Коштошо албайм  3 болум 

https://kyrgyzcha.site/?p=67901&preview=true Кызыктуу окуялар.

Коштошо албайм

 

3 болум

– Рахмат.

– Эмне үчүн?

– Жеткирип койгонуңузга, – деп Бурул он чакта үй ары жактан эле токтоду, – Мен келип калдым.

– Бат эле жетип калдыңызбы?

– Узак деп ойлодуңуз беле?

– Сиз менен дүйнө кыдырганга даяр элем.

– Эркектер бир көргөн аялдарга ушундай мамиле кыласыздарбы?

– Жо-ок жок, мен сизди гана айтып жатам, – Күлгөн болду, – Башкача ойлобоңуз.

– Жарайт жакшы барыңыз, – деп Бурул ага карабай басып кетти, Сагынбек аны бир аз карап туруп артына кайрылды: “Мага ылайыктуу аял экен, балдары болсо эмне экен, чоңоюп өз-өзүнчө кетет, макул болсо баш кошуп алсам болот”, – деп ойлонуп Айнурга сүйлөшмөк болду. Бурул жатып алып: “Эмне экен, отуз алтыга эми чыктым, жашымда эле эрден калмак белем, агам деле айтпады беле, балдар деп жүрө бербей күйөөгө чыгып ал деп, кыздар күйөөгө тийип, балдар үйлөнүп кетсе жалгыз калам”, – деп ойлонуп жатып уктап кетти. Эртеси адаттагысындай эле кайрадан базарга жөнөдү. Нуржамал менен Гүлжамал сабакка кетип Жумабек менен Кумарбеги өзү менен болот, түштө ошол жерден тамактанып алып алар дагы окууга кетишет. Күндө ушул көрүнүш, түш ооп калган, анын маңдайына келип Сагынбек салам айтып калды.

– Саламатсызбы Бурул айым?

– Саламатчылык, жөн эле Бурулмун.

– Мага ошентип айткан жагып турат.

– Өзүңүзгө жакканын иштеңиз.

– Бир аз сүйлөшсөк болобу?

– Сүйлөшүп турабыз го.

– Элден алыс, далдоодо дегендей.

– Андай жер жок бул жерде, – Бурул эки жагындагыларды карап кысынып турганын билдиргендей болду.

– Айнурдукуна отуруп сүйлөшсөк кантет?

– Соодамды таштап кете албайм.

– Бир күнкү соодаңыз канча болот, мен бүт сатып алайын, – Сагынбек жакын келип кулагына шыбырады, – Сиз үчүн баарына даярмын.

– Бара албайм.

– Суранамын, – Экөө тартышып турганда Айнура келип калды, Бурул курбусун көрүп жаркылдай карады:

– Кел-кел Айнура, деги келет экенсиң да ээ?

– Сен үчүн келбегендечи, – Экөө өбүшө учурашты, Сагынбек ары басып кетти, – Товарыңды жый, үйгө конок болосуң, соодадан калам дебе, спонсор табабыз.

– Койчу ай, – Бурул каткыра күлүп товарын жыйып кирди, товары анчалык эле көп эмес эле, семичке менен курут, чылым, ошондон түшкөнүн ичип жеп балдарынын мектебине төлөп көбөйтө албай келет, күндө товар алган акчасы калып калганы кетет.

– Бол эрте, жаңы келген келин аркы беркини билбейт да, бирөөлөр келип калбасын, – деп шаштырып алып жөнөдү, Сагынбек алардан мурун келип калыптыр.

– Оо келдиңерби? – Ал тозо чыкты.

– Келдик, мен барам десе озунуп кетипсиң да, бу чоң кызды чоочутуп.

– Шашып кеттим, көрбөй каламбы дебедимби, – Каткырып күлдү.

– Ушунчалык сүйүүгө кабылган экенсиң, – Айнура күлүп Бурулду карады.

– Койсоңчу, эми кайдагы сүйүү, – деп Бурул курбусун суз карады эле ал көзүн кысып күлүп койду, – Сагынбек сени сүйүп калыптыр.

– Айнур, тамашаңды кой, мен андайды жактырбасымды билесиң.

– Койдум-койдум, жүр эми үйгө, Жусуп дагы келип калат, – Айнура шакылдай дасторкон жайып жатты, – Жаш келинди үстүбүзгө киргизбей эле коелу ээ?

– Ооба, өзүбүзчө болгонубуз жакшы.

– Мен тамакты даярдап бер деп коеюн, – Айнура чыгып кетти.

– Бурул, капа болбодуңбу? – деди Сагынбек.

– Эмнеге капа болом?

– Алдыңа барып осол кылдым окшойт.

– Биринчи жолу эчтеке эмес.

– Такыр эркектер менен мамиле кылган эмессиңби?

– Актанайынбы же калп дейинби?

– Каалагандай жооп бер, бирок милдеттүү эмессиң.

– Жарайт, эркек аттууну жек көрөм.

– Кызык, күйөөң бир эркек болсо, башкалардын айбы кайсы?

– Баары бирдей..

– Мейли Бурул, көңүл калуу жаман нерсе дечи, – Айнура кирди эле Сагынбек ага кайрылды, – Мен аял издетип жатканда мындай курбуңду неге айтпадың Айнур?

– Курбума айтуу кыйын, бет маңдайлашып өзүңөр сүйлөшкөнүңөр жакшы эмеспи.

– Айнур, биз эмнени сүйлөшмөк элек? – Бурул ыңгайсыздана карады.

– Эми-и адамча сүйлөшсөк болоор, – деди Сагынбек.

– Болот дечи, – Кымырыла отуруп калды, анын эси дарты кечки балдарынын тамагы эле.

– Келгиле эми чайдан алып тургула, тамак бышканча, – деп Айнура чай сунду аларга, анан тамак менен шишеси кошо келди, аздан алып отуруп кеч болуп калганда Бурул шашылып калды.

– Айнур, мен кетпесем болбойт, балдарым таппай убара болушту го?

– Бир аз отур эми.

– Жо-ок кетишим керек, менин шартымды билесиң да.

– Макул анда, мындан ары мен чакырганда келбей койбо, – Айнур шаңкылдай күлүп аны узатып чыгып, – көптөн бери эле сенин товарыңа акча берейин деп бере албай жүрөм, бул үч миң сомду алып көбөйтүп ал, – деди, ал акчаны Сагынбек берген эле.

– Койчу Айнур, сен жаңы эле келин алдың, өзүңө керек болот.

– Ала берчи эми, бүгүн соода кыла албай калдың, – деп болбой сумкасына салып койду, коштошуп үйүнө кирээри менен Сагынбек пайда болду:

– Бирге басалы чоң кыз.

– Тамашаңызга баракелде, чоң кызды таапсыз.

– Аялдан ыйык, улук нерсе жок болсо керек.

– Алладан улук дегенге болбойт.

– Туура-туура, – Сагынбек карсылдай күлүп калды.

– Мүмкүн болсо өзүм кетүүгө уруксаат берерсиз, мен айыл элинин ушагына илингим келбейт, – деди Бурул токтой калып, – Кыздарым жигит жандаар кезде өзүм түндөп эркек менен көчөдө басканым өөн учурайт.

– Ма-акул Бурул, бул сөзүңө кошулам, бир гана суроом бар.

– Айтыңыз, угуп көрөйүн.

– Мүмкүн болсо үйлөнүп алсак кандай болот?

– Мен турмушка чыгуудан калдым го.

– Андай дебе Бурул, менин көзүмө кыз көрүнүп турасың, – Сагынбек тамашалай күлдү.

– Өтө эле тамашакөй экенсиз.

– Ырас айтам.

– Макул эми, ойлонуп көрөйүн.

– Кандай кылып жолугабыз?

– Сиз айтыңыз, – деди Бурул муюгандай.

– Эртең кечке маал Айнурдукунан күтөйүн.

– Келин балдары эмне дейт, Жусуп…

– Алар мендик.

– Кел дегенде келе коер жаш курагымдан өтүп калдым эле, – Бурул дагы шыңк эте күлүп калды, негедир ага Сагынбек жагып турган эле.

– Болуптур анда, кечке маал өзүм барам.

– Жакшы калыңыз, – Бурул басып жөнөдү, ал ушул учурда жүрөгү лакылдап, ылдамдай баскан сайын жүрөгү түрсүлдөп чыкты: “Эмне болуп жатам, менин бул жүрүшүм кыздарыма жагабы, балдарым жаш, аларды ойлобой күйөөгө тийип алсам эл эмне дейт, Гүлжамалым бойго жетип турат, анын артынан Нуржамал, анан Жумабегим менен Кумарбегим удаа өсүп келе жатса өгөй атага көз каранды кыламбы”, – деп ойлонуп үйгө кирсе Гүлжамал эле сабак окуп отуруптур:

– Нуржамал уктап жатабы? – деди анан.

– Мм, – Гүлжамал көздөрүн ала кача мукактана түштү, – Жатты окшойт.

– Мейли, – деп коюп өзү балдары жаткан бөлмөгө кирди, алар эч нерседен капарсыз уктап жатыптыр, – Садагаларым десе, силерди кантип бирөөгө көз каранды кылам? – деп күңгүрөнө ордуна жатып калды, бул кезде Нуржамал Арген менен сүйлөшүп үйдүн артындагы алма түбүндө отурган болчу.

– Нуржамал, кандай чечтиң?

– Сен айткандай болсун.

– Алтыным, көзүмдүн кареги, – Арген кызды бооруна кысты, экөө бири-биринин жүрөк кагышын тыңшап турушту, – Нуржамал.

– Угуп жатам.

– Сен мени сүйөсүңбү?

– Ооба, сен деп гана жашагым келет.

– Ардагым менин, сени эртерээк эле кучагыма алсам болот эле.

– Ансыз деле кучагыңдамын, – Нуржамал эркелей карады.

– Жинди десе, – Арген аны бекем кысты, – Эч кимден жашырынбай ар дайым бирге болсок дейм, – Аста чачынан сылады, – Ошол күндөр тез эле келсе гана.

– Арген, бүгүн уктап турсак эле экөөбүз картайып калсакчы?

– Андай болбойт, – Арген кызды сүйөй экөө жерден көтөрүлдү – Бирок өмүр кыска алтыным, бат эле ушул бактылуу күндөрүңдүн кантип өткөнүн сезбей каласың, ошол үчүн аманат дүйнө деп коюшат да тентегим.

– Жо-ок, биз өкүнбөстөй жашайбыз ээ?

– Албетте, биз өкүнбөстөй жашоого далбастайбыз, бирок тагдыр жолу бизге кандай сюрприздери бар экенин билбейбиз жаркыным, баса мен Россияга кетип жатам, сен тогузду бүтөөрдө келип калам жарайбы?

– Ошончо алыс кетесиңби?

– Ооба, иштеп келем, агам чакырып жатат, эгерде үйлөнүп калсак экөөбүз тең кетебиз макулбу?

– Мен сени сагынам да.

– Мен дагы, сенсиз абдан зеригем, сенин жытыңдан толтура ала кетейин, – Күлө кыздын чачтарынан сылап жыттап алды.

– А мен сени сагынсам кантем?

– Таң эрте турганда мени эсиңе сал, мени менен сүйлөш, ошондо зерикпейсиң, учкан куштай сызып өткөн убакыт бизге дагы жетет, анан экөөбүз баш кошуп алабыз.

– Чынбы? – Нуржамал Аргендин жүзүнө тигиле карады, негедир анын жүрөгү бир нерсени сезгендей дүк-дүк этип жаагынан сылады, – Сен келгенче сагынбас болуп дидаарыңды көзүмө сиңирип алайынчы Арген.

– Мен келем булбулдар менен жазда.

Даракка конуп сайрап бутак, шакта.

Гүл көтөрүп куттуктайм экзамениң.

Күт жаным мен келем эрте жазда…

– Сен жазгансыңбы? – деди Нуржамал.

– Бул ырды жалгыз сен үчүн жаздым, сен менин бактымсың, эми кош жаным, мен үйгө барып даярданып эрте чыгам, – деди кыздын көкүлүнөн кумардуу искеп алып.

– Кетесиңби? – Кыздын көздөрүнө мончок жаштар толду.

– Ооба, сени дагы издеп калышпасын, мен үчүн сенин тил угушуңду каалабайм.

– Жакшы бар, мен сени күтөм.

– Келем жазда, булбулча сайрап мукам.

Келээр менен сени көздөй желдей сызам.

Мына бу көздөрүңдөн моокум кана.

Өпкүлөп кучагыма кысам, кысам! – деп кучактап саамга бөлүнгүсү келбей туруп анан шарт жөнөдү, – Кош алтыным, мени күт.

– Күтөм, кечикпей кел Арген! – Алар коштошушту, бирок алар келээрки жылы көрүшпөй калаарын сезишпеди, бири-биринен бөлүнө албай жатып араң бөлүндү, аттиң арзуунун касиетин кара, булар ошентип коштошушту…

Бул бир миң тогуз жүз токсон төртүнчү жылдын апрель айы болчу, Нуржамал ошондон кийин көп сүйлөбөй суз болуп кетти, сабакка дагы анчалык көңүлү чаппайт, Бурул аны каникулда өз ордуна коюп Сагынбек менен жолугушуп жүрдү, ал үйлөнөлү дегенге макул болбой жүрүп боюна болуп калды, анын билгенде аргасы кетип Сагынбекке айтаар айтпасын билбей санаага батып районго жөнөдү. Эптеп алдырып коймок болгон эле, ал аялдар дарыгерине кирип сүйлөшүп чыкты, абортко акчаны көп сурады, андай акчасы жок эле, жалдыраса да болбоду, кандай кылаарын билбей үйүнө кайтты. Нуржамал соода кылып жаткан жанына келип:

– Канча акча бар? – деди.

– Эки миң сом бар, товарыңыз аз да.

– Мейли, – деп отуруп калды, ошол күнү ал Сагынбекке жолукканга барбады, ал аны күтүп-күтүп анан Айнурга барды.

– Кел, кандай акыбал? – деди Айнура жаркылдай.

– Келдим, Айнура мен сени менен кеңешейин деп келдим.

– Жайчылык элеби?

– Ооба, мен Бурулду алып кетсем кантет?

– Болобу анан?

– Болот, эртең мен үйдү даярдап туугандардын баарын чакырайын дагы Жусупка машинаны айдатып алып кетейин, сен дагы кошо болосуң, тоого чыгып келебиз деп үйгө алып кетем, – деди Сагынбек, – Антпесе жүрө берет, өзү макул болоор күнү жок.

– Өзүң бил, – Айнура ойлонуп калды. Ошентип алар аны ала качмак болгондо Айнур, – Сагынбек, агасына барып эле колун сурабайсыңбы, – деди.

– Агасы ким?

– Өмүрбек акечи?

– Оо-ой атаңдын гөрү-ү, чын эле ошого барышым керек экен анда, – деп Сагынбек кубана ордунан турду, айткандай эле эртеси беш-алты киши болуп Өмүрбектин үйүнө барышты, алардын сөзүн угуп ал Бурулду чакыртты, Бурулдун балдары жаштыгынан эч сөз айта алган жок, эки кызы кыйын болду.

– Эмнеге күйөөгө тийет экен, биз чоңоюп деги калдык, кыйналыштан чыгабыз го? – деди Гүлжамал ыйламсырай.

– Анда бизди биротоло кыйып кете берсин, атам деле жашап жатпайбы бизсиз эле, – деп тыбыраңдады Нуржамал.

– Болду, – деди Өмүрбек, силер дагы бой жеттиңер, качанкыга куурап базарда жүрөт, унчукпай оокатыңарды кылгыла, эгерде Бурул күйөөгө тийсе чогуу кетесиңер, ошондой сүйлөштүк.

– Эмнеге, биз аякка барбайбыз, – деди Нуржамал.

– Үйдө эле калабыз, – Гүлжамал дагы ага кошулду, аларды Өмүрбек басты, акыры Бурулду Сагынбек алып кетти, кыздарын бир жумадан кийин көчүрүп алды, ошентип алар бардар үй-бүлөөгө барышты, ошол жылы Гүлжамал мектепти бүтөөрү менен Айдар ала качып алды, ага калыңды жакшы беришти, себин ойдогудай берип Бурулдун көөнү тынып калды, өзү дагы уул төрөп алды. Нуржамал күн санап Аргендин келишин күтүп экзаменге эки-үч күн калганда кайра-кайра бир түштү көрө берди, ал түшү көргөн сайын жүрөгүнүн үшүн алчу болду: “Аргенди күтүп кооз бакта жүрөт, Келемин булбулдай эрте жазда”, – деген үнү жаңырып Нуржамал жүгүрүп бара жатса алдынан Арген чыгат, бүт денеси кан, жетип-жетпей колун сунуп жыгылаарда кармайын десе эле капкара булутка окшогон куюн Аргенди учуруп кетип өзү какыраган ээн талаада калып калганда ойгонуп кетет: “Эмнеге мындай түш кирет, деги келеби Арген, мына эртең акыркы коңгуроо”, – деп ойлонуп отурганда Бурул кирди:

– Апа, бир түш айтайынбы?

– Эмне түш экен кызым.

– Мен бир түштү үч-төрт күндөн бери эле көрүп жатам.

– Кана айтып көрчү.

– Корком, – Нуржамал көргөн түшүн айтып берди, – Эмне болот апа?

– Ал баланы тааныйсыңбы? – деди Бурул кызын сынай карап.

– Тааныйм, Кайдулаттын баласы…

– Бечара… – деп койду Бурул.

– Айтчы апа, ал эмне болот? – Нуржамал тынчы кете сурады.

– Билбейм кызым, жакшы эмес го, – деп Бурул өз ишине киришти, Нуржамал ыйлап алды: “Арген, сен мага келем дегенсиң, сөзсүз келишиң керек, мен сенин апаң салган апакай жоолукту салынып колуктуң болгум келет, мен сени абдан сагындым”, – деп үстөлдө отуруп уктап калды. Ошол учурда түшүнө Арген кирди, ал бир аппак кийинип алып алыстан гана карап турат, Нуржамал ага бармак болуп жүгүрдү эле ортосу жакын эле туруп жете албай күйүгүп бара жатып ойгонуп кетти. Кадимки жүгүргөндөй өпкөсү кургап жүрөгү лакылдап калыптыр. Туруп сыртка чыкмак болгондо Бурул аны чакырды, алар кечки тамагын ичип жатышкан. Суу ичип, бетин жууп кайра келди:

– Кызым окуу кандай? – деди Сагынбек аны карай.

– Жакшы, – деди суз.

– Экзаменге даярдык кандай кызым?

– Жакшы эле.

– Дурус экен, – деди Сагынбек.

– Апа, мен быйыл тогузду бүтүп окууга тапшырсам болобу?

– Кой, кайсы окууга бармак элең, ал үчүн көп акча керек кызым, – Бурул Нуржамалды кетиргиси келбегендей карады.

– Кайсы окууга баргың келет? – Сагынбек кызыга карады.

– Жибересизби? – Нуржамал кубанып кетти.

– Сен тандаган кесип мага жакса, – деп Сагынбек Бурулга карап күлүп койду.

– Күбөлүк менен кайсыга кабыл алат?

– Өзүң танда.

– Анда мен актриса болгум келет.

– Эмне? – Бурул көздөрүн алайта карап калды.

– Жарайт, сен актриса болууга жарайсың, – деп жылмайды Сагынбек, – Эмесе маселе чечилди.

– Койсоңчу Сагынбек, азыр жаш эмеспи, эмитен шаарга жибере албайм.

– Апа, мен тогузду эле бүтүп баргым келет, – деп Нуржамал туруп кетти, анын жүрөгү алып учуп эртеңки Арген менен жолугушчу кезди ойлонуп эрте эле таңдын атышын күтүп жаткысы келбей китептерин карганы менен башына эчтеке кирбеди. Аргендин үйүнө барып аппак жоолук салынып келгендерге жүгүнүп жатканы көз алдына келди, бирок ошол эле учурда жүрөгү шуу этип бир коркунуч менен жаман кабардын белгисин бергендей болду. “Эмне болуп жатам, балким бир жылдан бери көрбөгөнгө катуу кубангандыкы го”, – деп ойлоп суу ичип келип анан төшөгүнө жатып алып да уйкусу келбей көптө барып уктап кетти. Эртеси кайра эрте турду, кийимдерин үтүктөп чачтарын артына түйүп жасана саат сегизде үйдөн чыкты: “Кечээ келген чыгаар, бүгүн эрте келет, кандай болуп калды экен, мени сагынгандыр”, – деп жүзү албыра кетип жатты, ал бир аздан кийин эле ботодой боздоп мектептен кандай кеткенин билбей калаарын ойлогон жок. Окуучулардын баары гүлдөй жасанып кийимдин жакшысын кийип жүздөрү жарык, Нуржамал дагы алардын арасында, көздөрү алаңдай Арген көрүнө калабы деген үмүттө туш тарапты элеңдей карап турганда курбусу Акылай анын жанына келип туруп калды, ал экөөнүн мамилесин билчү, бирок үйлөнөбүз деп жүргөнүн айткан эмес.

– Нуржамал, жүрсөң биякка, – деди ал.

– Эмне болду?

– Бас, азыр айтам, – Акылай колдон алып ээн жерге барды.

– Эмне болду, эмнеге бул жерге алып келдиң?

– Нуржамал, Арген…

– Арген келдиби, чакырып кел дедиби ээ? – Нуржамалдын жүзү албыра көздөрү жайнап кетти, – Кана, өзү кайда жүрөт? – Акылай аны томсоро эки карысынан алып силкип жиберди:

– Кайдан, ал өлүптүр!

– Эмне, эмнеге өлөт, кантип өлөт, мени ошентип тамашалагысы келдиби, алдап мени сынаганы го ээ, Акылай айтчы ал өзү кана? – Нуржамал эки жакты карай берди.

– Нуржамал! – Акылай аны кучактап ыйлап ийди, – Ошондой болсо кана курбум, ал өлүптүр, эки-үч күн мурун агасы телеграмма бериптир, бүгүн сөөгүн алып келишет экен.

– Ка-алп! – Нуржамал Акылайды түртүп жиберип чымын куюн боло жүгүрүп кетип жатты, дүпүйгөн айылдын чок ортосундагы заңгырата салынган кирпич үйгө жетти, көздөрүнүн жашы талаа, үйгө жакындаганда эле заңкайта тигилген боз үйдү көрүп муундары калтырап туруп калды, бир кезде ары карай кетип жаткан келинди көрүп жетип барды, – Эже, эжекебай ушул чынбы, чынбы айтыңызчы! – Тигил келин аны таңгала карап туруп эмнени айтып жатканын түшүндүбү көздөрүндөгү жашты, кыздын азыркы абалын көрүп боору ооруй:

– Ооба, чын сиңдим, ал кимиң эле? – деди.

– Арген, Арген өлдүбү? – Нуржамал ал келинди жулкулдатып жатканын сезген жок, – Ошол чынбы эжеке?

– Ооба, бүгүн алып келет.

– Арге-ен! – деп барып жыгылып калаарда кармап калды, анын артынан күйүгө жетип келген Акылай коркуп кетип бир жагынан жөлөп:

– Эжеке, суу бериңизчи, – деди эле ал шашыла үйгө кире калып идишке суу алып чыгып бетине чачканда көзүн ачты, – Нуржамал, эл көрсө уят, жүрү кетели, эч ким көрө электе, – деди да таңгалып турган келинди карап, – Рахмат эже, кечирип коюңуз, сиз бара бериңиз деди да Нуржамалды колтуктап артын көздөй жөнөштү, Нуржамал нес болгондой келе берди, ал түшүн эстеди, көзүнүн жашы көл болуп акыл эсин жыя албай жатты. Мектепке жакындаганда:

– Акылай, сен бара бер, мен үйгө кетем, – деди Нуржамал.

– Мен жеткирип келейин, – Акылай ашыкча эчтеке дей албады, ал өзүнчө ага айтканына өкүнүп турду.

– Жок, өзүм кетем.

– Өзүңдү карма, бир жерге жыгылып калба.

– Жыгылбайм, – Нуржамал мелтирей карады, – Акылай, ал бүгүн мени куттуктамак да, Москвадан бир күн мурун келем деген…

– Айла жок.

– Эмнеге, эмнеге ал өлүп калат, эмне болуптур?

– Бирөөлөр өлтүрүп кетиптир.

– Ким? Эмнеге өлтүрөт, мен кантем? – Нуржамал буркурап жатты, – Ал мени таштабайм деген да, – Эзилип ыйлап жатты, Акылай эмне кылаарын билбей кошо ыйлап Нуржамалды кучактап турду, – Эмнеге, эмнеге өлдү-ү?

– Болду эми, эл көрсө эмне дейт? – Акылай аны тынчтандыра албай көпкө убараланды, анан Нуржамал жүзүн аарчып ага карады.

– Эми сен бара бер, мен үйгө барам, бул бойдон бара албайм.

– Апаңа эмне дейсиң?

– Көрүнбөй жатып алам.

– Өзүңө келип калдыңбы?

– Ооба, ишене бер Акылай, сага рахмат, мен бир аз жалгыз болуп өзүмдү ирээтке келтирип алып анан үйгө барам, – деди да Акылай жолго түшүп айылдын четин көздөй жөнөдү, Акылай аны бир топко карап туруп анан: “Өзүнүн үйүнө кетти окшойт, мейли жалгыздап өзүнө келип алсын”, – деп ойлонуп мектепти көздөй басты. Нуржамал мелтейип эч ким менен иши жок, бул ааламда жалгыз ээн-талаа эрме чөлдө калгандай көргөн түштөрүн улам бирин көз алдына келтирип кете берди: “Неге мени таштап кеттиң, ушул бүгүн мени кубантып жанымда болом дебедиң беле минтип көз жашымды төгөм деп ойлодум беле мен, бактылуу гана кучагыңда турбайт белем Арген, сенсиз кантип басып жүрөм, сен менсиз караңгы жерде кантесиң, ооба мен сенин жаныңда болушум керек, шашпа мен барам сага, мени күтүп ал Арген”, – деп жол бою ыйлап кете берди. Өздөрү чоңоюп, ата-энеси менен бактылуу күндөрдү өткөргөн үйгө барды ал, үй ээнсиреп калыптыр, керешкени ачып кирди, жымжырт болуп эшигинин алдына чөптөр өсүп калыптыр. Нуржамал үйдүн бек экенин көрүп ары эч кимге көрүнбөй турган жагына өтүп жерге шалак эте отурду да бетин басып ыйлай берди, үнүнүн бардыгынча бакырып жатты, бугу чыгаар эмес, анан саал өзүн токтото эки жагын карап алды да:

– Арген, Арген сен мени эмнеге таштап кеттиң, мен сени күтүп жатпадым беле? – деп солкулдап башын чалкалата асманга карады, ойкуп-кайкыган чабалекейлер чымын куюн учуп жүрүшөт, ошол канаттууларды көрүп эң бактылуу деп сезди, – Адам ушунчалык бактысыз болобу, биз дагы жаңыдан канат күүлөп турмуш жолуна аттаналы дебедик беле, канатын болсо акыркы ирээт кушка айланып барып аргенимди көрүп анан өзүмдү дагы өлтүрөөр элем, кантип көрөм, кантип барам?! – деп көздөрүн жумган бойдон солкулдап жатканда Акылай Аселди ээрчитип келип калды:

– Нуржамал турчу өйдө, өзүңдү кармачы, мынчалык кыйналбачы, – Кучактап алып ыйлап Асел экөө эки жагынан жөлөп өйдө тургузуп кийимдерин кагып тазалады, алар курбусунун көзүнө карай албай турду, түрүнөн чоочуп кетти:

– Акылай, ушул түрү менен кантип үйүнө алып барабыз? – деди Асел.

– Анан эмне кылабыз? – Эки кыз бири-бирин карап калды.

– Менин үйүмдө эжем анан иним эле бар, бүгүнчө меникинде болсун, эртеңге чейин өзүнө келип калат.

– Ата-энесине эмне деп айтабыз?

– Мен барып сурап келем, бүгүн биздикинде болот деп айтам.

– Давай ошентели, – деп Акылай Нуржамалды карады, ал нес болуп калган, эч ким менен дагы иши жок, эмне деп жатканы анын кулагына угулбады көзүн ачкан бойдон жата берди.

– Андан көрө докторго алып барбайлыбы? – деди Акылай.

– Макул анда, жүрү убакытты өткөрбөйлү.

Уландысы бар…

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️