум дедим, мени жаман көрбө, бирок жолдошуң не деген эркек. Карачы кебетеңди, же кийген кийимиң дурус эмес, же жашаган үйүң. Жолдошун жада калса мен келгенде ордунан турганга жараган жок. Унчукпай угуп бүтүп, анан мени карап билесиңби? — мен аябай бактылуумун, чырактай төрт балам бар, мага ошол алты саны аман болсо, жолдошум жок дегенде ушундай болсо да , көзү тирүү маңдайыбызда тирүү экенине шүгүр дейм. Билесиңби курбум, менин жолдошум да элдин эркектериндей иштеп бизди бакчу, бирок илдет деген ушундай болот тура курбум. Бизге жармашканына беш жыл болду, жолдошум баса албайт, коляскада дегенде, жүрөгүм катуу ооруп кетти. Сенин жашооң жакшы экени сырткы кийимдеринен, минип келген унааңан эле билинди курбум, бирок мен үчүн кийим,унаа, байлык биринчи кезекте эмес, мен үчүн үй бүлөм аман эсен болсо болду, ошого деле каниет кылып жашай алам, жолдошум сенин жолдошуңа окшоп мени бага албаса да жок дегенде маңдайымда болсо болду деп ыйлап жиберди. Аны кучактап мен да ыйлай баштадым, экөөбүз кучакташып көпкө ыйладык. Ыйлап жатып мен баарын түшүндүм,кечир, кечир мени, мен уккан эмесмин курбум, ушундай жашоодо жашап жатсан да , бир да жолу бизге деле айтпай, сабырына таазим курбум, мен да айтып ыйлап алдым, акча байлык болгону менен бизде, силердей бактылуу жашоо жок курбум, мага да сеникиндей бактылуу жашоо керек деп ыйладым. Экөөбүз көпкө сырдашып мен аябай жеңилдеп үйүмө кайттым. Ошол күндөн баштап мен өзгөрүүнү өзүмөн баштадым, курбум үйрөткөн акыл насааттардан. Биринчи кезекте үй кызматчыны кетирдим, балдарымды өзүм мектепке алып барып, алып келем. Тамакты да өзүм жасай баштадым, ушундай башкача сезимдер пайда боло баштады, аны мен сөз менен жеткире албайм. Арадан бир аз убакыт өткөн соң акырын жолдошумун мага болгон мамилесин байкай баштадым. Мурдагыдай катаал эмес, жумшара түштү, кечки тамака үйгө келе турган адат тапты . Ал адат улам көбөйүп күндө кеч үйдө тамак ичмей болду, мен ичимен сүйүнүп жүрөм, аялдык кылып сыртыман билгизбегенге аракет кылам. Аялдык бакытты эми сезе баштадым. Көрсө менин оозуман жылуу сөз чыгып турса, үйгө келгенде кулак мурун тынч , даамдуу тамак даяр болсо, анан акыл эси ордунда инсан өзгөрөт турбайбы. Ар дем алышта шаардагы курбуму алып , айылдагы курбума бара баштадым, кийим кече, тамак аш алып алабыз. Курбум кереги жок, келсеңер өзүңөр эле келгиле дегенине болбой, биз сага жат эмеспиз, биз бир нанды тең бөлүп жеген курбуларын болобуз дейбиз. Бир аз болсо да жашоосуна жардам берип жатканыма аябай кубанып жүрдүм, себеби ошол курбумун жашоосун көрүп, мен өзүмө жыйынтык чыгарып, тобоо кылып, шүгүр кылганды үйрөнө баштадым. Жакында буюрса менин жолдошумун колдосу менен ал курбумун жолдошун Москва шаарына операцияга алып барабыз, Жараткандан тилеп жатабыз жок дегенде өз алдынча басып калса, курбубузга жардам болмок. Ал курбума түбөлүк ыраазымын, канча жакшылык кылсак да аздык кылат, ал курбум кечирген оор сыноону мен бир күн кечирген жокмун, шүгүр кылганды үйрөндүм деп өз сөзүн аяктады эжекебиз.

 

Жыйынтык: Чынында бирөөнүн жашоосу бирөөгө укмуш көрүнүшү мүмкүн, аа бирок ал үйдүн ичиндеги болуп жаткан кырдаал эч кимге белгисиз. Ар бир үй бүлөнун өзүнө жараша көйгөйү болот эмеспи. Жараткан инсанга эң чоң байлыкты берген, ал байлык — акыл! Акылдан өткөн байлык жок, ал сеники, аны эч ким урдай да албайт. Байлыгын көп болгон менен мүмкүн эртең уурдап же тоноп кетиши ыктымал, күндө коркуу менен өмүр сүрөсүң. Байлык чоң сыноо, Жараткан байлыкты же колуңа берет, же жүрөккө. Колуңа берилген байлык бул жакшы, себеби садаганы көп кыласың, жакшылык көп кыласың, ал эми жүрөккө берилген байлык өмүр бою сени кул кылып баарын алып тынат. Жөнөкөй бакыттын да даамын татпай , көр пенде болуп өтөсүң дүйнөдөн. Көр пенде болгон ушул да, жогорудагы эжекебиз өз бакытын сезбей, шүгүр кылып жашоонун ордуна, күйөөсүн кызгануу менен алек болуп, жада калса балдарына жылуу мамиле кылууну унутуп. Сен өзүң качан гана жылуу мээрим тартуулаган кезде гана, жанында жүргөн жакындарын аны сезип, анан жооп кылат, аа өзүң мээрим төгө албасаң кантип бирөөнү бактылуу кыла аласың, мунун баары келип акылга туш болот. Дагы жакшы Жараткандын колу кенен чек жок, каарман эжени курбусу аркылуу акылына келтирип, үй бүлө очогун өчүрбөй сактап, жардам берди. Мунун баары улуу Жараткандан окурман. Бизге берилген акылды пайдалана билели жакшыга жанашып, жамандан адашалы, пайдалуу илим, билим алууну насип кылсын деп ниет кылалы, билген жакшы сапаттарыбызды жайылтууну көздөйлуу окурман.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️