2 болум
– Ата, – деди Мээрим жанына келип отуруп.
– Айта гой кызым.
– Ата, мен Алишерге баргым келбейт.
– Эмне? – Баатырбек ормое башын көтөрдү.
– Мени жөн эле кыстап жатасыз ата, эртеңки келечегимди ойлосоңуз боло?
– Сени эч ким кыстабайт кызым, болгону мен сени бактылуу болсун деп жатпайынбы, – Баатырбек онтоп алды, – Сенин бактыңды ойлойм кызым.
– Папа, мени түшүнсөңүз.
– Жок, адегенде мени ук, – Баатырбек башын өйдө көтөрдү, – Апаң экөөбүз деле бактылуу жашадык, мына биз сүйлөшпөй этпей эле ата-энебиздин айтканы менен баш кошконбуз, инилериң жаш, абалым оор кызым, кандай күн болуп кетээрин ким билет, кокус көзүм жумулуп кетсе көөнүм тынч болсун.
– Пап, антпеңизчи, сакайып ке5тесиз папа, – Мээрим атасынын көкүрөгүнө башын коюп ыйлап ийди, – Көрөсүз го сиз аман-эсен сакайып кетесиз.
– Эркем десе, эгерде бул өмүрдөн өтсөм дагы жашоого нааразы эмесмин, жакшы жашадым, кыскасы бир гана өкүнүчүм кызымды берип бактылуу жүзүн көрсөм, келин алып балдарымдан көөнүм тынчыса болмок, – Оор дем алып үшкүрүп ийди, – Аттиң, өмүр дегенге адам тойбойт экенбиз да, сүйсүн деп бала берди, каалаганымдай кызматтын үзүрүн көрдүм, дагы кудайдан силердин үй-жайлуу болуп небере күтүшүңдү күтүп жатам, көр пендемин да-а…
– Ата, – деп жиберди Мээрим, – Сиз капаланбаңызчы, мен макулмун ата.
– Садагам десе, сен бактылуу болосуң кызым, Алишер жаман жигит эмес. Баатырбек кубана жүзү тамылжый жатып калды, анын оорусун врачтар айыкпайт дешкен эле, аны аялы менен балдарына айттырган эмес, ооруканадан чыкканда эс алып кайрадан дарылануусун улантат деп коюшкан, бирок Баатырбек баргысы келбегенин айтып үйдө жатып алды.
– Баатыр, көп сүйлөй бербей эс алсаңчы, кызың экөөң аябай сүйлөштүңөр, – деди Гүлнара кирип, – Тамак даяр болуп калды, алып келейинби?
– Ооба, азыраак эле алып кел.
– Макул, – деп Гүлнара ага муздатып алып келип, аркасына жаздык коюп жөлөп отургузуп алдына салфетка төшөп колуна карматты, – Ыңгайлуу болдубу?
– Болду, байбиче балдарыңды тойгуза бер.
– Алар эми чоңойбодубу, даяр немени өздөрү эле ичет.
– Мейли байбиче.
– Тойго камынып бүттүк, эки күндөн кийин Мээримди алып кетишет.
– Бактылуу болсун, бир неберемди көрсөм болот эле…
– Дөөрүбөчү Баатыр, бала болуп кетесиң да, – Гүлнара ичи тызылдап турса дагы көңүл улай сүйлөдү, – Буйруса көрөсүң, андан көрө врачтарды угуп дарылансаң болот эле, эми Мээримди узатып алсак жатып дарылан ээ?
– Макул байбиче.
– Сен бизге керексиң Баатыр, менде бир тууган, төркүн деген жок, уулдарың менен Мээримди өз-өзүнчө үй-жай күттүрүп койсок экөөбүз санаторияларга чогуу барып эс алалы, жамандыкты ойлой бербе, – деп эшикке чыгып кетти, ал сыртка чыгып ыйлап-ыйлап анан бети колун жууп кайра кирди, балдарына кейигенин көрсөткүсү келбеди. Баатырбек саналуу гана өмүрү калганын билгенден кийин өзүнө-өзү кайрат берип: “Тобо дейин, бул дүйнөдө мен киммин, дөө-шаалар өткөн дүнүйө эмеспи, ушунчалыгына шүгүр, уулду-кызды берди, баланын үнүн угуп жытын жыттап балдыр тилине кандым, кыял жоругуна тойбой искедим, жаман жүрбөдүм, сыйдын үстүндө болдум, кызматымдан пайдаланып бир ээр адамдарга кысым көрсөтүп жаман айткан болсом алла өзүң кечир, өзүңдүн колуңдагы алсыз кулуңмун, балдарым бактылуу болсо болду, өзүңө өзүмдү тапшырдым алла, бери каратсаң да алып кетем десең да ыраазымын”, – деп ойлонуп тамагын ичкенден кийин жатып уктап кетти. Түшүндө ата-энеси жанында отуруптур, өнтөлөп эле кадимки тирүүсүндөгүдөй аяктагы сүткө окшогон аппак нерсени оозуна кармап: “Мынчалык неге жүдөп кеткенсиң уулум, ушуну ичип алсаң өзүңдү жакшы сезип каласың, ичип ал ушуну, көптөн бери сага деп катып жүргөнбүз, жолуга албай жатпадыкпы, эми биздин дагы санаабыз тынч болот”, – дегенде: “Ата, силер дагы ичпейсиңерби”, – дейт Баатырбек: “Жо-ок балам, ал сенин ырыскың, биздин иче турганыбыз башка”, – деп эле көздөн кайым болушту. Ойгонуп кетсе бүткөн боюнан көл шал болуп тердеп калган экен: “Кудая тобо-о, кадимкисиндей эле жүрүшкөн экен, сакайып кетет окшойм, врачтар айыктыра албаган дартты түштөгү берген аян аркылуу сакайта алабы, ким билсин, кудайдан башка улук жок эмеспи”, – деп өйдө болмок болду эле бүт денеси жеңилдеп калыптыр. Акырын туруп эшикке чыкты да кранга бети-колун жууп жатканда Гүлнара көрүп:
– Баатыр, жыгылып кетпе, – деп жетип келди.
– Жыгылбайм байбиче, керемет түш көрдүм, Жамгырбекке Атайды жиберип бир эчки алдыр түлөө өткөрөлү, анан атамдарга куран окуталы, – деди.
– Ооба-ооба, түшүң туш келсин чалым, кудайым берет экен, – деп кубанган Гүлнара үйгө ээрчише кирди. Андан кийин Атайды айылга жөнөтпөй эле базардан бир кой бир козу алдырып түлөө өткөрүштү, андан бир күндөн кийин куран окутушту, эки-үч күндөн кийин Мээримди Алишер ала качып алды, жол жобосунун жасашты, бул учурда Баатырбек
үйгө өзү кирип чыгып калды, аны көргөн врач абдан таң калды, бирок ал эч нерсе дебеди. Гүлнара экөө отурганда:
– Керемет түш болду кемпир, кеседеги сүт экенин же кымыз экенин билбейм, канчалык жутсам дагы бөксөрбөдү, – деди мурутун сылай.
– Ырыскыңды бөксөртпөй берген экен, кудайдын өз эрки да чал, амандыгың биз үчүн олжо эмеспи, Мээримди болсо күйөөгө бердик, жакшы кишилерге келин болду, Алишер дагы жаман эмес.
– Атайды быйыл окууга жөнөтпөй калдык, буйруса эмдиги жылы киргизели ээ?
– Өзүң сакайып кетсең эле болду, балдарды аманчылык болсо окутабыз, – деп экөө кеңешип чай ичип отурушту. Ошондон кийин Баатырбек ооруканага дагы барбады, өзүнөн-өзү сакайып кетти, бул керемет көрүнүшкө өзү менен катышып жүрчү врач досу абдан таңгалып сурачу болду, бирок ал эчтеке айтпады. Бүгүн дагы келип аны менен аркы беркини сүйлөшүп отуруп:
– Баке, чынын айтсам такыр ишенгим келбей турат, борбордон берген врачтардын аныктамасы, биздин текшерүүнү бүт жокко чыгардың, мунун сыры эмнеде? – деди суроолуу тигилип, – Медицинанын алы жетпеген ооруну кандайча жеңдиң?
– Бир гана алланын колунда экенибизди унутпа досум, мени алланын өзү сактады, мен өзүмө-өзүм эмес кудайга ишендим, биротоло тапшырып салдым, ошентип билинбей сакайып бара жаттым.
– Эми бир текшерүүдөн өтүп көрбөйсүңбү.
– Эмнеге?
– Өпкөнүн кандай болуп калганын көрөлү.
– Жок, кереги жок, – деди Баатырбек, – Эмне болсо да көрдүм, үстүбүздө кудуреттүү кудай турат, кандай болоорун ошол гана билет.
– Туура дечи, бирок биз жетимиш жыл бою кудай жок деп жашап келбедик беле, партиянын милдетин өзүң дагы аткарып көрдүң, иши кылса изилдөө керек.
– Жок досум, башканы изилдегиле, мени тынч кой.
– Мейли досум, көңүлүңө алба, кызык окуя болду, отуз жылдык тажрыйбамда мындайды көргөн эмесмин, – деп көпкө отуруп анан кетти Кемел. Ал кеткенден кийин Баатырбек: “Кызык адамдарга деги эмне керек, ооруңдан сакайып кетсең дагы суроо салат, ооруп жатсаң андан бетер”, – деп өзүнчө ойлонуп калды. Мээрим Алишерге тийгени менен өзүн таптакыр ээн талаа эрме чөлдө калгандай эле бир бечара сезип жүрдү, Алишер анын көзүн карап эле турат, бирок ага мустайып бир жылмайбады.
– Мээрим, эмнеге көңүлүң ачылбайт? – деди бир күнү Алишер.
– Жакында сабак башталат, кетишим керек.
– Ойлонбой эле кой, экөөбүз тең бир жума калганда кетебиз.
– Жумушуңчу?
– Аяктан иш таап иштейм да.
– Мм, – деген Мээрим анын өзү менен кетишин каалабай турду.
– Мээрим, биз эми бир үй-бүлөөбүз, сен менин аялымсың, ички сырыңды катпай оюңдагыны мага айтсаң болот, – деди көптөн кийин Алишер.
– Эмнени айтам?
– Сенин мага көңүлүң жок билем, бирок өзгөрүү болуш керек да.
– Кандай өзгөрүү, мен сага айтканмын, музду кучактап жаткың келеби деп, кебиме кулак салбадың, өзүңө башка жар издешиң керек эле.
– Мен сени тандадым, жактырып калганым күнөөбү?
– Билбейм, бирок сен менин жашоомо бекер кирдиң.
– Эмнеге?
– Себеби, мен сени сүйбөйм.
– Сүйбөсөң сүйүп кетесиң.
– Болушу мүмкүн эмес.
– Неге андай дейсиң?
– Билип турам, менин жашоомдо башка бирөө бар…
– Жомогуңду кой Мээрим, – деп Алишер кызаңдай сыртка чыгып кетти: “Мени сен түшүнбөйсүң, ал мени күндүр-түндүр чакырып жатат, жардамым керекпи ага билбейм, ал баягы эле мен көрүп коштошкон бойдон, бирөөгө айтсам акылынан айныптыр дешээр, неге мындай экенин өзүм дагы билбейм”, – деп ойлонуп мелтиреп отура берди. Кечинде кызуу келди, өздөрүнүн бөлмөсүнө кирээрде апасы наалып калды.
– Ичип алыпсың да балам, жакында шаарга кетесиңер, көп ичпесеңчи.
– Апа, мен барбайм шаарга.
– Апей ботом, аялыңдын өзүн кетирип ийесиңби анан?
– Окуй берсин, мен ордумда эле иштей берем, – деп кирип кетти, Мээрим диванда ары карап уктап жаткан, төшөгү салынуу, аны көрүп: “Көңүлү жок немени эмнеге ала койдум, өздөрү караанымды көргөндө кашын серпип, көзүн сүзгөн кыздар жок эмес эле, эмнеге буга жалдырадым”, – деп анын карама каршысындагы креслого отуруп ойлонуп жатып уктап кетти. Мээрим анын келгенин байкаган жок, төшөгүн салып коюп анан күтүп отуруп уктап калган, бир кезде түш көрүп жатты, ал баягыдай эле чачына барпырата лента тагынган секелек экен, Токон экөө кол кармашып гүлдүү талаада кооз гүлдөрдү терип жашынмак ойноп жүрүп эле бир кезде бири-бирин таптай калат, жанынан чоочун жигит өтсө аны карабай кайра эле Токонду издеп убараланып жатканда Алишер пайда болуп: “Мен мындамын, сен мени тааныбай калдыңбы?”, дейт: “Жо-ок, сен башкасың, Токон эмессиң, ал эми эле ушул жерде болчу”, – деп өзүн караса эми элеги өрүлүп лента байланган чачы узун болуп артында жазылуу экен: “Мен качан чоңоюп кеттим, – десе Алишер ырсайып: “Сен менин аялымсың да”, дейт: “Жо-ок, мен сени тааныбайм, мен Токонду издеп жүрөм, ал эми эле ушул жакка жашынган”, – деп бет алдын көздөй жүгүрүп жөнөдү, кете берип бир кезде эле баягы гүлдөр саргайып кетип анын арасында бүрүшүп өзүнүн бала кездеги ата-энеси менен өзүн тарткан сүрөттү алып Токон отурат: “Жүрү кеттик, биерде эмнеге отурасың”, – деди эле ал: “Сен кимсиң. Мен бул сүрөттү тарткан кызды издеп жүрөм”, – дегенде Мээрим: “Ал менмин да”, – десе ал ары карап: “Жо-ок, ал сен эмессиң, мен сени тааныбайм”, – деп сүрөттү карап отуруп алды эле Мээрим ага канчалык: “Мен Мээриммин”, – десе дагы укпай жатып ойгонуп кетсе жүрөгү элеп-желеп болуп лакылдап калыптыр, чочуп тура калды: “Ал соо эмес, ооруп калса керек”, – деп ойлонуп туруп караса Алишер креслодо уктап жатыптыр. Сыртка чыгып суу ичип кайра келсе ал көзүн ачып:
– Төшөккө жатпайсыңбы? – деди.
– Сенчи?
– Мен сени ойгонсуң дедим.
– Жата бербейт белең, – деп өзү жатып алды. Алишер андан кийин сүйлөбөдү: “Сүйбөгөнгө сүйкөнбө деп туура айткан экен, окуусун окуй берсин, балким ошондон ары бирөөнүн сүйүп кетээр же ойлонуп мени сүйүп калаар, өз эркине коеюн”, – деп ойлонуп кайра креслого жатып алды. Ошондон көп өтпөй Мээримди шаарга жөнөтүп өзү кала берди, ал муздай болуп сузданган бойдон кете берди, Алишердин да жүрөгү муздап башка кыз менен жүрүп алды, ал бухгалтер болчу, иштери бирге, бара-бара экөө бири-бирин сүйүп калып ата-энесине кеңешмек болду, бул кезде арадан эки жыл өтүп кеткен, Мээрим ата-энесине келет да Алишерге кайрылып келбеди, өзү да басып барган жок, экөөнүн тең ата-энелери өкүнүп калышты.
– Ата, мен үйлөнөм, – деди Алишер.
– Эмне? – Бекмурат уулун ормое карап калды, – Мээримчи?
– Ата, эми ал үйгө келбейт.
– Уруштуңар беле?
– Жок, ал мени сүйбөдү, – Башын жерге салды.
– Башында неге айтпадың?
– Силерди капа кылгым келбеди.
– Бул кызың кимдин кызы?
– Өзү мени менен иштейт, ата-энеси бар…
– Өзүң бил, бирок шаарга барып Мээримге бир жолугуп кел, мен Баатырбекке айтайын, ортодогу достук мамилени экөөңөр бекемдейт экен десе…
– Менде эмне күнөө?
– Болуптур бар, – Бекмурат андан аркысын уккусу келбеди, Алишер Айтурганга үйлөндү, экөө ынтымактуу, жумуштарына бирге барып бирге келишет, аны угуп Мээрим кубанып алды, акыры окуусун дагы бүттү, убакыт зымырап өтүп аны Чым- Коргонго жөнөттү, дипломун жазууга дал ошондой ооруларды изилдеген эмгек жазган эле, аерге барып иштеп калды, бирок ал азыр аны тааныбайт эле. Историяларын көрүп таанышып көрүп байкаган деле жок, анткени ал Токондун атын толук билчү эмес, Кубатбеков Токтобай дегенди жөн гана окуп койду. Ошол күнү Аида келген, ал ата-энесине болбой баса берип Токонго бир сыйра кийим-кече, тамак ашын көтөрүп келген эле. Коридордон Токонду колтуктап сыртка алып чыгып бара жатканын көрүп: “Күйөөсүбү, же ини агасы болду бекен”, – деп ойлоп койгон. Арадан эки-үч күн өткөндө оорулууларды текшерип, ар бири менен жакындан таанышып кандай абалда экенин көрүп жүрүп Токондун палатасына кирди. Ал колундагы кагазды ката күлүп койду.
– Атыңыз ким?
– Менби, мен билбейм, – деп ары карап кетти.
– Атаңызды билесизби?
– Ой койчу, бар-бар кет, – деп колун шилтеп койду, – Мээрим унчукпай туруп башкаларын көрдү, алар андан дагы жаман эле, кайра Токонду бир карап алып: “Мунун эмнеден минтип калганын билүүм керек”, – деп ойлонуп кабинетке келсе Урматбек Сариев бар экен.
– Жанагы Токтобай деген оорулуунун толук диагнозу кандай, аварияданбы же жыгылганбы? – деди кызыга.
– Бирөөлөр урган го, мээден операция да болгон экен.
– Кыйын болуптур, өзүн билбейт тура.
– Кээде кадимкидей эле болуп калат, оору да, – деп койду Урматбек.
– Томографиясы барбы?
– Анысы келбептир.
– Эмнеге, кайдыгерлик го, бул жака которуп жатканда баарын бериш керек эле.
– Азыр сен ошентип жатасың, бир аз жылдан кийин ишиң дагы болбой калат, – Урматбек күлүп койду.
– Менин диссертациям дал ушундай оорулар боюнча, – деди Мээрим ойлуу, анан аны кайрадан томографиялык аппаратка түшүрмөк болду, эртеси келген Аиданы көрүп атайын жолукту.
– Сиз Кубатбековдун эмнеси болосуз?
– Аялымын.
– Ал операциядан чыккандан кийин кандай эле?
– Аны жакшы билбейм, биз кийин үйлөндүк.
– Сиз тийгенде кандай эле?
– Бир топ эле жакшы болчу.
– Кантип, качан кайра ооруп калды?
– Жакшы билбейм, – Аида сүрөт жөнүндө айтсамбы, айтпасамбы деп ойлонуп туруп калганда Мээрим кайра сурады.
– Мунун баары жолдошуңуздун сакайышына өбөлгө болот деп ойлойм, балким бирөө капа кылгандыр, катуу сөз айткандыр, мээге таасири тийген нерсе болсо керек?
– Кайдан, эч ким эчтеке дебейт болгону…
– Айта бериңиз, баарын билишим керек.
– Жанында бир сүрөт бар, ошону карап эле өзүнчө ойлонуп мени урушуп ушул болду.
– Кандай сүрөт, көрсө болобу? – деди Мээрим, бирок ал ушул саатта бала күнүнөн бери көргүсү келип жүргөн жакын адамынын оорукчан экенине жүрөгү сыздап бир аздан кийин эмне кылаарын билбей аргасы кетээрин сезбеди.
– Ал аны эч кимге бербейт.
– Жаман экен, мен сүйлөшүп көрөйүнчү, – деп палатаны көздөй бара жатты, экөө ээрчишип киргенде Токон аны бир карап алып кайра бурулуп кетти.
– Токон, бул кыз врач, сени менен сүйлөшөм дейт, – деди Аида, Мээрим Токон дегенди укканда: “Токон, Токон, балким башкадыр, кайсы айыл экенин дагы жакшы билбей калдым”, – деп көздөрү алаңдай Токонду теше тиктеп туруп калды: “Көздөрүнөн тааный аламбы, балким жүзүндө окшоштук бардыр, ай кудайым ай эсимде эч нерсеси калбаптыр, болгону аты гана, аты гана, аты гана”, – деп ойлонуп жатып сыртына чыгара айтып алганын сезбей калды:
– Аты гана эсимде кетпеди.
– Эмне дедиңиз? – Аида ага таңгала карады.
– Аа-а, – деген Мээрим өзүнө токтото керебетке келип отурду, – Кел ойнойбуз, – деп экөө ойноп жүргөндөгүдөй алакандарын тосту, – Кана кел ойнойбуз.
– Ойнойбуз, – деди Токон ага күлө карап, экөө алакандарын чапкылашып ойноп жатканда Аида күлүп карап турду, – Токон, мен тарткан сүрөттү берчи, – деди Мээрим күтүлбөстөн эле.
– Сен аны мага бергенсиң, – деп Токон чөнтөгүнөн бүктөмдөрүнөн айрылып түшкөнү калган сүрөттү алып чыкты, – Сен меникин бер.
– Мен унутуп калыпмын, эртең алып келем.
– Болбойт, сен Мээрим эмессиң, – деп Токон сүрөттү кайра салып алды, Аида ичинен таңгалып: “Балким ошол Мээрим чын эле ушул болуп жүрбөсүн, мен тарткан сүрөт деди го, эми эмне болот, бекен келген экенмин, же үй-бүлөөсү бардыр, оорулууга врачтар ушундай мамиле кылып айыктырат да”, – деп ойлонуп турганда Токон керебетке жатып алды, бутун бүрүштүрүп бетин жаап алган, – Жо-ок, ал Мээримди өзүм табамын, анан үйлөнөбүз, мен аны табам, – деп сүйлөп жатканда Мээрим жаман абалда ордунан турду да палатадан чыгып кетти: “Ооба, бул ошол экен, неге мындай акыбалга келди, алигиче мени унута элек экен, аялы да бар тура, мейли, өзүмдү билгизбей бар күчүмдү салып айыктыруум керек”, – деп кабинетине келип сумкасынан эскирген пеналды алып кармалап ойго батты, бир жолу өзү ушул калем салгычты унутуп үйгө калтырып койгон экен Гүлнара мусурга салып коюптур, келип эле китептер турчу текчени, үстөл үстүн, тумбочкаларын карап таппай анан апасына карады:
– Апа, калем салгыч кайда?
– Ботом, эми анын эмне кереги бар сага?
– Керек апа керек, кайда таштадыңар?
– Таштандыга кошуп койдум.
– Эмне? – Мээрим жүгүрүп чыгып эле мүшөктөргө салынган таштандыны төгүп ичинен таап алып жууп кургатып туруп сумкасына салып алган эле, ошондон бери ал сумкасынын бир бурчунда: “Муну көрсө сөзсүз эсине келет, сакаят Токон, өкүнүчтүү ал эми башканыкы, ошентсе дагы бир адамды сактап калышым керек”, – деп калем салгычты кармалап отурганда Аида кирди.
– Келиңиз.
– Ал мени жолотпой жатат, тамагын ичпей койду.
– Күндө ошентеби?
– Ооба, – Аиды уялып кетти, мен кечээ эле келдим, негизи кайненем карачу.
– Жүрү, барып көрөлү, – Экөө ээрчише палатага келди, Мээрим атайын эле калем салгычты ала келген, – Токон муну карачы, – деди ал.
– Аа-а, келе меники! – Токон кубанычтуу тура калды.
– Сен сүрөттү бер.
– Сагабы? – Токон аны тигиле бир топко карап турду.
– Ооба, мага бер, ал сүрөттү мен тартканмын го?
– Макул, келе мен көрөйүн, – деп колун сунду. Мээрим калем салгычты берди, аны айландыра карап көрүп артында: “Токондон Мээримге эстелик”, – деген жазууну окуп алып секирип кирди:
– Тапты-ым, таптым Мээримди!
– Ооба, мен Мээриммин, кел Токон тамак ичебиз, – дегенде жанындагылар аларга кол чаап киришти, – Кел ичесиңби?
– Ооба, кардым ачты, – деген Токон отуруп алып тарелкадан тамакты шашыла ичип жатты, Аида ындыны өчө сыртка чыгып отургучка отуруп ыйлап алып анан кайнатасыныкына жөнөдү. Аны көрүп Анара чоочуп кетти.
– Кел Аида, кайдан келе жатасың?
– Токонго бардым.
– Качан бардың эле, кудагый эмне деди?
– Аларга айтпай кетип калгам, – Аида чарчагандай улутунуп алды.
– Кандай экен, жылыш барбы?
– Баягыдай эле.
– Кагылайыным ай, чырактай гана балам ушинтип өмүр бою кала береби кокуй, – деп ыйламсырап калганда:
– Апа, Мээрим табылды, – деди Аида.
– Кайсы Мээрим? – Анара түшүнбөй карады.
– Токон алып жүргөн сүрөттү тарткан кызчы?
– Ал кайдан жүрүптүр?
– Врач экен, ошондой оорулуулар жөнүндө илим жактайт экен.
– Ии-ий, атасы кызматчы болсо окуйт да, тааныдыбы анан?
– Экөө сүйлөшүп калышты, – Аида дагы улутунуп ийди, – Эми кетсем болот го, сакайта турган адам табылды апа.
– Ал эмнең ботом, жакшы болуп кетсе сенин бактың эмеспи, кой эртең экөөбүз тең баралы, кудайдан болуп сакайып кетсе сенин дагы биздин да бактыбыз да айланайын, кой Кубатбекти козу таап кел дейин, союп алып баралы, – Анара калдастап калды, – Тамак ичиши кандай экен?
– Мээрим ичирди…
– Ой кокуй күн оо-ой, Мээрим- Мээрим дебей күйөөңдү өзүң карабайт белең, сакайып бара жатканда жанында болсоң ал баарын эстейт да.
– Билбейм апа, Мээримди көргөндөн кийин дитим барбай калды.
– Баса ал күйөөгө тийиптирби?
– Билбейм.
– Сураштырып көрбөйт белең?
– Экөө бала кезиндегидей баштаса эле унчуга албай калдым.
– Эмне дейт? – Анара Аиданы элээ карады.
– Ал менден сурап барып эле мен тарткан сүрөт кана деди, Токон болсо меники кана, сен Мээрим эмессиң деп болбой койду, – Аида болгон көргөнүн айтып жатты, – Анан экөө алакандарын чаап ойноду…
– Капыра-ай де, кантсе дагы догдур да ээ, анын ою менен ойногонун кара.
– Ой экөө ошентип ойношчу тура мурда.
– Ким билсин, таптакыр бөлүнчү эмес, – Анара бир нерсени эстей калып жылмайып алды, – Бир жолу азандан Гүлнара көтөрүп келиптир, Мээрим ыйлап алган, эмне болду десем, Токондукуна барам деп болбой туруп алды дейт, анда төрт жашта болчу, Токондон эки жаш кичүү, ал дагы үйгө кирбей Мээримдин үйүн карап ойнобой отура берчү, таңгалчубуз биз, тамакты дагы бири-бирисиз иччү эмес, айласы жок ата-энеси тамагын куюп Мээримди кошо алып келип таштап кетчү, – Күлүп калды, ал качанкы бир окуяларды эстей берди, аны карап турган Аиданын жүрөгү ооруп чыкты: “Демек алар кайра кошулушаар, табышып калды го, ал дагы анын бергенин жоготпоптур, демек унуткан эмес, балким тагдыр аларды ушундай жол менен бириктирээр, Токон мени сүйгөн эмес жүрөгүмдө бирөө бар дечү эмес беле, калп эле өзүмдү-өзүм алдаганча кетип калайын”, – деген ойдо болуп турду.
– Кел балам, – деп Кубат кирди ошол маалда.
– Келдим ата, – Кымырына карады.
– Кудагыйлар жакшы жатышабы балам?
– Жакшы жатат…
– Аида Токонго барып келиптир, – деди Анара.
– Кандай анан, жылыш барбы балам? – Кубат келинин көңүл бура карады.
– Жакшы эле го.
– Кудай дейли, жакшы болуп кетээр, бирөөгө жамандыгыбыз жок.
– Сен отурба, бир козу таап келип сой, эртең мен Токонго барайын.
– Мейли кемпир, күздө беребиз дейинби?
– Ооба, күздө мал келгенде беребиз де, – Кубат кайра туруп жөнөдү, ал кеткен соң Аида камыр жууруду, боорсок жасап, эт бышырып кеч жатышты, Аида ата-энесиникине барбай өздөрү жатчу бөлмөгө кирип жатып алды. Анара ал кеткенден кийин: “Кубат, Баатырбектин кызы врач экен дейт, ошондой жин оорулары жөнүндө илим жактап жаткан имиш, Токонду Мээрим карап жатыптыр, – деди акырын.
– Ким айтты?
– Аида айтып келди.
– Ошол сакайта алаар бекен?
– Буйруса жакшы болуп кетет.
– Ошондой эле болсо болду…
– Эртең жолго чыгабыз, өз көзүм менен көрүп дайындап келейин, – Анара өзүнчө эле кудуңдай ойлонуп жатты, эртеси эрте туруп Аида экөө жолго чыкты, Токондон кийинки баласы Ботобек аларды таксиге салып койду, ал мектепти бүтүп калган, Сатыбеги онунчу класста, кызы жок үч уулу бар. Кечке маал зорго Чым-Коргонго жетишти, ошол күнү кезекте башка врач эле, алар эптеп эле Токондун жанына киришти, анан аларды ашканага чыгарды, Токон негедир Аиданы дагы эле карагысы келбеди, мурдагыдан бир аз дурус болуп калыптыр, алып барган эттен жеп чай ичип отурду:
– Токон, жакшы болуп калдыңбы балам? – деди Анара аста.
– Апа, мен оору эмесмин го? – деди ал.
– Ошентсе деле…
– Токон, Мээримди таптыңбы? – деди Аида ага кызыга.
– Ал кетти, эртең келет, – деп мулуңдай күлүп койду.
– Ал ким эле балам? – Анара сынай сурады.
– Мээримчи апа, унутуп калдыңбы, ал келди, эми мен ага үйлөнөм, – дегенде Аида менен Анара тиктеше калды, – Мен ага мага тиесиңби дедим.
– Уулум, сенин аялың бар да, Аидачы? – деди Анара.
– Аидабы, мен аны алган эмесмин апа, Мээримди гана алам, – дегенде Аида чыгып кетип ыйлап жатты, Анара эмне дээрин билбей туруп калды. Ал же Аиданын артынан барып сооротоорун, же Токонду жалгыз калтыра албай турду.
– Уулум, өзүңдү жакшы сезип калдыңбы?
– Апа, мен жакшымын, Мээримге үйлөнсөм эле болду, – деди апасын күлө карап, Анара анын кандайына түшүнө албай турду, – Качан үйгө алып кетебиз? – деди анан.
– Токон, Мээримдин күйөөсү бар болсо кантебиз балам?
– Жок, анын күйөөсү жок, – деп Токон ылдый карап отуруп кабагын салды, – Мага айтат эле да, менин күтүп жүргөнүмдү билди.
Уландысы бар…