9 болум
– Ыя, Мээрим сенин аялың беле?
– Ооба, кетирип жибергем, – Анан Аиданы карады, – Сен күйөөм оорукчан дебедиң беле? – Ошол учурда алар байкамаксан болуп өтүп бара жатты, Аиданы колдон ала андан жооп укпай эле алардын артынан жетти Алишер, – Оо, жолугушчу убактар бар экен да, кандай Мээрим?
– Жакшы, – Токтобой кете беришти.
– Бактылуу көрүнөсүң?
– Куда кааласа, айрылышкан жолдорго кайрылуунун кажети жоктур?
– Куттуктайм, аспирантурада экенсиң.
– Рахмат.
– Күйөөң менен таанышсак болбойбу?
– Жок, биз шашылышпыз.
– Жарайт, анда менин аялым менен таанышып койгула.
– Биз таанышпыз ээ Аида? – деп Мээрим бурула токтоду, – Бекемирээк болбосоң бул дагы таштап кетиши мүмкүн, – деди эле Аида артына бурулуп кетип калды, Алишер анын артынан жөнөдү.
– Аида токто, Аида дейм!
– Жетет, мен эми өз жолум менен кетем, – Ыйлап алган.
– Эмнеге, бирөө сүйлөп койсо мен күнөөлүүмүнбү? – Жетип колдон алды, Алишер Айтурган менен жашай албай ажырашып кетип беш алты жыл бойдок болуп иштеп жүрөт, акыры шаарга баса берип өзүнө бир бөлмө үй сатып алып жашап жүргөндө Аидага жолугуп калып экөө жашап жүргөн, ата-энеңе алып бар десе ана, мына деп болбой койгон эле.
– Ал туура айтты, сен каалаган күнү башкага үйлөнүп алсаң мен кала берем, андан көрө азыртан эле кеткеним жакшы, – Аида ылдамдай басып кете берди.
– Аида, мен сени кааласаң эртең эле алып кетем, ишен мага.
– Калп, сен мага үйлөнбөйсүң.
– Эртең алып кетем, сөз берем сага.
– Кантип ишенем?
– Азыр үйгө барып телефон чалам дагы эртең алып кетем.
– Алдап үйүңө алып баргың келеби?
– Сөз берем, – Алишер телефонун алды, – Кааласаң азыр сенин көзүңчө чалып сүйлөшөм.
– Кимге чалганыңды билем?
– Мына, атам деген жазууну окучу, – Алишер ушинткенде Аида анын жанына келип анын телефонун карап калды, Алишер кулагына алып бара жатып өчүрүп койду да, – Ало, ало ата, мен эртең келин алып барам, эмнеге, апам ооруп жатабы, качантан бери, мейли анда, эртең өзүм барып калам, – деп Аидага карады, – Апам ооруп жатыптыр, азыр болбойт дейт.
– Дагы бир шылтооң кармады да.
– Өзүңдүн көзүңчө чалдым го, апам ооруп жатса аял алып барсам эл наала кылат го, – деп эптеп жибитип Аиданы колтуктап үйүнө келди, ошол убакта Алишердин телефону чырылдап калды, – Атасына жанагы кетиргенде маяк берген экен деп кайра чыккан эле, – Алоо, ким бул, аа-а жакшы-жакшы, мен азыр бошмун, жумуш издеп жатам, ооба, – деп коюп койду, атасы Бекмурат таңгалып калды, Алишер болсо Аиданы карап ырсайды, – Бир досум, мамлекеттик кызматта иштейт, бир районго экономисттик жумушту сунуштап жатат.
– Жакшы экен.
– Келчи жаным, – Алишер анын ийинине колун коюп диванга алып келди, – Кабатыр болбо жаным, буйруса өзүм барып келип кеңеше келем, сен үйдө бол макулбу?
– Мен айылга барып келишим керек.
– Анда мейли, экөөбүз тең кетебиз, кайра келебиз.
– Мен келбейм.
– Неге?
– Же эрден жок, же иштен жок жүрө бербей ата-энемдин жанында болгонум жакшы.
– Мага таарындыңбы?
– Эмнеге таарынмак элем, тагдырым ушундай жазылса.
– Баса жанагыны менин күйөөм дедиңби?
– Ооба, сенин мурунку аялың менен менин мурунку күйөөм эми эрди-катын…
– Сен аны жинди дебедиң беле?
– Ооба, кийин эле ооруп калган, бирок Мээримди көргөндөн кийин өзүнөн-өзү эле сакайып кетти, көрдүң да.
– А сен соосунда тийдиң беле?
– Жок, аны сакайтыш үчүн…
– Анан.
– Анан ал мени көргөндө кайра жинденчү болду, беш жыл чыдадым.
– Кантип кеттиң анан?
– Мээрим пайда болгондон кийин.
– Кызык экен, ал кайдан пайда болду?
– Ошол, аны көргөндө Токон кубанып өзүнөн-өзү эле сакайып кетти, беш жыл жашап ага бир дагы жардам бере албаганыма ызаландым, мени ошол беш жыл ичинде жанына жолотподу, – Аида улутунуп алды, – Демек мен бир дагы эркекке жакканым жок, тагдырым ушул болсо айла канча, калган өмүрүмдү ата-энемди карап, ошолорго кызмат кылып өткөрөм.
– Аида, мен деле турмуштан жолум болбой жатат, эмне экенин билбейм, жакшы эле кызматтарда иштедим, маянам дурус болчу, ата-энем менин тапканыма муктаж эмес, жадагалса мага берип турат, бирок аялдан жолум болгон жок.
– Мээримди сүйсөң керек?
– Ооба, ал менин биринчи аялым, аны ата-энебиз болбой эле үйлөнтүп коюшкан, бирок мен чынында аны сүйчүмүн.
– Кетирбей койбойт белең?
– Көңүлү жок немени кармай албайсың да.
– Аның туура, оорукчан болсо дагы көңүлү болбосо карабасын көрдүм го.
– Мага турмушка чыгасыңбы?
– Шакабаңбы? – Ызалуу Алишерди карады.
– Аида, ишен мага.
– Жок Алишер, сенин дагы менден безе качкың келип турганын билбейт дейсиңби?
– Андай эмес, ойлонуп көрсөм экөөбүздүн тагдырыбыз окшош экен.
– Бооруң ооруп кеттиби?
– Жо-ок, өзүмө боорум ооруйт, отуздан ашкыча үй-бүлөө, бала-чака дегенди билбей жүрөм, атамдар болсо кайра-кайра чалып үйлөн деп жан койбойт, ишти да таштап ата-энемдин акчасы менен жашап жатам, – Алишер Аиданын алдына келип тизээлеп отурду, – Чын дилим менен айтам, мага турмушка чыкчы.
– Алишэ-эр…
– Макул десең түндөп алып кетейин.
– Эми эле апам ооруп жатат дедиң го?
– Ал эми тумоо-сумоо болсо керек, алар мүмкүн мага дагы бирөөнү тапкандыр.
– Ошентип чакырабы?
– Ооба, бир жолу барсам атайын бирөөнү даярдап коюшуптур, баса бергенмин, ошондон бери таарынып барбай жүргөнмүн, алар эптеп мени баргыза албай жатышат.
– Андай болсо байкар көр, балким жакшы жаша калаарсың.
– Билбейм, эчтекеге көңүлүм келчү эмес, ойлонуп көрсөм туура эмес экен.
– Кой, мен жатып эс алайын, эртең жолго чыгам, – деп Аида Алишерди дагы чөгөлөсө, мен сени сүйөм десе деп турду, бирок ал ойлогондой болгон жок.
– Мейли, жатсаң жатып эс ал. – деди Алишер, – Жакшы жат.
– Сен дагы, – Аида арман кыла диванга ары карап жатып алып ыйлап жатты, Алишер кайдадыр чыгып кетти, ал сыртка чыгып телефон чалып атасына сүйлөштү, алар кубанышып тез эле келинчек алып кел дешти, андан кийин досуна чалды, ага чалып эртең эрте келип кал деди да башка бөлмөгө жатып алды, эрте туруп эшикти сыртынан кулпулап кетип калды, он, он бирлерге кийим кече жоолук алып келсе Аида жинденип чыга албай жаткан экен.
– Кайда кетип калдың, бир нерсеңди уурдап кетет дедиңби? – деди Алишер кирээри менен эле ачуусун сыртка чыгара.
– Кулпулаганымды унутуп калыптырмын.
– Эк жолуң болсун! – деп кийим салган баштыгын көтөрүп чыкмак болгондо Алишер аны акырын карысынан алды.
– Аида, суранам кетпе.
– Сүйлөшпөдүкпү Алишер.
– Жүрү, биякка кирсең, – деп бөлмөгө алып кирип Аидага аппак жолукту салынтып көрүп көзүнөн өптү, – Менин жубайым болчу.
– Алишер, ойногонуңду кой.
– Азыр машина келет, буларды кийинип даярдан, башка сөздү кой, – деп бөлмөдөн чыгып кетти, Аида кубанаарын же ыйлаарын билбей туруп калды, аңгыча эки үч досу келип калды:
– Ой Алике, эмне болду? – деди Айбек.
– Үйлөнөм достор, чал кемпир күтүп жатышканын билесиңер да, өзүм дагы картаң бойдок болуп жүрө бергенден тажадым.
– Азамат, досубузду ийге келтирген кандай сулуу болду экен? – Тилек мойнун койкоңдото ар жак бер жакты карап койду.
– Аликем оңой кыздарды торго түшүрбө-өйт, – деди Дастан.
– Кана анда кеттикпи? – Айбек шаштырган болду, Алишер Аида отурган бөлмөнүн эшигин такылдатты.
– Аида даярсыңбы?
– Алишер, – деди ал, Алишер кирип барды:
– Эмне болду жаным?
– Ойнобочу, оюнуңбу же чыныңбы? – Ишене албай суроолуу тигилди.
– Алтыным, балдар келип калды, күтүп жатышат, – деп шашыла колунун алды, – Кийим менен жоолук укмуш жарашыптыр.
– Тамашаңды кой.
– Бол эми, тамашаны көрөсүң, – Болбой эле жетелеп чыкты.
– Салам сулуу кыз, – дешип алар Аида менен баш ийкешип учурашышты.
– Жакшы.
– Кеттик Алике, өзүң билимдүү түшүнүктүү эле жансың, жолдон калбайлы.
– Кеттик, – дешип үйдөн чыгышты, Аиданын кубанганында чек жок эле, купуя кубанычы толкундантып сыртынан билгизбей бара берди, бака-шака түшүшүп кете беришти, чынында эле Алишер андан качкысы да келди, ата-энесинин айткан кызын алып кайра айылга барып тынч жашагысы келди, бирок ойлонуп көрүп, Аиданын айтканын угуп бир чечимге келип дароо эле чалган болчу. Түш оой айылдын четине жетишип бака-шака болуп бирдемеден ичип алып анан ата-энеси жашаган районго кирип келишти. Улуу кичүү күтүп турушкан экен, Аиданы ичкери алып кирип кайненеси жоолук салды, Сурма али жүзүнө бырыш түшө элек, толугунан келген элүүлөрдөн ашкан аял, туугандары келип куттуктап жатышты.
– Балам, – деди Бекмурат Алишерди ээндетип алып, – Аида жакшы эле келин экен, эми уят кылбай тынч жаша, жаш эмессиң, эки аял кетирдиң, уят эми.
– Болду ата, эми айылда эле калам го?
– Ошент, мен Акимчиликтен сүйлөшүп жумуш таап берем.
– Мейли, жетишет, жакшы эле жүрдүм ата.
– Ата-энеси бар бекен?
– Ооба.
– Анда телефондон айталы.
– Мейли, мен Аидага айтайын, – деп Алишер ичке кирип кетти, Сурма уулуна арнаганын дасторконго жайып, келген кеткенге жетине албай жатты.
– Уулум үйлөнсө экен деп ал тилегиме дагы жеттим кудайга шүгүр, эми бир жаманым бар ошону турмушка берип алсам анан арманым жок эле.
– Кудай берген бактылуу аялсың Сурма, үч келиндүү болдуң, эми жалгыз кызың да чоңоюп келе жатат, тилегиңди берет, – деп Батма деген чоң абысыны шыпшынып койду, Аида келген күнү чыккан жок, эртеси салт боюнча эки кайнагасы менен кайнатасына, жакын туугандарына жүгүнттү, дал ошондо Алишердин ортончу агасы Заирди көрүп жүрөгү шуу эте көзүн кара туман басып кетти. Аны менен шаарга жаңы барганда таанышып кыз жигит болуп жүрүп анан алдап кеткен жигит ошол болчу.
– Кудай жалгасын балам, этегиңден жалга, бактылуу болгула, бири-бириңе жөлөк болгула, – деп улуу карыя батасын берди, Аиданы кайра алып чыгып кетти, анын жүрөгү сыздап турду: “Ай кудайым ай, бул эмне деген табышмагың, бактылуу болдум го дегенде эми мунун чыга калганын, Алишердин бир тууган агасы тура, эми эмне болот, ал мени жашатпайт, же өзүм эле кетип калсамбы, жо-ок уяты болсо өз күнөөсүн сезип, тагдырга таң берип унчукпай калаар, менин балалыгымды алып, бактымды байлаган ошол эмес беле”, – деп ыйлагысы келсе дагы өзүн кармап тобокел кылып кирген чыккандан тартынып ойго батып жатты. Заирбек Аиданы көргөндө: “Муну кайдан таап ала койду, андан бери алты-жети жыл өтүп кетсе дагы жүргөн экен го, сойкулук кылгандыр, муну бул жерге калтырганда болбойт”, – деп ойлонуп жатты. Анын эки баласы бар, келинчеги Айдана сулуучумак ак жуумал келин, өзү сүйүп алган, аларды али Аида тааный элек, Бекмурат менен Сурма Алишерди ушуну менен жашап калсын деп ойлонуп Аиданын ата-энесине киши жиберди, жеңетай тоюн кошо берип он миң сомду кошуп жөнөттү. Турардын үйүнө килейген Одиссей келип токтоп үч киши түштү.
– Бул Турардын үйү бекен? – деди бири үйдөн чыккан Оңолго кайрыла.
– Ооба, ким керек эле?
– Сиздердин кызыңыздар бизге келин болду эле, жеңетай тоюн алып келдик.
– Эмне дейт ботом, каяктан келдиңер эле?
– Таластан келдик, – Ошол убакта Турар келип калды:
– Кимсиңер балдар?
– Кызыңды алып кетиптир, кудалар экен, – деди Оңолкан.
– Кудай урган, андай болсо кир дебейсиңби?
– Киргиле айланайын, – деп Оңол купшуңдай эшигин чоң ачты. Кудаларын сыйлап, жек жаатын сураштырып, дарегин тактап кийит кийгизип узатты, бактылуу болсун деп баталарын беришип эртеси эле айыл коңшусун чакырып тойчук берип жеңетай таратты. Аида баскан изинен сактанып алдынан Заирдин чыкпашын тилеп чоочулап жүрдү, аны кайдан билсин Алишердин келинчегин куттуктап бир туугандардын чакан отурушуна акча чогултмак болушту, мурдатан эле ошондой ражалары бар эле. Жетөө аялдары менен келип калышты. Ошондо Заир башын көтөрө албай же ачык айта албай жатты, жөнөкөйдө шайыр дагы, отуруштун көркүн ачкан сөзмөр, ырчы Заирдин бул отурушу башкаларына жакпай бир Бөлүкан деген жеңеси:
– Ай бала, сен эмнеге унчукпайсың, кана баштабайсыңбы? – деди шакылдай.
– Жеңе, башым ооруп турат, болбосо…
– Бир тууганыңа кезек келип калыптыр эми, бирдеме деп кой, – деди дагы бири.
– Ошону айтсаң, келиндүү болуп жатканда ырдабасаң качан ырдайсың ыя?
– Ырдайт, тим эле башка жерде тамада болуп каласың го?
– Эки-үч күндөн бери эле ооруп жүрөт, – деди Айдана.
– Күйөөңдү актабай эле кой, – деди бири күлүп, Аида болсо араң эле чай куюп отурат, Алишер жеңелери менен тамашалашып жайдары, Аида менен Заирдин акыбалы бирдей эле, абийирибиз ачылып бирөөлөрдөн угулуп калабы деп коркуп жатышты. Бекмурат келиндери менен балдарын кой союп берип сыйлады, өзүнүн үч уул бир кызы бар, ызы мектепте окуйт. Түн бир оокумга чейин бака-шака болуп отуруп анан кетишти, Аида бир аз эс ала түштү. Бир жумадан кийин Бекмурат акимчиликке кирип Алишерге бир кызмат таап сүйлөшүп келди, ошентип ал иштеп калды, улуусу Закирдин бизнеси бар, өзүнчө тың турат, балдары бойго жетип калган, Заир фермер болуп мал чарбачылыгы менен алектенет, Айдана мугалим, калганы агасынын төрт баласы. Заирдин жумушу чарбачылык болгондуктан иниси жокто Аиданы кеткенге аргасыз кылмак болуп ойлонуп жатты. Бир күнү кайнене-кайнатасы тойго кетип өзү жалгыз кир жууп отурса кирип келди, Аида үйгө кире качты эле эки жагын карап туруп артынан кирди:
– Сен Алишерге эмне максат менен тийдиң? – деди заарын чача.
– Мен билген эмесмин.
– Өлүмүш болбой изиңди суут, болбосо ким көрдү кылып өлтүрүп кетем!
– Өлтүр, ансыз дагы мени бир өлтүргөнсүң.
– Тарт тилиңди талпак, бул жерде калам деп ойлобо, – деди да чыгып кетти, Аида отура калып ыйлап жиберди:
– Акмак, абийиримди төккөнү аз келгенсип багымды талкалаганы жатабы, менин кайсы күнөөм бар эле? – деп үңүлдөп жатты.
Канчага отурганы белгисиз сырттагы кийимдерин ойлонуп эптеп чыкты да жууп жайып жатканда Бекмураттар келип калды.
– Көздөрүң эмне болгон балам, ыйлагансың го? – деди Сурма.
– Тишим ооруп чыдатпай жатат апа.
– Атаны кокуй ай, тиш оору жаман, – деп Сурма ишенип калды, – Бирдеме койсоң боло.
– Дары койдум.
– Ошент, тиш оорунун азабын аяба-ай тартканмын мен дагы, жаныңды көзүңө гана көрсөтөт го чиркин, – Наалып кирип кетти, Аида эми үйдө жалгыз калгандан коркуп калды: “Алишерге шаарга кетели деп айтсамбы”, – деп ойлонуп жатты, бирок жаңы гана кызматка отурган анын макул болоор болбосуна ишенбей турду, кечке маал Алишер жумуштан келип тамагын ичкенден кийин жыйыштырып жатканда:
– Балам, тишиң басылдыбы? – деди Сурма.
– Басылып кайра ооруп жатат апа.
– Басылып калаар, кечке кыйналдың жатып эс ала бер айланайын.
– Идиштерди жууп коеюн апа.
– Аны Зымырат деле жууйт, жата бер, – деп болбой бөлмөсүнө киргизип ийди, бир аздан кийин сырттан кирген Алишер жаттыңбы? – деди.
– Ооба, тишим ооруса башым ооруп жатат, – Аида ага дагы калп айтты.
– Жакшы болуп калат алтыным, – Алишер анын жанына жатып кучактап алды.
– Ишиң кандай?
– Жакшы, буйруса каалагандай иш болду.
– Жагып калды дечи?
– Ооба, эмне болду?
– Шаарга эле кеткенде болмок.
– Эмнеге?
– Билбейм, шаардагы акимчиликтен сүйлөшүп жатам дебедиң беле?
– Сүйлөшкөнмүн, бирок мен эң кичүүсүмүн, ата-энемди каршым керек да.
– Өзүң бил.
– Сага бирдеме жакпай калдыбы?
– Жо-ок, баары эле жакты, деги айтып койдум да.
– Кам санаба алтышка, буйруса бакандай кызматкер болом, мурдатан кетпей койгонумда болмок, эмдигиче өйдөлөмөкмүн – деди Алишер өкүнгөндөй.
– Сен дагы мансапка умтулат окшойсуң?
– Ким умтулбайт жаным, жакшы кызмат, жакшы жашоону кимдер сүйбөйт, балдарың дагы эчтекеден камсыз болот, анча мынчалар көзүңдү карап кошомат кылып кулуң болууга даяр турса дөөлөттүү кимдер гана эңсебейт, – деп келинчегинин бүт денесин сыйпалап өпкүлөп жатты, – Төрөп берчи мага.
– Кудай берээрин унутпасын.
– Ооба, кудай берсе төрөп бересиң ээ?
– Уулбу же кызбы?
– Мен адегенде кыз болсо дейм.
– А мен уулду жакшы көрөм.
– Кимиси болсо дагы төрөсөң болду жаным, мени менен теңдердин балдары биринчи класска окуп калыптыр, – Күлүп калды, – Кыздарды айтпай эле коеюн.
– Мен деле балалуу боло элекмин.
– Болобуз буйруса.
– Укта эми, менин болсо тишим ооруп кыжаалат кылып жатат, – Аида тескери карап жатып калды, Алишер анын жаны кейип жатканын ойлоп унчукпай артынан кучактап жатып уктады. Убакыт деген суудай акты, күндөр бири-бирине окшош, билинбей өтө берет, бир күнү Аида сыртка чыга калса Заир туруптур, жүрөгү оозуна тыгыла түштү, кемпир чал үйдө отурушкан:
– Дагы эле жүрөсүңбү? – деди Заир ага көзүн акшыйта.
– Мени өлтүрсөң өлүгүм ушул үйдөн чыгат, кетет экен деп ойлобо! – Аида сыртка аны түртүп өтүп кетти.
– Абийириң төгүлүп жүрбөсүн?
– Экөөбүздүкү тең төгүлөт.
– Басып кал жаагыңды!
– Сен жаап кал, менин тагдырымды талкалаганыңды кудай билип туруп мени Алишерге кошуптур, мени көргөн сайын күй, ошондо мен кандай азап тартканымды сен билесиңби, өлүп гана калбадым, кудайдын калыстыгына ыраазымын! – деп Аида тилин тартпай ары бара жатты, үйдөн Бекмурат чыга калбаганда алар дагы канча арбашат эле ким билет, Заирбек атасы менен учурашып калды:
– Кел балам жөн жай элеби?
– Ооба, жөн эле келгем.
– Ким, апаң үйдө, чай-пай ич.
– Жок, кайра эле кетем, Алишер иштеп жатабы?
– Ооба, буйруса көнүп калды.
– Жакшы болуптур, мен анда кеттим, – деп жөнөп бара жатып ары жактан келе жаткан Аиданы жеп жиберчүдөй болуп акшыя карап кетип калды. Анын ушул тушта ичи от жалын болуп турду: “Тагдырымды талкаладың дегенин кара, жалап десе, атайын менден өч алганы келген тура, шашпа сени жаныңды көзүңө көрсөтпөсөмбү, кантип кетип калганыңды билбей да каласың”, – деп жини келгенинен муундары калтырап бара жатты. Ал өз күнөөсүн ойлогон дагы жок, болгону ушунчадан өзү эрмектеп жүргөн неме жатындаш инисине келип алганы жинин кайнатып жаткан, аны атайын сурап билип алып анан тийгендей сезип туруп алды. Ал ошондон бери үйүндө дагы сиркеси суу көтөрбөй кагынып силкинип, балдарын урушуп жаман болуп кетти:
– Заир, сага эмне болду? – деди бир күнү айдана.
– Эмне болуптур, жинди болуп калды дегени турасыңбы?
– Мындай эмес элең го?
Уландысы бар…