«Кошунамын баласы итибизди жалгыз күчүгүнөн талашып жүрүп эмип чоңойгон»

https://kyrgyzcha.site/?p=64400&preview=true Кызыктуу окуялар.

«Кошунамын баласы итибизди жалгыз күчүгүнөн талашып жүрүп эмип чоңойгон» — десем ишенесиздерби?!….

Бир күнү уйгө ургаачы кучүк келип калыптыр, «өзү келген ит үйгө ийгилик алып келет» — деген сөздү илгертен укчубуз, анын үстүнө бир жагымдуу болпойгон чоңураак күчүк экен, ар дарактын көлөкөсүнө барып күндөн коргонуп болпоюп жата калат, дарактын башын карап борсулдап үрөт, «пальманын көлөкөсүндөө жаткандай дегеле бутту сунуп жатканын охооо» — деп какшыктап жүрүп биз күчүгүбүздү «палма» деп атап алдык…

Ошо кезде жакын кошунабыздын кызы уул төрөп Россиядан келип калды, уулу 1 жашка чыгайын деп эми там туң баскан кези экен, көп өтпөй уулун апасына таштап кызы кайра күйөөсүнүн жанына Россияга кетти. Биз уй саайбыз кошуна аял бизге сүт сурап кирет, апам уйду саап андан күчүгүбүзгө да куюп берет, кошуна аялга да берет, кыскасы күчүк менен баланы биздин кара уюбуз кыйла бакты…..

Кошуна аял менен менин апам көңүлү жакын жан кошуналардан үчүн уулу кышында эле үйүнөн азыраак чыкпаса калган мезгилдерде көп убакыт биздикинде, таенеси апам менен бажы — бужу болуп сүйлөшүп эшикте сөрүдө (тапчан) олтурушат, небереси биздин күчүктү минип алат кээде кучактап алат, кубалашып ойнойт, күнү кечке эрмеги биздин «палма»….

Ошентип бир уйдун сүтүн ичип чогуу ойноп олтуруп арадан эки жыл өтүп кошунамын уулу 3 жаштан өттү, итибиздин бою өсүп баралына келип келишкен ит болду. «Палмабыз» ошо жылы жалгыз эркек күчүк тууду, адатта жалгыз күчүк туулса «иттин сырттаны Кумайык» туулду деп аташканын укканыбыз бар эле, мен да күчүгүмүн атын Кумайык деп атап алдым… Кошунабыздын уулу дале шок айтканын бербеген кежир, өзү көтөрүп жеп жүргөн нан токоч покочторунан үзүп кошо жешип жүрүп итим менен коңшумун уулу «ортолорунан кыл өтпөгөн» өтө ынак. Илгертен иттер «мен барган үйдүн жаш балдары бар болсо экен, колдоруна нан токоч кармап жеп жүрсө, нанынан үзүп жешсем» — деп тилек тилешет — дешкенин карылардан уккан жайым бар.

Бир күнү кошунамын уулу итимин уясында жанында жатат, «ээ баатыр чык бул жакка» деп башымы салып карасам коңшумун баласы жатып алып итими чопулдатып эмип жатат го чиркин….чочуп кетип баланы бери тартып чыктым, ыйлайт итке умтулуп. Күчүгү келип энесин эмсе кызганып эмдирбей бир колуна көтөрүп алат тыпыйтып. Өзү да помпок бала жайдын күнү үстүнө эч нерсе кийбейт, дикилдеп качан карасаң күчүгүмү колтугуна кыстарып көтөрүп алган болот итим аларды ээрчип алат….тим эле сонун көрүнүш иий….ыңгайы келе калган жерден эле итти эмет, таенеси канча жолу тыймак болуп биздикине киргизбей жүрдү, андай кезде кошунамын уулу «палмааа» деп толук тили келбесе да чулдурап кыйкырат итим үнүн угуп эле зуу коёт, темир сетканын ар жек бер жагынан кысылып өтөт күчүгүн ээрчитип алат. «Палманы» көргөндө бала энесин көргөндөй сүйүнөт кол чапкылап, колунда эмне болсо «ме — ме күч, күч, күч…» деп бере салат, куйругун шыңпаңдатып бөйпөңдөп ит да болбой калат. Башында баланын эмгенине ит көнбөй ордунан туруп кетчү, кийинки кездери бала эмип жатса унчукпай момоюп жатып берет, кээде күчүгү менен тең жарышып эмет….. «Иттин эмчеги кир, аны чопулдатып эле эмип жатпайбы кокууй балага микроп кирет да, ай ботом алсаңар боло» — деп көргөн кемпирлер шыпшынып суйлонушот, таенеси байкуш тыйям деп канча аракет кылды, анча мынча какыс кукус кылып көтөнгө чаап коюп да жүрдү ага болмокпу бала, кайра эле чып жабышат да эме баштайт итти….

Пример HTML-страницы

 

Ошентип 3,4 айча итими эмип эле жүрдү, бир күнү кошунабыздын апам менен суйлошуп олтурганын угуп калдым, көрсө кызы келиптир кечинде, уулун алып Россияга кетип жатыптыр. Арадан 10 күн өтүп кошунам уулун алып Россияга кетти. Кетээр күнү да апасы кийинтип коюп өзү үйдөн чыкканча чуркап биздикине кириптир, адатынча «палмалап» кыйкырып итти чакырат, биз болсо атайын итибизди байлай турганбыз машинаны ээрчип чоң жолго чыкпасын деп. Итибиз байланган жеринен жибин үзө тургандай жулкунат бошоно албай, күчүгү болсо шыңпаңдап келип ар жак бер жагына отүп балага эркелеп калды, иттин байлануу экенин көрүп кошунамын уулу чуркап иттин жанына барды, мен баланы бери тартып апасына алып чыкмакка артынан обдулуп кошо бассам апам мени жеңимен тартып токтотуп койду «экөө коштошуп алсын» дегенсип… Бала итке жетип эле шарт итти мойнунан кучактап алды, ит болсо баланы эмет деди окшойт, жата калып бутун көтөрүп алыптыр. Аңгыча баланын апасы чуркап келип калды, «кийимиңи чаң кыласың, самолётко кечигебиз уулум» — деп ыйлаганына болбой колунан жетелеп кетти, бала болсо «Палмаааа» деп колун сунуп ыйлаган боюнча кетти….айбан болсо да баланын узактарга биротоло кетип жатканын сезгендей итибиз балага карап умтулуп артынан чуркагысы келип тыбырчылап үрөт,… жибинен бошоно албай айласыз тиши менен жибин кырчыйт байкуш…тили болсо балким «мени, Кумайыкты таштап кайда кетип жатасың….кетпей эле койсоң болбойбу…. » — демек беле ким билсин… экөөнүн абалын көрүп менин көзүмөн жаш сызылды…

Кошунабыз жөнөп кеткен соң итибизди байланган жеринен бошотуп койдук, итибиз биринчи эле кошунабыздын уйунө чуркап кетти күчүгүнө деле караган жок, бирөөнү издегендей ары — бери чуркады.

Арадан үч күн өттү, 4 күн өттү…. «Палмабыз» мурункудай куунак болбой суз тартып калды, күчүгү эмсе деле дагы кимдир бирөөнү күткөнсүп ары бери карап умсунуп көздөрүн жалдыратып калат… кошунабыздын үйүнө кирип чыгып жатты, эшиги ачылса балалыктагы досу «качан чыгып келээр» экен дегенсип үмүттүү карайт… Мурункудай тамак жебей калды, чоңоюп калган күчүгүн да эмизбей ары түртүп жүрдү, барган сайын көздөрү киртейип, арыктап кабыргасы саналып калды….көрсө ит эң ишенимдүү дос болот турбайбы….биздин же кошунабыздын үйүнүн тушуна машина келип токтосо жолго чыгат, эшиги ачылып ким түшкөнүн күзөтүп турат…оюмча балалыктан бирге өсүп 2 жыл чогуу ойногон досун, акыркы кезде күчүгү менен кошо эмизип жүргөн «баласын» күткөндөй…өзү арыктап зорго басып баратса да ар бир токтогон унаанын жанына сөзсүз барат. Иттин ыйлаганын көз жаш чыкканын биринчи көрүшүм, көздөрү бирөөнү куткөндөй кусалуу муңдуу карайт, жанында чыдап тура албайсың киши….ошондон 2 ай өтүп «Палма» итибиз өлүп калды…» — деп Сабыр сөзүн бүтүрдү.

 

Сара Камалова.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️