6 болум
– ооба-ооба, – Күлүп жиберди.
– Мына, эми сүйлөшүп турсак болот.
– Апамдар эмне деп ойлошот? – Ойлуу колундагы телефонду карады.
– Мен өзүм айтам, башкысы сен жакшы болуп кетсең болду.
– Рахмат, – Нуржамал аны карады, – Ата-энеңиз уктубу мени?
– Ооба, алар сага дагы кайгырып жатышат.
– Эмнеге?
– Арген үчүн азап чекти деп.
– Ооба, бул азап мени абдан чөгөрдү…
– Капаланба, ооруп каласың, Арсен чебелектеп ийди, алар көпкө сүйлөшүп отуруп бир топ жакындап бири-бирин тааныгандай болуп бара жатты…
Мээрим жумушунан суранып чыгып шаарга келди, Баатырбек борборго келип жашап калышкан, ал келгенде баары чогуу отуруп тамактанып жатышкан, кирип келгенде алар карап калышты:
– Оо, келечектеги профессор, кандидат келди! – деп Баатырбек күлүп калды.
– Кандайсыңар апа, ата ден-соолуктар кандай? – Мээрим ата-энеси менен учурашып, эки инисине карады, – Жолборстор бойго жетип калган го?
– Сизди жаш бойдон жүрсүн деп чоңойбой коебузбу? – деди Атай күлүп.
– Ооба, эжекем али дагы бизди бала көрө берет, – деди Акай.
– Болду-болду эми, силер жигит болуп калыпсыңар, кана анда учурашабызбы? – деп күлө эки инисин өөп алды.
– Ии-ий, болбодубу эми, – Атай жүзүн ала качты.
– Эмне болду?
– Атырың кускумду келтирип жиберди. – дегенде баары күлүп ийишти, Мээрим отуруп орун алды.
– Кана кызым, иштериң кандай, оорулуулар менен тил табыша алдыңбы? – деди Баатырбек кызын сынай карап.
– Атасы, кызың жол жүрүп чарчап келди, бирдеме ичип алсын, – деди Гүлнара, -Аста жылмайып.
– Жок апа, чарчаганым жок, кардым дагы ачкан жок, – Жылмая карады.
– Жүзүң кубанычтуу кызым, бизге айтаарың барбы?
– Мүмкүн, – Мээрим ойлуу чыныны колуна алды, – Кеңеше турган сөзүм да бар:
– Мейли, жай сүйлөшөлү, – деп унчукпай калды Баатырбек, ал кызын ашыгып күйөөгө берип ийгенине ичинен өкүнүп жүргөн. Унчукпай тамактанган соң Мээрим жуунганы кирип кетти, Гүлнара кызынын түрүнөн бир нерсени баамдагандай болду, аны менен сүйлөшүүгө күтүп калды, Баатырбек жатканы кеткен.
– Кызым, ишиң кандай, көнүшүп кеттиңби? – деди ал жанына келгенде Гүлнара.
– Ооба апа, баары жайында, баса баягы Токонду билесиз го?
– Дагы баягыбы, ошону эсиңден чыгарбадың го? – деп Гүлнара кызына нааразы боло карады, – Мен сенин ишиңди сурадым кызым.
– Ишим жакшы дебедимби, – Мээрим дагы кабак бүркөй карады, – Бирдеме айтайын десем уккуңар келбейт же мага кеңеш бергиңер келбейби?
– Айт эми айта бер.
– Мен Токонду көрдүм, кыскасы мен ага турмушка чыгам.
– Эмне? – Гүлнара чоочуй карады, – Ой кыз, оюнуңбу же чыныңбы?
– Турмуш оюнчукпу апа, эгерде силерге оюнчук болсо мага мааниси чоң, Алишерге мени тамашалап бердиңер беле?
– Болуптур эми, аны өзүң таштадың, өзүң каалаганды кылдың, эми эмне деп жатасың, ошого чыкканда жыргап кетесиңби? – Ачуулу карап алапайын таппай турду.
– Апа, атам экөөңөрдүн оюңар жалгыз гана өлүү дүнүйөнү артык көрөсүңөр, адамдын жан дүйнөсү, ички сезими менен ишиңер жок, мен бала кезимден, наристе болсом дагы бир гана адам өңүндө да, түшүмдө дагы чоң роль ойноп келе жатат, унута албай кыйналдым апа, мен эле атайлады дейсиңби, ошондон бери он беш жыл өтүптүр, бирок мен ошол адамдын бала кездеги элеси менен жашап келди, эмнеге апая7 – Мээрим кызуулана апасына күйүп бышып түшүндүрүүгө аракеттенип жаты:
– Капырай, мен деле балалыгымда жакшы эле өткөргөнмүн, бирок дегеле эч нерсе эсимде жок, ойлоочу да эмесмин.
– Мына көрдүңүзбү, менин тагдырым ошого байланыштуу экенин сездим, – Мээрим улутуна апасынын жанына отурду, – Кызыгы апа, анын дагы эсинен мен таптакыр чыкпаптырмын… Балким биз мурунку жашоодо бирге болгондурбуз.
– Ким билсин, – деген Гүлнара ойлонуп калды: “Кызык, адамдар жети жолу жаралат деп уктум эле, бирок чындыгын ким билет, бирок ырас эле кичинесинде эле ансыз тамак ичпей ойнобой ыйлай берчү эмес беле, эми аны таап алган туура, кандай болоор экен, дипломдук иши да калып калабы, жок жарды турушчу эле, алага келин болуп барса аспирантурасын уланта албай калса эмне болот”, – деп ойлонуп калганда:
– Апа, сен кайра жаралуу дегенди уктуң беле? – деди Мээрим.
– Уккам, бирок ал жомок сыяктуу айтылып калган сөз да.
– Жо-ок апа, мен бир укмуштуудай түш көрдүм, түшүмдө мен эркек экенмин, кербендер менен чубаган төөлөрдүн жанында кетип жатам, селде оронгондор жүрөт, аларды соодагерлер деп сездим, анан эле бир нерсе болуп ууланып дем ала албай күйүп бара жаткандай болом, аябай кыйналып жатып ойгонуп кетем, бул түш качандан бери кирет, кандай жоруса болот. Балким мен мурун газга ууланып өлгөн адаммын.
– Капырай, мен дегеле бала болуп түш көрбөйм.
– Мен түш көрөм, көргөндө кино сыяктуу, бир жолу көк мээлжиген бийи-ик тоонун чокусунда жүрөм, бутумда эчтеке жок, жылаңаяк экенмин, бир кезде жаныма чоочун эле бир адам келет, ал атын айтат, мен укпай эле өз ичимден “Токон”, “Токон”, – ушул экен ал мени таап алган тура деп жатып ал экөөбүздүн кол кармашып турганыбызды көрдүм, ошол убакта тээ алыстан аппак көйнөкчө экөөнөн бизди көздөй бир нурлар келип жарык болуп турду, анан кимдир бирөө: “Силер бул жашоодо дагы бирге болосуңар, анткени ант беришкенсиңер, ал антыңар аткарылды, эми бактылуу болгула”, – деп айтып жатканда ойгонуп кеттим.
– Түшкө эмнелер кирбейт кызым, тоо башында жүргөнүң максатыңа жетесиң, калганы кудайдын колунда, – Гүлнара ойлуу кызын карады, – Токон окуптурбу?
– Жо-ок…
– Анан кантип жашайсыңар, ата-энеси ошол кой үстүндө торгой жумурткалаган заманда жетишпей жашашчу, кызы-ым, эгерде ага кетсең атаң таптакыр карабай коет, эчтеке бербейт, үмүт этпе, – деп жатчу бөлмөсүнө кирип кетти. Эки күн туруп анан кетти Мээрим, кетип жатканда атасы ага акча берди, албайм десе болбоду, акыры коштошуп жөнөй берди, ичи ачышты, апасы өзүнчө акча менен узатты:
– Мага силерден эчтекенин кереги жок ата, апаке азыр мага силердин жакшы сөзүңөр менен колдооңор гана керек болчу, аман болгула алтындарым, – деп улутуна жолго чыкты. Аны Токон келип күтүп жаткан эле, колунда кыпкызыл розалар, кийгени аппак костюм шым, Мээримдин караанын көргөндө ылдамдай басып тозуп алды:
– Кандай Мээрим?
– Жакшы, өзүң кандайсың?
– Мен сен тартуулаган өмүргө жаңы гана келдим.
– Куттуктайм.
– Рахмат, – Токон ыңгайсыздана бир нерсе демек болуп айта албай туруп калды.
– Токон, сен мага бирдеме демексиңби?
– Аа-а, ооба-ооба Мээрим, – Токон артын бир карап алды, – Бизди күтүп жатышат.
– Кимдер? – Мээрим күлө карады.
– Достор, анан үйдө ата-энемдер.
– Эрте эмеспи Токон?
– Мен ушунча күттүм Мээрим, эми чыдай албайм.
– Оо-оо ошондойбу? – Мээрим наздана күлүп ал караган тарапка көз салды, – Мен арыз жазып чыгайын.
– Макул, мен кийин тойдон кешик алып келгенде кирем.
– Жарайт мырзам, – Мээрим бактылуу жылмайып алды, ал азыр чексиз бактынын кучагында болчу, отпускага арыз жазып коюп анан бирге иштеген Ленага акырын шыбырап ачыгын айтып жөнөп кетти. Кубат менен Анара тууган туушканын чогултуп, жоро-жолдошун чакырып бир күн мурун кеңешишкен, бүгүн келин-кесектери казан кармап жүгүрүп жүрөт. Дасторконду мелтирете жасаган, Токон атайын көшөгө тиктирип кызга үйлөнгүдөй даярданды. Орто жолго келгенде Мээрим:
– Токон, мен сени менен али ачык сүйлөшкөн жокмун, бир аз токтотуп тур, сен экөөбүз тигиндей барып келели, – деди Мээрим.
– Эмнеге, үйгө барганда сүйлөшө беребиз.
– Ооба аяш, күнү-түнү сүйлөшүп чечише бересиңер, – деди Самат.
– Жо-ок, анда мен ачык эле айта берейинби? – деди Токонго кайрылып.
– Айта бер, айтпасаң деле түшүнөм, мен деле аял алып кое бербедимби, – деди Токон көзүнөн окуп койгондой.
– Аны кайдан билдиң? – Мээрим таңгала карады.
– Мен сенин турмушка чыкканыңды билем.
– Кызык, – Мээрим унчукпай калды, алар кечке маал кирип келишти, Мээрим саал тартынып отуруп калганда Токон аны түшүрүп ээрчитип кирди, Анара ага аппак чачыктуу жоолук салды, даярдап койгон көйнөгүн кийгизди, бака-шака болуп жатышканда сырттан кобур-собур, урушкандай үндөр угулуп Кубат менен Анара чыга калышты.
– Оорусунда керек болуп, киши болуп калганда кетирип ийгидей силер кимсиңер ыя, азыр каматамын силерди, кызымды күңчө беш жыл алып жүрдүңөр эле, сакайганда анын кадырын тебелеп тепсеп кайра башка катын ала койгонун кара, – деп Оңол келип кыйкырып жатыптыр.
– Оңол, уят эмеспи, кызың өзү ооруканадан эле кетип калыптыр, анын эмнесине тыраңдап жатасың? – деп Тураттын аялы Канышай аны сүйлөтпөдү.
– Ии-ий, жинди балаңар ошондо жыргап кетээрин өлбөсөм көрөөрмүн, ылайым жинди балаңар айыкпай жер кыдырып эсиңерди оодарсын, өмүрү бала күтпөй, жашоонун эмне экенин билбей өтсүн оомийин! – дегенде Канышайдын жини келип кетти:
– Тууп бала өстүрүп, үйдүн ээси болгон аялдын оозунан мындай сөз чыкканы өтө уят, бөөдө каргыш бөрүгө жетпейт деген, сасыган ооздон чириген сөз чыгат, уятсыз каргышың ылайым өзүңдөн кетпесин.
– Кудайга койдум, чырактай кызымды эрден чыкты деген атка кондуруп, – деп Оңол дарбазадан чыгып бара жатты.
– Биз дагы кудайдын кулубуз, калыс өзү, көрүп турат, – деп Канышай үйдү көздөй басты, бул убакта Анара чыгып калган, – Кызыңды кыз бойдон алсак да…
– Эмне болду жеңе?
– Эк өлүгүңдү көрөйүн жуксуз келип селпилдеп жатпайбы.
– Ошого теңелбей эле койбойсузбу, Аидада күнөө деле жок жеңе.
– Мейли, жаман өзү менен кетсин, кир эми, кудалар келет бекен?
– билбейм, эми сурайбыз го жеңе.
– Эртелетип же жөнөткүлө бирөөнү, бечара өзү каалап келсе томсортуп койгон болбойт, – деди Канышай, айыл коңшулары Токонду куттуктап келип кетип жатышты, сойгон койдун эти бышаарда Анара Токонду чакырып алды:
– Балам, киши жиберебизби, же бирөө жарым келеби, сурачы Мээримден.
– Макул апа, – Токон шыпылдай ичкери кирип Мээримдин кулагына шыбырады, ал атасынын телефон номерин берди:
– Токон, атамдын коркуп жатам, анын тапкан күйөөсүнө жашабай баса бергенимден бери мени менен сүйлөшпөй жүрөт.
– Коркпо, киши жөнөтөм.
– Алыска киши жөнөтүп убара болбо, телефон чалгыла.
– Макул, – деп сыртка чыгып телефон чалды да Туратка берди, – Чоң ата, сиз эле сүйлөшүңүзчү.
– Сүйлөшпөй анан, ал деле адам да балам, – дегенче Баатырбектин үнү угулду:
– Ало-о угуп жатам, бул ким экен?
– Сиз Баатырбексизби?
– Ооба мен, ким сурап жаткан?
– Биз Мээримди келин кылып алдык эле, кулдугубуз бар куда, киши келсе качан келет айтып коесуздарбы, болбосо өзүбүз баралы.
– Ким, айдан чалып жатасыңар?
– Биз сизди тааныйбыз, бирге иштеп кеткенсиз, кызды балабыз издеп жүрүп тапты, – дегенде телефонун өчүрүп койду. Аны аялы токтоткон болчу.
– Эмне дейт Баатыр? – деди ал өңүн буза.
– Мээрим күйөөгө кетиптир, сурап жатышат, мен иштеген кайсы совхоз болду экен, баарын беш колумдай билемин, – деди Баатырбек, – Эмне кылабыз, эми алып келип алсак кандай болот? – Кеңеш сурап Гүлнарага кайрылды.
– Алып келе албайсың, – деди Гүлнара ары бурула.
– Эмнеге?
– Ал өзү каалап кетти Баатыр, сен билесиңби Мээримдин кичинесинде бир коңшубуздун баласысыз тамак ичпей кыйнаганын.
– Аа-а ошол балагабы? – Баатырбек күлө караганда Гүлнаранын жини келе ага бир тийди.
– Эмне, кубанып кеттиңби?
– Жо-ок, бирок ага каршы эмесмин.
– Эмнеге?
– Ал бала жакшы жигит болмок, мен билгенмин, кой эмне деп жооп берели?
– Ондон ашык киши барат де, – деди жинденген Гүлнара.
– Койсоңчу, анча киши барып чаап алмак беле Кубатты.
– Анда өзүң жооп бер, – деп Гүлнара басып кетти, Баатырбек ойлонуп кайра өзү чалды эле Токон Туратка бере койду.
– Ало-о угуп жатам куда, бизди кечиресизби, кандай чечтиңиз?
– Эртең төрт киши барат, азыр мен Мээрим менен сүйлөшүүм керек.
– Жарайт, жарайт куда, – Турат телефонду Токонго бере койду, – Сүйлөш балам.
????????
– Ата…
– Кызым, көңүлүң жайындабы?
– Ооба ата, мен сиздердин гана батаңыздарга муктажмын.
– Бактылуу бол кызым.
– Рахмат ата.
Уландысы бар…