4 болум
– Жүр, – деп эки кыз аны колтуктап алып жөнөдү, айыл ичиндеги чакан ооруканага алып барышканда дароо эле текшерип көрүп укол салып жаткырышты. Таңга маал эсине келген Нуржамал ооруканада экенин дагы түшүнбөдү, туруп сыртка чыкты, эки жакты карап туруп чыгып кетти, шашыла жөнөп Кайдулаттын үйүнө жакындады, элдер али ойгоно элек, боз үй жак жымжырт, акырын боз үйгө кирип барып көшөгөнүн жанында уктап жаткандарга карабай бетине жапкан матаны ачып колдору менен сыйпап жүзүнөн өптү да кайра жаап коюп артына кайрылганда үйдөгүлөрдүн бири ойгонуп аппак кийинген чачы жайылган кызды көрүп көзүн чакчайткан бойдон тили күрмөлбөй кала берди. Нуржамал жай гана жол менен кетип жатты, айылдын четиндеги көрүстөндөрдүн биринин ичине кирип эки тизээсин кучактап отуруп алды, андан бери жакта эле жаңы казылган жай турат…
Нуржамалды ооруканага жеткиргенин угуп Бурул Сагынбек экөө кечинде келип кетишкен, таң атпай Гүлжамал менен дагы келсе врачтар анын кайда кеткенин таппай жатышыптыр:
– Кызыма эмне болду, кайда кетип калды? – деди Бурул.
– Биз билбейбиз, тынчтандыруучу укол гана сайылган, эсин жоготуп коюптур, уктап жаткан, эртең менен карасак жок.
– Ай кудай ай, ал кайда кетип калды, жакшынакай эле жүрүп эмнеге ооруп калды, деги аман болгой эле, бирдеме кылбайсыңарбы, издейсиңерби аны, оорукананын кийими менен каякка кетет, бул жерде кийимдери бүт турат, – Бурул тызылдап жатты, Гүлжамал аны кармап:
– Апа, тынчтанчы, табылып калаар, ага заматта эмне болуп кетти, милицияга баралыбы?
– Биз айттык, издешет алар, – деди врач Акылбек, алар ошентип ыйлап-сыктап ал жерден чыгышты, бул кезде түш ооп калган, Сагынбек мүрзөгө кетип жаткандарга кошулуп сөөк коюуга катышмак болду. Ошол учурда айылдын четиндеги көрүстөнгө өлүктү көтөрүп чубаган эл бара жаткан Аргенди туугандары коюп кайра кетишти, ошол кезде Нуржамал чыгып эки жакты карады да жаңы гана көмүлгөн дөбөгө үстөмөнүнөн жыгылды. Бакырып-өкүрүп топуракты мыкчый ыйлап жатты, айланага аны үнү жаңырып жатты, эл эбак көрүстөндөн узап кеткен. Бурул ыйлап-сыктап үйүнө отура албай кирип чыгып жатты, ошол убакта Акылай эки кыз менен келип калды, Гүлжамал менен сүйлөшүп:
– Ал Арген менен сүйлөшчү, анын өлгөнүн уккандан кийин эле эсин жоготуп койду аны мүрзөдөн издейли, биз баргандан корктук, – деди Акылай.
– Ооба, аны ошол жактан табабыз, кийимдерин алып алалы, – деди Асел. Гүлжамал ыйлап апасына айтпай алар менен жөнөдү, көрүстөнгө келип жаңы топуракты кучактап жаткан Нуржамалды табышты, анын бети-башы топурак, кийими кирдеп, чачтары саксайып эчтеке билбей жатыптыр, аны көтөрүп алышып үйгө алып келишти, ооруканага алып барган жок, молдолорго дем салдырып үч күндөн кийин көзүн ачты, бирок өйдө-төмөн сүйлөп жатты:
– Мени күтүп жатат, барышым керек, – деп туруп жөнөгөндө Бурул кармап калды:
– Кызым, турбай жатып эс алчы, – деп жүзүнөн өптү.
– Мени Арген куттуктаганы келет, кечигип калам, – деп билбей эле туруп сыртка жөнөдү, – Кечигип калдым го, мени таппай жаткандыр, азыр-азыр барам, – деп жүгүрүп жөнөгөндө Бурул ага жетпей Сагынбекти ага жөнөттү, ал алдап соолап алып келип жаткырып көпкө чейин карап отурушту, сүйлөй берди, кайрадан молдону чакырышты, ошол убакта Аргендин агасы анын үйүнө келди, ыйлап отурган Бурул аны таанычу эмес:
– Кел, сен кимсиң? – деди Сагынбек, – Ким керек эле?
– Нуржамал сиздердин кызыңыздарбы?
– Ооба, эмне болду?
– Иним… Аргендин катын берейин дедим эле.
– Каты, кандай кат? – Бурул Сагынбекти карады.
– Кандай кат? – деди Сагынбек.
– Иним Россияда ооруканада жатканда жазыптыр…
– Кел, келип отурчу, – деди уяла түшкөн Сагынбек, – Бурул чай-пай алып кел.
– Жо-жок…
– Иниң ооруду беле?
– Жок, бирөөлөр уруп кетип он күндөй жатты, ошондо жазган экен.
– Кызык, биздин кыз али жаш болсо, кайдан ага кат жазат?
– Мен анысын билбейм, өлөөрдөн бир күн мурун ушуну мага айтып берип коюшумду суранды эле…
– Аманат дечи, – Сагынбек Бурулду карады.
– Кызым ошол баланын айынан ооруп калды, – Бурул бышактап кирди, – Кат жазса жазгандыр, ал азыр аны окуй албайт, кызымдын тагдырын талкалап кетти.
– Кечиресиз, иним кызыңызды катуу сүйгөн экен, бир көрсөм болобу? – деди Арсен экөөнө карап:
– Болбойт, эми гана уктады.
– Суранам, иним сүйгөн кызды бир көрөйүн, – дегенде Сагынбек Бурулга башын ийкеп көргөз дегендей кылды эле Бурул башын ийкеди:
– Кирип көр… – деди, Арсен акырын Нуржамал жаткан бөлмөгө кирди, ал чалкасынын жаткан, чачтары саксайып, көзүн жумуп жаткан кызды көрүп чынында боору ооруп кетти, капкара каштары, төгүлгөн кирпиктери аны ого бетер сулуу кылып көрсөтүп турган, жүз аппак болуп өңү азгын эле, бир жуманын ичинде анын арыктап кеткенине эненин жүрөгү сайгылашып турган эле.
– Кечиресиз, аман болсо бактылуу болушмак, сакайып кетсин, – Арсен бурулуп кетээрде:
– Арген, Арген мени таштаба, – деди Нуржамал көзүн ачпай эле, – Мен сага барам. Кечикпей барам Арген, – дегенде Арсен шарт артына бурулуп кызды караса көзүн ачып калды, – Арген, Арген сен келдиңби?! – деп тура калып Арсенди кучактап калганда Бурул ыңгайсыздана:
– Кызым, ал Арген эмес, жат жата гой кызым, – деп Арсенден алыстатмак болду.
– Эмнеге алдайсыңар, аргенди менден эмнеге бөлөсүңөр? – деп Нуржамал андан ажырабай турду, чынында Арген менен Арсен экөө эгиз болчу, окшош дагы, кызды таштай албай:
– Нуржамал, мен кетпейм, кел жатып эс алчы, – деди Арсен аны түшүнө коюп.
– Эмнеге алдадың, мен сени кандай күттүм, эмнеге мага өлдү деп айтып алдадың? – деди Нуржамал Арсенге жалдырай карап.
– Кызым…
– Тим коюңузчу, – деп Арсен Бурулга кайрылды.
– Үмүтүн жандырып кереги эмне? – деген Бурул күңкүлдөп туруп калды.
– Нуржамал, мен кечигип келдим, мени кечир, мына эми жаныңдамын, – дегенде кыз аны кайра кучактап калды:
– Мени таштаба Арген, мен сенсиз өлүп калам.
– Эч жакка кетпейм, сени таштабайм, – деп эми эле баш жагына койгон катты акырын алды да чөнтөгүнө салып койду: “Биз бирге төрөлгөнбүз, бир адамбыз, атамдар көнсө сөзсүз Нуржамалга үйлөнүп алып Россияга алып кетип калам, убакыт өтсө түшүнөт”, – деп ойлонуп турду Арсен.
– Балам, үмүтүн жандырбасаңчы, – деди Бурул акырын айтып, – Силер кетип каласыңар, кызымдын акыбалын ойлосоңор боло?
– Кабатыр болбоңуз, сакайганча мен жанында болом, – деди Арсен.
– Арген, сен кетпейсиңби? – деди Нуржамал, анын жүзү заматта албырып кубарган жүзүнө кызыл кирип албырып чыкты.
– Нуржамал, мен үйгө барайын ээ, эртең келем макулбу? – деди Арсен.
– Кетпечи Арген.
– Кантип, уят го Нуржамал, сен эми өзүңө кел, мен мындан кийин тез-тез келем ээ?
– Макул, – деп Нуржамал күлүмсүрөй карап калды.
– Жакшы кыз бол, мен эртең келгенде туруп күтүп алгын, – деп үйдөн чыкты, Бурул анын артынан чыкты:
– Туура эмес кылдың балам, акырындык менен баарына көнүп өзүн токтотуп калат эле, эми эртең келбей эле кой, эптеп бир шылтоо табабыз, – деди.
– Сиз капаланбаңыз, Нуржамалды мындай абалда кайдыгер калтыра албайм, – Арсен бери бурулуп башын кашылай, – Биз Арген экөөбүз эгиз балдарбыз, мени таенем багып алган экен, эки башка өстүк, бирок абдан ынак болчубуз, айла жок андан айрылып калдык, экөөбүз аябай окшошпуз, ошондуктан Нуржамал азыр мени Арген деп ойлоду, аны сакайткан соң мен кетем, – деди да Арсен жолуна түштү, Бурул эчтеке дей албай туруп калды: “Эгизбиз дейби, капырай бу кандай болуп кетти, эмнеси болсо дагы кызым аман-эсен сакайып кетсе болду”, – деп ойлонуп катты эстей коюп үйгө кирсе жок, Нуржамал жадырай күлүп отуруптур.
– Кызым бирдеме ичесиңби? – деди Бурул.
– Ооба апа, кардым аябай ачып турат.
– Азыр, тамак алып келип берейин, – деп сырткы үйдөн Сагынбекке акырын карап, – Катты сен алып калдыңбы? – деди.
– Жо-ок, таштадыбы катты?
– Билбей калдым, – Бурул ойлоно ашканасына кирди, тамак куюп кайра кирди, Нуржамал чачын тарап өзүнө келип калыптыр, – Мына кызым, тамагыңды иче кой, анан бир баняга түшүп чыкчы, садага болоюн, – деди мээримин чача. Андан кийин Гүлжамал күйөөсү экөө келип калды, Нуржамалды көргөнү келишкен, учурашып ичкери киришти, алар аны көрүп сүйүнүп кетти, кучакташып көрүшкөн соң ашыкча сөз айтпай отуруп калды.
– Балдар, жакшы иш болду, Нуржамал сакайып калды, эртең эртелеп түлөө кылып коелу, силер куда-кудагыйды алып келип калгыла, – деди Сагынбек аларга.
– Ооба, түлөө өткөрүп коелу, – деди Бурул.
– Мейли апа, эртерээк келели анда, – деди Гүлжамал, – Нуржамалдын жакшы болуп кеткени жакшы болуптур.
– Мына, мен келдим, – деп ички үйдөн Нуржамал секире күлүп чыга калды.
– Кел, келип жездеңдер менен отуруп чай ич кызым.
– Ооба, аяба-ай кардым ачып калыптыр, – деп күлгөн Нуржамал ар бир тамактан алып жатты, анын токтонуп кадимкисиндей жаркылдап калганына кубанып турушту. Эртеси түлөө кылып жатканда Нуржамалдын классташтары келип калды, Акылайды көрүп кубана кучактап өпкүлөгөн Нуржамал:
– Акылай, кечээ Арген келип кетти, – дегенде кыздардын баары көзүн алайта:
– Эмне-е, Аргенби?! – деп жиберишти.
– Эмнеге таңгалдыңар, Арген өлбөптүр да, кечээ келип кетпедиби? – деп Нуржамал бактылуу жылмайды, кыздар аны акылынан айныган экен деп акырын жылып чыгып кетишти, Акылай унчукпай көпкө отурду:
– Нуржамал, сен чын айтып жатасыңбы? – деди.
– Ооба, ал азыр келет, келем деп кеткен.
– Эсиң менен болчу Нуржамал, Аргенди бир жума мурун…
– Акылай, – Нуржамал күлүмсүрөй анын оозун колу менен басты, – Антип айтпа Акылай, ал өлбөптүр да, силер чаташтырып алыпсыңар, ал тирүү!
– Кызык, – Акылай ойлонуп отуруп калды, – Бүгүн келем деди беле?
– Ооба, келип калат.
– Түз эле үйгө келеби?
– Ооба, апамдарга дагы айтты, – деп эшик ачылганда жүгүрүп чыкты, алдынан Арсен чыкты эле апасынан дагы уялбай эле мойнуна асылды, – Арге-ен! Анын үнүн угуп чыга калган Акылай аны көрүп өзүн жоготуп жатып калды, бир аздан кийин чогуу сүйлөшүп отурушту Акылай таңгалып ичинен ойлонуп жатты, көптөн кийин аларды узатып чыгып жолдо турушту.
– Мен кеттим, – деп Арсен Нуржамалды бетинен өөп Акылай менен коштошту, – жакшы калгыла кыздар, көрүшкөнчө.
– Жакшы бар, – Эки кыз күлүп калды, бир аз тургандан кийин Акылай дагы кетти, аны узатып Нуржамал үйүнө кирип кетти, Акылайды күтүп турган Арсен алдынан чыкканда ал бир жаман коркуп кетти: “Бул арбакпы, Нуржамалды айыксын деген го, эми эмне кылам, оо кудай”, – деп артына кайрылбай кадамын жайлатып калганда Арсен:
– Акылай, менден коркпо, мен Арген эмес, Арсенмин, – деп күлө жанына келди, – Биз эгтзбтз Акылай.
– Эмне-е? – Акылай аны ишенип ишенбей карап туруп калды.
– Коркпо, кааласаң паспортумду көрсөтөйүн.
– Аа-а кереги жок, – Акылай өзүнө келе түштү, – кызык, Аргендин эгизи бар экенин билбеппиз да, – Күлүп жатты, – Кантип билдиңиз Нуржамалды?
– Арген өлөөрүндө кат жазыптыр, атайын берип кой деп суранып жатып үзүлгөн эле, ошол аманатты жеткирип кыздын абалын көрүп чыдабадым, өзү дагы мен Арген деп кучактап калды, эчтеке дей албадым.
– Чындыгын билсе эмне болот, андан дагы оор болот го?
– Жакшылап өзүнө келип алса анан бир эсебин табабыз го, силер турасыңар, ата-энеси чындыкты билет Акылай.
– Нуржамал байкушка жаман болду, – Акылай улутунуп алды.
– Кам санаба, баары жакшы болот, башкысы сен эч кимге мен жөнүндө кеп кылба, Нуржамал дагы билбесин, – деди да коштошуп кете берди, Акылай бул чырайлуу жигитти бир көрүп сүйүп калды, бирок ал мектепти бүтпөй жатып жигит күткүсү келчү эмес. Арсен кетип бара жатып чөнтөгүнө колун салып катты окугусу келди, бирок аманатты ачууга болбосун ал жакшы билет, болгондо дагы бир тууган эгизинин. Кармалап кайра салып койду, үйгө барып атамдарга кеңешип көрөйүн, эмне дешээр экен, эгер каршы болсо Россияга алып кетип калам, мен аны атайлап бузган жокмун да, тагдыр бизди табыштырып отурат, пешенебизге ушундай жазылган чыгаар, арбагы ыраазы болсун Аргендин, кудай кечирсин”, – деп ойлонуп үйгө кирип келди.
– Уулум кайда жүрөсүң? – деди Насият ага кабатырлана карап, – деди апасы Насият, – Касиет эжем келиптир.
– Апам келдиби? – шашыла үйгө кирди, Насияттын эжеси Касиет эч төрөгөн эмес, Насият үчтү төрөгөн соң төртүнчүсүн эгиз төрөп балдары жаш болуп кыйналганда Касиет үч айлыгында алып кеткен, ал абдан бардар турушчу күйөөсү төрөбөгөнүнө карабай ынтымактуу жашашат. Арсенди багып алганы мен күйөөсү экөө аны өзүмдүк кылбады Эрмат аябай жакшы адам болчу, өзүмө кудай бербеген баланы кимге жалдырамак элек, андан көрө өз баласы өзүнө буйрусун, ата-энесин ачык айтып өстүрөлү, – деп айтчу эле, – Бизге эрмек болуп өлгөнүбүзчө караан болсо болду, деп айтканда Касиет кубанып жүрдү. Ошентип алар Арсенди жакшы багышты, ар жумада келип турушчу, кийин чоңойгондо бир жылда бир келип кетишчү. Арген экөөнү катар коюп алып: “Экөөңөр эгизсиңер, бир адамсыңар. Бири-бириңерге күйүмдүү болгула, сен Аргенден мурун түшүп улуусусуң, ал сенин иниң болот”, – деп көп айтчу эле.
– Апа, качан келдиң? – деп Арсен кирип эле Касиет менен учурашты.
– Келдим балам, жалгыз сен жок отура албай келе бердим.
– Туура кылыпсыз, – деп отура кетти, – Атам кайда?
– Атаң сыртта жүрөт, – деди Насият.
– Аа-а, – деп коюп ойлонуп калды.
– Кел балам, бу кайда жүрөсүң? – деди Кайдулат эшиктен кирип келе жатып, – Үйдө болуп турсаң боло, өкүрүп келгендерге киши жок болуп калат экен, агаларың болсо үй тиричилиги менен үйлөрүнө кетип калган, сен туруп турсаң боло.
– Макул ата, – Арсен саамга ойлуу отуруп анан тамагын жасай, – Ата, бир нерсени кеңешет элем, – деди.
– Айт, кеңеше турган кеп болсо айта бер.
– Аргендин сүйлөшкөн кызы бар экен.
– Эмне, ал ким экен? – Кайдалут менен Насият аны карап калды.
– Ал кыз жаш, быйыл тогузду бүттү.
– Анан, дооматы жок бекен? – деп жиберди Насият чочулаганын билдирип туюк сурап.
– Апа, ал эмне дегениңиз, ал Аргендин өлгөнүн угуп өзүн жоготуп жаман болуптур, эми гана эсине келиптир…
– Атаны бечара ай-ая, – деп шыпшынып койду Насият, – Аргеним кыздарга назик мамиле жасачу да-а.
– Кантейин, кан кускурлар түбүнө жетпедиби-и, – Насият ыйлап калды.
– Кемпир, көп ыйлай бербе, бала кыйналат, айта бер, анан эмне болду? – Кайдулат Арсенди карады, – Сен аны кайдан билип жүрөсүң?
– Мага-а… мага Арген ооруканада жатканда кат берген, ошол кызга берип кой деп, мен ошону бергени барып билдим.
– Бердиңби анан?
– Жок, ансыз дагы акыбалы оор экен.
– Эмне кылдың катты? – Кайдулат кызыга карады.
– Менде…
– Кана берчи, – деди Кайдулат, Арген чөнтөгүнөн катты алып берди, ал айландыра бир карап алып, – Эмне деп жазды экен жаман бала, окуп берчи бизге угалы, – деди кайра сунуп.
– Ооба, окучу балам, бир сыры жок болду бекен, – деди Насият дагы, алар: “Кокус анын боюнда болсочу, эмдигиче эмне кылды экен, алдырып койдубу, же кандай сыры бар, кыз бузулуп калганбы, жөндөн-жөн эле эси ооп калбайт эле”, – деген үчөөнүн тең оюнда турган. Арсен катты ачып окуп кирди: “Кандай Нуржамал, окууларың жакшыбы, апаңдар жакшы жүрөбү, инилериң окуп жатабы? Нуржамал мен сенден кечирим сурайм, тагдыр бизге аруу сүйүү берди, мен ошол аруу сүйүүмө жете албадым арман! Бул катты мен жөнүндө уккандан кийин алаарсың… Нуржамал менин сага айткан ырым эсиңдеби? Мен келем булбулдар менен жазда.
Сага арнап сайрап конуп бутак шакта.
Гүл көтөрүп куттуктайм экзамениң.
Күт жаным, мен келем эрте жазда… Аттиң, ошол ырымдагыдай гүл көтөрүп бара албай калдым, анын ордуна асмандан сенин көз жаш төккөнүңдү карап турам, сен мени көрбөйсүң, издеп ыйлайсың, а мен сенин жаныңа бара албайм Нуржамал… Эрте жазда кушка айланып арбагым.
Көздөрүңдөн мөлтүр жашты көрөөрмүн.
Мен өзүңдү карап туруп ошондо
Желдей сылап көздөрүңдөн өбөрмүн. Кош бол Нурум, мен сени жаным менен сүйдүм, сүйүүм менин өзүм менен кетип жатат, арманым сени менен бактылуу боло албадым. Тагдырым мени сенден ажыратты, сен бактылуу бол ардагым. Көп кыйнала бербе, ажал улук тура, өлгүм келген эмес, бирок арга жок экен, сенин мөлтүр көзүңдү кайрадан бир көргөнгө зар болуп кетип бара жатам, Кош бол Нурум… Баса мен сага айткан эмесмин, менин түгөйүм бар, аты Арсен, экөөбүз окшошпуз, балким мен деп кайгырып, мен деп кыйналсаң ал сага жардам берет, бул катты ал сага бергенде көрөсүң, мени сүйсөң Арсенге турмушка чык, бирок мен сени кыстай албайм. Чарчап кеттим. Кош бол, сени эссиз сүйгөн армандуу Арген: “2005-жыл.19-июнь”, – деп окуп бүттү. Насият муңканып көз жашын улам аарчып отурду. Касиет андан бетер ыйлап жатат, Кайдулат менен Арсен үнсүз көз жашын аарчыды.
– Каралдым ай, аман жүрүп каалаган кызын алса болбойт беле? – деди Насият үшкүрүнө.
– Ошону айтсаң, гүлгүнүндө күбүлдү да садагаң, тиги дүйнөсүн берсин эми, – Касиет аны коштоду.
– Айтканда айтпаганда ажалдан улук эчтеке жок экен го, болбосо көрөрүмдү көрүп, ичээримди ичтим эле. Мени неге албайт, – деп Кайдулат үнүн каргылданта күрсүнүп алды.
– Кетем деп жаткан, ошол күнү кайдан көчөгө чыга калды билбейм, мен жок элем, – деди Арсен, ал Россияга алып кеткени үчүн өзүн күнөөлөп жүргөн.
– А дейбиз, бу дейбиз кудаанын колундабыз байбиче, арга жогунан отурабыз го, болбосо экөөбүз Аргенден жан аямак белек? – Кайдулат дагы оор үшкүрдү, андан кийин эч кимиси үндөбөй калышты. Көптөн кийин гана Насият:
– Ата-энеси бар бекен? – деди.
– Ооба, бар экен, жакшы адамдар го, – деди Арсен шыпылдай.
– Жаш болсо…
– Жаш болсо унутат, эми эле баарын эчтеке болбогондой унутат, балам болсо кара жерди жазданып жатып калбадыбы?
– Болду, көп эле бышактай бербей, мына бул каттагыны уктуңбу?
– Эмнени?
– Арсенге чык деген Аргендин сөзүн.
– Ооба-ооба.
– Ошону ойлон, – Кайдулат Арсенге карады, – Сен кандай ойлодуң?
– Билбейм…
– Баланын сөзүн калтырбай кыркын өткөргөндөн кийин ошону ишке ашыралы, жок дегенде кызга сөйкө салып коелу.
– Ата, боло береби, кечээ эле бир тууганым өлсө мен…
– Азыр сөйкө салып коебуз, окуусун бүткөндө киргизебиз.
– Ошондой кылса болот, кыз эмне дээр экен?
– Ата, ал мени Арген деп калды, мени өлдүм деп алдайсыңбы деп жатат, эч нерсе дей албай калдым, ал эгиз экенибизди айтпаптыр да.
– Алда бечара ай, – Касиет шыпшына калды, – Кулагы узундардан угат да акыры, ошондо түшүнөт, башкысы кызды сактап кал балам.
– Ооба, мен эмне дей алам апа, унчуга албай катты да бере албай койдум, апасына айттым ачыгын, ал үмүтүн жандырбай ачык айтсаң болмок дейт, бирок оозум барбады.
– Туура кыласың уулум, акырындык менен билет, ошондо өзү чечет, – деди Кайдулат, ошол бойдон унчукпай калышты, Арсен аны сүйүп калды, күнү-түнү ойлогону Нуржамал: “Биз бирге төрөлгөнбүз, жаныбыз дагы бирге эле, эми анын сүйгөн кызын сүйгөнүм туурабы же туура эмеспи, ал тийбеди бекен, же…”, – деп ойлонуп да жиберди…
Нуржамал кадимкисиндей болуп калды, шыпылдап үй ичине каралашып, өзүнө карап турат, анын окууга бараарын сүйлөшкөнгө Сагынбек бир күнү Бурул экөө отурганда айтты эле ал болбой койду. Бир күнү Нуржамал мектепке барып күбөлүгүн алмак болуп директорго кирди, ал бир жумадан кийин кел деп жөнөттү. Ал мектептен келе жатканда үйүнө жакындаганда Арсен алдынан чыкты:
– Арген, кандайсың? – деп күлүп учурашты Нуржамал.
– Жакшы, кайда бардың?
– Мектепке, сенин айтканың боюнча, – Күлүмсүрөй карады.
– Эмне де-диң? – Арсен ага таңгала карап туруп калды.
– Күбөлүктү алам, окууга барам деп айттым, дал сен үйрөткөндөй.
– Мен эмне дедим эле?
– Арген, бат эле унутуп калдыңбы? – Нуржамал таарына тултуңдай кетти.
– Ийи болуптур эми, эмне деди? – Арсен түшүнбөсө дагы күлүп койду.
– Ошол, күбөлүктү алсаң, үйгө алып кетем, апамдын аппак жоолугун салынып сулуу келин болосуң дебедиң беле, мына ак жоолук салынганга даярмын.
– Аа-а, ошондой, ошондой сулуу кыз, мен эсимден чыгарып жиберген экенмин, – деди Арсен калп күлүп.
– Чын эле унутуп калдың беле?
– Жо-ок жок…
– Арген, сен мени алдап койсоң керек ээ? – Кабак чытый карады, анын ушул турушу дал апасы конфет бербей койгондо таарынган жаш баладай эле, Арсен ага ичи элжирей карады.
– Мен сени алдабайм алтышка, алдайын деген оюм болсо кара башымды жейин, – деди эле Нуржамал анын оозун баса калды:
– Антпе Арген, ансыз дагы сени жоготуп алдымбы деп мүрзөгө түнөгөнмүн, чоочун бирөөнүн көрүстөнүн кучактаганмын, кереги жок жаман сөздүн, – Нуржамалдын көздөрүнө жаш толо ага жалжылдай карады, – Мейли мени таштап кет, башка кызды сүй, бирок сен өлбө! – деп Арсендин көкүрөгүнө башын коюп солуктап жатты.
– Нуру, кой ыйлаба, ал деген жөн эле сөз да, мен жөн эле айта койдум, – деген Арсен кызды кучактай албай колун алып бара жатып тартып алды, – Сен эмне дедиң, мүрзөгө түнөдүм дейсиңби? – Карысынан ала өзүнөн алып көздөрүнө тигилди, кыздын көзүнөн мончок жаш төгүлө башын ийкеди:
– Мен өзүмдү-өзүм өлтүрмөк болгонмун, ачыгын айтсам топуракты кучактап жатканымды билем, анан өзүмдү жоготуп коюпмун.
– Жинди десе, сен мени оңой эле өлүп калды деп ойлодуңбу, сени кантип таштамак элем? – Кайра бооруна кысты: “Байкуш кыз, бир боорумду ушунчалык сүйгөн экен да, неге өлүп калдың түгөйүм, мына бул кыз менин сен эмес экенимди билсе эмне болоор экен, канчага чейин калп айтам”, – деп зээни кейип турду.
– Нуру, үйдөгүлөр же бирөөлөр көрсө уят, эми үйгө кир ээ?
– Сен кетесиңби?
– Ооба, мен барайын.
– Арген.
– Оов.
– Сен үйлөнөлү дей берчү элең го?
– Ык, – Ооба-ооба, бир аз иштер бүтсүн, ошондон кийин сөйкө салдырам.
– Чын элеби? – Нуржамалдын көздөрү жайнай түштү.
– Ооба, жакында менин бир тууганым өлгөн…
– Ким деген?
– Арсен.
– Эмне?! – Кыздын көздөрү чоочугандай бакырая карады.
– Ооба Нуру, мен сага айткан эмесмин, биз эгиз болобуз, агам өлдү…
– Ошондойбу, сенин агаң беле? – Нуржамал артын көздөй бир кадам жылды.
Уландысы бар…