7 болум
– Кызым, диссертацияңды таштап койбо, эмгектериң күйүп кетпесин.
– Жо-ок ата, аны таштабайм, кам санабаңыз.
– Анда бактылуу бол кызым, мен сени менен сыймыктанам, – деп телефонду өчүрүп койду, Мээрим кубанычтуу Токонду карады:
– Баары жайында.
– Анда этти чыгаргыла, жаштар ырдап чордой берсин, – деди Турат, ал инисинин баласы үчүн эч нерсесин аябады, минтип оорусунан сакайып калганда башын куттуктап бир ат мингизген, үйлөнгөнүнө бир уй жетелеп келди. Калган туугандары беш-он миңден чогултуп жатып жыйырма миңдей акча топтошту, иши кылып Кубаттын жүзүн жер каратпоо үчүн баары тике турушту, анын баласы ооруп жатканда дагы кол үзүшкөн эмес. Бака-шака болуп келин алуунун шарапаты жүрүп жатты, айрыкча Токон бактылуу болуп Мээримдин жанында, ал кайрадан жаңы төрөлгөндөй, өз бактысына өзү ыраазы. Өткөн сегиз жылдык өмүрүнүн элдир-селдир кээси эсинде, түш көргөндөй болуп кээде көз алдында, Аиданы эстегиси келбейт, анын баягы койнуна алып жатканы дагы бүдөмүк.
– Токон, эмнени ойлонуп кеттиң? – деди Мээрим ал ойлонуп калганда.
– Сени, өзүмдү ойлонуп жатам, өзүмдү жаңыдан өмүргө келгендей сезип жатам, – деди анын кулагына шыбырап. Конокторду узатып анан уктабай эртеңки келе турган кудалардын камын көргөн Тураттын эки келини, коңшуларынын келиндери салат жасап отурушат.
– Келинди врач экен дейби? – деди бири акырын.
– Ооба, жин оорусу жөнүндө диссертация жактап жаткан имиш.
– Илимпоз турбайбы.
– Ошондой дейт.
– Ай келиндер, ушак сүйлөбөй ишиңерди так кылгыла, – деди тамашалай күлүп Тураттын улуу келини Сайкал.
– Ушактабай эле сүйлөшүп жатабыз жеңе, – деди бири.
– Токон акенин аялы врач дейби?
– Ооба, буйруса оорусак догдурубуз жаныбызда болот.
– Ой кайдан, илимий иш жазган неме бул жерге турбайт го?
– Коркпогула, биздин бала аны жакшы башкарса алып калат айылга.
– Кандай болсо дагы акебиз бактылуу болсунчу, – деди бири шаңкылдай, аларды Сайкал тейлеп, тамак берип тунук суудан аздап куюп коюп иштетип жатты, ошентип таң атканча даярданып коноктун камын көрүп жатышты. Токон менен Мээрим өзүнчө бөлмөгө киришип сүйлөшүп отурушту.
– Атамдын мени кечиргенине кубанып турам, – деди ал Токонго.
– Жаным, ата-эне кечирбей кайда барат, анын үстүнө алар балдарын бактылуу эле болсун дешет да.
– Ооба дечи, мен коркуп жатканмын.
– Коркпо алтыным, ата-энелерибиздин ак батасын алсак бактылуу болобуз.
– Токон, – деди Мээрим акырын.
– Оов, эмне дегиң келди?
– Мен аябай бактылуу болуп турам.
– Мен дагы.
– Токон.
– Оов.
– Аиданы эмнеге алып алдың эле?
– Аны эстетпе Мээрим, өзүң врачсың го?
– Ооба, бирок билгим келет.
– Ал окуя тээ бала кезден башталган, силер кеткенден кийин бизге кошуна болуп башка директор келди, анын мени менен тең баласы бар эле, экөөбүз улам чоңойгон сайын атаандаш болуп өстүк, – Токон оор дем алып алды, – Кийин Аида пайда болду, ал мага жакындаган сайын Асылбек мени жек көрүп туруп алды, мен Аиданы ачык эле сүйбөйм деп айтсам болбой эле менин жаныма келет, акыры ушул болду…
– Аны сотко бербедиңерби?
– Жок, баары бир анын атасы куткарып алмак.
– Жазасын алыш керек эле.
– Кудай берсин жазасын.
– Туура, анан кандайча үйлөнүп калдың Аидага?
– Балдар-кыздар акыбалымды көргөнү келгенде ал кошо келген, анан ошол балдар ала качып келди, бирок мен ага күйөө боло турган абалда эмес болчумун.
– Ошого кайыл болгон экен да.
– Ооба, аялым катары жүрдү.
– Кыйын болуптур.
– Ошондой, сен өзүң жөнүндө айткың келеби, эгерде суроом жакпаса жөн кой.
– Эмнеге, айтып беремин, – Мээрим күлүп койду, – Атам катуу ооруп калды, ал тез арада мени досунун баласына бермек болгондо каршы болдум, бирок атамдын абалы өтө оор болчу, мен биринчи эле курсту аяктаганмын, бирок атам мага: “Кызым, көзүм өтүп кете электе сенин жайлуу жерге барганыңды көрүп, тоюңа катышып өлсөм арманым жок эле деп туруп алды, жүрөгүм дайынсыз бирөөнү күтүп, эңсеп жатса дагы мен ага барууга аргасыз болдум…
– Анан эмне болду?
– Менин муз жүрөгүмдү эрите албаганына жинденип мен окууда жүргөндө аял алып алды, ошол бойдон ушул күнгө чейин сени гана күтүп жүрдүм.
– Мен дагы, сени эле эстеп туруп алдым, табам дейм оюмда, бирок менин акыбалым такыр башка эле, эгерде сен ал жерге келбесең өмүрүм тозокто жүрүп өтүп кетмек, – деп келинди кучактап алкымынан жыттады, экөө төшөк ичинде ырахатка батышты.
– Мени жубан алганыңа нааразы эмессиңби Токон?
– Жо-ок, менин кубанычым чексиз, биринчиден адам катарына кошулдум, экинчиден сага жолукканым мени зор бакытка бөлөдү, – Токон Мээримди бекем кучактап алып өпкүлөп жатты, – А сен бул тагдырга нааразы болбойсуңбу?
– Жок, жүрөгүмдүн эңсөөсү басылды, көңүлүмдүн кирип кетти Токон, сенин балалыгың көз алдымда кино тасмадай калыптыр, чоңойгонуңду элестете албайм десең, анан эле сен мени чакырып жаткандай туюла берчү.
– Ооба, колумдан келсе ай-ааламды жаңыртып кыйкырып таап алат элем, алсыз болдум оорукчан бир бечара болдум, ошондо дагы сени жүрөгүмдө табам дечүмүн, – Токон күлүп калды, – Мына эми таптым, чексиз бактылуумун.
– Мен дагы.
– Жаным, кокус кайра жарала турган болсом дагы сени сүймөкмүн, издеп таап алмакмын.
– Жо-ок антпе! – деп анын оозун алаканы менен жапты Мээрим.
– Эмне болду?
– Антип айтпа.
– Эмнеге, кайра жаралгың келбейби?
– Билбейм, кайра жаралууну жомок деп ойлойм.
– Жо-ок Мээрим, сен муну айткың келген жок, балким коркосуң.
– Ооба жаралгым келбейт.
– Эмнеге жаным, коркуп кеттиң го?
– Мейли, уктайлы, эртең конок күтөбүз, – Мээрим көзүн жумуп жатып калды, Токон ага таңгалды: “Эмнеге коркот, бир билгени бар го, ошончолук эле коркунучтуу болобу кайра жаралуу, коркунучтуу жомок уккан го”, – деп ойлонуп унчукпай жатып калышты. Көзүн ачса эшикте күн тийип калыптыр, Мээрим туруп кеткендей, орду бош турат, көзүн ушалай кийинип сыртка чыгып келе жатканда Мээрим кирип келе жатып аны бөлмөсүнө кайра алып кирди:
– Эмне болду? – Токон ага таңгала карады.
– Токон, атамдарга айт, сен экөөбүздүн ооруканадан табышканыбызды эч ким оозунан чыгарбасын.
– Эмнеге?
– Экөөбүз үчүн өтө маанилүү.
– Жарайт, мага түшүндүрүп кой.
– Кийин айтам.
– Макул, – Токон сыртка чыгып кетти, ошол күнү түшкө жакын лексус машинасы менен эки аял, эки эркек келди, Баатырбектин иниси аялы менен, Гүлнаранын сиңдиси, иниси болуп келишкен эле. Кудаларды тозуп алып салтка ылайыктап сый урмат көрсөтүп жатышты, иниси Жаркынбек керсейип күйөө бала кирсин деди бир кезди, бул агасынын эң башкы тапшырмасы болчу. Токонду жасантып киргизди жеңелери, алар күйөө балага көрүндүк берип жактырышты, эт тартылгандан кийин кийит кийгизип алдына он беш миң сом, бир союшту тоюна деп, кайра жеңетайына эки миң сом кошуп жөнөтмөк болгондо Жаркынбек:
– Куда, мен чоң кудаңардын салам дубасын айтпай койсом болбойт, эмки жума күнү кыз-күйөөнү үйүнө чакырат, – деди.
– Куда, анчалык эрте кантип алып барабыз, күз болсун, мал семиз убакта барсак кантет? – деди Кубат кыйыла.
– Болбойт куда, калың-малыңдын кереги жок, кызын эрте чакырып алгысы келет, билесиңер Мээрим аспирантурада окуйт, илимий иштери кечеңдебесе дегени.
– Түшүнүп турабыз, бирок салт-санаа деген бар.
– Мен айттым, кабыл алыш өзүңүздөрдөн, сыйыңарга рахмат, балдар бактылуу болсун, биз кайталы, – деди. Аларды узаткандан кийин Кубат, Турат болуп кеңешип отурушту, ары кетип, бери кетип бир пикирге келе албай жатышканда Мээрим:
– Мен атама сүйлөшөм, кабатыр болбоңуздар, – деди.
– Балам, биз баш алып жатабыз, куру кол бара албайбыз, барбай дагы кое албайбыз, – деди Кубат, – Сенин окууңдан калганыңды каалабайбыз, биздин коркконубуз…
– Ооба, Токон али сакая элек, – деп Анара андан аркысын айта албай токтоду. Ошентип алар конок узатып отуруп калышты, Жумабек иштеп майда жандык күтүп калышкан, акыры Турат менен Канышай, Анаранын таежеси менен Токон, Мээрим болуп бир жылкынын пулун түйүп бармак болуп токтошту, Мээрим канчалык эчтеке албагыла десе болбой коюшту, бир жума деген бат эле өтүп кетет эмеспи, кой союп, боорсок жасап, таттууну салып Тураттын баласынын унаасы менен жөнөп калышты, Акматтын унаасы Одиссей эле, кечке маал жетишти, телефондон угуп күтүп жатышкан экен тозуп алышты. Баатырбек менен Гүлнарага Токон адеп көргөндө эле жакты, мыкты даярдаган экен, экинчи кабаттагы чоң залга киргизип сыйлап жатышты.
– Токон, окууга тапшырбадыңбы балам? – деди Баатырбек.
– Жок, шарт болбоду.
– Эми да кеч эмес, буйруса тааныштар толтура.
– Рахмат, Мээрим экөөбүз кеңешебиз го.
– Ошент, окуп алсаң кор болбойсуң, – деп керсейе карады.
– Ата, аны кийин сүйлөшөбүз, – деди Мээрим.
– Бул жерде чоочун эч ким жок кызым, болоор ишти убагында кеңешип чечип алган жакшы, Турат акени менден жакшы эч ким билбесе керек туурабы? – Баатырбек Туратка кайрылды.
– Ооба-ооба, жакшы заман эле, силердин артыңар менен биз дагы жашап калдык, оо сиз ошондо эле март жигит элеңиз, – деп шыпылдады Турат.
– Ошондо Кубатты кой бак десем болбой койбодубу, жалкоо эле.
– Ошондой болду…
– Сен атаңдай жалкоо эмессиңби күйө бала?
– Жо-ок.
– Жалкоолук бир келген өмүрдө адамдын эң жаман оорусу балам, эмгекчил болсоң баары болот, эмгегиң текке кетпейт, – деп дагы көп сөз айтты Баатырбек, түнү бою конок болушуп таңга маал жатышты, эртеси аларды кайра ресторанга алып барып конок кылды, түш оой аларды кийит кийгизип узатышты, кыз-күйөө калып калды. Турат инисине Баатырбекти мактап барды, марттыгын айтып түгөтө албайт, бир койдун этин кешик кылып берген, айыл коңшусуна ооз тийгизип балдарга бата алып жатышты. Кубат менен Анара эс ала түшүштү, оор жүк жонунан түшкөндөй кудайга миң мертебе алкыш айтып отурушат. Ал бүтүп эми аяк биягын жыйганча дагы бир окуя болуп кетти. Жумабектин сүйлөшкөн кызы бар эле, ал аны кыйнап кирди:
– Жума, эгерде үйлөнбөсөң милицияга берем, мен ата-энемдин төрүндө төрөгөнчө өлгөнүм артык.
– Сейил, мени түшүнсөң, атамдарга айтканча эле акем үйлөнүп калбадыбы, болбосо качан эле алып кетет элем го? – Күнөөлүү жигит башын жерге салды.
– Билинип калганча алып кет, болбосо өзүмдү-өзүм өлтүрөм.
– Койчу Сейил, мен сени сүйөм, бир аз чыда, сөзсүз алып кетем, көрөсүң го.
– Макул, бир ай күтөм, болбосо мени калп айтып жата деп ойлобо.
– Ооба, мен сенин өлгөнүңдү каалабайм, сен мени сүйсөң ишенет элең го…
– Канчадан бери ишенип эле келе жатам го?
– Шарт ошондой болуп калды да.
– Мейли, азыр бара бер, мен үйгө кирбесем атамдар өлтүрөт, – деп Сейил аны узатып калды, ошол күнү айтмак болду, бирок дагы болбоду, арадан он күн өткөнчө Сейилге дагы бара албады. Бир күнү күүгүмдө Сейилдин апасы шып этип кирип келди:
– Кел-кел Ажар эже, караңгыда жайчылыкпы деги? – Анара эзели келбеген аялга таңгалып төргө өткөрдү, ал отуруп алып үй ичин айландыра карап сынап жаткандай болду.
– Мен келдим, – деди анан Ажар, – Ушуну айтып эшигиңерге келгенче өлсөмчү, – Бышактап алды, – Жума менен Сейил ээнбаштык кылып коюшуптур!
– Эмне? – Анара чоочуп кетти, – Ал кандай болгону?
– Мен кайдан билем, Сейилдин кусуп жатканын көрүп сурасам ашказаным ооруп жатат деп койгон, тим болуп калганмын…
– Анан эмне болду? – Анара чыйпылыктап сурап ийди.
– Эмне болсун, боюнда бар экен!
– Коку-уй, кантип эле?
– Эмне өзүнөн-өзү болмок беле? – Ажар алкына карады, – Жумадан болуптур!
– Койчу Ажар эже, менин балам…
– Силер мойнуңарга албасаңар каматамын, мен жакшылыкча сүйлөшөйүн деп өзүм келгенмин, Дакенди билесиңер, кокус эле угуп калса балаңды соо койбойт! – деди да туруп чыгып кетип калды. Анара эмне дээрин билбей отуруп калды, Кубат үйдө жок эле, нес болуп калган Анара: “Эми эмне болот, санаабыз тынып калганда бу көйгөйдүн чыкканын кара, Кубат келсе акеме кеңешели, эптеп басып койсок чын болсо алат да”, – деп ойлонуп жатканда Кубат кирди, Анара ага айтты эле ал дагы чоочуп кетти. Жума аны билип ата-энесине көрүнбөй качып досу Айбектикинде жатып жүрдү, бир күнү аны Кумарбек чакырып келди.
– Ой ат-та-аңдын ооз-зугурайындын баласы кайда жүрөсүң ыя? – деди аны көрүп эле Кубат ачуулу.
– Акырын эле айтсаң боло, – деп Анара уулунан коркуп күйөөсүн тыйды, катуу айткандан дагы коркот ата-эне, азыркы балдардын сөз көтөрүмү жок, дароо эле өздөрүнө кол салышат, Анара ошол үчүн коркуп жаткан.
– Эмне болду ата? – Жума үңүрөйө жер карады.
– Биздин укканыбыз чынбы?
– Эмнени…
– Ажар келип кетти!
– Ооба, – дегенде Кубат уулун жонго бир койду, – Эмне кылалы эми?
– Билбейм, сиздер чечиңиздер.
– Кызга жолугуп кел эртең, – деди да жумшара отуруп калды, – Жоктун жону катуу болуп жатканы да балам, болбосо ушинтет белек, алып келе бер демекпиз.
– Макул сүйлөшүп көрөм. – Жума шылкыя жооп кылды.
– Көрбөй эле чечип кел, ала качайынбы деп.
– Макул, – деп эшикке чыгып кетти Жума, ойлонуп ата-энесинин чечимин Сейилге барып айтмак болуп анын үйүн акмалап барып ышкырмак болуп бара жатып шыңк эткен Сейилдин үнүн угуп токтой калды, дал экөө отурчу чоң түп алмасынын түбүндө экөөнүн отурганын байкай коюп шырп алдырбай жакындап барды:
– Качан алып кетесиң анан? – деген Сейилдин сөзүн угуп таңгалды.
– Шашпа. Өзүң билесиң да, күтө тур.
– Апам билип калды, урушуп жатат, сени милицияга берем десе эмне кылам?
– Чыда жаным, сөзсүз алып кетем.
– Канча күтөм? – Сейил ыйлактай сүйлөп жатты.
– Чыда жаным, мен алып кетем дедим го.
– Сейит, – дегенде Жуманын кулагына жаман угулду, дароо ордунан туруп үйүнө кирип барды, Ажар тура калды:
– Ой бала эмне болду?
– Жүрүңүз, кызыңыз кайда?
– Үйдө эле отурган.
– Мен сиздин кызыңызды таап берем, – деп колунан алып багынын ичине кирип барганда Сейит менен Сейил тура калып Сейит качып кетээрде Жума кармап калды, – Менден көргөн кызыңыздын кебетесин көрүңүз, кана кимибизден бала? – деп Сейилди булка тартты, – Сүйлөбөйсүңбү, тилиңди жутуп алдыңбы, мага айткан сөздү буга айтып апаң экөөңөр бизден эмне күттүңөр эле? – дегенде Сейил бет тырмаачылык кылып кыйкырып калды:
– Сени биерге ким чакырды, жоголчу ары!
– Мениби, апаң чакырып келди, ата-энемди кошо чакырган.
– Мени сен алдап жүргөн экенсиң да? – деп Сейит Сейилди жаакка чаап ийди, Ажарда үн сөз жок өлөйүн деп өлө албай, жердин катуулугунан зорго чыдап турду.
– Калп, мен Сейит сени сүйөм. Ал мени сенден кызганып жатат, – Сейил ыйлап жатты.
– Кантип сүйлөп жатасың, эми эмне кылсаңыз өзүңүз билиңиз кызыңызды, андан кутулганыма тобо, кимден бузулган болсо ошого жармашсын! – деди да Жума басып кетти.
– Мен сага үйлөнө албайм, сенин мындай экениңди билбепмин, – деп Сейит дагы кетип калды, энеси менен кызы селдейген бойдон кала беришти, Жума үйүнө келсе атасы эшиктин алдында басып жүрүптүр, аны көрүп эле:
– Кайда жүрөсүң ой бала, бул кылыгың кайда алып бараар экен? – деди ачуулана.
– Ата, кам санабаңыз эми, үйлөнбөйм дагы, – деп кирип кетти, ага чынында эле кыйын болуп жаткан, Сейилди сүйүп калган, кыз эмес болсо дагы үйлөнөм деп жүргөн, ал жинденип ордуна кирип көмкөрөсүнөн жатып алды, Кубат анын артынан кирип карап коюп кайра чыгып өздөрү жатчу бөлмөгө кирди:
– Жума келдиби? – деди Анара, алар тынчсызданып жаткан эле.
– Келди, – Кубат күңк эте чечинип ордуна жатты.
– Кызына жолугуп келген го?
– Кайдан билем, үйлөнбөйм деди го.
– Ийи, эмне болуптур?
– Тултуюп кирип жатып алды.
– Сурабайт белең ботом.
– Эртең сен сура, – Кубат ары карап жатып алды.
– Капырай, ата деген уулдары менен сүйлөшүп сырын тартпайбы.
– Болду укта, кеч болуп калды, эртең акемдер келет эмне болду деп.
– Келсе Жумадан сурайбыз да эмне болгонун.
– Ооба, уйку берчи эми какшанбай.
– Укта-укта, кийинки учурда уйкуң эле келип калды да.
– Анан эмне кылайын?
– Өзүң билбейсиңби? – Шыбырай күйөөсүн артынан кучактады, – Жашаганыбызга отуз жыл болуптур, мен кээде баягы-ы жаңы үйлөнгөн кезибизди элестетип кеттим.
Уландысы бар…